Академик Абдылдажан АКМАТАЛИЕВ: «Айтматовдун жанында 27 жыл жүрүп, үч эле жолу сүрөткө түшүптүрмүн»

Боордош казак элинин улуттук гезити – «Егемен Казакстандын» 2011-жылдагы сандарынын биринде КРнын УИАсынын академиги, УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиевдин маеги жарыяланды. Маектин «Егемендин» толук бир бетин ээлеши – залкар жазуучубуз  Чыңгыз Айтматовго, белгилүү окумуштуубуз  Абдылдажан Акматалиевге да көргөзүлгөн чоң урмат деп бааласа болот.  Профессор А.Акматалиевдин атактуу жазуучубуз жөнүндө айткандары казак окурмандары эле эмес, «Кыргыз Туусунун» күйөрмандары үчүн да жаңылык экенин эске алып, жарыялоону эп көрдүк.

– Сиздин дээрлик бардык илимий эмгектериңиз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган. Көрүнүктүү жазуучунун чыгармаларын кыргыз-казак адабий байланыштарынын алкагында караганыңыздан улам Ала-Тоонун берки бетиндеги агайындарыңыз да өзүңүздү жакшы билет. Биздин адабиятчылардын айрымдары сизди Айтматовдун жакын иниси десе, экинчилери ошол үйдөгү жеңе менен тууганчылыгы бар деп коюшат. Айтматов менен кандайча таанышып калдыңыз? Ал кишини алгач көргөндө кандай таасирде болдуңуз? Жалпы эле, Чыңгыз аганын чыгармачылыгын изилдөөгө кызыгуу эмнеден башталды?
– Алды менен айтарым, менин Айтматов менен эч кандай туугандыгым жок. Эгер жакын агайын болсом, кубанар элем. Бар жакындыгым – өмүр бою чыгармачылыгын изилдегеним. Мен университетти бүтүрө турган жылы Айтматовдун чыгармачылыгы боюнча дипломдук ишимди даярдадым. Башка сту-денттер 50 бет жазса, мен 120 бет жазыптырмын. Дипломдук ишимдин темасы «Айтматовдун чыгармаларындагы көркөмдүк  каражаттар (метафора жана салыштыруу)» деп аталган. Мамлекеттик экзамендик комиссия эмгекти өзгөчө баалап, басма сөздө жарыялоо боюнча тапшырма берди. Ошентип, бул иш мугалимдерге арналган «Эл агартуу» журналында жарык көрдү. Мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын изилдөөгө ушундайча келдим. Бирок, ал кишинин өзүн көпкө чейин өз көзүм менен көргөн эмеспин. Кино, телеберүүлөр аркылуу  «сыртынан жүздөшүп» жүрдүм. Гезит-китептерден сүрөттөрүн карайм, ошого ыраазы болом.

1979-жылы Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтуна  кенже илимий кызматкер болуп орноштум. Илимий жумуш жазуу үчүн тема тандоо керек болду. «Чыңгыз Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланышы» деген теманы тандадым. Аны илимий кеңеш колдоп, бекитип берди. Институттун жетекчилиги мени жыл аягында Алматыга иш-сапарга жиберди. М.Ауэзов атындагы адабият жана өнөр институтуна келдим. Институтта иштеп жүргөн Мухамеджан Каратаев, Рахманкул Бердибаев, Бүркит Ыскаков, Файзолла Оразаев сыяктуу белгилүү окумуштуулар менен тааныштым. Университетке Зейнолла Кабдоловду издеп бардым. Андан соң Жазуучулар союзунда болдум. Олжас Сулейменов, Ануар Алимжанов, Шерхан Муртаза, Калтай Мухамеджанов, Абдижамил Нурпейисов, Тахауи Ахтанов, Абиш Кекилбаев, Магзом Сүндетов, Сайын Муратбеков, Оралхан Бөкеев, Баккожа Мукаев  сыяктуу каламгерлерге жолуктум. Бардыгы жылуу кабыл алышты. Мен алардын ар бирине эки-үчтөн анкеталык собол койдум. «Сиз Айтматов менен кандайча таанышкан элеңиз? Айтматовдун чыгармалары сизге эмнеси менен баалуу? Жаш жазуучуларга Айтматов кандайча таасир берет?» деген өңүттөгү суроолор. Алар кылдат жооп беришти. Андан соң казак агайындар да мага өз соболдорун коюшту. «Сен Айтматовду көрүп турасыңбы? Карым-катнашың кандай? Эртең элиңе барганда бизден ага салам айт», – дешти. Бул өтүнүч менин жаныма катуу батты. Айтматов такыр көргөн кишим эмес деп кантип айтам? Жан-дүйнөм уйгу-туйгу болду. Аябай намыстандым.

– Чынында да кызык экен! Бир шаардын ичинде туруп Айтматовду эмнеге көрбөй жүрөсүз?
– Билбейм. Айтор, оңтою келбеди. Көргөн күнү эле уруп-салып жетип бара турган адатым жок менин. Ошол баягы адат, ыйбаа…

– Ошентип, Чыкеңе казак калемгерлеринин саламын айта алдыңызбы?
–  Ошого келе жатам го. Кайра келген соң ошол сапарда Калтай Мухамеджановдон алган маегимди “Советтик Кыргызстан” гезитине жарыяладым. Бул материал тек гана Айтматов чыгармачылыгына арналды. “Кой, мындай болбойт экен. Чыңгыз аганы өзүм издеп көрөйүн”, – деп тобокелге бел байладым. Бул мезгилде  атактуу жазуучу Кинематографисттер союзунун төрагасы болчу. Кеңсеси Кино үйүндө жайгашкан. Кабылдамасына келип, маеги жарык көргөн гезитти катчы кызга таштап кеттим. Өзү жок экен. Арадан бир ай өттү. Ошол жылдын ноябрь айында Фрунзе шаарында жазма адабият маселелерине арналган Бүткүл союздук конференция болду. Ага атагы таш жарган адабиятчылар Георгий Ломидзе, Зоя Кедрина келди. Орто Азиянын кадыр-барктуу изилдөөчүлөрү да бар. Казактар да каптап жүрүшөт. Бир кезде залга Айтматов кирип келди. Ал кишини көргөндө отургандар тура калышып, кол чабышты. Чыңгыз ага президиумдан орун алганда мен андан көз албай карап олтурдум. Бир кезде Айтматов сөз алды. Ал кишинин кантип сүйлөй турганын билесиң го. Отургандар муюп угушту. Асыресе, алтайлык жазуучу Боронтай Бүйдүров жөнүндө жакшы ой-пикир айтканы эсимде калыптыр.

Тыныгууга чыккан соң, адаттагыдай эле аны баары тегеректеп, четинен учурашып жатышты. Мен: “Тобокел!” дедим ичимден. Ошенттим да: “Ассаламуалейкум!” деп саламдаштым. “Уалейкумассалам!” деди агам. Алгач тил катканым ушул болду. “Сизге казак агайындарыңыз салам айтты”, – дедим бар кайратымды боюма топтоп. “Кимдер?”, – деди ал көңүлүн буруп. Зейнолла Кабдолов менен Калтай Мухамеджановду атадым. “Өткөндө “Советтик Кыргызстанда” жарык көргөн  маекти жазган сенсиңби?”, – деди. “Менмин, ага” дедим. Ошондо колумду көпкө кармап турду. Көзүбүз тиктешип калды. Дагы бир аз сүйлөштүк. Бизге эч ким тоскоол болгон жок. Экөөбүз эле калдык. Мен аны унаасына чейин узатып чыктым. Коштошоордо: “Ага менин сизге берейин деген бир-нече суроолорум бар эле, ошого жооп бере аласызбы?”, – дедим. “Сен аларды жазып, катчы кызга таштап кой, жооп берейин”, – деди. Ошентип, мен Айтматовду 1980-жылы алгачкы ирет көрдүм.

– Ушундан кийин изилдөөлөргө билек түрүнө киришкен чыгарсыз?
– Арийне. Мен азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча 1977-жылы бүткөм. Окуу жайы ал кезде СССРдин 50 жылдыгы атында болчу. Ошол студент кезден башат алган Айтматов тууралуу изилдөөлөрүм бир топ жемишин бергендей болду. Анын үстүнө залкар жазуучунун өзү менен жолугушуу менин канатымды кадимкидей күүлөп жиберди. Ошондон баштап тынымсыз иштей баштадым. Убакыт бошко кетпеди. Диссертациямды бир жылда жазып бүтүрдүм.  Кийин темасы “Кыргыз-казак адабий байланышын өнүктүрүүдөгү Айтматовдун ролу” деп конкреттештирилген ушул эмгегиме Кыргыз Илимдер академиясынын корреспондент-мүчөсү, филология илимдеринин доктору, профессор Абдыкадыр Садыков жетекчилик кылды. Илимий ишимди 1982-жылы жактадым.

– Баягы дипломдук ишиңиздеги материалдардын пайдасы тийдиби?
– Жок, ал жаш кезимдеги байкоолорум болчу. Дипломум тил жана адабий аспектилерге арналды, стилдик өңүттө болду. Ушул алгачкы илимий ишиме филология илимдеринин кандидаты, доцент Самак Даулетов жетекчилик кылган эле. Бул да сыймыктанаарлык эмгек болду. Бирок, кандидаттык диссертацияма бардык күч-жигеримди жумшадым. Темага жаңыча өңүттөн келдим.

– Докторлук диссертацияңыздын темасы да Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына байланыштуу эмес беле?
– Ооба. “Түрк тилдүү элдердин адабий байланыштарын өнүктүрүүдөгү Айтматовдун ролу” деп аталды. Докторлукту 1990-жылы жактадым.

– Айтматов темасы сизге кадыр-барк, зоболо алып келди. Узак жыл жанында бирге жүрдүңүз. Жалпы эле, ал киши менен жакындан катышууңуз качан башталды?
– Кандидаттык диссертация жактагандан кийин Чыкени көпкө дейре көргөм жокмун. 1980-жылы “Айтматов жана кыргыз-казак адабий байланышы” деген монографиям үчүн Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгын алдым. Эмгегимдин жемишин көргөн соң, көңүлүм көтөрүңкү жүргөн кез эле. Бир күнү Кино үйүнүн жанынан өтүп бара жатып карасам, Айтматов бөлмөсүнүн жарыгы күйүп турган экен. “Азыр кире кетсем кантет?” деген ой келди. Саат кечки алты менен жетинин ортосу эле. Тобокел деп барсам, ал киши ордунда экен. Башка эч ким жок. Катчысына айтсам, киргизип жиберди. Чыңгыз абанын эсте сактоо жөндөмдүүлүгүнө таң калдым. Атымды да унутпаптыр. Ордунан туруп, “Кел, Абдылда!” деди. Кубанып калдым. “И дольше века длится день” деген китеби жакында эле Фрунзеде басылып чыккан эле. Ошол китебине мага кол тамга жазып берди. “Ага, мен Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болдум” дедим. “Сиз СССР мамлекеттик сыйлыгын алдыңыз, куттуктайм!” деп кошумчаладым. Ал жай гана баш ийкеди. Мына ушинтип сөзүбүз бүтүп калды. Андан соң эмне кыларымды билбей, бир аз отурдум да: “Чыңгыз ага, мен сизди үйгө конокко чакырайын дедим эле” дедим. Бул сөздү кантип айтып жибергенимди да байкабай калдым. Чынымды айтсам, оозуман чыгып кетти. Айтор, бирдеме деш керек эле. Сөз узарсын, аңгеме улансын дегем. Ал: “Сенин айлыгың канча?” деп сурады. “112 рубль колума тиет” дедим. “Ким менен турасың?”. “Иним менен бирге турам. Ал Москвада окуйт”. “Үйүң канча бөлмөлүү?”. “Үч бөлмөлүү”. “Айлыгың өзүңө жетеби?” деди андан соң. “Жетет” дедим ишеним менен. “Сен мени эмнеге конокко чакырып жатасың? Ага кеминде 70 сомуң кетет, калган акча менен кантип күн көрөсүң?” деди агам. Мен: “Баш аман болсун, ага” дедим. Чыңгыз ага ойлонуп отурду да: “Макул, мен көрөйүн. Сен дарегиңди жазып берип кет” деди. Дароо жазып бердим. Маанайым көтөрүлүп, үйгө жеттим да, апама мактаныч менен кабарладым: “Мен Айтматовду конокко чакырып келдим”. Апам чочуп кетти. “Сен ал кишини кайдан чакырып жүрөсүң, эй? Айла-найын ай, эч кандай даярдыгыбыз жок го. Андай атактуу адамды чакыруу үчүн бир айдай даярдык көрүү керек экенин билесиңби?!” – деп күйүп-бышып кетти. Кантейин, оозуман чыгып кетти. Айтылган сөз – атылган ок! “Жарпылдап эмнем бар эле” деп коём. Өзүм үйлөнө элекмин. “Кайсы күнгө чакырдың?” деди апам өзүнө келген соң. “Ушул келаткан ишемби күнгө чакырдым”. Өзүм бейшемби күнү жолуккам. Эки эле күн убактыбыз бар.

Эртеси бир досумду ээрчитип базарга бардым. Экөөлөп жүрүп бир кой сатып алдык. Кой сойгонду да билбейт экенбиз. Айтор, бирдеме кылып жиликтеп койдук. Конок келчү күн да келди. Үйдүн ичин тазалап, полду күзгүдөй жаркыратып жууп жатам. Терезенин айнектерин тазалап, үйдүн чаңын сүртүп жатканымда телефон шыңгырады. Трубканы көтөрдүм эле: “Мен, Айтматовмун” деген тааныш үн угулду. Адатта телефон менен сүйлөшкөндө ошентет. Оболу не кыларымды билбей калдым. “Абдылдасыңбы?” деди. “Ооба, менмин ага”. “Биз бара албай калдык, карагым. Кызым Шириндин денеси ысып, катуу ооруп жатат. Дагы бир оңтою келээр…” Бир ооз сөз айтууга гана үлгүрдүм. “Сизге арнап мал союп койгон элек, ага” дедим. Ал киши бир саам ойлонуп калды. “Ээ, ошенттиңерби?”. “Ооба, ушинттик ага” дедим чыйпылыктап. “Анда, мен бир-бир жарым саатка кирип чыгам” деди да трубканы коюп койду.

Үй жыйноого жигерлене кайра кириштим. Бир сааттан кийин кайрадан телефон чалды. Дагы эле ошол добуш. “Мен Айтматовмун”. Дагы эмне болду деп элеңдеп калдым. “Ага, угуп жатам, угуп жатам” дей берипмин абдырап. “Кимдер чогуу болот” деди бул жолу. Мен дале ойлобопмун. Далдырап туруп калдым. “Сен экөөбүз гана отурбайбыз да, сүйлөшө турган киши барбы?” деди андан соң. Мен али ойлонуп турам. “Ээ, анда мен бир-эки киши ээрчитип барармын” деди. Саат алтыларда ошол кездеги Басма комбинатынын директору Тургунбек Суванбердиевди, жазуучу Казат Акматовду, айыл чарба институнун ректору Жамин Акималиевди ээрчитип кирип келди. Тосуп алдык.

Мен конок күткөндү билчү эмесмин. Орус арагын ортого коюп, агаларымдын тегерегинде айланчыктап жүрөм. Бир кирем, бир чыгам. Өздөрү сүйлөшүп отура берет деп ойлодум. Бир кезде Чыңгыз ага: “Ой, бизди неге чакырдың? Тост көтөртпөйсүңбү?” деди. Мен сүйлөмүш болдум. Оозума эмне келсе, ошону айтып жатам. СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алганы менен куттуктадым. Аны алуу кыйын экенин билчүмүн. Ошону да айтып кеттим. “Чыңгыз ага, кыргыз адабият таануу илими сиз жөнүндөгү изилдөөлөрүн жаңыча баштайт, жаңыча колго алат” деп бир айттым. “Мурда да жазылган го, бирок биз жаштар өзгөчө кадам жасайбыз” деп тастыктай түштүм. Аны менен эле тим болбой: “Сиздин чыгармачылыгыңызга байланыштуу конференция өткөрүү оюбузда бар” деп сунуш да айтып жибердим. Ал киши да “Ой, жакшы болот, өткөргүлө” деп макул болду. Агабыздын жашы 55те эле. Бир жарым саатка келген Айтматов төрт сааттай отурду. Ара-чолодо үйүнө телефон чалып коёт. Ал жактан Шириндин денесинин ысыгы кайткан-кайтпаганы жөнүндө маалымдап жатат. Ошентип, Чыңгыз ага менин үйүмдө конокто болгон.

– “Ауэзовдун үйүнөн кымыз ичтим!” деп мактанган жаш Кабдолов сыяктуу сиз да кийин Айтматовдун үйүндө далай ирет болуп, дасторкондон даам сызган чыгарсыз?
– Бир аз убакыт бою ар кимибиз өз жумушубуз менен кеттик. Ал киши Москвада жүрдү. Арадан эки жылдай убакыт өткөн. Бишкекке бир келгенде издеп бардым. “Айтматов жана азыркы руханият” деген темада жаштардын конференциясын өткөрүү маселеси жөнүндө акылдашкым келди. Бул учурда институттун комсомол уюмунун катчысы элем. “Сен күтө тур, мен бул кишилерди кабыл алып, жиберейин. Сени өзүм да издеп жүргөн элем” деди ага. Бир саат күттүм. Түш болду. Ал киши чыкты да: “Сен азыр биздин үйгө жүр” деди. Мен таң калдым. Атактуу Айтматов өз үйүнө чакырып жатат. Артынан томпоңдоп ээрчип келе жаттым.

Чыңгыз аганын үйүндө отурам. Ал киши менен чогуу тамактандык. Андан соң залга өттүк, ошол кезде “Бир иш бар эле, – деди ага. – Менин кызым Ширин быйыл 1-классты бүтүрдү. № 5 кыргыз мектебинде окуйт. Азыр англис тилин үйрөтүп жатабыз. Эми кыргыз тилин унутуп калбаса дейм. Сен ага жардам бер. Убактың барбы?” – деди. “Албетте, бар” дедим. “Аптасына бир-эки саатка келип, тил сабагын өткөрүп турсаң жакшы болот эле” деди. Андан кийин кызын чакырды. “Мына, бул сенин агайың болот. Эми бул кишини угушуң керек. Кандай тапшырма берсе да, аткаруу кажет”. Мен апта сайын келип турдум. Сабак берем. Гезит окутам. Ыр жаттатам. Кыска жомок айтам.

Ошол жылдары Чыңгыз ага чет мамлекеттерге көбүрөөк барып турду. Ошондой күндөрдүн биринде: “Сен күн сайын келип, балдарга баш-көз болуп тур” деди. Аганын Ширинден кийин Элдар деген уулу бар эмеспи. Ал ошол кезде эки-үчтө эле. Элдар мага өтө жакын болду. Кааласа мойнума минип алат. “Мындай жүр, андай жүр” дейт. Бул кезде өзүмдүн уулум Элтуран да төрөлгөн болчу. “Элтуранга баралы” дейт. Балдар чогуу ойной баштады. Ошентип, Айтматовдун үй-бүлөсү менен аралашып кеттик. Чыңгыз ага балдарына телефон чалып, жагдайларын сураса, алар дароо мени мактайт. Ошентип, агабыз экөөбүздүн арабыз өтө жакындай түштү. Элтурандын атын да Айтматов өзү койгон эле. Жыл сайын анын туулган күнүндө атайы келип куттуктачу. Үч-төрт жыл бою ошентти.

– Чет өлкөлөрдө чогуу сапарлаш болгон кезиңиз болдубу?
– Казак жерине далай жолу бирге келдик. Кийин агайлар Москвага көчүштү. Ширин окууга кетти. Чыңгыз ага Михаил Горбачевдун кеңешчиси болуп кызмат кылды. Президенттик кеңештин мүчөсү, депутат болду. Мен докторлук ишимди аяктап, 1990-жылы илимий жетекчим Георгий Гачевге бардым. Георгий Ломидзеге, Юрий Боревге, Чингиз Гусейновго жолуктум. Илимий эмгегимди окутуп алышым керек болду. Чыңгыз агага телефон чалдым. “Мен Москвага келдим. Өкүлчүлүктүн мейманканасында жатам”, дедим. “Машина жиберейин, кел”, – деди Чыкем. Москвада иштеп жүргөн Муса Мураталиев деген жазуучу агабызды жибериптир. Ал мени алып кетти. Кайтайын десем: “Сен үйгө конуп кет”, – деди ага. “Мен бул жерде бир ай болом, дагы келээрмин”, – десем: “Анда бир ай бою биз менен болосуң” деди. Тарткынчыктадым эле, көнбөдү. “Жок, болбойт, жеңең Бишкекке кетти. Мен, сен, Элдар үчөөбүз турабыз”. Ошентип буюм-тайымдарымды алып келдим. Ага мага бир бөлмөсүн бошотуп берди.

Эми өтө жакын болуп калдык. Эртең мененки чайды чогуу ичебиз. Чыкең мага: “Салат жасап бер” дейт. Алды менен жаңгакты чагам, чалканды пайдаланам, айтор, бирдеме даярдаган болом. Мен жасаган салат менен чай ичип олтурганыбызда тиши күтүр эте калат. Бир кезде оозунан жаңгактын кабыгын алып чыгат. “Ой, бо-ой, мунуң тишти сындырат го” дейт жай гана. Мен шашкалактап калам. “Эртең тамакты жакшылап даярдайм. Текшерип салам дейм”. Эртеңи да ушинтип улана берет…

Ал кезде Элдар музыка менен шугулданчу. Мен өз жумушум менен кетем. Кечки тамакты дайыма “Москва” ресторанында ичебиз. Ишемби күнү Переделкинодогу дачага аттанабыз. Ошентип байланышыбыз тереңдей түштү. Бир ай чогуу турдум. Мен анын бардык тиричилигин жакындан көрдүм. Бул сапарлаш болгондон да артык эмеспи?!

– Илгери “Огонек” журналынан Айтматовдун бир маегин окуган элем. Анда калемгердин бир күндө төрт-беш бет гана жаза турганы жазылган. Ал биздин айрым жазуучулар чакан бир чыгарманы бир отурганда бүтүрүп кете берет эмеспи…
– Ооба, ошондой. Чыңгыз ага күнүнө төрт-беш бет гана жазат. Ал киши өтө эрте турат. Саат беште ойгонот, андан соң саат 7-8ге чейин жазууга отурат. Арасында кыдырып келет. Аганын жазганы да кызык. Кээде бир аз бүтүп калган иштерин жаратпай, тытып таштайт. Барактарынын бетинде кандайдыр бир сүрөт салынып калат. Деги, ойлонуп отурганда чиймелеп отурат окшойт. Баштаган чыгармасын жактырбаса таштай салат. Мен анын бардыгын эртеси эле жыйнап алам. Айтматовго керек болбогону менен бизге керек. Менде ошондой үч-төрт чыгармасынын алгачкы нускасы бар. Жеке архивимде мындай нерселер көп. Жазууну жазып бүткөн соң, телефонду колго алат. Бир топ киши менен сүйлөшөт, көп маселени чечип калчу.

– Чыңгыз Айтматовдун казактын бир топ жазуучулары менен карым-катнашы жакшы болгону белгилүү. Асыресе кайсы калемгерди жакын көргөн эле?
– Зейнолла Кабдолов менен Калтай Мухамеджановго мамилеси өзгөчө болду. Үчөөнүн жолугушканын далай көрдүм. “Кызыл алманы” Зейнолла Кабдоловго арнаганы баарыбызга маалым. Зекең 60ка толгондо Чыңгыз ага өкмөттүк телеграмма жолдоду. Текстин өзү окуп отурду. Мен жазып алдым. “Зейнолла! Сен биздин алдыбызда көч башчы болуп жүрө бер. Сен жеткен 60ка биз да жетели. Сен 70ке жет, биз дагы 70ке келели”, – деп тилек айтканы бүгүн­күдөй эсимде. Ой, дүнүйө ай… Калтай Мухамеджанов менен далай жолугушканынын күбөсүмүн. Бир күнү мен гезиттен Калаганын дүйнөдөн кайтканы тууралуу кабарды көрдүм. Агайга угуздум. Ал киши катуу кайгырды. Өзгөчө жакшы көрчү. Жарыктык Калтай агам эки элге алмак-салмак эркелеп жүргөн данакер адам болчу.

– Чыңгыз Айтматовду акыркы жолу качан көрдүңүз?
– 2008-жылдын 11-майында. Чыкең Алматыга барып, андан ары Казан шаарына кетүүгө камдана баштады. Үйүнө барсам жалгыз олтурган экен. Экөөбүз ал кишинин 80 жылдыгына келе турган меймандардын тизмесин түздүк. Ушуну мага тапшырган эле. “Сен ушуларды көзөмөлдө”, – деди ал. Мени көп адамдар чакырат. Университет, мектеп жамааттары жолугушкусу келет. Сен ушунун баарын токтоттур. 25инен кийин келет де”. Эртең менен телефон чалып: “Мен сизди узатып коёюнчу”, – деген элем: “Жок, керек эмес. Мен Алматыга кечинде чыгам. Анан да сага бир тапшырма берейин, ушуну аткар. Сен Тышкы иштер министрлигине бар. Ал жерде бир кат жатат. Аны алып кой. Эч кимге көрсөтпө. Сенде сейф бар эмеспи, ошого сал. Мен келгенде бересиң”, – деди, мен “макул” дедим. Эртеси мага телефон чалды. “Катты алдыңбы?” – деди. Мен алгандыгымды айттым. “Салдыңбы?” – деди. “Салдым” дедим. Акыркы жолугушуубуз да, сүйлөшүүбүз да ошол болчу.

– Кайтыш болгонун качан уктуңуз?
– 10-июнда мен бир үйдө конокто олтургам. Москва телеберүүлөрүнөн: “Айтматовдун абалы начар” деп кабарлап жатышты. Бир аздан кийин “Азаттыктын” журналисттери мага телефон чалды. “Айтматов дүйнөдөн кайтты, уктуңузбу?” деди. Үйгө келсем, үй-бүлөм да кабар алып отурган экен. Өкмөткө бардык. Некролог даярдадык… Чыңгыз аганын денеси мекенине алып келинди, 14-июнда Ата-Бейитке коюлду. Ал жерде 1937-жылы репрессияга кабылган 137 кишинин сөөгү коюлган. Анын ичинде Чыңгыз аганын атасы Төрөкул да бар.

– Эмнеге Ата-Бейит деп аталган?
– Көз карандысыздыкка ээ болгон жылдары Бишкектин жанындагы Чоң-Ташта 137 кишинин сөөгү табылды. Ошол кезде Айтматов сөз сүйлөгөн. “Мен романымда Ата-Бейит тууралуу жазган элем. Бул мүрзө эми Ата-Бейит болсун” деди. Аталар жаткан жер деген сөз. Ошол бойдон ошентип аталып кетти.

– Өзүңүз жетектеген эл аралык Айтматов академиясы кантип курулду жана ал кандай максаттарды көздөйт?
– Мен адегенде 1987-жылы эл аралык Айтматов клубун ачтым. Ачкан себебим – жаш муун­ду көрүнүктүү калемгердин чыгармачылыгын терең түшүнүүсүнө жардамдашкым келди. Мисалы, Марк Твен клубу, Данте клубу белгилүү бир багытта жумуш алып барат. Биз да ушул тенденцияны улантууну чечтик. Уюмду Адилет министрлигине каттаттым. Чыңгыз агага өз концепциямдын долбоорун көрсөттүм. Ал киши: “Бул өзү керекпи же кереги жокпу?” деди. Жаштардын руханий таанымы үчүн зарылдыгын айттым. Ошентип клубду ачтык. Кийин Айтматов клубунун лауреаттарын белгиледик. Атактуу калемгерлер Луи Арагон, Мухтар Ауэзов лауреат деп таанылды. Азыр ошол экинчисинин диплому Мухтар Ауэзовдун Алматыдагы музейинде турат. Лейла Мухтар кызы өзү атайын келип алган. Кийин академиялардын катары көбөйдү. Инженердик, социалдык, коомдук дагы башка академиялар пайда болду. “Биз эмнеге клубубузду академияга айландырбайбыз?” деген ой келди. Адабий байланыштарды өнүктүрүп, көптөгөн окурмандарды Айтматовдун тегерегине тартуу үчүн, изилдөөчүлөрдү колдоо үчүн ушундай кадамга бардык. Бир күнү жазуучунун алдына бардым: “Ага, мен эл аралык Айтматов академиясын ачтым” деп маалымдадым. Клубдун да, академиянын да эсеп-кысабын ачканым жок. Жок жерден шылтоо таба турган адамдар: “Айтматовдун атын жамынып, акча жыйнап жатыптыр” деп айтпасын деп атайын ушинттим. 1994-жылы ачылган Айтматов клубунун лауреаттарына сыйлыкты опера жана балет театрында, филармонияда салтанаттуу түрдө тапшырдык. Жөн эле бере салган жокпуз, бир тобун Айтматов өз колу менен берди. Клубубуз жаштарды моралдык жактан колдой турган күчтүү уюмга айланды. Биздин лауреаттарыбыз кийин эл сүрөтчүсү, эл композитору, эл акыны, эл жазуучусу болду. Илимде өзгөчөлөнүп, алдыга озуп чыкты. Таланттарды таасын тааныган экенбиз деп ойлойм.

– Айтматовдун бүткүл чыгармачылык ишмердигине бир ооз сөз менен кандай баа берет элеңиз?
– Чыңгыз аганын өзү: “Менин мурдагы чыгармаларымдан кийинки жазгандарым, асыресе, “Кассандра тамгасы” өзгөчө болду” дечү. Анткени, ансыз да таанымы терең Айтматов Европага барган соң деги эле баралына келе түштү. Көп изденди, кээ бир маселелерге жаңыча үңүлдү. Адабиятка, тиричиликтин көйгөйлөрүнө, маанилүү маселелерге башка көз караш менен карады. Бир жолу мени менен ой бөлүшкөн Жапониянын Дайсако Икеда деген таанымал философу мындай деген: “Мисалы, адабиятта абдан калыптанган белгилүү он эки тема бар дей турган болсок, Айтматов он үчүнчү теманы ачты. Ал эмбрион темасын адабиятка алып келди”. Ошол киши айткандай, “Кассандра тамгасы” өзгөчө чыгарма. Мында бардыгы бар. Дүйнөлүк проблемалар, саясат, социология, психология, футурология, публицистика… баары-баары көрүнүш тапкан. Кыргыз окурмандарынын көпчүлүгү бул чыгарманы жан-дүйнөсүнө сиңире албады. Интеллекттик ышкы менен окуу керек муну.

– Учурунда Чыңгыз Айтматовдун Кыргыз Республикасынын президенттигине сунушталганы тууралуу айтылып да, жазылып да жүрөт. Сиз бул жөнүндө эмне билесиз? Өз ара сүйлөшкөнүңүздөрдө ушул маселе козголчу беле?
– Мен бул тууралуу мурда бир маегимде айткам. Аскар Акаев али мамлекет башчылыгына келе элек кез. Казат Акматов, Мар Байжиев, Төлөмүш Океев Чыкеге телефон чалыптыр. ”Бизде капсалаң болуп жатат. Президентти шайлай албай жатабыз. Эл баштаган инсан керек. Сиз биздин сунушубузду кабыл алыңыз”. Чыңгыз Айтматов: ”Биринчиден, менин жашым келип калды. Экинчиден, экономиканын майда-чүйдөлөрүн жакшы билбейм. Менден көрөкчө жаш, илим-билими мол Жогорку Кеңештин депутаты, Илимдер академиясынын президенти Аскар Акаевди тандагандарың туура», – деди. Ошентип, Акаев шайланды. Болгону ушу.

– Айтматовдун балдары жөнүндө айтсаңыз. Биздин эл аларды жакшы биле бербейт…
– Чыңгыз аганын төрт баласы бар. Үчөөсү эркек бала, бирөөсү кыз. Улуусу Санжар Россия бажысында кызматта. Генералдык даражасы бар. Аскар Тышкы иштер министрлигинде, Президенттик администрацияда иштеген. Азыр ишкердик менен шугулданат. Ширин Кыргыз-Америка университетинде сабак берди. Азыр «Ата Мекен» партиясынан парламентте депутат болгон. Элдар Эл аралык Айтматов фондун түздү. Ошону жетектейт. Адистиги  – сүрөтчү-дизайнер.

– Соңку собол. Сиздин колуңузда ушу Айтматовдон таберик дей турган эмнелер бар?
– Жогоруда сөз болгондой, башталып, аякталбай калган кол жазмалары бар. Чогуу болгон 27 жылда Чыңгыз ага менен катар туруп болгону үч эле жолу сүрөткө түшүптүрмүн. Ошол үч сүрөт менин колумда. Эң мыкты мурас-табериктер ушулар деп ойлойм.

Бауыржан Омар уулу, кыргызчалаган Назарбек БАЙЖИГИТОВ,  «Кыргыз Туусу», 27-30.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.