Залкарбек Назарматов: “Ата-журт” жандуу поэтикалык образ, же сынчыга сын…

“Кыргыз Туусу” гезитин (2021.08.06) барактап жатып, Болотбек Таштаналиевдин “Кыргыз ыры – улуттук рух, духтун өлбөс-өчпөстүгүнүн далили” деген адабий обзордук макаласына көзүбүз түштү. Макалада автор эгемендүү жылдардан тартып, учурда акын катары тааныла баштаган жаштар – поэзиядагы жаңы ысымдар тууралуу жалпылап, азыноолак кеп кылыптыр… Эгемендүү жылдарда поэзия айдыңына келген акындарды атоодо кеп төркүнүн тээ отузунчу жылдардан баштаган экен. Отузунчу жылдар дегенде, кыргыз поэзиясын түптөгөн, аны жогорку деңгээлге көтөргөн Алыкул Осмонов сыяктуу бир катар акындар ассоциятивдүү түрдө сөзсүз эсибизге келет. Албетте, буга чейин  Болот Таштаналиев поэзия тууралуу кеп курганда, дайыма улуу акын Алыкул Осмоновду оозунан түшүрбөй, кыргыз поэзиясынын сап башынан көрүп, ага болгон урмат-сыйын жашырчу эмес. Мунусуна биз да муюп, астейдил кубанып да жүрчү элек. Бул макаласында да белгилүү акындын ысымын  сыймыктануу менен атаганына  куштарланып келатып эле, окурман бир учурда баары астын-үстүн түшкөндөй абалга тушугат экен. Анткени, автор  буга чейин бекемдеп келген  өзүнүн прициптерине бир эле ирмемде караманча каршы туруп, өз сөздөрүн такыр танып жаткандай сезимге кириптер болот экенбиз. Автор макаласында мурункулардын ийгилиги кийинкилер үчүн анчалык деле мелжеген бийиктик болбостон, жаш муун андан да зор ийгиликтерди багынтууну көздөшөрүн философиялык түшүнүк – диалектикалык өнүгүү мыйзамы менен мүнөздөп айтып келип, Алыкул жеткен бийиктик – Альберт Эйнштейн изилдеп тапкан салыштырмалуулук теориясын окуучулар  көп кыйналбай эле окуп, билип алган сыңарындай, азыркыларга Алыкул кыйла эле “примитивдүүрөөк” боло түшкөнүн айтып жатат.  Эгер, Болот Таштаналиевге ишенсек,  Алыкул акындан кийин андан алда канча ашыра жазган таланттуу акындар чыгыптыр… Арийне, поэзия “эки жерде эки – төрт” эмес экенин баарыбыз эле билебиз деңизчи. Бир карасаң, Болот агайыбыз жогоруда айткан Эйнштейн теориясы жөнүндө мисалы да бул жерде кепке туура тартылгандай көрүнүп кетет. Эл болгондон кийин, балким, Алыкулдан ашыра жазгандар чыгып жаткандыр… Кашкөй сынчы Салижан Жигитов да акындын баштапкы ырлары бир топ эле чабал чыкканын ийне-жибине чейин иликтеп чыкпады беле (С.Жигитов. “Акындын эки өмүрү” Кыргызстан, 1998). Акындын алгачкы ырлары анча деле ийгиликтүү боло албаганынын көп эле объективдүү-субъективдүү себептери болсо керек. Мисалы, болочоктогу акындын каралашар жакыны жок, томолой жетип калып, балдар интернатына тушугушу, ал жерден эрезеге жеткени менен – анын эне-тилин жеткире өздөштүрүүдө кыйла  кыйынчылыктарга дуушар болгону, ошону менен катар элдик оозеки чыгармачылыктан жарытылуу кабардар болбогону сыяктуу акындын көп эле турмуштук кенемтелери Салижан агайдын изилдөөсүндө терең  иликтенип айтылат. Арийне, С.Жигитов Алыкулдун алгачкы ырларынын анча ийине жетпегенинин  негизги себеби катары,  ошол кезде жазма адабиятынын жаңыдан түптөлүп жаткан учуру да бир топ кедергисин тийгизгенин  белгилейт. Бирок акын кийинчерээк чыныгы акындык табиятын өрчүтүүгө  болгон күч-аракетин жумшап, кыргыз поэзиясынын тарыхында  түбөлүк кала тургандай акындык тагдыр күтүп, дүйнөлүк деңгээлдеги шедевр ырларды жаратты да…

Аталган макаладагы Болотбек Таштаналиевдин Алыкул жөнүндөгү ойлору – акындын ырлары жөнүндөгү логикалык бүтүмдөрү бизди окурман катары  күтүүсүз  жагымсыз абалга калтырып,  көптөгөн кыжаалат ойлордун жаралышына түрткү болду. Анда сөз ошол жөнүндө болсун. Автор макаласында мындай дейт:  “Алыкулдун классикалык ырларынын бири болгон “Ата-Журт” аттуу ырынан кийин жүздөгөн атуулдук  Мекен ырлары жаралды. Ал ырлардын арасында Алыкулдун ырынан алда канча күчтүү, көркөм, уйкаштыктары да келишкен, мааниси да тереӊ ырлар жок эмес. Акын Түмөнбай Байзаковдун “Кыргыз жери” ырын эле алалы. Эмне деген керемет ыр. Көркөмдүгү, мааниси жагынан Алыкулдун “Ата журтунан” ашса ашат. Бул ырды окуганда же ырга жазылган обонду укканда кыргыз жеринин элеси көз алдыӊа тартылат. “Кыргыз жеринин” ар бирибиздин көкүрөгүбүздө жашап, өлкөбүздүн расмий эмес гимнине айланганы жөн жеринен болбосо керек. Бул ырда өзгөчө касиет бар.”   Келтирилген мисалдан кармалып тургандай, макаланын автору Алыкулдун Ата Журт жөнүндөгү атуулдук темадагы керемет поэтикалык туундусун Түмөнбай Байзаковдун   катардагы кадыресе эле пейзаждык ыры менен тең катар коюп, салыштырып жатат. Ошол олдоксон салыштыруунун өзү эле окурмандын ой-туюмунда Болотбек Таштаналиев агайыбыздын эстетикалык табитине болгон шектенүүнү жаратат.

Алгач, “Ата-Журт”  менен таанышканда анын идеялык, тематикалык жана эстетикалык жактан ээлеген бийиктигин ар бир акын кур дегенде түпкүрүндө туюп-сезери бышык .  Алыкул тек гана Мекендин  сулуугуна, улуулугуна тамшанып,  аны курулай даңктай бербестен,  “нурдан бүткөн” асыл жай экенин ашкере жар салбай эле –  буюктурган бороондуу мезгилдерге тушугуп турганына чын дилинен, чын ыкластан санаа чегип атканына – Ата Журттун ыйыктыгына, кол тийгистигине, нукура аруулугуна ынанабыз.

Б.Таштаналиевдин бул макаладагы салыштыруулары “Ата Журтту” азыноолак иликтөөгө алып көрүүбүзгө себепчи болду.

Адегенде, ырдагы бороондуу кыш, кесепеттүү түндөр, демейкиден бөлөгүрөөк сүрөттөлгөн жаз сыяктуу  образ-метафораларын жалаң эле өлкөнүн башынан өткөн Ата Мекендик согуштун контекстинен чыгып, дагы тереңирээк алкактан кароого ырдагы бөтөнчө жарк эте көрүнө калган мекенчилдик сезим, туулган жерге болгон чексиз сүйүү учкундары менен коштолгон санаа, убайым анын подтексттик каражаттарын иликтөөгө түрткү болот. Ошол каймана маанидеги табылга образдар “Ата Журтта” ошол учурдагы системага карата диссидентик маанай, диссиденттик духтун деми уруп турганын ачыктап, айгинелейт. Мына ушул ыңгайдан алганда да, улуу акындын бул поэтикалык туундусу бир эсе – жандырмаксыз табышмактай,  бир туруп – кол жеткис асыл берметтей көз алдыбызга даана элестейт.

Алды менен биздин баса белгилеп, айтып кетчү сөзүбүз – Ата-Журт – Алыкул үчүн жандуу организм. Дал ошого көкүрөгү ынанганын, дал ошондой тирүү жан катары ченемсиз сыймык менен кабыл алганын,  Ата-Журт жөнүндө жазууда ойду оригиналдуу берүүдөгү  ийгилигин, анын жандуу поэтикалык образын ырда курап берүүдө акын ары таасын дагы, ары тайманбай  чагылтып, ага кайрылып, ага тынчсызданып, ага чын ыкластан боор толгоп  турганын даана көрүп, даана туюп турбайбызбы!… Бул ырдын масштабдуулугу Болотбек агай салыштырган Түмөнбай Байзаковдун “Кыргыз жериндегидей” пейзаждык мотивдерден, ал тургай, баналдуу десе боло турган, керек болсо, бүгүн бар да, эртең жок десе болчудай: “ырдан бүткөн, нурдан бүткөн” дегендей  салыштырууларга дегеле коошпой турганы айкын эле көрүнүп, сезилип  турбайбы! Автор: “бул ырда өзгөчө касиет бар”- дейт да,  бирок касиетин айта албайт… Ошол катардагы кадыресе ырга касиет бүтүрүп, бирок ошол касиетти айта албай жатканын, көргөзө албай жатканын биз такыр түшүнө албадык. Жөн гана, “Ата Журттан” ашса ашат, асты кем калбайт деген баналь оюн эч бир жүйөөсүз эле ортого таштайт…

Эми, кайрадан “Ата-Журтка” кайрылып келели.  Автор өзү белгилеп көрсөткөн ырдын  жазылыш датасына шайкеш, ошол тушта болуп өткөн тарыхый учурларга көз сала кеткенибиз максатка ылайык болор. Ыр 1948-жылдын 24-октябрында жазылып жатат. Ырда  жалпы элге келген тарыхый кырдаал; Улуу ата мекендик согуштун кайта элек илеби, сталиндик бийлик жүргүзгөн катаал саясат, дагы көптөгөн ошол учурга таандык болгон өзгөрүлмөлүү  коомдук-саясий жашоо нугу ырда абдан чеберчилик менен албетте кыйыр түрдө айтылып, сүрөттөлүп жатат. Тоталитардык идеологиянын капшабында кара жаны садага чабылып кеткен Ата Журттун уулдарын да акын жадынан чыгарбайт, аларды унутпайт. Кеп удулу  ырдагы ийкемдүү табылган дал ушул табышмактуу сезилген  образ-метафоралардын түпкү маани-маңызы жөнүндө болмокчу.

“Согуштан кийинки сталинизм” деп аталып жүргөн учурга мүнөздүү өндүрүш менен айыл  чарбасын кайра калыбына келтирүү үчүн жүргүзүлгөн катаал саясат, ошону менен катар СССР аймагында 1946-47-жылдардагы бир жарым миллиондон ашуун адамдардын өмүрүн алып кеткен массалык ачарчылык биздин  элге да  бир кыйла кесепетин тийгизип кеткени маалым.  Андан сырткары, “кансыз согуштун” башталышы менен тоталитардык режимдин дагы да жексур мүнөзгө өтүшү карапайым элди ары кооптуу, ары кейиштүү абалга кириптер кылганы азыркы мезгилде ачыкка чыгып жатат. Мына ушундай бүткүл союздук жана дүйнөлүк коомдук-саясий абалдан кабардар болуп турган зирек акын көңүл түпкүрүндө кичинекей Мекени үчүн кабатыр болуп, санаа чегип жүргөнү  – турган иш. Ушундай бороондуу мезгилде граждандык позициясын ачык айткан адамды кандай жаза күтүп турганын  азыр биз айттырбай түшүнөбүз.

Салижан Жигитовдун  “Акындын эки өмүрү” аттуу  монографиясында согуштан кийинки советтик саясий-маданий идеологиялык жараян жөнүндө жана анын кыргыз акындарынын чыгармачылыгына тийгизген таасири жөнүндөгү адабиятчынын ой толгоосунан үзүндү келтире кетели:

“…Белгилүү го, Ата журт урушу аяктагандан көп өтпөй ВКП(б)БК адабият менен искусство маселелери жөнүнөн бир катар токтомдор кабыл алынган. Ошол буйрук мисалындагы саясий документтер совет маданиятынын, айрыкча көркөм өнөр тармагынын элчилик духун, партиялык чабытын, идеялык деңгээлин көтөрүү ураандарына ширелип турса да, практика жүзүндө искусство менен адабиятта эркин ойлоо демилгелерин өчүрүү, көркөм чыгармачылыктын бардык тарабын биротоло идеологиялаштырып бүтүү, сүрөткерлер журтун партия таңуулаган идеяларды гана кайталоого милдеттендирүү багытын көздөгөн эле. Ошол себептен тигил токтомдордун жүзөгө чыгарылыш процесстерине эң оболу чынчылдыкка талпынган маданият кайраткерлери куугунтукка кабылды, алардын бир даары  сталинизм идеологиясынан эле азыктанып жаралган чыгармалары үчүн деле ыдык жей берди. Революциядан мурдагы адабий мурастардын көбү, атүгүл ар бир элдин мактанычы болгон баатырдык жомоктор идеялык жактан кыйшык деп табылды. Ошол эле учурда искусство менен адабиятта орточо көркөм жөндөмү барлардын, күн тийген жерде чоро боло берген конформисттердин, көк союлун көтөргөн кызыл кекиртек сынчылардын күнү тууду…” Байкадыңызбы, кеп төркүнү акындын чыныгы акын катары  өсүп жетилген учурда чыккан “Махабат” ыр жыйнагына баратканын? (Осмонов.А Махабат. Фрунзе. Кыргызмамбас,1945).  Чынында, Мидин Алыбаевдин  “Мааниси жок Махабат” аттуу алиги рецензиясы жөнүндө көп эле кайчы пикирлер айтылып келет. Көбүнесе, эки акынга тең акаарат келтирип алгандан этияттанган пикирлер үстөмдүк кылат. (Алыбаев.М Мааниси жок “Махабат”  Кызыл Кыргызстан. 1946) Бирок ал пикирлер жөнүндө бул жерде кең кесири айтып отуруубуз жөнсүз болор. Дегинкиси, мамлекеттик машина колдоп турган цензураны курал кылып, бир жактуу каралап жазылган рецензия жана бир катар текшерүүлөр улуу акынды ар тараптан кысмакка алганы, басынганы түшүнүктүү го…  Айтайын дегенибиз, А.Осмоновдун ошол  катуу, ары жөнсүз  сындардан кийин советтик коомду даңктаган шаңдуу, көтөрүңкү маанайдагы ырларынын саны көбөйө баштаганы илимде айтылып жүрөт. Бирок цензура баарын рамкага камап, акындардын  чабытын тарытып, канатын кыркууга кам урганы менен, качандыр Алыкул өңдөнгөн кашкөй, өз элин чексиз сүйгөн акынды баары бир багынта алмак эмес. Канткен күндө да анын диссиденттик маанайы өмүр бою бекилип жатмак эмес да…

Бул оюбузду дагы бышыктоо үчүн дал ушул ыр тууралуу жазылган бир катар пикирлерди барактадык. Тилекке каршы, “Ата-Журт” жөнүндө, анын жазылыш тагдыры жөнүндө  ачык айтылган жарытылуу пикирлерди жолуктура албадык. Бир гана, Алыкул Осмоновдун 100 жылдыгына арналып, Улуттук Илимдер Академиясы тарабынан чыгарылган энциклопедияда (“Алыкул Осмонов энциклопедиясы” Бийиктик плюс. 2015)  дал ушул биз болжоп жүргөн ой кайсы бир деңгээлде айтылып өтөт экен. Анда 1946-жылдагы ВКП(б)БКнын “Звезда”, “Ленинград” журналдары жана драмалык театрлардын репетуарлары жөнүндөгү” токтомунан соң, өлкөнүн маданий турмушунун бардык катмарынан идеялык каталарды издөө тендециясы кайрадан күч алган чак, улуттук интеллигенциянын журт ишенген каймактарын калпып жок кылууга багытталган ушундай мезгил ырда каймана сиңирилгени айтылат. Ырдын жазылышынын дагы бир себеби, акындын өмүрүнүн көп бөлүгүн коштоп жүргөн, акыр аягында акындын өмүрүн алып тынган көкүрөк оорусу да кошумча болуптур. (Албетте, бул себептерди жалгыз гана “Ата Журтка” мүнөздөп, менчиктеп берүү   чекилик болор. Акындын жүздөгөн ырлары жеке тагдыры жана эл тагдыры менен ажырагыс байланышта жаралганы талашсыз.)

Демек “Ата Журттун” көп түрдүү көркөм образынын жаралышына коомдук саясий-маданий өзгөрүштөр менен бирге жеке керт башына түшкөн тагдырдын оор сыноолору түрткү болду деп түз айтуубузга толук негизибиз бар. “Ата Журт” жазылгандан кийин дээрлик он жыл бою басмага берилбей жаткан себебин эми жакшылап боолголоп түшүндүк окшойт. Тактап айтканда, акындын көзү өткөндөн кийин, сегиз жылдан соң – 1958-жылы Алыкулдун  “Ата Журт” аттуу ыр жыйнагы жарык көрөт. Байкадыңызбы, адегенде – Сталиндин өлүмү (1953), андан соң – Н.С.Хрущевдун жабык съезддеги докладынан ( Доклад “О культе личности и его последствиях” 25 февраля 1956г) кийинки убактарда гана басмага берилип жатат. Көрсө, “хрущёвдук баардын” (“хрущёвский оттепель”) желаргысы сого баштаган тура. Демек, биздин да ашкере идеологиячыл, комформист кадрлар ээрден  шыпырылып, кылычтары кыйла мокой түшкөн учур экен да!

Акын ошол алай-дүлөй заманда канткенде эл-жерине жардамы тийерин, канткенде эл-жери үчүн  ак кызмат кылаарын билбей дүйнөсү  кыйналып, бир жагынан  жанды сыздаткан оорудан мукурап турганын: “…Азабыңды өз мойнума алайын, / из карайын токтой турчу, Ата-Журт…”, “…Сен ооруба, мен ооруйун,  Ата-Журт!” – деген айтылуу саптарынан айкын сезип, туябыз. Ал эми, жаз айы негизинен – жаңы күчтүн, жаңы демдин жана жаркып келаткан эртеңки күндүн символу. Кыш мезгилин акын учур чак менен мүнөздөп келип:

“…Жаз да башка, жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут”, – деп, эртең келчү коогалуу күндөрдөн чоочулап турганын жаземдебей билүүгө болот. Элестетиңиз, кечээ эле согуш азабы баштан өтүп, эртеңки күнгө жаркын жүз буруп карай баштаганда, минтип, баягы жүрөк үшүткөн коогалуу күндөр кайрадан ичиркентип, жаркын келечек, жаркын эртеңдердин асманында анын сур булуту кайрадан курала калганына бир эсе, үрөйү учуп, бир эсе анын көпкө турбай, тарап кетеринен  лирикалык каарман үмүт кылып жатпайбы…   “Түндөр жаман, кырсык салып кетпесин, / Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…” Ушул саптардан кийин, дароо эле оюбузга 37-жылдардагы репрессия келе түшкөнүн байкадыңызбы?.. Түн каткан НКВДнын ачкүсөн желдеттеринин ырайын – дал ошол ВК(б)БКнын адабият маданият жөнүндөгү токтомунан кийин жайнап чыккан көк союлчан кызыл кекиртек сынчылардын кейпинен көрүп жатабыз. Ушак-айың, ак жерден каралоо… Мунун баарына  наалат эмей – эмне? Репрессия курмандыктары акындын жүрөгүндө эң эле аялуу катмар болуп, сталинизм учурунда ачыкка чыга албай, акынды ушундай бир кыйноого салып жүргөн сезимдер айдан ачык нерсе эмеспи ? Ошол өткөн чактын ырайымсыз ырайы кайрадан кастарын тигип, акынды ичиркентип, Ата Журт уулдарына санаа тарттырып жаткан мезгил экен да!..

Башына түшкөн мүшкүлдүү тагдырынын, өтүшүп кеткен  көкүрөк оорусунун фонунда коомдогу өзгөрүүлөр анын чыгармачылыгында ушул “Ата-Журт” сыяктуу бийик деңгээлдеги ырлар жаралышын түздөн түз шарттаган.

Улуу акын ызгаардуу кыш, кырсыктуу түндөр, демейкиден бөлөкчөрөөк сүрөттөлгөн жаз сыяктуу образ-символдору менен акындын жан дүйнөсүндө көптөн бери шакардай кайнап, батпай жүрүп, акыры, анын бардыгын  ушул гениалдуу саптарына тайманбай батырып салганын карабайсызбы?! Ырдын гениалдуулугу – мына ушунда – акын ичиндеги уйгу-туйгу эмоциясы менен эргүүсүн, ошол эле учурда муунтуп турган ызасын тизгиндеп, токтоолук менен акыл элегине салып,  катмар-катмар мааниге ширетип, өз заманынан закымдап учуп чыгып, келечек муундардын ой-сезимин уйгу-туйгу кылып, жан-дүйнөсүн толкутуп, зуулдаган мезгил шарында ансайын сынына чыгып турар кайталангыс касиетке ээ боло алганында.

Жашоо өтүп жатат… Эли-жерибиз болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп, кыйынчылыктарга кабылып, эртеңибиз дагы да бүдөмүк болгон учурда жашап жатабыз.  А “Ата-Журттун” актуалдуулугу барган сайын  күчөп, өз бийиктигинде жаркырап турат.

Залкарбек НАЗАРМАТОВ, 10.2022

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.