Жаш калемгерлер, көңүл буруңуздар!

Кыргызпатентке караштуу интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу балдар жана жаштардын чыгармачылыгына шык-дем берүү, андан ары өсүп-өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү үчүн жаңыдан келеми төшөлүп келе жаткан жаш калемгерлердин чыгармаларын жыл сайын жарык көрүүчү “Саамалык – 14” адабий альманахына 2018-жылдын 15-февралынан 17-апрелге чейин топтоп жаткандыгын билдирет.

Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:

  • Чыгармалар кыргыз, орус тилдеринде кабыл алынат;
  • Альманахка эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана чыгарылууга тийиш;
  • Авторлордун жашы 35 жаштан ашпоого тийиш;
  • Кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек;
  • Альманахка жиберилген чыгармалар рецензияланбайт жана кайтарылып берилбейт;
  • Авторлорго чыгарма жазгандыгы үчүн 5 нускадан китеп бекер берилет.

Материалдарды dinara_bii@mail.ru электрондук даректерине жөнөтүп же 11-кичи району, №10/1 үй дарегине саат 10:00 – 18:00 гө чейин алып келип берсеңиздер болот. Ал эми толук маалыматты www.patent.kg сайтынан таба аласыздар.

Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор: (0312) 52-08-54, (0700) 84-83-29.

“Эркин тоо”, 13.02.2018-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.