Таптырбай кеткен тагдырлуу акын. Тургунбай Эргешов тууралуу 12 факт

Акын Тургунбай Эргешовдун тагдыры башкача болду. Ырлары тирүүсүндө окурмандарына ойдогудай жете алган жок. Күлгүндөй 35 жашында бул жарык дүйнө менен коштошту. Анткен менен эрте дүйнө салган акынга ырлары экинчи өмүр берди.

Төмөндө Тургунбай Эргешов тууралуу 12 фактыны окурмандарга тартуулайбыз.

Буйга менен бүтүн турат Жер шары. Тургунбай Эргешов 1948-жылы 10-мартта Ош облусунун Совет (азыркы Кара-Кулжа) районуна караган, туш тарабын тоолор курчаган Буйга (Чалма айылдык кеңеши) айылында туулган. Ошол үчүн бир ырында “Эң кичине жер басылган энчине, Буйга менен бүтүн турат Жер шары” деген саптары бар. Атасы Эргеш да, апасы алайкуулук Алтынай да колхоздо иштеген карапайым жумушчулар эле, алар 10 балалуу болуп, анын алтоо чарчап калган. Ошондонбу, бул баласынын атын Тургунбай деп ыроолоп койгон.

Балалыктагы тазалык. Атасы Эргеш Токторбаев кепти келиштирип сүйлөгөн, ары чечен, ары жамакчы, ары созолонтуп ырдап жиберген киши болгон. Келиндери аны Ботокөз аке деп тергешчү, 78ге чыгып о дүйнө кетти, энеси Алтынай апа өзгөчө эс тутумдагы аял экен, ал кылым өтө жашады. Тургунбай 1954-жылы Буйга башталгыч мектебине кирип, 8-9-класста Кызыл-Жол мектебинде окуп, 10-классты Кара-Кулжа орто мектебинен аяктады. Бала чагында эле ыр, макала жаза баштаган, а түгүл 4-класста окуп атканда жазгандарын айылга концерт койгону барып калган Ысмайыл Борончиев, Токтосун Тыныбеков деген залкар акындарга тартынбай көрсөтүп, алардын алкоосуна арзыган. 8-9-класста окуп жатканда айылдагы терс көрүнүштөрдү ашкерелеп “Абакир шыбырайт” деген темада фельетон, “Автобус каттабайт” деген темада сын макала жазып, элдин батасын алса, айыл активдеринин каарына кабылган.

© Фото / Эргешовдордун үй-бүлөлүк архивинен

Студенттик жылдар. 1965-жылы орто мектепти бүткөн дымактуу жигит Фрунзеге келип, Кыргыз мамлекеттик университетине документтерин тапшырып кабыл алуу сынактарынан өтпөй калат да, Совет районуна кайра барып Терек-Суу башталгыч мектебинде бир жыл мугалим болуп иштейт. Жыл айлантып максатын ишке ашырып, эркин темадагы сочинениени ыр менен “эң жакшы” деген баага жазып, 1966-жылдан КМУнун кыргыз филологиясы факультетинин студенти болуп калат. Алгачкы курстан эле курч чыгат, ырларды тынбай жазып, жазганын жатка окуп, бирөөлөр аны “кыргыздын Александр Пушкини” десе, башкалары “кыргыздын Николай Рубцову” деп талантын баалай баштайт. Эрте жетилүүнүн да, элге тез көрүнүүнүн да өзүнчө азап-тозогу болот белем, ар түрдүү себептен улам сырттан окууга которулуп, окуусун сырттан бүттү.

Даниярдын эрдигин кайталаган. Бир жолу Тургунбай Эргешов “Манас” эл аралык аэропортунан Чыңгыз Айтматовго карпа-күрп жолугуп калып, ага “мен сиздин Даниярыңыздын эрдигин кайталадым” деп өз башынан өткөн окуяны айтып бериптир. Ал окуя мындай экен: онунчу класста чогуу окуп калган сары-булактык Ибадат деген кыз менен жакшы мамиледе болуп, анысы махабатка айланат. Бирок ал кезде кыздарды окууга оңойлук менен жиберчү эмес, тагдыр башка нукка бурулуп, Ибадатты бир жигит ала качып, үйлөнүп алат. Аңгыча күйөөнү аскер кызматына алып кетет, дал ошондо Тургунбай сүйүктүүсүн барган жеринен ала качып, Фрунзеге баса берет. Анан кызды өзү окуган окууга да киргизет. Ушул окуяны улуу жазуучуга айтып бергени ошондон. 1969-жылы болгон окуя чын эле 1968-жылы чыгып, “Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян” (Луи Арагон) аталган, ошол жылдардын эң популярдуу чыгармасы Чыңгыз Айтматовдун “Жамийла” повестинин таасиридир. Экөө баш кошкон соң 1970-жылы кыздуу болуп, атын поэтикалуу түрдө Кызгалдак деп коюшат, бир жылдан соң уулдуу болуп, анын атын дагы таң каларлык атап Машайык дешет. Эмне себеп болду, балким бир нече себеби бардыр, айтор, бала чакта сүйүшкөн эки жаш эки балага карабай тез эле эки башка жолго түшөт.

Кийинки жубайы. Совет районунун Токбай-Талаа деген айылында туулуп-өскөн Сурмакан Чокмоева менен 1973-жылдын май айында баш кошот. Бир жыл үч айдан соң ажырашып кетет. Сурмакан төркүнүнө алты айлык боюнда кетип, ал жактан уулу Ураанбек төрөлөт. Анын фамилиясы да Чокмоев болуп жазылат.

Турмуштагы өксүктөр. Биринчисинде, алгачкы сүйүүсүнөн кетүү жаш акынга өтө оор тиет. Өзүн жоготуп коёт, мындайда адам ичкиликке жакын болуп кетет эмеспи. Жумушу да ылайыктуу болбойт: белгилүү тилчи Жээнбай Мукамбаевдин жардамы менен “Кыргызстан пионери” гезитинде, Илимдер академиясында иштейт, арада Совет районундагы Арал мектебине мугалим болуп орношот, бирок туруктуу жумуш кыла албай, ар нерсеге алагды болуп жүрөт. Өз үйү, өлөң төшөгү жок Фрунзеде, Ошто ар кимдикинде жашап жүрөт, кышта айылга кетип калат. Ыр жазганы менен аларын жыйнап, басмадан чыгарууга мүмкүнчүлүк болбойт, бул кезде китеп чыгарууда адамдын таланты анча каралбай, анын жүрүш-турушу каралат. Ошто да Айтмамат Үмөталиев, Курбанбай Калдыбаев сыяктуу талантын кармай албай калган акындарга кошулуп, студенттик жатаканаларда, парктарда, чайканаларда жүргөнүн көрүп калчубуз. Экинчи жубайы менен да жолу бирикпейт, бул да анын тагдырындагы өксүк болгон.

Мүнөзү. Тургунбай Эргешов өз ырларын жатка билип, абдан таасирдүү окуй алган акындардын бири болгон. Кыргыз адабиятындагы талантын асырай албай калган Райкан, Мидин, Байдылда, Какен сыяктуу акындардын жолуна түшкөн. Өтө боорукер эле, ырларында гуманисттик идеялар кашкайып көрүнөт. Көңүлү жумшак, бирөөгө катуу айтпаган, назик, баладай баёо жигит экен. Беганас Сартов, Алым Токтомушев, Курбаналы Сабыров, Асан Жакшылыков, Табылды Муканов менен достук мамиледе жүргөн.

© Фото / Эргешовдордун үй-бүлөлүк архивинен

Ырларын издөө жана бастыруу. Акындын тирүүсүндө ыр жыйнактары басылган эмес, ал гана эмес, жазып жүргөндөрүнүн да көбү ар жерде калып кеткен, көбү жоголгон. 1970-жылы студенттердин “Ала-Тоо жазы” деген фестивалында поэзия номинациясы боюнча лауреаттыкка татыктуу болсо да комиссия чечимин өзгөртүп, ага наамды бербей койгон дешет. Жаштардын “Учкун” альманахына 1979-жылы үч, 1981-жылы “Жалын” альманахына алты ыры басылат, 1989-жылы “Кыргызстан маданияты” жумалыгына, 1991-жылы “Мурас”, 1992-жылы “Кырчын” журналдарына ырларынын топтому жарыяланат. Бул, албетте, таанылуу үчүн жетишсиз эле. Жалпысы 1 700дөй ырым бар деп жүрчү экен, ушуга чейин 400дөйү жарыяланды. “Перзент” деген тун жыйнагын басмага тапшырган, бирок чыгара албаптыр, айтуудан Жазуучулар союзунан жакшы жолдомо берилип, “Кыргызстан” басмасынын 1977-жылдагы планына кирген жерден басмага ичип келгени үчүн пландан алынып калган экен. “Даңаза” деген ырлар дептерин (сыртында “Ош шаары, 1976-жыл” деген жазуусу бар) Фрунзе шаарында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылынын тургуну Рысбек Маткасымов деген жигитке тапшырган экен. Ал чакмак дептерди 37 жыл сактап жүрүп, акыры журналист жана акын Назгүл Осмонованын “Обон” гезитине чыккан материалынан улам уулу Ураанбекти таап, ага тапшырат. Ар кимден жыйналган ырлары биринчи жолу 1993-жылы 56 бет гана көлөмдө “Өлбөгөн жанга жаз келет” деген ат менен басылып, кийинки муунга ушундай акын бар экендиги билинген. 2006-жылы 200 бет көлөмүндө уулу Машайык Эргешовдун түзүүсүндө (баш сөзүн Мамат Болот, соңку сөзүн Карбалас Бакиров жазган) “Булбулдун тукуму аз” аттуу китеби басылганда таланттуу акын тууралуу адабий коомчулук кеңири биле баштады. Анын мурастарын издеп, жарыялоодо эки уулунан тышкары профессор Лутфулла Жусупакматов, акындар: Сооронбай Жусуев, Асан Жакшылыков, Эгемберди Эрматов, Маркабай Ааматов, Карбалас Бакиров, Назгүл Осмонова, Курманаалы Сарысейитов, басма иштерин уюштуруучу Жумадин Кадыров, адабиятчылар: Алым Токтомушов, Мамат Болот, сүрөтчү Үсөн Сарыбаев чоң мээнет тартты. Өзгөчө акындын ырларын, өмүр баянын бизге жеткирүүдө бир туугандар: Кубанычбек, Жыпарбек, Бакытбек Абдыразаковдун эмгеги чоң.

Алп акындын “Сүйүнчүсү”. Кара-кулжалык кыргыз тили, адабияты мугалими, айылдык кеңештин депутаты, ыраматылык Бакытбек Абдыразаков анын чыгармаларын, өмүр баянын көп жылдар бою дыкаттык менен изилдеп, 2013-жылы 464 беттен турган акындын ырлары, поэмалары, ал тууралуу эскерүүлөр, дагы башка маалыматтар топтолгон “Сүйүнчү” деген мыкты жыйнак чыгарды. Тургунбай Эргешовдун китебин чыгаруу оңбогондой кыйын эле: көзү эбак өтүп кеткен, мурастары бир адамдын колуна топтолбогон, архиви жок, чакан китептерине кирген ырлары жазгандарынын аз гана бөлүгү болгон, ар кимдин колунан саргарган барактарды таап, аларды окуп, өзү компьютерде терип чыккандыгы – бир-эки адамдын колунан келер иш эмес эле. Жыйнакка абдан терең жана маанилүү “Тагдырлуу акын” деген өзү “баш сөз” деп атоодон алыс болсо да баш сөз жазып, комментарийлерди берип, беш бөлүмгө бөлүп китеп жаратуу Бакытбек Абдыразаков үчүн эрдик болгон!

Дагы эле табылбаган мурастары. Айтуудан Совет районундагы Карл Маркс колхозунун атактуу башкармасы Мариш Батыров тууралуу “Жол”, Токбай-Талаа айылынан чыккан айыл чарба өндүрүшүн уюштуруучу, Социалисттик Эмгектин Баатыры Беделбай Исаев жөнүндө поэмаларды жазган экен. Ошондой эле Курманжан датка тууралуу да, элдик уламыш Абыл-Мейиз жөнүндө да поэмалары болуптур. Алары али табылган жок. Бул тууралуу Кубанычбек Абдыразаков айтып чыкты.

Учук оорусуна кабылган. Үй-бүлөсүз жашоо, социалдык жактан камсыз болбоо, тамак-аштан өксүү, ысык-суукта калуу анын өпкөсүн кагынтып, жанын кыйнаган. Көп жолу ооруканаларда жатып калган. Бул учурларын “Үшүтүп жүрөгүмдө ажал кыштап”, “Өзүмө кайрылалбас учур келсе, жакшы кал, жарык берген жарык аалам, жашагым келген эмес сенде жалган” деп ырларына түшүргөн. Өзгөн районундагы Ильичевка деген айылдагы Кургак учук диспансеринде жатып, 1983-жылы 17-майда бул дүйнө менен кош айтышкан да, анын сөөгү 20-майда Буйганын Ак-Терек деген жерине жашырылган. Өзү сүйгөн тагдырлаш акыны Алыкул Осмонов сыяктуу оору менен ооруп, ага окшоп 35 жыл гана өмүр сүрдү. Ысымы Кара-Кулжа районундагы Ынтымак айылындагы бир көчөгө берилген. Ушул эле райондун борборундагы китепкана алдындагы “Атактуулар аллеясына” 2015-жылы айкели орнотулган. Анын ырларына Рыспай Абдыкадыров, Кубанычбек Осмонов, Жаныш Кочкоров (“Сагындырба”), Асылбек Одоноров, Курманбек Абакиров, Кылыч Тойтуков обон чыгарган.

© Sputnik

Акындын асыл саптары:

Бешикке бөлөп кеттим ырларымды,
Жатышат бейпилдикте алар уктап.
Ойгонсо учуруп ий туш тарапка,
Кайрадан угулмай бар жаңырыктап.

***

Пенделер, мени бир аз аягыла,
Чындыктын жыпжылаңач жетимимин.
Чыгарып салбагыла бурап-бурап,
Турмуштун туткасымын, тетигимин.
Ичирип итаякка төкпөгүлө,
Атамдын артып калган кешигимин.

***

Экөөбүз кучакташып, Ата Журтум,
Башкага асман-жердей бирикпедим.
Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт,
Өзүңдө чирип жатса жиликтерим.

***

Калды го турмушубуз сүйүшсөк да,
Сулуунун күзгүсүндөй талкаланып.

***

Башкалардын бактысы үчүн макул деп,
ажал, өзүң көрбөйсүңбү бир өлүп?!

***

Адам деген кубангандан жаңырып,
Калат тура кайгыргандан эскерип.

***

Атка өңөрүп жүргүлө өлүгүмдү,
Уруп алсам өзүмдү чагылганга.

Абдыкерим МУРАТОВ, “Sputnik-Кыргызстан”, 07.11.2022

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.