“Өлгөндөн калган адабият”: “Жоголгон муун”

(1-макала)

Эгемендүүлүктүн кылчайнашкан 30 жылы улуттук адабият үчүн да абдан оор жылдардан болду. Адабият тарыхында “өлгөндөн калган адабият”, “жоголгон муун” деген түшүнүк пайда болуп, залкар акын-жазуучулардын дээрлик көпчүлүгүнүн көзү өтүп, өткөн кылымдын 70-жылдарынын аягы 80-90-жылдары адабиятка аралашкан жаштардын пешенесине “жоголгон муун” тагдыры мөөр болуп жазылды.

“Өлгөндөн калган адабият” дегенибиз, көп жылдар акын-жазуучулардын башы бирикпей жүрүп, башы бириккен адабият күнүнө арналган чогулушта акын Омор Султанов акын-жазуучуларга “өлгөндөн калгандар аман барсыңарбы?” деп өтө кейиш менен кайрылды эле. Бул мезгилде залкарлардын далайынын көзү өтүп кеткен, андан бери да далай залкарларды, анын ичинде Омор Султановдун өзүн да акыркы сапарга узаттык. А “Жоголгон муун” дегенибиздин өзү шарттуу нерсе нерсе. Эгемендүүлүктүн жылдарында адабиятка жаңыдан кошулган жаштар эле эмес, жалпы эле улуттук адабиятыбыз оор абалда калды. Улуу муундун өкүлдөрүнөн кызматтагылары, же колунда барлары эле китеп артынан китеп чыгарбаса, калган акын-жазуучулар же жазарын билбей, же жазбай коерун билбей, эки анжы абалда калды. Себеби, канчалык шедевр жазба, китеп чыгаруу үчүн кадырыңды салып ким бирөөнүн эшигинин алдында “можно-можно-о” деп туруш керек эле. Акын-жазуучулук өнөрүнөн адамдык намысын бийик койгондор, ал кордукту башынан кечиргиси келбей, колуна калем кармабай коюшту. Айтор, ал жылдардагы адабий чөйрөдөгү атмосфераны бир сөз менен түшүндүрүп болбойт. Кыскасы, эгемендүүлүктүн 30 жылы улуттук адабият үчүн жоголгон жылдар болду. 30 жыл аралыгында саналуу гана авторлордун саналуу чыгармаларын айтпаганда, адабий процесс дээрлик дымып жатты. Ал өзүнчө сөз.

Анын көрүнүктүү өкүлдөрү: Барчынбек Бугубаев, Дүйшөн Жапаров, Таалай Нуркемел, Таалайбек Шаршеналиев, Абды Обозканов, Элмира Төлөкова, Нургазы Ахмедулин, Шекербек Калыков, Майрамбек Токторов, Элмира Ажыканова, Бактыгүл Көкөтаева, Толукбек Байзак, Сирень Сарбалаева, Мадина Тураева, Атахан Кожогулов, Светгүл Касымалиева, Медер Байгазиев, Сайрагүл Касымова, Асанбек Буудайчиев, Замир Солтонгелдиев, Тойчу Үсөналиев, Венера Бөлөкбаева, Махабат Молдалиева, Жыпар Арыкова, Кубат Оторбаев, Нургүл Абдыразакова, Жумадин Кадыров, Динара Бейшеналиева, Марат Токоев, Айсулуу Көкөева, Жыпар Исабаева, Айнагүл Базарбаева, Назгүл Осмонова, Жыргалбек Касаболотов, Эрнис Асек уулу, Шабдан Сулайманов, Олжобай Шакир, Нургүл Токторалиева ж.б. алардан кийинкилер. Бир топторунун ысымдары жадымдан чыгып турат. Булардын арасында мен да бармын.

Адабий бактылары бар экен, адабиятка “жоголгон муундан” бир аз мурдараак аралашып калган: Жолдошбек Зарлыкбеков, Бурулкан Карагулова, Жыпар Акунова, Алик Акималиев, Манап Алиев, Абдырахман Алымбаев, Кожогелди Кулуев, Өмүрбек Тиллебаев, Жедигер Саалаев, Атантай Акбаров, Самидин Стамбеков, Фатима Абдалова, Бурул Сарыгулова баштаган акындар союз мезгилинде эле, алды бирин-экин китептерин чыгарып, адабиятчы-сынчылардын көз кырына илинип, жаманбы-жакшыбы элге өз учурунда таанылып калды. Буга да Кудайга шүгүр деш керек.

Жоголгон муундун арасынан деле Барчынбек Бугубаев, Дүйшөн Жапаров, Элмира Ажыканова, Мадина Тураева, Жыпар Исабаева, Атахан Кожогулов, Жыргалбек Касаболотов, Олжобай Шакир, Махабат Молдалиевага окшоп мурда-кийин аты таанылып калгандар, адабий чөйрөдө өз баасын алып калгандары бар. Арийне, аты таанылды деген менен алар деле адабий процесстин жүрүшүнө толук кандуу аралаша алышпады, андай болгон соң өздөрү да акын-жазуучу катары өз учурунда калыптана албай, жалындаган жаштык курактары өткөөл мезгилдин урандыларында калып кетти. Болбосо өз учурунда адабий процесске жигердүү аралашып, адабиятчы-сынчылардын сынын угуп, окурмандардын алкоосуна ээ болгондо, анын өзү аларды бүлөп, курчутуп, шыгына шык кошуп, канатына канат кошмок. Өз убагында калемгер катары бышып-жетилип, кайсы бир адабий бийиктиктерди багынтмак. Дүйнөлүк адабиятты айтпай эле коеюн, улуттук адабиятка азбы-көппү адабий табылгаларды кошмок. Мүмкүн алардын арасынан роформатор акындар да чыкмак. Тилекке каршы, адабияттагы өткөөл мезгилде адабий процесстин дөңгөлөгү бир ордунда тегеренип туруп калгандыктан, анын бири да болбоду.

Жоголгон муундун арасында Дүйшөн Жапаров, Таалай Нуркемел, Таалайбек Шаршеналиев сыяктуу улуу муундагылардан деле бар. Болгону алар чыгармачыл чөйрөгө кечирээк аралашып калгандыктан, “жоголгон муундун” катарын толуктап калышты.

Адабиятка кечигибирээк келгени менен Дүйшөн Жапаров, Таалай Нуркемел, Таалайбек Шаршеналиев да таланттуу акындар эле. Алар мына эми шымаланып жазаар маалында “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” башаламан жылдар башталып жазбай калышты.

Дүйшөн Жапаров адабиятка келгенде эле такшалган акын катары келген. “Кыргыз эл акыны” наамы барлардан мыкты жазса жазчу, асти кем жазчу эмес. “Каманды” аттуу ырын көрөлү:

КАМАНДЫ

Өйүз-бүйүз өбүшчүдөй Каманды,
Өткөнүмдү издеп келдим табамбы.
Өндүр толо жашыл менен сары түс,
Өмүр толо жарык менен караңгы.

Улуу тоолор учу көккө сайылып,
Улуйт шамал бийиктиктен кайыгып.
Жараланып бир жеримден жаңыдан,
Жан сеп алып бир жарамдан айыгып.

Караңгыда калтаарыткан жапан жай,
Карайт зоолор кайрат, сүрү атамдай.
Алда кайдан алтынданган өзөнгө,
Ай кыйылат аркы кырдан баталбай.

Өмүрүмдү биротоло аздырбай,
Өлөр алда жарк деп чыгар жакшы ырдай.
Тайлак болуп боздоп келем көрүүгө,
Таап алып таштап кеткен бактымдай.

Караңызчы, акын /Өндүр толо жашыл менен сары түс/ менен /Өмүр толо жарык менен караңгыдан/ кайдан сонун ассоциациялык образ жараткан. Зоолордун кайрат, сүрүн атанын сүрү менен салыштырганы да өзүнчө керемет. Тайлак болуп боздоп келем деген салыштыруусу да кандай элестүү. Каманды кадимкидей көз алдыңа тартылып, поэзиянын күчүн сезгендей болосуң. Минтип бир үшкүрүнүп салгандай ырлар кемде кем жазылат жана аны акындын акыны жазат.

Эгемендүүлүктүн 30 жылы далай чыныгы таланттардын тагдырын сындырып, жолун буугандай эле, Дүйшөн Жапаровдун 30 жылдык акындык өмүрү текке кетти. Жүрөгү назик акын талантсыз калемдештерине окшоп улуна-жулуна алган жок. Карышкыр заманга эрегишип карышкыр боло албады. 30 жыл ичинде таптакыр жазбай койду деп айтканда болбос, бирок өтө эле аз жазды. Мындан улуттук адабият гана утушта калды. Болбосо, ал баш оту менен киришип, чыгармачылык менен узанса, бери дегенде Байдылда Сарногоев, Омор Султанов, Турар Кожомбердиевдер багынткан бийиктиктерди багынтмак.

Таалай Нуркемел да башкача ойлонгон, дүйнөгө өзгөчө поэтикалык көз караш менен караган акын эле.

КӨЛ ЖАНА КАШКА-СУУ

Толкундун жыты тоолорду каптап аркырап,
Эриген мөңгү ээгинен суусу тамчылап.
Муздаган жылга койнунда жатат Кашка-Суу
Атылып таштан, кыпчылып ташка шаркырап.

Чыйрыгат үшүп, өзөн, тоо турат жаңырып,
Салаңдап турган аскалар сүрдүү багынып,
Жылаңач айды булуттар соруп, жытташып,
Жылдыздар көзү чок болуп күйөт балбылдап.

Айлуу түн ичи, азыр мен Кашка-Суу жээктеп,
Келемин көлгө чачылган оюм ирээттеп.
Касиет сенде караймын түнкү көл түбүн,
Үшүбөс чыйрак балалык – ысык өттү күн.

Бабалар мында жайлашкан жылдап, кылымдап,
Кулундай күлүк күндөрүм калган өспүрүм.
Кусалык бүгүн көөдөндү жара тепчүдөй,
Жылдыздай болуп чачылып дүйнөм кетчүдөй.

Көздөрүм өтүп, көл сени тартат карегим,
Бакытым тоодон балбылдап келет өксүбөй.
Сагындым көлүм, желиңди муздак, Кашка-Суум,
Жандүйнө нуру жабышат сени өпкүлөй!

Элестүү да, эргүү менен да жазылган ыраспы. Ырдан акындын жаратылыштын керемет көрүнүшүнө өрөпкүп, өзүнө өзү батпай, элөөрүп-делөөрүп турган абалын көрөбүз. / Эриген мөңгү ээгинен суусу тамчылап / деген ыр сабы кайталангыс жана ал акындын табылгасы экени ырас. Бул ырда акындын, же лирикалык каармандын көлгө болгон сагынычы,“көөдөндү жара тепчүдөй” кусалык абалы аркылуу Кашка-Суунун Көлгө, Көлдүн Кашка-Сууга болгон сагынычы да кыйыр камтылып, подтекст менен берилген.

Таалай Нуркемел деле күнүмдүк көр түйшүктүн оро-парасында калды. Чыгармачылык менен узанып иштегенге шарты, жагдайы болбоду, өмүрүнүн акыркы жылдары оору менен алышты. Ошентип, улуттук адабият багы ачылбаган бир акынынан айрылды.

Таалайбек Шаршеналиев тууралуу айтсам, убагында анын ырларына айтылуу сынчылар Салижан Жигитов, Аман Токтогуловдор жогору баасын берип, жакшы эле сүрөөгө алышкан экен. Мактоолорго семирип, аны көтөрө албай, өзү да ойдолоктогонбу, же турмушта жолу болбодубу, аңгыча эгемендүүлүктүн эсинен адашкан жылдары башталып, ал да чыгармачылыкка баш оту менен кирише алган жок.

Анын стили таптакыр башка. Мурдагылардын да, кийинкилердин да стилине эч бир окшобойт. Таңгалычтуу ойлонот, тамшана тургандай жазат. Сөздөргө жан киргизип, сөздөргө жаңы маани берип ийген ыр саптары, ойго келбей тургандай ыр саптары бар.

АРХЕОЛОГ

Күүсүн тыңшап турасың урандынын…
Уйкусунан ойготуп, жок калаанын:
Колуң менен кармалап кирпичтерди,
Кисти менен тазалап дубалдарды.
Керки алып казасың храмдарды.
Тамгаларын окуйсуң буюмдардын,
Өкүнүчтүү тиктейсиң идиштерди.
Өжөрлөнүп тазалап көчөлөрдү,
Уйкудагы шаарды ойготосуң…
Кисти менен тазалап идишти, дубалды, сүрөттөрдү
Сакалы өскөн жаш археолог…

Бир караганда жөнөкөй эле ыр. Бирок, окуп жатып, тарыхтын тээ түпкүрүнө сүңгүп кеткендей, уктап жаткан шаардын урандыларын аралап бараткандай, анын сыр каткан дубалдарынан күңгүрөнгөн добушту уккандай болосуң.

Таалайбек Шаршеналиевдин жашы алтымыштан өтсө да, бир да ыр китеби чыккан жок. Жадагалса, Интернет айдыңында да ырымга бир ыры жок экен. Ал социалдык түйүндөргө да кызыкпайт. Менде болгону эки ыры бар экен. Анча болду экинчи ырын дагы бирин чогуу окуйлу:

КЫЗ КУУМАЙ

Темин жигит, атка камчы сал,
Алоолонуп ажар өрт болсун.
Маара чукул, үмүт шашкалак,
Карек оту, туяк баскан от.
Тартпа тизгин, күлүк октолуп,
Демикпесин көңүл чок болуп…
Жазчы бугун – сулуу, күлүктүн
Болсун ага шылтоо кыз куумай.
Жалбырттаган аттын жалдары,
Куюн ырчы жетип жүздөн өөп…
Дирилдеген кызда саамай чач,
Кош анардан сыга кучактап.
Көңүлүңө ажар от консун,
Кучагыңа толсун кыз деми…
Демикпеген күлүк ат чуркаар,
Тартпа тизгин, намыс ок болот,
Чимирилип көздөн агып жаш,
Сынагына калба сүйүүнүн,
Кызга жетип жүзүн өөп кал,
Сулуу качат, сүйүү оттуу ыр,
Кыйкырыктан ажар нур алып,
Күлкүлөрдөн гүлдөр куласын.
Шылтоо болсун тилек сүйүүгө…
Ажары от оюн – кыз куумай,
Тартпа тизгин, атка камчы сал…

Мүмкүн, бирөөлөр бул ырдын мактагыдай эмнеси бар деши ыктымал. Бирок, шашпай аңдап окусаңыз: “Маара чукул, үмүт шашкалак”, “Жалбырттаган аттын жалдары”, “Тартпа тизгин, намыс ок болот”, “Күлкүлөрдөн гүлдөр куласын” деген саптар тирүү экенин, кан жүгүрүп турганын, башка акындарга окшобогон салыштыруу, дүйнө тааным, көз караш бар экенин, акындын жүрөгүндөгү отту, кыраакылыкты байкайсыз. Же “ажар” деген салыштырууну алалы. Ал сөз ырдын ар бир сабында пайдаланылган жана от, өрт, нур деген сөздөр айкалышып айтылат. Бул бекер жеринен эмес. “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө: “Ажар – жакшынакай, жагымдуу өң, түс, көрк, сулуулук”, “Адамдын жакшынакай өңү, ыраңы, көркү” деп чечмеленген. Демек, акын адамдын албырган жүзүн, чоктой кызарган ыраңын отко, өрткө салыштыруу менен кыз куумайдагы кыздын образын жалбырттап күйгөн отко теңеген. Муну менен ал “Ажары от оюн – кыз куумай” деген жыйынтыкка келип, кылым карыткан кыргыз оюнунун улуттун улуулугун даңазалаган касиет күчү, түбөлүктүүлүгү эмнеде экенин керемет ыр саптары менен түшүндүрүп, чечмелеп койгон.

Таалайбек Шаршеналиевдей таланттар сейрек жаралат. Муну өз убагында сезе да, көрө да билген С.Жигитов менен А.Токтогуловдун сынчылык табиятына тан бербей коюуга болбойт. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн 30 жылында анын да жолу буулду. Натыйжада кайра улуттук адабият утушта калды.

(Уландысы бар)

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.