Кубатбек Жусубалиев: Жети Сөз жана Конфуций

 

(үзүндү)

… « Кымбаттуу «Жаштык жарчысы»! Эски Энгельс айылынын Өзгөрүш көчөсүндөгү арак саткандардан күйгөндөн айткан арманыбыз. 1-сатуучу – кудай деген Түлөберди Нусуп уулу. Орозо кармайт. Аялы да. Күнү да арак сатат. Түнү да арак сатат. Өкмөттү да алдайт. Кудайды да алдайт. Арак ичкенге сын тагат. (Анан эмнеге арак сатат?) 2-сатуучу – Гүлай. Бардыгынын тренери. Жолбашчысы. Биринчи ушул сатып жол баштады. 3-сатуучу – Калбү. Гүлайдан өттү. 4-сатуучу – Бурмакан Кубанычбек келини. Бул алардан да ашып түштү.

15-сатуучу – Мүзүркан Ыса уулу.

Бул катка биздин бир гана кошумчабыз бар. 16-сатуучу – Токо. Алайда жашайт. Узуну он метр, туурасы беш кучак теректей. Басып баратса – трактор. Токтоп турса – бульдозер. Токону бүт Алай билет. Туулгандан бери трактор жеңет. Күнү да жеңет, түнү да жеңет. Трактордун ичине чычат. Көрчычканкандай эле жер чукуду. Жер нукуду. Бир сөз менен айтканда Токону биздин империянын улуу Көрчычканы десе болот. Өлө жарашат. А дүйнөдө ким кедей? Көрчычкан кедей. Мындай тоголок жып-жылаңач кедей жок. Токо ошондой кедей. Өмүр бою соксоңдоп жер казат. Анан кедей. Эми тракторуна жете албай койду. Экөөбүз теңтушпуз. Жакында жолугуп калды. Жилик жуткан жорудай какайып бараткан экен. Дагы «бозо ичебиз» деп калды. Жолукканда эле «бозо ичебиз» деп калат. «Сопумун» деп мен калам. «Эмне болду?» десем. «Болбоду» деди. « Эмне болбоду?» десем, «Ошто винолорду талон менен сатып калыптыр. Талонуң барбы?» дейт. «Бар» дедим. Сүйлөшө кеттик. «Эми пенсияга чыга албай жүрөм. Кырк жыл трактор жеңдим. Атасынын акысы калган жок» дейт. «Кимдин?» дедим. Укпайт. Ооруп, шалдырап баса албай калганы. Бирок доктурлар комиссиядан өткөрбөй жатканын айтты. «Мен сага пенсия алып берем» дедим. «Бул империя сендей көрчычканына пенсия бербесе кыйрап өлөт» десем, «Арам өлөт» деп кошумчалап коёт. Чын да. Кырк жыл гөрдөй жер чукуп пенсия ала албаса, биз «биз алып беребиз» дейбиз да. Эгер Токого биз Бишкектен баргыча Илияс пайгамбар (Алайдын төрагасы) пенсия бербесе, Токого өз чөнтөгүбүздөн беребиз. Акыйкат. Токонун атасы Жабуза аксакал кып-кызыл киши эле. Кой кайтарат эле. А Токо трактор кайтарды. Биз китеп кайтардык. «Топ ойногон тозот, кой кайтарып көтөн жеген озот» деген улуу макал экен. Топ ойногон биз. Эми минтип арак сатып, барматуха сатып оокат кылып калдык…

(«Жаштык жарчысы») июль, 1991-жыл

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.