Өмүр жайын сурай бербе сен менден

Казак акыны Мукагали МАКАТАЕВДИН ырлары Кубантай ЭРНАЗАРОВДУН котормосунда.

 

ЭЙ, ӨМҮР

Дүнүйөнүн агын да, карасын да,
Мыңк этпестен кабылдап аласың да.
Кара менен чамаң жок талашууга,
Эй, өмүрүм, зымырап барасыңбы?

Жер менен көктүн желпинип арасында,
Жээлигесиң, түшөсүң кара сууга,
Куюн кууган камгактай ала-сала,
Эй, өмүрүм, зымырап барасыңбы?

Олтурамын деңиздин жакасында,
Бересем да жок ага, аласам да,
Мени таштап толкундай агасыңбы?
Толкунданып өмүрүм барасыңбы?

Чаң чыгарып изинен куюндаган,
Барасыңбы өмүрүм кыйындаган?
Сыйын мага,
Эй, өмүр, сыйын мага!
Сыйыңды алам мен сенин буюрбаган.

 

ӨМҮР ЖАЙЫН СУРАЙ БЕРБЕ СЕН МЕНДЕН

Өмүр жайын сурай бербе сен менден,
Анын жайын толук аңдап билбегем.
Өмүр жайын билгиң келсе, бир чал бар,
Кан майдандан жалгыз уулу келбеген.

Жесир келин бир наристе көрбөгөн,
Жетим чалды бала ордуна термеген.
Өмүр жайын мен түшүнүп көрбөгөм,
Өмүр жайын сурай бербе сен менден.

Өмүр жайын билгин келсе, кемпир бар,
Өмүрүнө кеги калган жанбаган.
Жалган жалаа жанын эзип турганда,
Акыйкатың арачалап калбаган.

Андан сура, андан сура өмүрдү,
Эмне көрдү, эмне сезип, не билди.
Неге акылдуу акмак жандан жеңилди,
Бири  ыйласа, бири неге көңүлдүү?

Андан сура…
Андан сура өмүрдү.

 

ЭСИҢЕ МЕНИ АЛАРСЫҢ

Нур тамып турган көктөмдө,
Гүл тере барсаң тектирге,
Күркүрөп кара асманды
Чагылган жанчып өткөндө,
Эсиңе мени аларсың?

Тунжурап турган токойго,
Тунжурап жалгыз барганда,
Мен бар деп мына жалганда,
Жок деген сөзгө алданба.
Эсиңе мени аларсың?

Уюлгуп булут жатканда,
Өрөөнгө жалгыз барганда,
Арманда мени арманга,
Жок деген сөзгө алданба,
Эсиңе мени аларсың?

Жалбырак кулап жатканда,
Күз келип, күрөң шактарда,
Дарактар муңга батканда,
Өткөндү эске саларсың,
Эсиңе мени аларсың?

Турналар кайткан чактарда,
Кызарып турган бактардан,
Жалбырак жайнап жатканда,
Жол карап узак жактардан,
Эсиңе мени аларсың?

Ак кыроо баскан  аяздан,
Дарактар сөйкө такканда,
Бозоруп туруп ак таңда,
Ал кезди эске саларсың!
Эсиңе мени аларсың.

 

БӨБӨК БОЛГУМ КЕЛЕТ

Куш да болгум келбеди канатым бар,
Канатым бар күмүштөн жаратылган.
Бөбөк болгум келет-ов, бөбөк болгум,
Бул өмүрдөн кабарсыз жаңы туулган.

Чакан бешик кең дүйнө тарыбаган,
Бирөөгө бар, бирөөгө табылбаган.
Бөбөк болгум келет-ай, бөбөк болгум,
Эне сүтү оозунан арылбаган.

От да болгум келбеди чок табы бар,
Оттой жанып турамын, жылыныңдар.
Бөбөк болгум келет мен, бөбөк болгум,
Күн саамайы ойногон турпатымда.

Канат кагып өмүргө учарымда,
Кесилбесе баары бир тушагым да.
Бөбөк болгум келет-ай, бөбөк болгум,
Балага зар эненин кучагында.

 

ЖАШТЫК

Ойлойунчу, не берди жаштык маган?
Үйрөт деп азоо берди жер чапчыган.
Жаштык мага от берди жалындат деп,
Жаштык мага ок берди жоону ат деп.

Жаштык менин жаныма ыр байлады.
Жаштык мени жалтанбай чынга айдады,
Жаштык мени ыйлатты да, чыйралтты,
Жаштык чиркин өмүрдү чын уктурду.

Ыраазымын жаштыкка текке өтпөгөн,
Гүл-багыма жаштыктан көктөп өскөн.
Жаштык мага акыл-ой, санаа берди,
Амалым не…
Мени узатып жаштык өзү кала берди.

 

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва ш.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.