Зоб, коклюш, киста, грыжа — оорулардын кыргызча аталышын билесизби?

Оору сыркоодон Кудай өзү сактасын дечи… Ошентсе да дарттардын кыргызча аталышын билип коюу ашыктык кылбаса керек. Аталыштарды кыргызчалоого филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев жардам берди.

Медициналык китептин бетин ачып миңдеген оорулардын түрлөрүн окууга болот. Алардын аталыштары дагы бир шумдук: анемия, адентия, алколоз деги койчу… Бүгүнкү “Тибиртке” рубрикасында коомчулук арасына жайылып, белгилүү болгон дарттардын кыргызча аталыштарын жазууну туура көрдүк.

  • Эпилепсия — талма
  • Боткин — сарык
  • Давление — кан басым
  • Лихорадка — чыйгырып, калтырак басуу
  • Ишурия — заарасы чыкпай калды же бейшеби бекип калды
  • Коклюш — көк жөтөл
  • Ветрянка — чечек
  • Лишай — чакалай
  • Опухоль, рак — шишик
  • Грыжа — чурку же омуртка сөөгүнүн жабыркашы
  • Зоб — богок
  • Туберкулез — кургак учук
  • Грипп — сасык тумоо
  • Радикулит — куяң оорусу
  • Киста — ыйлаакча
  • Сухой кашель — кургак жөтөл
  • Порок сердца — жүрөк оорусу
  • Анемия — аз кандуулук
  • Паралич — шал.

“Айида Батырбекова”, “Sputnik-Кыргызстан”, 01.09.2016-ж.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.