Ясунари КАВАБАТА: «Кол чатыр»

Жазгы жаан коюу туманга окшошот… Өтмө катар чылгый суу болбосоң да, денең нымдашып кетет.

Жигитти көрөр замат, кыз корголоп турган жеринен көчөгө атып чыкты. Кол чатыр көтөргөн жигиттен сурап койду:

– Эмне, жаан себелеп жатабы?

Жигит кол чатырды жаандан коргонуш үчүн деле көтөргөн жери жок, кыз менен чогуу иштегендер ал экөөнү байкап калбасын деп, ушуга бир кереги тийип калар деген ойдо кол чатыр көтөрүп алган.

Жигит кол чатыр менен кызды жаандан корголоду. Ага карабай кыздын бир капталы жаанда баратты. Бир жак капталы суу болгон жигит кызга батынып: “Мага жакын басчы” деп айткысы келет, бирок буга чечкинсиздиги жол бербейт. Кыз курган кол чатырды сабынан кармап, ага жабыша катарлаш баскысы келсе да, бирок мындан катуу ыйбаа кылып, болбой эле андан боюн ала качып келатты.

Экөө ошентип сүрөтканага дейре келишти. Жигиттин атасы башка шаарга жумушун которуп жаткан, ошого экөө эстеликке сүрөткө түшүп коёлу деп чечишти.

– Бул жакка олтургула, алтындар, – деп фотограф диванды көрсөттү.

Аны менен диванда жанаша олтуруштан жигиттин уялганын айтпа, ошого диванда олтурган кыздын артына өтө качты да, кызды кучактап турган түр көрсөтүп бир колу менен дивандын кырын кармаганда, колу баары бир кыз денесине тийип калды. Кыз денесине колу алгач ирет тийиши. Анын манжаларын жылытып, кыз денесинен келген майин жылуулукту сезгенде, чоктой ысык кыз турпаты көз алдына элестеп жатты. Сүрөттү тиктегенде, бул майин жылуулукту өмүр бою унутпайт болуш керек.

– Дагы бирди тартсак кантет? – деп сурады фотограф. – Чоң өлчөмдө чыгарып берем. Анда бири-бирине кынала жабышып тургула, садагалар.

Жигит макул дегенсип баш ийкеди да, анан кыздан акырын сурады:

– Чач жасалгаң кантет?

Кыз жигитти жалт карап алып, кызарып кетти. Карагаттай көздөрү жайнай түштү, чиркин. Анын айтканын эки кылбай күзгүгө чуркап барды. Бая жигитти көрөр замат, көчөгө атып чыгып, шашкалактаган жаны башы-көзүн каранып алышты унутуп калыптыр. Анысын жолдо келатып эстеп, келер-келгиче өзүн ичтен жемелеп келбеди беле. Эркек кишинин көзүнчө жасанып-түзөнгөндөн тартынган ушунчалык уяң мүнөз жан эле. Жигит анын чачын жолдо келатканда эле байкаган, бирок “Чачыңды түзөп алсаңчы” деп айтыштан ал да уялды.

Карагаттай жайнаган көздөр күзгүгө кадалганда, жигит артынан көздөрүн жадырата аны суктанып карап турганын байкады. Анан экөө эч кандай тартынып-кысынбастан диванга жанаша олтура кетишти.

Жигит сүрөтканадан чыгып баратып, кол чатырын көзү менен издеп баштады. Бир маалда караса, кыз кол чатырды кармап аны сыртта күтүп туруптур. Кыз ошондо гана анын кол чатырын кармай чыкканын сезди да: “Деги акылым ордунда элеби?… Өзүмдү башкара албай, эмне эле болуп жатам?…” деп дагы өзүн ичтен эзип-жеп жемелегенге өттү.

Жигит кол чатырын сураган жок, а кыз бергиси келбеди. Экөө ошентип сүрөтканага ээрчишип барган күндөн тарта экөөндө жашоонун жаңы барагы ачылгансыды. Жалындаган жаштык жолу ушунтип жалгашып, учугу жубайлык таттуу жолго алып барары алмусактан келаткан иш экен.

Жашоо мыйзамы ошол, а силер кол чатырды айтасыңар…

Которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.