“Жүр, ээрчитип кетейин өрүкзарга”

Мадина Тураеванын чыгармачылыгы жөнүндө адабиятчылар мурда-кийин сөз кылды беле же жокпу кабарым жок экен. “Махабат балладасы” (Б-1991), “Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң” (Б-1993) мына ушул жупкадай болгон эки чакан ыр жыйнагын жакшы адамдардын сунушу менен барактап отуруп, окурман катары өз пикиримди айтпай, кайдыгер өтүп кетүү – кумдун арасындагы берметти көрүп туруп көрмөксөн болуп, тебелеп өтүп кеткенге барабар экендигин сездим. “Махабат балладасы” деген ыр жыйнагынын алгачкы бетин ачканда “Ыр тагдыры” деген түрмөктүн биринчи төрт сабы көзгө урунуп, андан ары акындын чыгармачылыгы кантип өзүнө арбап алганын байкабай да калдым. Ал төрт сапта акын мындай дейт:

Мен азыр булакка окшойм соолуп турган.
Таш тосуп калган көзүн жарык нурдан.
Таңдайым катып турат үнүм бүтүп,
Зар болуп кашык ырга жалгыз уурттам…

Мында автор өзүнүн ким экенин, чыгармачылыкка кандай мамиле жасап жатканын баяндаса, ал эми окурман ушул төрт сап ырдан сүрөткер кандай деңгээлдеги чыгармачыл инсан экенин таразалап, баалап алуу мүмкүнчүлүгүнө толук ээ боло алат. Бул жыйнакты барактап отуруп XX кылымдын баш ченинде орус поэзиясынын А.А. Ахматова, Н.С. Гумилев, О.Э. Мандельштам баш болгон сүрөткерлеринин чыгармаларынан кеңири орун алган Акмеизм агымын кезиктиребиз. Советтик адабият таануучулар тарабынан адабияттагы акмеизм агымы модернисттик агым катары, чындыкты туура эмес, турмушка байланышсыз чагылдырат деп четке кагылып, бирок 1980-1990-жылдардан кийин гана алардын чыгармаларына жаңыча көз караш, жаңыча мамиле менен карап, акмеисттик чыгармалар миллиондогон нускада кайрадан басылып чыгарылганы маалым эмеспи. Адабиятчылар учурунда аларга поэтикалык сөздүн артисттери деп баа беришкен. Мадина Тураева өзүнүн чыгармаларында пенде турмушунда кезиккен көйгөйлүү маселелерди кандай  болсо так ошондой ачык, курч мүнөздө кеңири сүрөттөп берген. Предметке конкреттүү көз караш менен мамиле жасаган сүрөткер экенин көрсөтө алган.

Мадина Тураева өзүн-өзү сүрөттөөдө да сыпаттап, тирүүлүктөгү ээлеген ордун көкөлөтүп көтөрүп же болбосо жашырып, аяп отурган эмес.

М. Тураева да  көркөм сөздүн чебер актрисасы болгондуктан, чыгармаларында окуяны сахнада роль ойноп жаткан мыкты аткаруучудай элестүү чагылдырып бере алган зор талант экенинде талаш жок. “Ыр тагдыры” деген ырынын андан аркы саптарына көз жүгүртсөк:

Шорлуурак жаш кезимен ушул кезим,
Жүрөктөн ырым чыкпай кайгы жеймин.
Башкалар ырдаганды ырдагым жок,
Калп айтып жооткоткум келбейт менин…

Ошол кезде өз көйгөйүн, чыгармачыл журтчулугунун табитин тушамыштаган орчундуу мына ушул маселени эл алдына алып чыгып мындан артык сүрөттөп берүү Мадина Тураевадан башка дагы кимдин колунан келди экен?! Калп айтып, өзүн-өзү жооткотуп, башкалар ырдаганды жалпы “хорго” кошулуп алып ырдай бербей, окурман күткөн нагыз поэзияны жүрөк кылдары аркылуу эчен ирет толгоп, ийине жетпей калган чолок ойлору үчүн кайгы жеп, шорлогон кез ар бир эле мен акынмын деген калемгердин башынан өтө бербеси айкын көрүнүш. Тескерисинче, чолок ойлорун чыгармачылыктагы бийиктиктин туу чокусуна жетти, деп түшүнүп алып, жерге батпай ачык эле мактанып жүргөндөр канча. Мидин Алыбаев айткандай: “бат, сат, кат деп келип аягында жат деген сөздү улай коюп”, уйкаштык кууйм деп мазмунду жоготкон “рифмачтар” баш-этеги жок 90-жылдарда ого эле көп кездешчү! Эми андан  ары караңыз, “Ыр жаза албай ооруп турам мен азыр” деген ырында акын ырга болгон мамилесин мындайча баяндайт:

…Табит тартпай даамсыз ырга тузу кем,
Көптөн бери орозомун ырга мен.
Азыктанар жүрөк тапса жакшы ырын,
Же таппаса өзү ырга болор жем.

Ошол чакчалекей түшкөн эгемендиктин алгачкы жылдарында Мадина Тураева замандын оош-кыйыш шартына баш ийбей, чыгармачылыкка мына ушундай жоопкерчиликтүү мамиле жасаган өзгөчө талант болгон. Албетте баардык эле акындардын жүрөгү өзү тапкан жакшы ырынан азыктанат, ал талашсыз, бирок жакшы ыр таппай калып жүрөгүн ырга жем кылган акындар өтө сейрек кездешет. Чыгармачылыкты атак-даңк алып келүүчү же наам алып берүүчү “инструмент” катары пайдаланып келе жаткандар да жазмакерлер арасында жок эмес. Ал эми чыгармачылыгына жүрөгүн жем кылып, төрт сап ырын сөз элегинен төрт миң жолу өткөрүп, анан окурман журтуна сунуштаган Мадина Тураевадай жоопкерчиликтүү, табиятынан акын болуп жаралган инсандар саналуу эле. Автордун “Санааркоо” деген ырына назар салсак:

Аз өмүрдө көңүлгө тийип бүттү,
Көбүк ырлар чубурган ооз учунан.
Сезилбейт же алардын толкун күчү,
Бороон сокпойт күрүлдөп ыр сабынан.

Калеминен акындын суу тамчылайт,
Учкун чыкпайт жылтылдап көзгө урунган.
Башы ырынын бет алдын караса да,
Буту артына бурулган баса тураган.

Беттеп урган өмүрдү бороону жок,
Анык турмуш акында болбосу чын,
Кайдан жүрүп ырлары оттуу болмок,
Табылса ал жүрөктөн күлгө толгон.

Бир ооздон чыккандай баардык үндөр
Окшош. Айрый албайсың бир да бирөөн
Күлүк ырдан угулса күчтүү дүбүрт,
Алар арттан кыйкырган куру сүрөөн.

Бу жарыкта жакшы акын болуш үчүн,
Акын болуп төрөлүү аздык кылат.
Жүрөгүндө болбосо жер титирөө,
Ырың кайдан атылып сыртка чыгат.

Акын бул ырын 1991-жылы 24 жашында жазып, “Махабат балладасы” ыр жыйнагы аркылуу жалпы элге сунуштап жатат. Бул санааркоо эмес, бул өз доорундагы катарлаш жашап, акын өзү айтмакчы, “жүрөгү күлгө толгон, башы бет алдын караганы менен баса тураган буту артына бурулган” жеңил баа ырларды жазып, куру сүрөөн менен келе жаткан акын сөрөйлөргө айтылган ачуу чындык, сын көз-караш болгон десек жаңылышпайбыз. Акын поэзиянын тазалыгын баалап, ага ыйыктардын ыйыгына мамиле жасагандай аяр мамиле жасап, өз ыйманынын алдында ак кызмат өтөгөн. Эгерде ар бир калемгер өзүнө мына ушундай жоопкерчилик менен жогорку деңгээлде талап койсо, адабият акыр- чикирден табийгый түрдө тазаланмак.

Арадан эки жыл өткөндөн кийин, 26 жашында (1993-жылы) жарык көргөн “Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң” – деген ыр жыйнагында Мадина Тураева адабият айдыңында өзүн кадимкидей эркин сезип, ыр талаанын сүйүктүү дыйканына айланганын көрүүгө болот. Кыргыз элинин улуу акыны Жолон Мамытов: “…Оттуу ырдан окчун калат өмүрү, акын өжөр боло албаса дыйкандай” – деп акын калкына тагылган озуйпаны бекер жерден айтпаган чыгар. Мадина Тураева да: “Кайдан жүрүп ырлары оттуу болмок, Табылса ал жүрөктөн күлгө толгон” – деп өзү жогоруда аныктама бергендей: “саптарынан толкун күчү сезилген, ыр сабынан күрүлдөп бороон соккон, оттуу ырларды” жыйырма алты жашында жазып калтырганына күбө болобуз.  “Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң” деген китебинин биринчи бетин ачканда эле “Мен сага талгакмын” деген ыры көзгө урунат:

Мен сага талгакмын…
Башкага-орозомун.
Орозомдун келип ач өзүң оозун.
Эң жогорку сорттогу бүт тандама,
Жыйган демди жүрөктүн термосунда,
Ысык бойдон турамын сактап сага,
Мен сага жокчулукта…

Инсандын ич-ара ыйык мамилесиндеги тазалыкты, баалуулукту, эң бийик сапаттагы нарк-насилди мындай сүрөттөө үчүн калемгер Мадина Тураевадай ой жүгүртүүсү өзгөчө көркөм, жөпжөнөкөй предметтен поэтиканы сууруп чыккан сезимтал инсан болушу зарыл. Негизи эле Мадина Тураеванын поэзиясында – башка акындардын поэзиясында кездешпеген керемет салыштыруулар бар! Адам турмушунда миң кайталанып, миң пайдаланылган эң жөнөкөй сөздөрдүн арасынан зергер сындуу шуру-бермет жасап чыгып, улуу ойду туюнтуу ар бир сүрөткердин колунан келе бербейт. Талгакты талгак болгон кош жүрөктүү асылзаада айымдар, аны менен бирге талгагын кандырган жан-күйөр жакын адамы эле түшүнбөсө, адамдын жан-дүйнөсүндөгү мындай процессти ар бир пенде баласы тереңинен түшүнө бербейт. Анан да эң жогорку сорттогу бүт тандама, жыйган демин жүрөктүн термосунда, кандай адам, ким үчүн ысык бойдон сактап турат?! Бул поэтикалык позициялардын биригүүсү менен келип чыккан өзгөчө табылга. Эч бир сүрөткердин көркөм сөз каражатын колдонуу стилине окшобогон жаңылык болгон деп айтсак жаңылышпайбыз. Мадина Тураева верлибрде да айтайын деген оюн салттуу  формадан кем эмес, куштун кош канатындай параллель, абдан жогорку деңгээлде сүрөттөп, негизги басымды зарыл жерде интонацияга, ритмге, паузага, эмоцияга, декламациялуулукка жасаган чебер сүрөткер болгон. Эркин ыр менен терең ойду жеткиликтүү сүрөттөөдө акын “Көтөр колуңду!”, “Өрт өчүргүч”, “Кызыл календарь”, “Жүрөгүмө сен гана кожоюнсуң” деген ырларында мыкты чеберчиликти көрсөтө алган. “Жүрөгүң мейманкана” деген ырын окуп көрөлү;

Жүрөгүң-мейманкана,
Жүрөгүң-мейманкана,
Эл кирип чыгат ага.
Келгенге эшик ачып,
Кир дейсиң… Жылуу мында.
Өзүмдөн башка жанды,
Киргизбей такыр сага.
Кароол болуп алып,
Кайтарсам сени… Кана!
Көкүрөк тактасына,
“Бош орун жок деп мында”
Көрүнөө жерге илип,
Коймокмун ишен анда.

Акындын лирикалык ырларынан анын өзүнүн мүнөзүн, жүрөгүн өрт чалып турган жароокер жанды, өз оюнан кайтпаган курч мүнөз сөз зергерин көрүүгө болот. Ал өз сезимдерин аялзатына мүнөздүү каймана сөздөр менен тергеп, кымтынып айтып отурбай, болгонун болгондой, жүрөгүнүн каалоосун ачык эле алып чыгып окурман журтуна шөкөттөбөй сунуштайт.

Сезимин бийлеген мырзанын жүрөгүнө кароолчу болуп алып кайтаргысы келген, анын жүрөгүндө бош орун жок деп көкүрөк тактасына жазып туруп көрүнөө жерге илип жанына отуруп алгысы келген акындар же жөн эле асылзаада айымдар жашоодо арбын. Бирок Мадина Тураевадай ачык, шар өз сезимин өзү моюнуна алып, аны мынчалык көркөм туюндура билүү баарынын эле колунан келген эмес! Анын ырларынан аялзаты болсо да нагыз өрт жүрөктүү акындын мүнөзүн, образын көрүүгө болот. Акындык атакты эмес – акындык жүрөктү, акындык парзды, мүнөздү баарынан жогору коюп, адамдык бийиктиги, чынчылдыгы менен жашап жаткан инсан экени чыгармаларынан даана байкалат.

Мадина Тураева – жөн гана сезим кылдарын ыргакка салып, ыр – күүгө  айланткан акын эмес, ал акын – сүрөтчү. Сөз менен кадимки сүрөтчүлөрдөн кем калышпай жаздын, күздүн, кыштын, деги эле жаратылыштын төрт мезгилин ийине жеткире сүрөтүн тартып бере алган талант. Акыркы жылдардын поэзиясында адамдын ички сезим-туюмдарын тек гана акылга салып же баяндоонун күчүнө, ыр жазуунун техникасынын ыкмаларына салып ырдай берүү акындарыбызда адатка айланып баратканын тана албайбыз. Ал эми жүрөк сырын кандайдыр бир башка өңүттө туюндура алган, башкача ыкма менен, өзгөчө образдарга катарлаш бере алган акын чыккан болсо анда ал – Мадина Тураева деп эч тартынбай, ачык айтсак болот.

“Жүрөгүмө өзүң гана чак келдиң” китебин барактап отуруп, акын кыздын табиятка ушунчалык жакындыгын, керек болсо табияттын ар бир көрүнүшүнөн өзүнө керектүү көркөм образды таап чыгып, ошону менен чыгармасын алда немедей өзгөчөлөнтүп, кооздоп, ырларына жан сала койгон чеберчилигин көрүп, окурман катары чын дилиңден ыраазы болосуң. Өзү көп ырдаган күздүн шамалын, чаңын, кургап калган жалбырактарын, асмандагы айын, жамгырын, агып жаткан суусун адаттан тыш, элестүү туюп-сезип, ошону айтып берип олтуруп эле жүрөгүндөгү жашоого болгон эбегейсиз зор сүйүүнү, жакын адамына карата кусалыкты, ызалыкты, сүйүүнү, ички сезимдеринин алпурушуусун айтып жетишүү чеберчилиги бар экен акын кыздын. Бул дүйнө, аалам, жаратылыш акындын көзү менен кандай көрүнөт деген суроо берилсе, ойлонбой туруп – Мадина Тураева кандай көрсө ошондой деп жооп  берсек жарашат. Мисалы, акындын экинчи китебиндеги “Күз ыры” аттуу ыр түрмөгү кыргыз поэзиясындагы зор жаңылык, табылга деп айтууга толук  бойдон арзыйт. “Кеч күз“ ырынын 15-түрмөгүнө назар салабыз:

Маршруту тынбай алмашкан,
Шамал-шофер, чаңдар жүргүнчү,
Тормозу жок шамал алыстан,
Сигнал берип жатат: тү-тү-тү;

Кол көтөрүп дарак шамалга,
Ала кет деп издейт жан арга.
Өтөт шамал токтоп койбостон,
Чаң түтүнун бүркүп аларга.

…Сарык менен ооруп жүдөгөн,
Жалбырагын алып колуна,
Энеге окшоп бала көтөргөн,
Дарак калды жолдун боюнда,

…Алыс болсо сапарың шамал,
Турмушка сен жолго чыгып ал.

Же болбосо;

Жутуп алып чөптөр шамалды,
Чүчкүрүшүп жатат боз чаңды.
Узун буттуу арык суналып,
Карап жатат үнсүз асманды.

Тикесинен турган бир буттап,
Дарактардын кийими жамаачы.
Жалбыракты шамал ургулайт,
Жок ортого түшкөн арачы.

Айды карап көктө бараткан,
Кирпиктерим чабат алакан..
.

Дагы;

Бардык колу менен жабыла,
Шамал кирди жерди тытмалап,
Ачка жата берип арыкта,
Суунун ичи калган кулдурап.
Көккө булгап колун тынымсыз,
Дарактардын буту кыймылсыз,

Картаң дарак бели бүкүрү,
Жерди басып турат жыңайлак.
…ыр соңуна коюп үтүрдү,
Чекит болуп көздө жаш калат.

 

***

Көп толготуп ырым төрөдү
Өңү сары күздү. Сүйүнчү!
Эгер билсең экөөбүздүн күз,
Окшош саргыч тарткан дүйнөбүз…

Караңызчы образдуулукту, кадимки эле сүрөтчү өз полотносуна түрдүү-түстүү боёк менен адам турмушунан жаратылыштын бир үзүмүн үзүп алып көчүрүп, сүрөт тартып койгондой элес калтырып турат. Мадинанын поэзиясында шамалга жан кирет, даракка жан кирет, жада калса суналып жаткан арыкка да жан кирип, ачкалыктан ичи кулдурайт экен… Салыштыруусунун, сезим-туюмунун көркөмдүгүнө баракелде! Мындай жандуу, кыймылдуу, түстүү, көңүл кубанткан саптар акындын ырларында арбын кездешет.

Автордук мүнөздөөнүн кынтыксыз жайгашуусун көрүп туруп акындын ички туюм- сезиминин тереңдигине, эстетикалык табитине там бербей коё албайсың. “Айды карап алып, кирпиктери менен алакан чапкан” мындай керемет поэзияны окуп, чын дилиңен ыраазы болгон окурман колдору менен алакан чапкысы келет! Мына ошентип Күздү кынтыксыз сүрөттөө менен аягында өз каарманына аяр кайрылат. “…Эгер билсең экөөбүздүн күз, окшош саргыч тарткан дүйнөбүз” дейт акын. Акын кыз табиятты тек гана сүрөттөп тим болбойт, дал ошого тете адам табиятынын, тагдырынын оош-кыйышын ачып берүүнү максат кылат. Ыр саптарынын  соңунда акын кыз сыйкырдуу кистиси (калеми) менен сулуунун эки – үч тал чачындай жеңил, көркөм, кооз штрихтерди шилтеп өткөн сүрөтчү сымал, ички сезимдердин сүрөтүн сөз менен шилтей кеткенин окуганыңда ээн-талаа, эрме-чөлдө келатып, мөлтүр кашка булак таап алып, кумарың канганча кере – кере жутуп, чаңкооңду кандыргандай ырахат аласың!.. Негизинен алып караганда Мадина Тураеванын чыгармаларынын лейтмотиви анын лирикалык каарманы. Уккандын кулагын сүйүнткөн “Сыйыналы бактыбызга” деген ырын кимдер гана тамшанып ырдап, кимдер гана кыялдарга жетеленип укпаган:

Жүр эрчитип кетейин өрүкзарга,
Сунушумду сулуу кыз четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.

Мөл булакка барабыз ай тоскону,
Ат жалында шамалга ойношкону.
Кечикпейли бир келген бактыбыздан,
Өрүкзарга кетели макул болчу.

Каректерге жашырып сүйүүбүздү,
Мөл булакка аарчыйлы жүзүбүздү.
Жылдыздарды чакырып койнубузга,
Өткөрөлү экөөлөп түнүбүздү.

Айлуу түнгө никелеп сүйүүбүздү,
Өрүкзарга чачалы сүйүүбүздү.
Жылдыздардын терели чачыласын,
Булактарга сүйдүрүп жүзүбүздү.

Жүр эрчитип кетейин өрүкзарга,
Сунушумду сулуу кыз четке какпа.
Сүйүүбүзгө жолугуп айлуу түндө,
Сыйыналы бир келген бактыбызга.

Идеялык-көркөмдүк дареметинин бийиктиги менен мезгилдин чегин билбей, адам баласына бийик эстетикалык таасир берип, дайыма рухий зарылдык деңгээлинен түшпөгөн мындай классикалык чыгармаларды жараткан Мадина Тураеванын жупкадай эки китебиндеги ырларын толугу менен эч ойлонбой туруп чет тилдерге талапка жараша которуп, башка элдерге жеткирсек, кыргыз кыздары да Анна Ахматова, Габриэла Мистраль, Марина Светаевалар… сыяктуу дүйнөлүк классиктерден кем эмес масштабда, бийигине чыксаң башың айланып, тереңине түшсөң чөгүп кетчүүдөй алкакта ой жүгүртө алат деген дүйнө элдеринде пикир жаралып, улуттук адабиятыбыздын абройу дагы да артмак.

“Апам Насипке” деген ырында автор, Эне менен баланын ортосундагы табийгый байланышты, көзгө көрүнбөгөн сезимдер аркылуу жүрөктөн жасалган чыныгы мамилени мындай деп сүрөттөйт:

Жаштыгымды өз билгендей чапкылап,
Жүрөгүңдүн ай-талаасын чаңдаттым.
Аскасына камап коюп азаптын,
Менден жүргөн көчкүлөргө каптаттым.

Карегиңен сел жүргүзүп канча ирээт.
Канча ирээт кайгы менен жаа тарттым.
Ошондо да сен кебелип койбостон,
Жүрөгүңдү бута кылып карматтың.

Жаштыгымдын туягынан от жанып,
Жүргөн жерден от чыгарып, от чачтым.
Көп учурум махабатка алаксып,
Ырларыма сен кечигип баш бактың…

Сүйүү менен ооруп калып жүрөгүм,
Сүйүү менен даарыланып жүрөмүн.
Бирок дагы сеникиндей сүйүүгө,
Кудирети жетпейт бир да бирөөнун.

Жок болсо да ак сарайым, алтыным,
Бүт дүйнөдөн, бүт ааламдан мен баймын.
Менин дүйнөм, менин күлкүм байлыгым –
Сенин апа тирүүлүктө барлыгың
– деп “ырына бир мертебе калп айталбай” болгон чындыкты кандай болсо так ошондой чагылдырып берген. Мыкты саптарга бай ыр. Ар бир сапты чечмелеп олтурсаң өзүнчө тема… Бул ыры – эне тууралуу жазыла жүргөн кайталанма, пафостуу, жадатма ыр эмес. Бир ыр менен бүтүндөй эне-баланын тагдырынын оош-кыйышын, жашоо-тирилигинин сүрөтүн көз алдыңа тартып коет… Жаштыгы чалпоо, эрке кыял, жаңылгыч, канча жолу жаңылса ошончо жолу “Апа” деп келип өзүнө гана таянган перзентин аяп, кечире билген, өмүрүн арнап койгон күчтүү, эстүү, сабырдуу эненин от боюнда олтурган элеси коз алдыңа келет… Акын кыз апасын алаканына салып аздектеп карап, сүйгөн жардан, перзентинен артык көрөрүн жар салып, ырынын, ыйманынын, окурмандын алдында калп айтып чыккан эмес. Эне менен баланын ортосундагы ыйык мамилени, анын тазалыгы, улуулугу эч нерсе менен бааланбасын, пенденин башына түшкөн ар кандай абал эненин мээрими менен жуулуп, тазаланып турарын, Кудайдан кийинки кечиримдүү зат адам баласы үчүн эне экенин, бирок аны бала кеч түшүнөрүн, эч убакта энени бала талаптагыдай аздектеп сыйлай албасын абдан чеберчилик менен айкын сүрөттөп берген.

Бири кем дүнүйө, бүгүн бизде кимдердин гана чыгармалары чет тилдерине которулуп, кимдер гана сыйлык албай жатат?! Котормочуларга кимдер багыт берип, алар кимдердин чыгармаларынын үстүнөн убара тартып жүрөт?! Мадина Тураеванын төрт сап ырын өмүр бою жаза албаган, бирок сыйлык артынан  сыйлык кубалап алып жүргөн чыгармачыл дүйнөнүн өкүлдөрү да тилекке каршы жок эмес. Кыргыз элине мына ушундай сырткы чөйрөнүн таасирлерине жетеленбеген, өзүнүн тубаса, жеке инсандык туюм-сезими аркылуу көргөнүн-көргөндөй, болгонун-болгондой ачык-айрым сүрөттөп, ойлорун ортого салган чыгармалары менен улуу ойлордун уюткусун калтырып келаткан Мадина Тураева бүгүн кайда? Жаңырган айдай элес калтырган 24-26 жашында мына ушундай эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чыгармаларды жараткан үлкөн калемгерди эмне себептен бүгүн адабият айдыңынан көрө албай жатабыз?

Лайли Үкүбаева, Эсенбай Нурушев, Калык Ибраимов, Аскар Медетов, Абдыкерим Муратов өңдүү беш манжа менен эсептей турган активдүү, өз позициясын моралдык – материалдык кызыкчылыктар үчүн ооштурбаган адабиятчыларды эске албаганда XX кылымдын соңу менен Кыргыз Совет адабияты өз ишмердүүлүгүн жыйынтыктагандай эле адабий сын жанры да, калыс пикирин ачык айткан адабиятчылар да серүүндөп кеткени өкүнөрлүк маселе. Өзүлөрүнүн чолок ойлорун окурмандарга таңуулап, өз сүйлөмдөрүнө өзүлөрү чалынган кээ бир адабиятчы сымактар өң уулап чыгармаларга пикир жазымыш этип, учур адабиятына аныктама берип атса, үн-сөзсүз, алардын аксак пикирине ынангандай таризде карап отуруунун өзү бери дегенде коомчулук тарабынан адабиятка, адабиятчыларга, акын-жазуучуларга жасалган кайдыгер мамиле эмеспи?! Чолпон жылдыздай өзгөчөлөнүп жарык жанган чыгармачыл инсандар көңүл сыртында калып, өзүлөрүн асмандын жетинчи катмарынан көргөн жарым эс ой калчаган көрпенделер азыркы кыргыз адабиятына 90-жылдардагы сүрмө топтун күүсү менен сүрүлүп кирип келип, том-томдоп китеп чыгарып, алардын китептерине айтылган акыйкат сын пикирдин жоктугунан адабиятыбыз ак-карасы иргелбей, акыр- чикирге аралашып аянычтуу абалга кептелип турат. Аскар Медетов айткандай: «Али акын болуп, жазуучу болуп калыптана элек Кыргыз Эл жазуучулары да, акындары да тилекке каршы бүгүн калемгерлер арасында жок эмес!” Учуру келгенде бу маселеге өзүнчө кеңири токтолобуз.

Калемгердин пенделик жеке турмушун эске албай туруп, нукура талантын, анын чыгармачылыгын баалаганды качан үйрөнөбүз? Мадина Тураева Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү экен, бирок ошол союз бүгүн Мадина Тураевадай ой жүгүртүү алкагы он сегиз миң ааламды чабыттаган, Кудайдын буйругу менен жаралган чыгаан таланттарга кандай кам көрүп жатат? Элге берилип жаткан мамлекеттик, эл аралык сыйлыктар эмнеге Мадина Тураеваны кыйгап өтүүдө?! Барпы – апыз айтмакчы: “Арка, Анжиян акындарынын алдыңкыларына тең эле го!” Кана ким айта алат, азыркы сыйлык артынан кубалап жүргөн акындардын кимдир бирөөсүнөн кем эле деп?! Сыйлыкка кимдерди-кимдер кандай принцип, жүйө-себептердин негизинде сунуштап жатат? Өзүн-өзү сунуштаганды билбеген же мени сунуштап койгула деп эшик каккылаганды жактырбаган мыкты сүрөткерди кимдер сунушташы керек эле? Ал инсан катары бүгүн моралдык колдоого муктаж эмеспи? “Ал эмне, “баягы жазып жүргөндөрдүн” катарындагы бирөөбү? Эмнеге таланттын бүгүнкү тагдырына жакындан эч кимибиз кызыкпайбыз же адилет пикир айтканга ички абалыбыз жол бербей жатабы? Кыргыз поэзиясына кайсыл акын кандай шартта, кандай чыгармалары менен киргенин байкабай жатабызбы? Мадина Тураеванын бүтүндөй турган турпаты, ой-кыялы, жандүйнөсү, жашоо образы жаратылышынан акын го! Акындын чыгармаларынын баа-баркын кимдер таразалоого милдеттүү?..- деген уч – кыйыры көрүнбөгөн жоопсуз суроолордун курчоосунда калып, сөзүмү жыйынтыктоого аргасыз болуп отурам…

Бахпурбек АЛЕНОВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.