Тубаса талант: Нурлан Абиев

Нурлан Абиев экөөбүз бир айылданбыз. 

Новосибирскиде окуган. Адистиги математик. Айтылуу математик Мурзабек Иманалиевдин окуучусу.

Мектепте менден 5-6 класс кийин окуду. Сыртынан таанып, “буюрса, баралына келгенде, чоң окумуштуу болот го” деп ойлоп койчу элем. Жаңылбапмын. Илимге тубаса шыктуу болгондуктан, таланттуу математик болду.

Кызыгы, Нурланды таланттуу математик го деп жүрсөм, көрсө ал акындык шыгы, котормочулук өнөрү бар экен. Анын адабиятка жакын экенин мындан эки жыл мурда, айылдашыбыз акын Майрамбек Токторовдун “Карагер” аттуу ырына жазган сын пикиринен улам байкагам. Анда ал: “Карагерди” окугандан кийин Макемдин Майрамбек Токторов баракчасына бир азга конок болуп, ырларын дагы бир жолу кайталап окуп чыктым. 

Удургуган ойлор келди. Жазып үлгүрүп калайын деп отурган чагым.

Макем кайсы жанрда болбосун, сүйүү лирикасы болсун, ата журт, адеп ахлак, тарых, публицистика темасы болсун айтайын деген оюн таарып кескендей тактык менен билдире билген, бир сабына бир артык сөз кошпогон сараң сарамжал, тили курч, ыргагы эпкиндүү, уйкаштыгы булактын үнүндөй куюлушкан залкар акынга айланып келатканы айдан ачык.

Адабий сынчылык билимим жок.

Бирок Майрамбек акында өзүнчө бир катылып жаткан күч бар шекилдүү. “Кичинекей кишисин” жазабы, турмуштун башка мүшкүлүн жазабы, кошулуп алып мүңкүрөп бирге ыйлайлы, же болбосо, сооротумуш этип коёлучу деген кайдыгер тараптын кашаң философиясы эмес, күрөштүн, кайраттын, өчпөс үмүттүн, майышпас рухтун жүзү кашкайып көрүнүп турат. Деги эле менин байкаганым, мындайда Майрамбек акындын саптары өзгөчө бетке чабар бруталдуу дагы, эркекче да чыга келет. “Карагердин” көшөргөн көк жалдыгы, конушуна, ээсине кайтып келиш үчүн мылтык аткандар менен миң жолу беттешкенге кайыл экени ушуларды тастыктап турган жокпу? 

Ошол эле учурда Майрамбек илбериңки назик, жумшак, боорукер боло алчу дагы акын. Катарлаш учкан замандаштарын, курбуларын эскерүүсүндөгү жүрөк ыйында, сай ылдый жакта азгырык күткөн бозбалалык чагына саргайып баш бакчусунда, кыргыздын ташын арабдын алтын кумуна алмашпайм деген мекен сүйгүчтүгүндө Майрамбек акын таптакыр башкача.

Кайсы бир жылдарда айылдашыбыз Майрамбек Токторов да өз чыйырын өзү тапкан классик акын аталып, адабият китептерине кирип калышына ишенемин.

Алтын башыңа амандык, үй бүлөлүк бакыт таалай, чыгармачылыктын бийик чокуларын каалайм, Маке!

Бакубат жашоо да каалайм. Ал да керек. Ал кургурсуз да кыйын.

Иниң Нурлан Абиев.

P.S. Экөөбүз тең жөжөдөй кезибизде Макем гезитке мен тууралуу чакан макала жазган эле жакшы окуган бала деп. Жаңыдан там-туң жазып баштаган кези болсо керек. Эми мына…” деп салмактуу адабиятчылардай эле оюн айтыптыр эле.

Жакындан бери Нурлан Абиев фейсбук баракчасына котормолорун жана өзү жазган ырларын жарыялап жатат. Айылдаш болгон соң, ашкере мактаганым ашөпкө болуп калат. Бирок, анын таланттуу акындардын мыкты ырларынан которуп жатканынын өзү анын адабияттан кеңири түшүнүгү бардыгынан, поэзияны мыкты түшүнөрүнөн кабарлайт. Анан калса, ал улам изденип, жасаган котормолоруна кайра кайрылып, андагы айрым саптарды, сөздөрдү кайра алмаштырып жатканы анын сөзгө канчалык маани бергенин билдирет.

Орустун улуу акын Есениндин

НЕ ЖАЛЕЮ, НЕ ЗОВУ, НЕ ПЛАЧУ…

Не жалею, не зову, не плачу,
Все пройдет, как с белых яблонь дым.
Увяданья золотом охваченный,
Я не буду больше молодым.

Ты теперь не так уж будешь биться,
Сердце, тронутое холодком,
И страна березового ситца
Не заманит шляться босиком. 

Дух бродяжий! ты все реже, реже
Расшевеливаешь пламень уст
О моя утраченная свежесть,
Буйство глаз и половодье чувств. 

Я теперь скупее стал в желаньях,
Жизнь моя? иль ты приснилась мне?
Словно я весенней гулкой ранью
Проскакал на розовом коне. 

Все мы, все мы в этом мире тленны,
Тихо льется с кленов листьев медь…
Будь же ты вовек благословенно,
Что пришло процвесть и умереть. – деген ырын:

ӨКҮНБӨЙМ, ЧАКЫРБАЙМ, ЫЙЛАБАЙМ…

Өкүнбөйм, чакырбайм, ыйлабайм,
Баары өтөөр желге учкан бубактай.
Курагым куу чачты сыйдалап,
Мен эми жаш болбойм чырактай.

Ызанын кечирип неченин,
Тоң жүрөк элжиреп сокпостур.
Саймалуу ак кайың мекени,
Азгырып алдыңан тоспостур.

Селсаяк ойлорум сээлдеп,
Сөздөрдүн азайды жалыны.
Баёолук жоголду, ээндеп,
Шок көздөр, сезимдер ташкыны.

Эңсөө калды бүлбүлдөгөн,
Өңбү же түш көргөндөймүн.
Жазгы таңда гүүлдөгөн,
Күлүк чаап өткөндөймүн. 

Түбөлүккө кимдер калган,
Жалбырактар жездей сары.
Ыраазымын, эч жок арман,
Гүл ачкандын соолуйт баары, – деп которуптур. 

Мага котормолоруна караганда да, өзүнүн ырлары жакты. Мындан 30 жыл мурда мындай ыр жазган экен.

СЕКЕЛЕК КЕЗИҢДИ САГЫНАМ

Көп жылдар закымдап арадан,
Көрүштүк экөөбүз кайрадан,
Көрүнбөйт мурдагы назиктик,
Көздөрүң жылдыздай жайнаган.

Көр турмуш көңүлдү ээлептир,
Көгөндөп, кишендеп байлаган!
Убайым жүзүңөн баш багып,
Убакыт жүзүңө из салып.

Унута баштапсың күлкүнү,
Ууртуң калгансыйт кулптанып.
Узатып койдуңбу жаштыкты,
Уктатып жүрөктү, тынч алып?

Сезилбей ай-жылдар чубашып,
Сен келдиң бир канча кыр ашып.
Секелек кезиңди сагынам,
Сен мага, мен сага болчу ашык. 

Сезимге наристе мас болуп,
Сейилдеп жүрчү элек, сырдашып.
Балалык сезимдин жалыны,
Бат эле жалп этип өчөбү?

Алкымдап жашоонун агымы,
Ал кезек кайырсыз кетеби?
Өкүнүч өксүтүп көңүлдү,
Өрт болуп, өзөккө жетеби?

1.11.1993

Талашсыз мыкты ыр, ыраспы. Ар бир эле өзүн акынмын деген ыр талапкери мындай акыл менен сезимдин ширөөсүнөн бүткөн, духу күчтүү ыр жарата бербейт.

Эгер ал акындык калемин түшүрбөй жүрсө, албетте андан мыкты акын чыкмак. Азыр деле жаза бир топ жерге арбытып барабы деп ойлойм. Бирок, мен Нурландын даңазалуу математиктер Мурзабек Иманалиев, Алтай Бөрүбаев сыяктуу өзүнүн математикалык мектебин жараткан математик болушун каалар элем. Ал анын колунан келет.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.