Тунжурап калуудан баарыбыз сактаналы (кайрылуу)
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча
мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге
Бир катар замандаштардын
КАЙРЫЛУУСУ
Урматтуу Садыр Нургожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Улуттук адабиятты өнүктүрүү жана коомду агартуу мүдөөсүн көздөгөн “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду. “Бийликти басып алууга чакырган” деген айып чындыкка такыр коошпойт. Тескерисинче, ал улам бир төӊкөрүштү кайталай бергенден оӊолуп кетпейбиз, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол койбойлу деп эскертип келген.
“Өнөр алды – кызыл тил” деп кыргыз эли эзелтен сөз кадырын эӊ жакшы билген. Өз оюн ачык айткандарды эл башылар эч качан куугунтуктаган эмес. Жаӊылыш же жалаа кепти жүйө менен, көзгө көрүнөрлүк иши менен эле төгүндөп турган.
Олжобай Шакирдин камалышы коомчулукта нааразылыкты күчөтүп жаткандыгы социалдык тармактардагы коомдук пикирлерден ачык байкалууда. Ооба, Олжобайды баатыр көргөзүүдөн алыспыз. Бирок бир чындыкка көз жуумп коюу мүмкүн эмес: ал кылмышкер да, коррупционер да, чыккынчы эмес экендигине кепил боло алабыз. Кошоматчылардын барымтасында калган бийликтин күнү тез эле бүтөрүн буга чейинки үч төңкөрүш далилдебеди беле?
Олжобай – элди маданий-агартуу ишине башын сайып, айлыксыз, өз үйүн офис кылып, күнү-түнү жанын карч уруп иштеп жаткан коомдук ишмер. Эл ичинен демөөрчү таап, канча адабий конкурстарды өткөрдү. Мындай демилге өнүккөн өлкөлөрдө сөзсүз түрдө колдоого алынары белгилүү.
“Баш кесмек бар, тил кесмек жок” – бул адамды кордоого эч качан жол бербеген, карөзгөйлүккө дайым каршы туруп келген элибиздин уӊгулуу касиети. Бул өз пикирин, көз карашын ачык айтканы үчүн эч ким куугунтукка алынбашы керек деген эзелки жобо.
Түркүн маселелер боюнча көз караштар сөзсүз айырмаланат, талаш-тартыш жүрүп турат. Коомдун тазарып, өнүгүүгө багыт алышы үчүн бул өтө зарыл шарт.
Ар бир адамдын укугу сакталган, эч кимдин кадыр-баркы тебеленбеген, соттор мыйзамды бекем сактаган, мамлекеттик кызматкерлер коррупцияга аралашпаган, кары-жашы илим-билимди, маданиятты туу туткан, эли тозбогон мамлекетте жашасак экен деген мүдөө ар бирибиздин оюбузда болсун!
Карөзгөйлүк, өкүмзордук менен эч ким келечектүү, бийик максаттарга жетпейт. Орустун улуу акыны А.С.Пушкиндин “Борис Годунов” трагедиясынын аягындагы сөздөрдү эстеп, ойлонгула: “Эл ТУНЖУРАП турду…”
Түркүн пикирлерди угуп, маселени сөз менен, жүйө менен чечкенге умтулбаган, мыйзамды сыйлабаган жагдай улам бир төӊкөрүшкө баштаган карөзгөй күчтөргө жол ачып коёт.
Урматтуу Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич! Азыр өлкөдөгү мыйзамдуулук силердин эркиӊерге байланыштуу, демек, мамлекеттин тагдыры силердин колуӊарда.
Кыргыздын эзелки наркындагы айкөлдүк, Сөз баалаган калыстык, баарына бирдей караган мыйзамдуулук азыркы бийликтин жолун айкын, кенен кылат деп үмүттөнөбүз.
Жазуучуну боштондукка чыгарыӊыздар!
Сиздерди урматтап,
Үмүт Култаева, профессор, филология илимдеринин доктору
Садык Алахан, профессор, филология илимдеринин доктору
Эсенбай Нурушев, адабиятчы, журналист
Жолдош Турдубаев, адабиятчы
Назгүл Осмонова, акын
Шабдан Сулайманов, акын
Аскер Сакыбаева, журналист
Аким Кожоев, жазуучу
Венера Акматова, профессор, филология илимдеринин доктору
Улук Уракун, жазуучу
Нурзат Мокенова, акын
Рысбек Эшматов, адабиятчы
Рахат Аманова, тарыхчы
Кенжебек Алдаяр, комузчу
Мастура Бердибекова, комузчу, күү изилдөөчү
Мезгил Исатов, акын
Афина Бакирова, акын
Залкарбек Назарматов, адабиятчы
Марат Токоев, журналист, акын, котормочу
Абдыжапар Нурдинов, журналист
Нурмира Жамангулова,
Ардак Токой уулу,
Карыбек Байбосунов, жазуучу
Сайпидин Султаналиев, журналист
Дөөлөткан Кабыкова, психолог
Гүлжамал Искендерова
Баялы Саркулов, эколог
Нурланбек Кайрыев, физика илимдеринин кандидаты, акын
Махабат Касейинова, акын
Бакай Алмаз, журналист
Чолпон Жамгыр,
Айтбүбү Орунбаева,
Бекдоктур Касымов, окутуучу
Мая Осмонкулова, акын
Мырза Каримов, коомдук ишмер
Замира Сатыбалдиева,
Жаркын Жакыпова,
Кундузбү Маматова, акын
Миргүл Өмүралиева, адабият таануучу, мигрант блогер
Бакытбек Абдулаев, адабиятчы
Эшмамат Жалилов,
Токтобек Үсөнов, сценарист, драматург
Индира Алымбаева,
Абдывахап Нурбаев, коомдук ишмер
Рафаэль Жаныбеков,
Сапалкан Арипов, көркөм сүрөт изилдөөчү
Айгүл Бакеева, журналист
Сайрагүл Канаева,
Арсыкан Момунтаева,
Нурайым Шаршенбаева, жазуучуу
Айсулуу Көкөева, Жазуучулар союзунун мүчөсү
Айнагүл Базарбаева, Жазуучулар союзунун мүчөсү
Карамат Токтобаева, журналист
Чынара Сарбагышева, акын
Райхан Усманалиева,
Нуриза Өмүрбаева, акын
Накан Жазы, акын
Кубантай Эрназаров, физик, окумуштуу
Чынара Термечикова, психолог
Элгиза Бусурманкулова, акын
Манат Бообекова, акын
Нурзат Казакова, филология илимдеринин кандидаты, доцент, адабиятчы
Жылдыз Камчыбекова,
Жылдыз Сатылганова,
Абдыбакыт Айбашев,
Кожогелди Култегин, Кыргыз эл акыны
Эльдар Абакир, коомдук ишмер
Илмира Бечелова
Гулзат Бектемирова, жаш калемгер
Мундузбек Усупбек уулу, төкмө акын
Койчуман кызы Орозгул, РУДН аспиранты
Нарсулуу Гургубаева, акын, котормочу
Мундузбек Борончуев, төкмө акын
Чолпон Босумбаева, калемгер
Самат Уранкай, калемгер