Табылды Муканов: реформатор жана интеллектуал акын

Эсимде, акын Табылды Муканов менен 1983-жылдын жайында булактын башында таанышкам. Ал өзүнчө кызык окуя.

Ошол жылы Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 1-курсунун бүтүрүүчүлөрү “Максат” курулуш отрядын түзүп, Жети-Өгүз районунун Ичке-Булуң менен Липенка айылдарынын ортосундагы булуңга сарай салып калдык. Күндөрдүн биринде иш кызуу жүрүп жаткан. Сууга кеткен кыздарыбыз кечигип, иш токтоп калды. “Кыздар абдан кечикти. Барып, жардамдашып, суусун көтөрүшүп кел” деп мени артынан жиберишти. Барсам, сууга кеткен эки кызыбыз булактын башында баштарын бириктирип алып, жупкадай китепти окуп отурат. Үн салсам, мени бир карап коюшту да, окугандарын андан нары улашты.

Биздин муундагы жаштар жазуучу Зуура Сооронбаеванын китептерин, Орозбек Айтымбетовдун “Торгойлуу талаасын”, анан Ги Де Мопассандын чыгармаларын гана ушунчалык берилүү менен, ушинтип баш көтөрбөй окушчу.

– Ии, тигил жакта иш токтоп турса, силер, “Торгойлуу талааны” окуп отурасыңар, – деп тамашаласам, кыздардын бири башын көтөрүп:

– Эмнеге “Торгойлуу талаа”? – деп колундагы китебин мага сунду. Китептин тышында: Табылды Муканов. “Жүрөктүн кагышы” деп жазылып туруптур. Жашырганда эмне, мурда-кийин Табылды Мукановдун китебин кармамак түгүл, ырларын окуган эмесмин. Көңүлкош барактаган болуп, ачылган барактагы ырга көзүм түштү:

* * *

Дарактар неге мынча кодоо келет –
жүз метр көлөкөсү араң эле
турса да Теңиримдин ийип Күнү?
Тоолор да өтө жапыз жапырайып –
сегиз-тогуз чакырым бийиктиги.
Неликтен өтө тайыз океандар –
он беш-жыйырма чакырым тереңдиги.
Ай дагы өтө жакын биздин Жерге…
Алалбай мен эргүүнү,
баратам жерге сыйбай,
деги бир көрдүң беле мен өңдүүнү?
Жер дагы кумалактай,
суусунан кургагы аз андан дагы.
Неликтен мынча алсыз планеттер,
бир жалгыз Күндү айланып калган баары?
… Жетишпейт мейкиндиктер
жетишпей калган сыңар
зыкымдын ичкен ашы.
Адамга тардык кылат, тардык кылат
Жер тургай Күндүн Улуу Системасы!
Ойлончу, анан ага
тең келет кандай сүйүү?
Чак келет кандай дүйнө?
Чак келет кандай өмүр?

Окуп жатып, кодоо дарактар, жапыз тоолор, тайыз океандарды, кумалактай Жерди элестеттим. Толкуну тогуз кабат үйдөн бийик океандардын тайыз болсо, Жер кумалактай болсо, анда адамдар көзгө көрүнбөгөн кыпын го. Акындын оюна кошулбайын десең, бүтүндөй ааламдын алкагынан алганда, жер кумалак түгүл биз ак баракка койгон чекиттей экени жалганбы? Балбан сөздүн күчүнөн жүрөгүм селт эте, элейдим. Минтип алп акын гана жаза алмак, дүйнөнү мына ошондой элестете алмак. “Мен буга чейин ыр деп эмнелерди окуп келгем? Чыныгы поэзия деп ушуну айтса керек. Көрсө, Жерден бийик көтөрүлүп кетип, адамдын акыл-эсин аңтар-теңтер кылган ыр жазса болот турбайбы”, – деп ойлоп, сууга кеткен кыздарды чакырганы келгеними унутуп калыпмын. Бир маалда бүт отряд артыбыздан издеп келгенде барып, суу алганы келген кыздарды чакырганымды эстегем.

Ошол күндөн Табылды Муканов деген учу-кыйры чексиз поэзия дүйнөсү ачылды. Жигит кызга ашык болгондой, мен да Табылды Мукановдун ырларына ашык болуп, “Шуру жоготкон кыз”, “Каректеги жер” аттуу китептерин издеп таап окуп, алар жан чөнтөгүмдөн түшпөгөн китепке айланды. Анын ырларына ашык болгонумду ушундан билиңиз, кээ бир ырларын акындын өзүнөн кызганып, ушул ыр Табылдынын ыры эмей меники болсо эмне деген ууру ойлор да келчү. Ага чейин А.Осмонов, С.Эралиев, О.Султанов, Р.Рыскулов, Ж.Мамытов, Т.Кожомбердиевди тамшанып окусам, Табылды Мукановдон кийин алар мага кызыксыз болуп калды.

Табылды менин поэзияга болгон көз карашымды, ырга болгон мамилемди, поэтикалык дүйнө таанымымды аңтар-теңтер өзгөртүп салды. Табылдыны окугуча, уйкаш издеп жазсам, кийин уйкаш кубалабай, окурманды селт эттире ала тургандай ой издеп калдым.

Мен үчүн Табылды бир тең да, калган акындар бир тең эле. Кийин дүйнөлүк поэзиянын Рабиндранат Тагор, Пабло Неруда, Назым Хикмет, Олжас Сулейманов, Михаил Лермонтовго окшогон дөө-шааларына жолукканыма да Табылды себепкер болду.

ТОПЧУ

Сен кадап берген топчу
жаркырайт атар таңдын чолпонундай
карыга-жашка күлө…
Ылайым үзүлбөсүн такыр аның,
ылайым кадабасын башка бирөө!

Болгону ыргактары бодурайган-одурайган беш сап ыр. Бул ырда да акындын өзүнө мүнөздүү болгон стиль сакталып, ал тапталып калган шаблон эпитеттерден, метафоралардан, салыштыруудан качкан. Биринде 7 муун болсо, кийинкисинде 11 муунга созулган, анан кайра 7 муунга түшүп, кийинки эки сабы 11 муун менен аяктайт. Куду кара сөз окугандай окулат, уйкаштыктары да копол. Арийне, уйкаштыктары копол болгон менен, лирикалык каармандын үмүт-тилеги булактай тунук, күндөй ысык. Кызыгы, ал ошол татты тилегин, ысык илебин билдирүү үчүн сүйгөнүнүн мөлтүрөгөн капкара көздөрү, же ай нурундай айжамалын айтып тамшанып, ага болгон махабатын безенбейт. Кадимки эле топчу, биз көп элес ала бербеген топчу лирикалык образга айланган. Эки жаштын сүйүүсү да, үмүтү да, тилеги да топчуга байланган. Ошондон го, ырдагы сыйкырды, табышмактуу күчтү караңыз, окуп бүтө электе денең дүркүрөп, акыл-эсиң селт этет.

Лирикалык каарман сөз учугун алыстан таштап, окурманга кадимки эле кийимге тагылган топчу жөнүндө сөз кылат. Адатта, жай турмушта топчуну элес деле албайсың да, ким такканы деле капарыңа кирбейт.

А ырда окуп бүткөндө, акындын “Топчусу” башка топчуларга окшобогон өзгөчө топчу экенин түшүнөсүң. Анын табышмагы, сыры – ал топчуну лирикалык каармандын кара көзү кадап берип, анда эки жаштын ысык сезимдерин байланыштырып, кыздын колундагы жылуулуктун табы кала бергендигинде. Ошондуктан топчу лирикалык каарманга атаар таңдын чолпонундай көрүнүп, ошого жалбарып-жалынып: “Ушул топчу такыр үзүлбөсө, сенден башка бирөө кадабаса экен” деп үмүт-тилек кылат. Табылды Мукановдун акындык улуулугу – ал жөпжөнөкөй топчудан Жерди аласалдыргысы келген Архимед издеген таянчты, күчтү, сүйүү күчүн тапкан. Топчуну сүйүүнүн алтын казыгына айландыра алган. Акындын дааналыгы, чыныгы талант экенин ушундай билиңиз, жөнөкөй буюмду эки адамды бириктирген сыйкырдуу, касиеттүү күчкө, буюмга айланткан. Мына ушундай акыл-эсти айран кылган акынга кантип суктанбайсың да, кантип таңгалбайсың.

Минтип чын сүйүүнүн даамын таткан, махабаттын улуу күчүнө багынган жана сүйүүнүн кайталангыс күчүнө даңазалагысы келген адам гана жаза алат. “Топчунун” каарманы деле акын өзү, дегеле Табылдынын сүйүү ырларында акындын өзүнүн тагдыры, сүйүү баяны бар десек эч качан жаңылбайбыз.

Табылды Мукановдун ырларынын кайталангыстыгы – ал улуттук поэзияны мазмундук жана формалык жактан реформалагандыгында жана анын башка акындардан өзгөчөлөнгөн образдуу ой жүгүртүүсүндө. Табылдынын интеллектуал акын экендигинде. Ал ким, эмне тууралуу жазбасын, сөз болгон темага башкалардын оюна келбеген өңүтүнөн мамиле кылат. Башкалардын оюна келбеген салыштырууларды, эпитеттерди издеп табат. Ал өзүнө чейинки акындар тапкан даяр табылгаларды кайталабастан, уйкаштыктарды, эпитет, метафораларды да жерип, ар бир ыры менен “өлүп”, кайра ар бир кийинки ырында кайра төрөлүп, өзү тапкан жол менен, өзү тапкан уйкаштык, салыштыруу, эпитеттерди гана колдонуп, ишенимдүү кадам таштап отурган.

* * *

Жаз – альпинист,
чыгып барат тармышып
алп чокуга
Маңдайынан терлер тып-тып,
терлер тып-тып…
Кекирейет чоку ансайын эрдемсип.
Чеңгелдейт жаз арчаларды, талдарды
жан талашып,
таш кулатып белден тик…
Жашыл туусун делбиретип, көздөрү
өтүп барат мөңгүлөрдөн каскадай.
… Айтчы, балдар, неге ырсайып турабыз
андан мурда эне сүтүн актабай?!

Эгер башка акын болсо, ал жазды альпинистке салыштырар беле, ким билет? Эмне деген элестүү салыштыруу?!! Жаз альпинист эмей эмне. Жаз оболу тоолорго этек жагынан келет да, улам жогорулап отурат. Улам өйдөлөп карлар эрип, “маңдайынан терлер тып-тып” агып, улам жогорулап отурат. Анан ал арчаларды, талдарды чеңгелдеп, карын эритет. Тик беттен таштар кулайт.

Жаздын сүрөтү көз алдыңа кадимкидей тартылат.

Башка акындарда айрым бир чалагайым ырлар, бышпай калган ойлор, одоно, орунсуз салыштыруулар, эптеген уйкаштыктар болсо, Табылды Мукановдун ар бир ыры ийине жете иштелген. Ар бир ырында, атүгүл ар бир сабында жаңычылдык жатат, ар бир сөздү ойлонуп, изденип жазганы көрүнүп турат. Мунун баары ага ыроолонгон табигый таланттын күчү, кара жанын карч уруп, акыл короткон эмгектин натыйжасы, улуттук адабияттын уңгулуу үлгүлөрүн гана эмес, дүйнөлүк адабиятты түрө окугандыгынын, окуп эле тим болбостон, аны сиңире билип, аны улуттук ыр кыртышына ийгиликтүү кыйыштыра алгандыгынын белгиси. Эсил кайран Рамис Рыскулов Табылдынын үйүнө барып, билектен кармашып күрөшө кеткенде: “Табылды, сен менден кыйын акынсың, сенден жеңилгенден арданбайм, сенде билек да бар, күч да бар”, – деп айтканы акындын кашкайган талантын мойнуна алганы эмей эмне?!! Таланттууну таланттуу адам гана көрүп жана татыктуу баа бере алат.

Табылды Муканов менен студент кезинде эки-үч жолу пивоканадан жолугуп, баарлашып калган акын Шайлообек Дүйшеевдин: “Мына ушул өңдүү күтпөгөн жолугушуулар эки-үч курдай болду. …Бирок, ошондон кийин деле Табылды менен сүйлөшө албадым. Азыр ойлосом, сүйлөшкөнгө такыр эле даяр эмес экемин, аябай чийки экемин. Ал окуган ыр саптарынын маанисин түшүнбөйт да экемин. Ал мисал келтирген Неруда, Лорка деген гиганттарды өмүрү укпапмын. Ал билбеген акын жок экен. Анын жанында мен жөн эле жонулбаган дөңгөч болуп калдым. Ошентип, адегенде Табылдыга таанышкым келген менен кийин ага жакын жологондон каччу болдум. Өзүмдү Ат-Башынын ак кар, көк муз баскан тоолорунан түнү менен апкелип, шаардын так ортосуна таштап кеткен топоздун торпогуна окшотуп, бул дүйнөгө артыкбаш жаралган байкуш сезип, экинчи Табылды сыяктуу таланттарга жолобоону чечтим”, – деген эскерүүсү көп нерседен кабарлайт.

Табылды Мукановдун талашсыз талант экенин аны менен замандаш калемдештеринин баары мойнуна алган, бирок… Ар бир ыры кайталангыс поэтикалык табылгаларга бай, жаңычыл жана изденгич акындын “Каректеги жер” жыйнагы 1977-жылы 1-январда Жазуучулар союзунда өткөн талкууда аябай катуу сындалган экен. Көрсө, ошол мезгилдеги адабий сында Табылды Мукановдун чыгармачылыгы тууралуу бир ооз жылуу айтылбаганы ошондон улам окшобойбу. 80-жылдарда адабиятка аралашкан жаш акындар арасында Табылдынын ысымы ооздон түшпөй айтылган менен, аны баары эле кумир тутушчу эмес, ыр жазган жаштардын көбү анын чыгармачылыгына кайдыгер карашчу.

Өткөн кылымдын 70-80-жылдары жаштар багалеги кенен хиппи шым кийим кийип, короздонуп жүргөндү жакшы көрүшчү. Табылды Мукановду да ашкере көйрөңдөнгөн, шайкелеңденген, мода формада ыр жазган сыңары карашчу. Чындыгында, анын ырларында моданын карааны да жок эле.

МАЙРАМ

Майрамда дейсиң мени
азгырып, кызыл кийип.
Ала-Тоом жылдагыдан быйыл бийик.
Суусу мол былтыркыдан,
Тирукмуш аба ырайы.
Жашыл да былтыркыдан
чөптөрү, карагайы.
Мен үчүн ошол – майрам.
Майрамда дейсиң мени,
кылактап жашыл кийип,
карачы, куштар быйыл көп келип жылдагыдан,
ар бутак – мекен-уя.
Баратат сулуу болуп кыздар улам.
Анан да ушул быйыл
балдар көп ыр даарыган!
Мурдагыдан жолдор кең, аалам чексиз…
Мен үчүн ошол – майрам.

Бул ырдан көрүнүп тургандай, биерде көйрөңдөнгөн, шайкелең эч нерсе жок. Тескерисинче, ушунчалык жупуну жана жөнөкөй, бир окуганда эле жүрөккө жете тургандай түшүнүктүү жазылган.

Ырдын ар бир сабы сааттын тык-тык каккан жебесиндей так. Ашыкча эч нерсе жок. Ар бир сапта бир ырга сыярлык ой айтылган. / Ала-Тоом жылдагыдан быйыл бийик / деп акын гана айта алат, акын гана Ала-Тоосунун бийиктегенин көрө алат. Чөптөр, карагайлардын былтыркыдан жашыл экенин көрүү үчүн табиятка акындын көзү менен кароо керек. Кыздар улам сулуу бараткандыгын жөнөкөй көз менен байкаса болот, а куштар жылдагыдан көп келгенинчи?!! Муну ар бир эле адам, атүгүл акын байкай алабы? Дарактагы ар бир бутак мекен уя экенинчи? Аны баарыбыз эле айта алабызбы?

Мунун баары күнүмдүк эле биз көргөн турмуштук көрүнүштөр. Табылды Муканов ага акындын көзү менен карап, талантынын күчү менен “майрам” деген түшүнүккө жаңыча маани берип, жашап жаткан ар бир күнүбүз майрам экенин – /Мурдагыдан жолдор кең, аалам чексиз…/ болгону үчүн майрам экенин, тирүүлүктүн ар бир күнүн майрамдай кабыл алуу керектигин туюнткан.

Ушул өңүттөн алганда, сынчы Кадыркул Даутовдун: “Ал жашоодо кысылбай, тартынбай жүргөндөй эле поэзияда да эркиндикти каалаган. Салттуу кыргыз ырынын формасына караганда дүйнөлүк “эркин ырчылардын” традициясына сугарылган формадагы бейуйкаш, муун саны, строфасы бузулган ырларды көп жазган”, – деп жазганына аргасыз макул болосуң.

Менин поэзияга карата мамилем, көз карашым Табылды Муканов менен булак башынан таанышкандан кийин 180 градуска өзгөрдү. Ал өзүнүн реформачыл, интеллектуалдык деңгээли жогору ырлары менен бир гана менин эле эмес, кийинки жаштардын чыгармачылык жолуна төгүлгөн нур болду.

Чыныгы поэзия эртеби-кечпи өз баасын алат. Табылды Муканов улуттук поэзияга жасаган мазмундук жана формалык реформасы эми гана өз баасын ала баштады. Буюрса, болочокто анын жолун жолдогон, улуттук поэзиянын дагы да жаңы тепкичке көтөргөн жаш акындардын мууну өсүп чыгат деген ойдомун.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, Фейсбук баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.