Жадыра БАЙБУЛАНОВА: “Эки ашык силер болсоң, мен киммин, / Эй, жолуң болгур Ромео-Жульетта?!”
Казак элинде жүз кайталап окусаң да, эч тажатпаган акындар көп. Алардын бири – Жадыра Байбуланова.
Жадыра Караганды облусунун Каркаралы районунун Жанатоган айылында жарык дүйнөгө келген. Е.А.Бөкетов атындагы Караганды мамлекеттик университетинин бүтүрүүчүсү. Эл аралык “Шабыт” фестивалынын лауреаты, мамлекеттик “Дарын” жаштар сыйлыгынын ээси. “Кагаз жүрөк”, “Чексиздик” ыр китептери жарык көргөн.
Акын кыз айылдык мектептен окуп, башка балдардай эле адабиятка кызыгып, татты кыялдар менен чоңойгон. Ыр жазууга болгон ой-чабыты ошол жылдарда ойгонгон.
Акын – жаралуу арстан сыңары. Саясатчы коомдук-саясый турмушубузда болуп жаткан окуяларды көз кырынан кетирбей, аны бийлик трибуналарынан айтып чыкса, оппозициялык күчтөр ал көрүнүштөрдү аянттарда кыйкырат, калайык эл көргөн-билгенин бири-бири менен ой бөлүшөт. Акындын озуйпасы ыр жазуу болгон соң, ал эмне көрсө, билсе, сезсе, аны унчукпай ичинен кайрып, ырга айландырат. Ал гана эмес, агарып аткан таң да, кызарып баткан күн да, капкараңгы түн да, көзгө көрүнбөгөн нерселер да акындын жан дүйнөсүн козгойт.
Бул сезимдер Жадыра Байбулановага бейтааныш эмес.
Мен кечирим сураймын –
Сен тууралуу оюм үчүн өзгөргөн,
Качтым каңкуу сөздөрдөн…
Чачтарымдан, картайлекте агарган,
Кээде жалган күлгөнү үчүн – көздөрдөн,
Жана шого ишенген бүт адамдан,
Мен кечирим сураймын –
Кечирим бер, мага болсо бир өктөң,
Дал ушуну тиледи белем?
Ырдан дагы, сага арнап жазылган,
Эң башкысы – көп кыйналган жүрөктөн –
Унутууга тырыш дедим мажбурлап!
Мен кечирим сураймын –
Жооп берилбей калган каттан, окулуп,
Ишенген үчүн от-үмүт.
Эстеликке тек көмүлүп калганда ой,
Чын ыйлармын…
А калганынын баары калп!
Ал анткени өмүр ошонусу менен жалгандыр…
Акындар көп. Бирок, адамдын акыл-эсин аңтар-теңтер кылып, жашап өткөн өмүрүбүзгө, артка калган күндөрүбүзгө жалт караткан, жүрөктү селт эттирип, дене-бойду бир силкинтип алган мындай ыр саптарын ар бир акын эле жаза албайт, мындай мөлтүр тунук ойлорду айтып, унутта калып бараткан сезимдериңди ойгото албайт. Минтип көкүрөгү жарык, жан дүйнөсү аруу адам гана жаза алат. Жан дүйнөсү аруу адам гана бу бир келген өмүрдө башкалардан кечирим сурап жашаш керектигин, же ар бир өткөн күнүңө саресеп салып, ар бир айткан сөзүңө эсеп беришиң зарылдыгын түшүнө алат. Кечирим суроо демекчи, анүчүн башкаларды сөзсүз эле капа кылып, кайгы салып, анан ошону үчүн кечирим сураш зарыл эмес. Бирөөлөрдүн жинине тийип, кыжырын келтирип, кечирим суроо бу адамдык чектен өтүп кеткендеги аргасыз нерсе, андайда кечирим сурап коюу баарынын колунан келет. Кечирим суроо колунан келбей, мойну жар бербегендер канча?! Колдон келсе, андайга жеткирбөө керек. Айрымдар бар, ал гана акыркы чындык болгонсуп, адамдарды иренжиткен не бир сөздөрдү айтат да, ошонусуна компоюп, өзүнө өзү ыраазы боло “быш” этпей жашай берет.
Бул ырдын подтексттинде мына ушунун баары камтылган. Айтылган. Каңкуу сөздөр, картая электе агарган чачтар, жалган күлгөн көздөр, ага ишенген адамдар, обу жок кызганычтар, окулбаган, жооп жазылбаган каттар, аны билбей жооп күткөн адамдар, үмүт. Мына ушунун өзүндө ар бирибиздин тагдырыбыз бар.
Жадыра Байбуланова кечиримге таптакыр башкача өңүттөн, башка кырынан карайт. Акын ырында окулуп, бирок жооп берилбей калган каттан, жалган күлгөн үчүн көздөрдөн кечирим сурайт. Кечирим – жөнөкөй поэтикалык ойдон философиялык ойдун деңгээлине өсүп жеткен. Кечирим, кечире билүү, кечирим сурай билүү – бул жашоо.
Анын ырларын окуп отуруп, өзү жаш болсо да, турмушка көптү көргөн, жакшылык-жамандыкты башынан көп өткөргөн адамдай салабаттуулукту, акыл парасатын байкайсың. Муну акын кыздын оор дартка чалдыгып, аны жеңип чыкканы менен байланыштырсак болчудай. Бул тууралуу өзү мындай дейт: “Рак дегенди эшиткенде баары өлүм тууралуу ойлойт, мен өмүрдү ойлодум…”
Жадыранын “Мен сени сүйөм, өмүр” аттуу ыры келип чыгышынын таржымалы да ошол оору менен байланышкан. Ырга казактын дагы таланттуу кызы Роза Алкожо обон жаратып, ал бат эле аралап кетти. Кыргыз угармандарынын күтүп уккан ырына айланды.
Өмүр, багытым таппай издеп күйүп-жансам да,
Өмүр, тагдырда жан үрөп мен өңдөн азсам да.
Өмүр, бакытты азап жандап түйшүк тартсам да.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр…
Кайырма:
Алдымдан азгырып чакырдың, ай,
Алдың го жаштыктын жазын далай.
Антсең да сыйлоого акым бар, ай,
Мен сени сүйөм, өмүр…
Берерин билбеймин али эртеңдин,
Тирүүлүк билигин араң тердим
Тар жолдо миң аксап, жүз күйсөм да,
Мен сени сүйөм, өмүр…
Өмүр, жетерде бийиктикке кулап калсам да,
Өмүр, өйдөлөп кайра турар кубат алсам да.
Өмүр, алдыңа далай сынып ыйлап барсам да,
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр…
Кайырма:
Өмүр, күз болуп салдың мени сагынычтарга,
Өмүр, учурдуң кээде ак кар бурганактарга.
Өмүр, көктөмдөй сага бирок али куштармын.
Мен сени сүйөм, өмүр,
Мен сени сүйөм, өмүр…
Кайырма:
Бул – жашоону сүйгөн адамдын ыры. Бул – жашоону сүйгөн адамдын гимни. Бу жашоодо канчалык ачка-ток болбойлу, бактыга кол жеткис, көз жеткис болбосун, бийикке кулап калсак да, бойдогу кайра турар кубатты алса да, алдына далай сынып ыйлап барсак да, көз бозоруп турса да, өмүрдү сүйүп жашамагыбыз бар. Себеби, өмүр бу жарык, а “жарыкка күнөө го жакындабоо”. Эртеңде не болорун эч билбеймин, / өткөндүн чачылганын эптеп тердим / Арийне келет менин дагы өрттөнгүм” деп акын жазгандай, өмүргө ишенбөөгө акыбыз да жок.
Ошон үчүн – күз болуп, сагынычтардын ырын созобуз, аппак кар болуп, кээде алып учабыз, ар жыл сайын көктөмдөй болуп келчү өмүргө куштарбыз. “Мен сени сүйөм өмүр, мен сени сүйөм өмүр…” – бул ыр жашоонун гимни эмей эмне?
Жадыра Байбуланова ырларында болобу, берген маектериндеби, оюндагысын жашырбай айтат. Кайсы бир маегинде бир кезде кызганыч деген дартка чалдыкканын айта келип: Кызганыч оор дарт экен, дал ушул кызганыч сезими менин айыкпас дартты жеңүүгө, үй-бүлөм үчүн бутума туруума себеп болду. Мирасты кызганган жокмун деп айта албаймын. Түн ортосунда кыздар телефон чалып жатса, кантип иренжибейсиң” деген сыр жашырбаган акын кыздын тамаша-чындан айтылган кебинин чындыгы бардай. Дегеле ал кызык ойлонот. Кызык жазат. “Ромео жана Жульетта” спектакли” ырын чогуу окуп көрөлү:
Театрга барганбыз.
Эң бактылуу чыгарбыз деп ушул бардык жандан биз.
Көз алдыңда кирип келди,
Бир кездеги арман кыз.
Суйкаят да суйкаят…
Көз астынан сен да аны карайсың, ал да сага тигилет
Жанындагы эр жигитин аядым,
Мени тек кой, жайыма.
Кайран жүрөк!
Көөдөн уруп каккылап…
Кайдагысы эске түшүп жатыр ай.
Кара күчкө а сен мени кучактап,
Баарын сезем, эй акмак!
Эң кыйыны – жылмаюу,
Бирин бири унутпаган экөөгө – чыдоо ары чыдабоо!
“Чын сүйгөндөр баш кошпойт” –
Спектаклдин түрү бул!
Көз алдымда сүрөтпү?
Эзели түк унтулбас сезим деген куу дартпы?
Эки ашык силер болсоң, мен киммин,
Эй, оңбогон Ромео-Жульетта?!
Бул ырда лирикалык каармандын өмүрлүк жарын анын алгачкы сүйүүсүнөн кызганган сезими, көңүлүндө элеп-желеп болгон уйгу-туйгусу кашкайып ачык көрүнүп турган менен, ошол кызганыч сезимден жерге сыйбаган, ай-ааламды аралап кеткен Ромео менен Жульеттанын улуу сүйүүсүндөй аруу нерсени көрөбүз. Адамдагы аруу сезимди да, көкүрөктү жеген кызганычты көрө билип, аны окурмандарга жеткире алуу Жадыра Байбуланова мыкты психолог, чебер акын экендигин көрсөтөт. Себеби, чыныгы сүйүү өзгөчө сезим. Чыныгы сүйгөн адам өзү сүйгөн адамын жөн эле кызганып, өзү да азап тартып, аны да азапка сала бербейт, иралды сүйгөнүнүн аруу сезимин сыйлайт, урматтайт. Балалык сүйүүсүн туура түшүнөт. Балалык сүйүү ар бир адамда болот. Ал сезим лирикалык каармандын өзүндө да болгондур. Бирок, балалык сүйүүгө канчалык түшүнүү менен аракет кылбайлы, анын өзү кызгануу сезимин мокото албайт. Анан да аял өмүрлүк жарын кызганбаса, ага жат адамдай кайдыгер караса, аны түшүнүү кыйын. Казак менен кыргызда бул кадыресе нерсе катары кабыл алынат. Автор муну түшүнөт, ошон үчүн аялдын кызганыч сезимине улам-улам боек кошот. Көз астынан бирин-бири астыртан карашкан эркек менен арман кыздын али да өчө элек, али да бири-бирин унута элек сезимдерин бир сап менен эле эң сонун ачып берген.
Жадыра Байбуланованын ырларын окуп отуруп, жаштар арасында ага окшогон мыкты акындар жаралса, өсүп келаткан муун сүйүүнү, достукту, адамдык мамилелерди, жараланган жан дүйнөнү, уйгу-туйгу сезимдерди чебер ачып берген деңгээлге көтөрүлсө деген ойго келесиң.
Жадыра БАЙБУЛАНОВА
* * *
“Сизге” айланды баштагы “сен” дегеним,
Өлөң болуп барамын муңга айланган.
Махабатты шол чыгар ырдаганым,
Махабатка шол чыгар ишенбегеним.
“Саламатсызбы” – жалгыз сөз сенден угар,
“Амансызбы?” – мендеги элебес түр.
Көнүмүш бул эрегиштир!
Баары түбөлүктүү дечүбүз, ал да калды,
Бактылуумун сенсиз да, элестетчи:
“Кетпечинин” ордуна – “Көрүшкөнчө!”
“Сагындымдын” ордуна – “Соо калыңыз!”
Буйруса да тагдырга бир жүздөшүү,
Тирлик кылып келебиз – тилсиз-оозсуз
Өмүр өтүп баратат, өкүнүч шол,
Сен экөөбүз жүргөндө “Сиз-Биз” дешип.
Жиниме тийбечи
Сагыныч айылы алыстап,
Кызганыч дарт болуп жабыштың.
Бактысыз күндөрүм калыстайт,
Жанымда жүрсөң да алыссың.
Актануу күтпөймүн, актануу,
Телефон күнөөлүү дагы да –
Ким бирөө “жаным” деп сакталуу,
Мен балким жай гана “Жадыра”.
Шол кызбы тагдырдын кошкону?
Бакытың сен тапкан ушубу?
Кезиге калса да досторуң
Мен эмес,
Астейдил сурашат аныңды…
Кучактап өбөсүң несине?
үмүттөй үзүлгөн кечиге,
Чыйралган түймөсү үзүлдү…
Кыскасы, жиниме тийбечи…
Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ
© Сүрөт Жадыра Байбуланованын инстаграм баракчасынан алынды