Абдиламит МАТИСАКОВ: “Титаник”

(аңгеме)

Алыс-жуукка аз чыккангабы, Анталияң түшкүр, Жунус абага жердин түбүндөй көрүндү. Самолёт ичин өз үйүндөй көрүп, ортолук менен өдө-ылдый баскандарга теңелбей кыстоосу келгенде гана козголбосо, учак келип конор-конгончо бир ордунан жылбады. Аягы жерге тийип-тиелекте утурлай чыккан сакал-мойлоочон эки жигит алардын жүк-пүгүн көтөрүшүп, ак бусик менен чай кайнамга жеткизбей “Титаник” мейманканасына алып келишти. Ал жерден Ак деңиздин жака-бели алаканга салгандай бир ажайып көрүнөт экен.

Жээк бойлой бийик өскөн пальмаларды мурда-кийин көрбөгөнгө Жунус абанын көзүнө бир калаты учурады. Чыдабай кетип; “мунуң миң тамырлуу болгон менен көлөкө бербесе кайкалап өскөнү бир пул. Э-ээ, биздин чынарларга жетеби..,” деп салкын желпип, саар-кеч шуулдап турчу катар теректерин эстей кетти.

Орун жетинчи кабаттан тийди. Жунус аба; “көнбөгөн адамга өтө эле бийик экен” деп ойдолоктоп ийди эле “оо, атасы, “Титаниктин” жетинчи кабатында жашаганбыз” деп кийин бала-чакага кобураганыбызга жакшы да..,” деп буту жерге тийгенден быякка үндөбөй жанында бөжөңдөгөн Айымпаша апага тил бүтүп, беркилерге билгизбей чалына шыбырады. Жанагы аэропорттон бери узатып келген кара мойлоочондор түрк улутунан болгону менен орус тилинде түш жоруган немелер экен. Өзүн Нооруз деп тааныштырган жигит узак жолдон жүдөп турган Жунус абага мындан ары эмне кылышты, билбегени болсо кимге кайрылышты шаша-буша түшүндүрдү да:

– Дагы тосуп алчу меймандарыбыз бар эле, – деп ашпештегиче көздөн кайым болушту. Бөлмө ичи салкын, кенен, терезелери чоң-чоң. Экөө эки жерде соксоюп, о кыйлага үндөбөй отурушту. Бир маалда Жунус аба отурган керебет кычырады.

– Айымпаша, быякка чыгарда арча салып аттың эле, апчыкчы, бир ысырыктап жүгөр, бизге чейин канчалар түнөштү бу жерге… Буйруса, биздин дагы бир жумалык ырыскыбыз шу жерде, – дегенде Айымпаша апа зорго эле турганбы, “ысырыктабаганда…”, деп кире бериште жаткан баштыктын боорунан талаа-түз, жер-суулардын үстүнөн кайкып учуп кошо келген арча бутагын алып чыгып, күкүрт чакты эле чатырап бир жакшына күйдү. Жунус аба жанданып, түтөгөн арча бутагына эңкейе дем тартып, көзүн жумду. Алыс калган Ала-Тоосу элестеп, эли-жеринин амандыгын тилеп, алакан жайды. Арча жыты терезенин ары жагында мунаракта мейкини билинбей чалкыган Ак деңизди кошо каптап кеткенсиди.

Буйруган экен, пайгамбар жашында тагдыр аны Ак деңизге жетеледи. Эзелки өзүнө өзү жолуккандай Жунус аба толгоо тартты. Өткөн доорлордо деңиз жээгин бойлогон ата-бабаларынын дүбүртүн эшиткендей обдула ой-кыялы кылымдар кыйырына сызды… Саар-кеч ак булуттарга басылып, канчалаган көздөрдү, жүздөрдү көргөн Жер Ортолук деңиз Ак деңиз аталып кеткени Жунус абанын көңүлүнө кайыл келди.

Аңгыча эле; “ии-ий, чачыктары мынча көп! Бирин чечип, бирин кийчү тапичкесин тизип, халатынан өдө илип коюшуптур” деп Айымпаша апа көзүнө көрүнгөндүн баарын божурап, жуунчу бөлмөдөн чыкты.

 

*  *  *

О күнү Жунус абанын көкүрөгүн куса басып туруп алды. Кечкурун эч нерсеге көңүлү чаппай байбичеси менен да чечилип сүйлөшпөй, а тургай кечки нанүштөгө түшүп чыгалы дегенине ынабай төр жактагы керебетине өтүп, чүмкөнүп жатып алды. Эртеси үрүл-бараңда жалаңкат көйнөгү менен балкондо жүрдү. Көргөн-бакканы баягы Ак деңиз.

– Таң атпай турупсуңар го, атасы!, – деп балкон жакка баш баккан байбичесине Жунус абанын доошу үшкүрүк аралаш чыккандай болду.

– Жол чагып салыптыр. Бүт баданим өзүмдүкү эмес…

– Шу жашка чыгып, анча-мынчаны тоотчу эмес элеңер. Эми, жол азабы, көр азабы да, анан карылык бир жагынан…

Жунус аба байбичесинин аяп жатканын сезди. Үндөгөн жок. Түндүгүнөн түндү сүрүп чыккан күн жаныбар чакчаят. А деңиздин туйлаган шапатасы шу жерге чейин угулуп турду.

– Жылуу кийин, жээктеп келели, Айымпаша. Келген күнү эле барганда болмок.

Ак деңиздин боюн көздөй бирин-серин чубаган элдин сабында экөө көнгөн адатынча, тойдон келатышкандай биринин изине бири салып, өткөн-кеткендин кылчак-кылчак караганын көрмөксөнгө салып ээрчишип келатышты. Жайы-кышы тулкусун бирде өткүн менен ак жаанга, бирде туздуу шамалга сылаткан Ак деңиз түнү бою күрпүлдөп, туйлап чыккан толкундарына ээ боло албай азыр гана жайлап, күнү токтоп, дем алгандай ныксырайт. Миң кубулган көбүктүү жээкте Жунус аба эңкейе деңиз суусун кочуштап, чекесинен сакалын көздөй чайып жиберди да “көргөзгөнүңө, миң калла шүгүр” деп жаратканга тооп кылып, кумга жарым-жартылай батып кеткен желим орундукка көчүк басты. Айымпаша апаны да катарымдан жай ал дегенчелик кол жаңсады.

– Бу келгенден быякка ой басат, көңүлүңөр да бир жерде эмес, бир калатысың да, атасы?!. Жанына келип отурган байбичесинин камтамалуу суроосун Жунус аба укмаксанга салды. Бут алдында мапмайда кум. Үрпөңдөгөн толкундар биринин үстүнө бири көмөлөнөт. Экөөнүн аркасында сегиз кабат “Титаник” мына, мына деңиз жиреп жөнөп берчүүдөй айбаттуу. Жунус аба козголду.

– Кечээ, быякка учаарда аэропорттон жолуккан, энесин Меккеге алып бараткан Мунардын досунун айтканын сен дагы эшиттиң да?! Оюнда эч нерсе жок отурган апа кеп төркүнүн түшүнө албай чалына эмне дээрин билбей, о кыйладан кийин:

– Ончо кыжаалат кылгыдай о бала биздин балага эмне деди? Укканым жок. Айымпаша апа чалын жаңы көргөндөй карады. Аркасынан дагы: “Карып баратканың ошо, атасы… Эки күндөн бери эсиңди эки кылган ал эмне болгон сөз экен?..” деп койду.

Жунус аба айтарын айтып, мындан аркысын өзүнчө боолгологондой деңиздин көз өлчөбөс кең мейкинине телмирип тура берди. Бир маалда токтоно албай мээр тамган сөзү менен коё берди:

– Олдо, пенде жаным, ай! О, сөз жөндөн-жөн айтылган жок! Ага балаң экөөңдүн акылыңар жеткиче дагы көп бар…

Кексе чал өзүнүкүн бергидей эмес. Жөндөн-жөн эле айыпка жыгылып атса Айымпаша апа да жөн калабы…

– Ии, эмне болуптур! Балдар бири-бирин тааныйт экен. Учурашты, аны-муну сурашты. Ошондон да илинчек издейби, пусурман десе!..

Ар кимиси өз оюнда калды. Жунус аба кемпиринин сөзүнө саал таарынды. Бирок, таарынганын билгизген жок. Башка кеп козгошподу. Эс алуучулар кумурска сыңары убай-чубап, кирип-чыгып жаткан “Титаник” мейманканасына чейин жымжырттыкты жамынып үндөбөй келишти…

 

*  *  *

Анталияга учарда Жунус абаларды узатып келген, балдардын кенжеси Мунарбек “Манас” аэропортунан өзү теңдүү жигитке оропара учурашып калган. О жигит төрт дөңгөлөктүү жап-жаңы (дүкөндөн жаңы эле алынган окшойт) арабада отурган кемпирди түртүп алган. Ал-жай сурашкан соң, тиги жигит Мунарбектин ата-энеси турган жакка карап:

– Каякка жол алдыңар? – деп сурады окшойт. Оюнда эч нерсе жок Мунарбек:

– Ата-энемди Анталияга, эс алууга узатып жатам, – деди. Берки мыйыгынан күлдү да:

– Ата-энеңди аш менен гөшкө жөнөтүп аткан турбайсыңбы?.. А мен карыган энеми ажылык парзынан кутулуп алсын деп, Меккеге өзүм алып баратам. Бу ааламда түбөлүккө түркүк болчу адам бовойт турбайбы. Ана-мына дегиче, атам өтүп кетти, ажылыкка жибергенге үлгүрбөдүм. Көрсө, өмүр билинбейт экен. Кыйла жыл болду, энем өзү баса албайт. Атамдын алдына барарына аз калды. “Сизди Меккеге жонума көтөрүп болсо да алып барам” дегем. Мына, насип буйруп, алып баратам, дос…

Мунарбек аны башын ийкегилеп угуп жатып, арабада отурган энесине муңайым карап койду.

– Анталиядай жаннат жерге жибергениң жакшы, лекин, ата-эненин алы-күчү барында Меккеге бир жеткизип келгендин сооп-сопкуту жүз эсеге барабар да…

Жигиттин шүдүгөрдөй таза сөзү бер жакта турган Жунус абанын кулагына шак дей түшүп: “Жаш болгону менен сыйпалатпай, кыямат чогун салып, түз айтканын карачы” деп ага суктанды.

Мунарбек о жигиттин күйүп-жанып айтканын көп этибарга албагандай тек гана жылмайып койгон. Алар сөз менен болуп атканда Жунус абанын арабадагы кемпир менен көздөрү чагылыша жамалы ысык кемпирдин жүзүнөн тагдырына шүгүрчүлүк, баласына болгон сыймык төгүлүп турганын сезди.

Ого чейин Анталияга кетчү жүргүнчүлөрдүн учакка түшүү жарыясы жаңырды. Мунарбек таанышы менен кайыр-мазир кол алышты да, ата-энесине бурулду. Жунус аба ордунан өйдө боло берээрде ичинде бир нерсе түйүлгөнсүп кетти. Арабадагы кемпир аны ыраңдуу жылмаюсу менен карап туруптур. Басып барып: “Ажылыкка баратыпсыз, аяш, парздан кутулуп, келип калыңыз” деп оозун таптап баратып, кайра өзүн токтотту. Кемпир анын оюн окугандай митчедей башын эңкейтип алды да, ошол бойдон көтөрбөдү. “Бу дүйнөнүн оюн-күлкүсүн бүтүн көрдүм, дагы эмнеси калды… Келерки жылы балдарды топтоп, “бизди, апаң экөөбүздү Меккеге жөнөткүлө деп, айтпасамбы…” Жунус абанын жүрөгүндө үмүттүн үлбүл шамы жанды…

Каттамга түшүү үчүн сүрүлгөн элдин арасында баратып, Жунус аба да бир жолу артына кылчайса, араба түрткөн жигит энеси экөө көпчүлүктүн далдаасында калыптыр.

 

*  *  *

Жунус аба байбичеси экөө “Титаниктин” жашоосуна азмаздан жүрүп көнүп кетишти. Тамакты зарыктырбай элден мурун, өз маалында келишет. Чети оюлбай жайнаган тамак-аштын жакканынан бир кашык, эки кашыктан табагына салып, терезе туштагы өздөрү тандаган жерге келип отурушат. Жунус аба тапкан (о жерден дагы Ак деңиз көрүнүп турат) жерден эч каякка жылгысы келишпейт. Экөөнө эс алуучулар да көнүп бүттү. Жаңы келген бирөө-жарым эле билбей келип отуруп албаса, калгандары билип калды. Отурушпайт, орун издеп бөлөк залга өтүп кетишет.

Бир сапар үстөл үстүн жыйнап жүргөн кара тору, маңдайында жөргөмүштөй калы бар кызга Бишкектин “Улуу Тоо” чайканасында отургансып Жунус аба:

– Оо, кызым, каерлик болосуң?! – деп калды. Укса жооп берер, укпаса дагы өзү билет дедиби, нандын ушагын теримиш болуп, баш көтөрбөдү. Үстөл үстүнөн бошогон идиш-аяктарды поднуска батыра албай жаткан кыз бери бурулуп, бажырая жылмайды.

– Сиз менден сурап атасызбы?, – деди. Далысына төгүлгөн кундуздай кара чачы эңкейген сайын оң мүрүсүнөн сол мүрүсүнө көчүп турат экен. Кээде Жунус аба туруп-туруп эле таанып-тааныбаган эле бирөөдөн оюна келгенин сурап ийме адатына “эмне кылат экен кыпчылып, шүк эле отурбайбы” деп наалый калчы Айымпаша апа да үндөбөй кыздын жатыркабай шар сүйлөгөнүнө жибип кетти.

– Ии, сенден сурап атпайбы!, – деп кайра чалынын сөзүн жиреди.

– Атым Зуура, Өзгөндөн болом, – деди. Күлгөндө күрүчтөй тегиз тиштери өзүнө жарашып, ажарын дагы ашырып турат экен.

– Сиздер дагы Оштон болосуңарбы?

– Ону кайдан билдиң? – Кыздын кепке дароо тартыла түшкөнүнө сүйүнгөн Айымпаша апа.

– Сиздерди мурда күнү көргөм. Киребериште илинген жарыяны кайра-кайра келип, карап атканыңарда эле “а өзүмдүн туугандарым келишкен экен” деп болжоп койгом, оюм туура эле экен.

Зуура өзүнүн баамчылдыгына курсант болгондой, эси-дартынын баары быякка бурулду.

– Аа, өзүбүздүн зирек кыздардан болот турбайсыңбы? – деди Жунус аба сыпайы гана.

– Апам, сиңдим экөө ошо Бишкекте турушат. Алар менен кечээ эле сүйлөштүм телефондон.

– А, биз түбү Ноокаттыкпыз. Бишкекте турабыз. Зуура сурай электе эле Айымпаша апа озунуп кетти.

– Бишкекте турганыңарга көп болдубу?, – деди Зуура.

– Сендей маалыбызда эжең экөөбүз табышып, баш кошуп шо бойдон Бишкектик болуп калганбыз. Ноокатка тез-тез каттайбыз. Машина менен жөнөсөк, силердин Өзгөндү аралап өтөбүз. Мунараңар шо бойдон, баягысындай         эле…

Жаңы эле сурашып, сөздүн кызуусуна эми киргенде кайдан-жайдан пайда болду, аңдабай да калышты, калың мойлоочон, текебер түрк Зуурага жакын келип, өз тилинде зекигендей болду эле, кыздын кызгалдактай жүзүнөн күлкүсү качып, Жунус аба менен байбичесин жал-жал карап, коштошконго бурсаты келбей басып кетти. Кыраакы карылар элейип эле карап калышты.

– Зууранын чоңу окшойт чагымда, чакчаңдап, копол тийди! Көңүлүнө азар берип жүрбөгөй эле.., – деп Айымпаша апа чыйпылыктап жиберди.

– Ээ-э, бөлөк-бөтөн жер жердигин кылат да, минтип бирөөнүн көзүн караткылык кылбасын! Бечара күлгөнү менен ичиндеги муң-зары көрүнүп эле турбадыбы… Үйүңдөн эки карыш чыктың мусапырсың деген сөз ушундан калган да. Мындай жерде жан багыш, о азилакам иш эмес, Паша! – деди Жунус аба. Аркасынан чыдабай кеттиби; “мындай болсо күн көрсөтпөйт буларга, адам деген сүйлөшөт да бири-бири менен” деп үшкүрүп койду. Экөө эсейишип, о кыйлага чейин Зууранын убаймасын тартып отурушту…

 

*  *  *

Кийинки күнү Зуура көзгө чалдыкпады. Каякта жүрөт деп экөөнүн тең эси-дарты кызда болду. Анын ордуна чыккан бою кыска, ак саргыл кыздан сурайлы дейт, анысы кыргызча билбесе осол болобузбу деп ооз ачышпады. Ошол бойдон өзгөндүк кыз көздөн кайым болуп, үч-төрт күндөн кийин үмүттөрү да бүржөлү сууду.

Кубалашкан күндөрдүн биринде экөө ээрчишип, адатынча кечки нанүштөгө чейин бир чыныдан сүттөп чай ичмекке кичи залга баш багышкан. Мына, сага! Зуура кыз маңдайдан чыкпадыбы. Баягысындай жаркылдап келип учурашты. Бөлөкчө кийинип, чачын желкесине түйүп алганга көзгө жылдыздуу. Экөө эки жактан чыгышты.

– Ой, каякта жүрөсүң, Зуура?!.

– Деги, тынчсыңбы, кабар-отуң билинбей кетти?!.

– Ии-ий, мени бөлөк корпуска которуп ийишти. Маал-маал ушинтип турушат, өзүм да күтпөдүм эле… Ичинде кыраамы жок бечера безилдеп ийди.

– Оюбуз ар кайсыга кетти! Сени кызыбыздай көрүп, камтама болдук… Зуура сүйүнгөнүнөн жан-алы калбай сураган Айымпаша апаны бекем кучактап алды.

Бош жер караштырып жайланышкандан кийин үчөөнүн күлкүлөрү чыгып, ысык чайга бал салып, түрктөрдүн майда токоч, таттууларынан жеп отурушту.

– Дагы бирар күн турсаңар керек. Мен жооп сурап, сиздерди рассакам шаар кыдыртам. Зуура экөөнө алмак-салмак карады.

– Жок, кызым, кетээр маалыбыз зыктап калды. Сазданышыбыз керек. Балдарга атап, аны-муну албасак да болбойт, жол карашат.., – деди Айымпаша апа.

– Ушинтип эле кетип каласыңарбы?!. Кусалык карегинен куюлчуудай Зууранын көздөрү жашылдана түштү. Анан “бу жер сизге жактыбы, ата?!” Зуура Жунус абага бурулуп бошогон пиаласына чай куюп жатып сурады.

– Жакпаганда, жакшы учурду болжоп, неберелер менен келчү, ажайып жер экен, – деди Жунус аба жумшак гана. Анан быякка келген күнүн эстеп, ичи “тыз” деп алды. Өмүрдүн бир үзүмүн таштап бараткан жерге насип буйруган күнү дагы келээрин ойлоп, ушунусуна да канаат кылып, “оо-уу, кимдер келип, кимдер кетпеген жер” деп койду.

– Аркага кайтыш качан эми?!. Өзгөнгө барар оюң барбы?! – Айымпаша апа эми Зуурага күтпөгөн суроону кабыргасынан койду. Ал колундагы токочун табак четине коюп, бир саамга унчукпай калды.

– Чынын айтсам, аны ойлогонго чамам жок. Өзүңөр көрдүңөр, азыр тытынган эле заман… Дагы эки-үч жылдай турат окшойм. Бассам-турсам апам оюман чыкпайт. Эки бөйрөгү ооруйт. Тапкан-ташыганыбыз ошого кетет. Кредитибиз бар эле, онун да түбүнө чыгып койдук. Тигүү цехинде иштеген жалгыз сиңдимдин тапканы экөөнөн ашпайт, тапканымы топтоп мен да ай аттатып салып турам, – деди.

Жана эле булуттан чыккан айдай ажары ачылган кыздын көкүрөгүнө тунган кайгы-муңу козголуп, көңүлү канап турду. Жунус аба ордунда тыбырчылап, Зуураны кантип жубатаарын билбей турса, Айымпаша апа отко май куйгандай көкүрөгүнө шыкалган насаатын чекесинен чубады.

– Эми ай деген ажо, кой деген кожоңор жок, алыс жерде жүрөсүңөр, өзүңөр билгиле. Силерди бүгүн түшүнүп болбойт. Үйүңөрдөн жылан чыккандай эле туш-тушка качып калдыңар. Эли-жерим бар эле, баарыбыз чилдей тарай берсек, эртеңкибиз не болот, ону ойлогон жан барбы?.. Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр деген сөздү уккан белең?!!

Жунус аба байбичесине кусалуу келгинге көп наалый бербе, мээримге толгон сөзүң каякта дегенчелик тамагын түзөп, кыйгач караса да, ичи сыйрылып турган неме айтчуусун айтып калайын дедиби:

– Сен дагы эрге тийишиң керек, перзенттүү болуп, мен дагы көбөйсөм экен деген максат-мудаа болуш керек да акыры… Жанымы берем деп муштумдай болуп күткөн энеңе сендей ким күйөт!?

– Оо, апа, ону ойлобойт дейсизби? Ишенсеңиз, бул жакта өткөн күнүмдүн тең жарымы ошол ой менен өтөт. Эми мага кулак салың, энемдин алдына барсам дегенде эки көзүм төрт. Шо Бишкекте эле жүргүм келет. Карасам Бишкекке баткыдай эмесмин. Иш издеп баспаган жерим калбады. Бир жылча сандалдым, ар кимдин эшигин сагааладым. О Бишкегиңиз бизге болбой калыптыр. Имне кылам деп мукурап жүргөндө кудайдан үмүтү бар бирөө “жүр” деди, “бар, тавакал” деп кете бердим, насип экен минтип иштеп жүрөм. Азыр биз теңдүүлөрдүн көбү Россияда, бу жакка, Түркияга келгендердин көбү кыргыздар. Европаны айтпай эле коёюн о Американы оноп, онун эшик-тешигин издегендер канча? Эмне кылалы, кыйла жанды күйгүзүп заман өзгөрүптүр. Бүгүн жаштарыңыз пул чыккан жак жердин түбү болсо, ошо жердин түбүнө да кете бергидей!..

Өзгөндүк кыздын көкүрөгүн тиреп турган кыжаалат булактай агып чыкты. Жунус аба жер тиктеп, баш көтөрбөй отурду. Зууранын айтканы жүрөгүн тилип, туз куюп атты. Ага караганда Айымпаша апа дадил окшойт.

– Ошон үчүн паам-парасаттүү болуп, окуш керек эле да. Ошту-төштү оноп жүрүп, мүйүз чыктыбы? Оокат-аш таап жегениңерге, өзүң айткандай, пул табышыңарга жеңил эле да…

– Ии-ий, оку дейсиз да, апа. Окушту бүттү деген дипломдор саргайып сандык түбүндө жатпайбы! О дипломуңуз азыр пул менен диплом болуп калган. Ишке алам деген биринчи дипломуңду эмес, канча бересиң деп колуңду карайт. Ошондой алкымы акуладай жетекчилерди өз көзүм менен көрбөдүмбү… О сиз айткан окуштун заманы артта калыптыр, апа!..

Кечээ эле шайыры-шатман, баёо дүйнөлүү ишенчээк кыз бүгүн минтип, жаштыгын жалматып, башына түшкөн арманы өзөгүн өрттөп, озоңдоп жиберчүү акыбалда. “Ээ, көңүлүң тынч болбосо, бу дүйнөңдүн кенендиги не пайда?” деп Жунус аба да Зуурага кошулуп, улуп ийчүүдөй көңүлү чөгүп отурду. Бир маалда Зуура саатына карап, чочуп кетти.

– Ой, нөөмөткө чыкчу маалым жакын калыптыр, кетейин!, – деп туруп баратып, жанында турган кол сумкасынан конверт алып чыкты.

– Апама кичине пул чогулткан элем, ала барыңыздар. Бишкекке жеткенде конверттин сыртындагы телефонго чалсаңар сиңдим келип алып кетет, – деп үстүнөн баскан миң санаасын силкип салып, көздөрү кайра күлүңдөп чыкты. “Биз жакта жүрсө, аңизгече бир ыкыбалдуунун ыймандуу келини болмок, аттиң десе…” Айымпаша апа Зууранын бою-башынан көз айрыбай, бир эсе суктанып, бир эсе жүрөгү канап карап турду.

Зуура узап барып, кайра кайрылып келди да, Айымпаша апага шыбыр үнү менен:

– Конвертти жүк арасына салбаң, кол сумкаңызда болсун. Пул экенин билип калса, кимдики деп жүдөтүшөт.., – деди кабатырлана.

– Мунан кыжаалат болбо! Онон көрө, өзүң быякта көп жүрбө, Зуура. Карыган энең бар, биз бу күнгө беш күндүк мейманбыз, – Айымпаша апа оорулуудай онтоп койду.

– Боптур, апа, жатсам-турсам эсимде болот, сиздерге ак жол! Зуура биринен сала бирин кучагына кысып, өпкүлөп коштошту, Анан өмүрүнүн ушу кагылып турган эки карыныкынан көп экенин сезип, ичи сыздап да кетти… Экөө болсо баягы биринчи келген күнкүдөй дудук жымжырттыккка термелип, бири-бирин тиктеген бойдон калып калышты.

Канча тагдырларды боюна батырып, мезгил өктөөсүнө моюн бербей адамзаттын асыл башынан жаралган “Титаник” деңиз жиреп жөнөп берчүүдөй комдуу…

 

*  *  *

Самолёт жерге бир силкинип келип конду. “Боюн копол таштады…” Жунус аба тегерегин карап, сүйлөнүп калды. Отургандын көбү кол чаап, калгандары күбүрөнүп, келме келтирип, бир оор жүктөн кутулгандай баштык-буюмдарына кол созуп, түшүү камын көрүп башташты. “Бизде түн кириптир” деди Айымпаша апа. Жунус абанын телефону шыңгырады. Мунар экен. “Ата, көрдүм, келип конгонуңарды”. “Шүгүр, шүгүр, балам. Аман-эсен келдик, буйруса”. Атасынын сабыры суз эле.

Мунар жүктөрдү таап келгенче Жунус аба байбичеси экөө аэропорттун алды менен нары-бери басып жүрүштү. Бишкектин асманы төгүлчүүдөй болуп, жылдыздарга жык толуптур. Көктөн ылдый көз салган жылдыздарга карап: “Арасында балбылдап, биздин да жылдыздар бар. Ылайым, боосун бекем кылсын” деп угузбастан тилабат кылды Жунус аба.

Аэропорттун эшигинен убап-чубап чыккандарды о кыйлага карап туруп, баягы арабада Меккеге кеткен кемпирди, анын ыраңдуу жылмаюсун эстеди. Көргүсү келип кетти!.. Кокус оропара чыкчу болсо, учурашып, “арыбаңыз, аяш, ажылык парзыңыз куллук болсун! Балдарын доорунда жүрө берели, ойноп-күлүп” демек ийилип.

– Ата, кана, отургула, жылалы, – деди Мунар жүктөрдү машинага салып болуп. Лексус Бишкектин жолуна чыкты.

– Ата, апам экөөңөрдү шу жерден Меккеге өзүм узатам, ого чейин паспортуңарды жаңылайлы. Бүгүн карасам мөөнөтү бүтүп баратыптыр.

– Кудакааласа, улук иш болот экен. Ошо абат күндөрдү насип кылган болсун, балам.

Жунус абанын көңүлү ачылды. Уулуна карап: “Айнегиңди саал түшүрүп койчу” деди. Мунар атасы жактын терезесинен бир аз жылчык калтырды. Демейде, “жел тиет, анан жөтөлөт” деп ачтырбаган Айымпаша апа бу жолу көрүп туруп, үндөгөн жок. Тууган жердин абасы жолдон чарчаган Жунус абаны уйкуга тартып кетти. Түшүндө тэ-ээ Түркияда калган Зуура кызын көрдү. Жунус аба аны элейген бойдон карап турат. Өзгөндүк кыз толкун жиреп, каякадыр жол алган “Титаниктин” керемети кол жеткис, эң бийик кабатында өзү теңдүүлөр менен жүрөт. Гүлкайырдай гүлдөгөн, көркү-бою келишкен Зуура кыз адеп ноокаттык абасына колун булгалап, бир нерсе дегенсийт, угулсачы… Жунус аба да алыстап бараткан “Титаник” тарапка үнүнүн болушунча жүрөк зили менен бакырып берди. “Зуура, кызым, ошо жер сага жетпедиби?! Каякты көздөй жөнөдүң?! Адашпа, эсиң менен бол, күтө берип эки көзү төрт болгон энеңди ойло, энеңдин эмчек сүтүн ойло, кагылайын, кызым!!!

 

*  *  *

– Мына, үйгө да келдик! Мунардын үнүнөн Жунус аба чочуп, ойгонуп кетти. Караса, өзү күндө кирип-чыгып тирилик-орозгерине аралашып кетчү көк дарбазасынын оозунда туруптур…

Абдиламит МАТИСАКОВ,
Кыргыз эл жазуучусу

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.