Нобелдин адабият сыйлыгы Белоруссияга буйруду

aleksievich

Атактуу Нобель сыйлыгынын адабият жаатындагы лауреаты бул жылы белоруссиялык жазуучу Светлана Алексиевич болду. Анын ысымы кечээ, бейшембиде жарыяланды.

2015-жылдын Нобель сыйлыгынын адабият жанрындагы лауреатына 8 млн швед крону ыйгарылат. Светлана Алексиевич бул сыйлыкка «У войны не женское лицо» и «Цинковые мальчики» аттуу тарыхий жана документалдуу изилдөөсүнүн негизинде татыды. Академиктердин пикиринде ал бул чыгармалары менен кандуу согуштун кайгы жана азабына түбөлүктүү эстелик тургузган.

Маалыматка ылайык, Светлана Алексиевич 1948-жылы төрөлгөн. Кесиби журналист. Көптөгөн жылдар бою Белоруссиянын гезит журналдарында иштеген. 1985-жылы ал “У войны не женское лицо” аттуу китебин чыгарган. Анда согушту көргөн аялдардын монологу чогулган. Жазуучу 2000-жылдардын башында Белоруссиядан Батыш Европага көчүп кеткен. Учурда Германияда жашайт.

Орусиялык басылмалардын маалыматында Светлана Советтер Союзундагы жазуучулардын арасынан Нобель алган бешинчи жазуучу. Аткени ал 1985-жылы Советтик жазуучулар союзунун мүчөсү болуп кабыл алынган. Буга чейин илгерки СССРдин жазуучуларынан Борис Пастернак, Михаил Шолохов, Александр Солженицын жана Иосиф Бродскийлер Нобелдин адабият жаатындагы сыйлыгына татыган.

Ал эми дүйнөлүк масштабда алып караганда буга чейин адабият жаатында 108 лауреат болсо, анын 14ү гана аялдар. Алардын он төртүнчүсү болуп Светлана Алексиевич тандалды.

Маалым болгондой Нобель жумалыгы 5-октябрда башталган. Буга чейин физиология жана медицина, химия, физика жаатындагы сыйлыктар өз ээсин тапкан. Ал эми тынчтык жана экономика сыйлыктары эми жарыяланат.

Нобель сыйлыгынын лауреаттарын сыйлоо аземи ушул жылдын 10-декабрына белгиленген.

Орозгүл Арстанова, “Марал.ФМ”, 09.10.2015-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.