Аңгемеде жашаган журналисттер
“Медиасын” долбоорунун бүгүнкү адабий рецензиясы журналисттер жөнүндө аңгемелердин автору, жазуучу Мамат Сабыровдун чыгармачылыгына арналат.
Кыргыз адабиятында журналист тууралуу Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” жана Сейит Жетимишевдин “Эл арасында” романдары бар.
“Тоолор кулаганда” романынын баш каарманы Арсен Саманчин – күнүмдүк ишин кылып басып кеткен катардагы кабарчы эмес, өзүнүн бекем принциптери бар эркин журналист. Моралдык баалуулуктар алмашып жаткан доордун курмандыгы. Анын чындыгы бийликке жакпайт, басымга кабылат.
Кайра куруу жылдары жарык көргөн “Эл арасында” романы болсо сенек доордун көшөгө артындагы жашоосун баяндайт. Романдын каармандарынын көбү – редакцияда иштеген журналисттер. Баш каарман Дыйканбекке чындык, абийир анча маанилүү эмес, ал мансапты, жеңил жашоону артык көрөт.
Эки чыгармадан улам кыргыз журналистикасы илгертен эле мифологиядагы эки жүздүү Януска окшош болгонбу деген ой кетет. Азыр деле арабызда Арсендер да, Дыйканбектер да жетиштүү эмеспи.
Жогорудагы эки автордон айырмаланып, жазуучу Мамат Сабыровдун аңгемелериндеги журналисттер оң да, терс да каармандар эмес. Артыкчылыгы да, кемчилиги да бар, журналисттик милдетин колунан келишине аткарган адамдар. Каармандар бийик идея, чындык үчүн башын сайбаса да, өзү жашап жаткан мезгилдин жүгүн тартат, коомдогу оош-кыйыштарды жон териси менен сезет.
Азыркы кезде Кыргызстанда Мамат Сабыровду журналисттер тууралуу көп жазган автор десем жаңылышпайм. Бул темадагы онго чукул аңгемесин окудум. Баарында редакциядагы кайнаган иш, кызматкерлердин өз ара мамилеси, алар жашаган мезгил түштүктүн жумшак тили, кылдат юмор менен сүрөттөлгөн.
Мамат Сабыровдун журналисттер тууралуу аңгемелери кыргыз эли баштан кечирген үч доорду – СССР убагын, эгемендик жылдарын жана салттуу журналистика кескин өзгөргөн азыркы учурду чагылдырарын белгилей кетели.
Кремлден корккон редакторлор
Мамат Сабыров университетти “кансыз согуш” аяктап, кайра куруу жылдары башталганда аяктаган экен.
Ошол 80-жылдары жазылган “Бирөөгө ор казба”, “Төкөлдөш, Тэцуо жана Назира апай”, “Жердештер” аңгемелеринин баш каарманы жумуш таба албай, жумуш тапса жашай турган үйү жок кыйналган жаш журналист.
“Ош обкомуна иш сурап кирсем, басма сөз жагын тейлеген инструктор туш тарапка телефон чалып, редакциялардагы бош орундарды сураштырган соң “Базар-Коргонго барасың” деди. Бирок эртеси Базар-Коргонго барсам, редакциядагылар ошол жерлик бирөөнү ишке алып коюптур. Эми эмне кылдым, дагы каяктан иш издейм деп турганда, алайлык досум Марип телефон чалып, “Кадамжайдын райгезитинде орун бар экен” деп калды”, – деп башталат “Пүлгөндүн шамалы” повести.
Ошентип, окууну жаңы бүткөн жаш жигит райондук гезитке ишке орношот. Кадамжайдагы чакан мейманканада жашайт, кийин жумушчулардын жатаканасына көчөт.
Райондук “Ильич нуру” гезитинде кабарчылыктан тышкары тай чабым алыс басмаканага кат ташуу, адабий бөлүмгө окурмандардан келген чыгармалардын түзүгүрөөгүн иргеп, гезитке даярдоо – анын милдети. Жарабай калгандарын кайра конвертке салып, авторго кат жазат. Анткени өкмөт менен партия алардан катка жооп берүүнү талап кылчу. Андай болбосо сурак берип калышы мүмкүн эле.
“– Ким жанагы жигит?
– Прокуратурадан.
– Ниме дейт?
– Ээ, “аризди нимеге өз учурунда текширип, жооп жазган эмессиз” дейт. Эми ниме болор экен десең?
Сами аке мени жалдырай карап калды.
– Камавирбес а?”.
Повесттин каармандары “орус тилин баары билүүгө тийиш” деген саясаттан улам бир кабар болсо да орусча жазууга тырышып, аны сыймык көрүшөт. Райондон “Ленинский путь”, “Советская Киргизия” гезиттерине кабар жөнөтүп турган кесиптешин жаш кабарчы минтип сүрөттөйт:
“Бир активдүү кабарчыбыз бар эле. Көлөмү ашып кетсе отуз-кырк саптык кабарын орус тилинде жазып, эки түрдүү заголовок койчу. Эгер кимдир бирөөнү мактаган кабар болсо, “Ими гордятся земляки”, а эгер сындаган материал болсо, “С этим мириться нельзя” деп аталчу”.
Райондук басылма болобу же борбордукпу, ал кезде баары Кремлдин көзүн карачу экен. “Ката” аттуу аңгемесинде Москванын каарынан корккон журналисттер кантип пропаганда куралына айланганы сүрөттөлөт.
“Ката – бул шпион. Мындай “ЧПлар” биз түздөн түз баш ийген Министрлер Кеңешинин, атүгүл БКнын деңгээлинде каралып, бир тобу эскертүү, сөгүш алып, иш жаманына айланса, кызматтан ыргып кетчү”.
Аңгеме маалымат агенттиктин жаш кызматкери ТАССтан келген түзөтүүнү көрбөй калып, “алынсын” деген сөздү гезитке жарыялануучу текстке кошуп таштаганы менен башталат. Анан аны оңдотуу үчүн түнү менен басмаканада жүрөт. Маалымат агенттигинин жетекчилери Москвадан качан билдирүү келбесин даяр турат, кол астындагыларды күндөп-түндөп иштеткенге маш. Адамдын чарчаганы, уйкудан калганы аларды ойлондурбайт. Алар үчүн журналисттер – партиянын жоокерлери, буйрукту “кыңк” этпей аткарышы керек. Аңгеменин баш каарманы мындай мамиледен, коёндой окшош күндөрдөн тажаганда жумуштан кетүүнү чечет.
Ал бай тажрыйба топтогону үчүн иштеген жерине ыраазычылык айтканы менен, жумуштун айынан сүйлөшкөн кызына жолуга албай жүрүп бактысын колдон учурганына өкүнөт.
Мамат Сабыровдун 80-жылдары жазылган повесть, аңгемелеринде азыр айрым адамдар мактап, эңсеген Союзда деле жашоо оңой болбогону көркөм тил менен ынанымдуу сүрөттөлгөн.
Демөөрчү издеген редакторлор
90-жылдары Союз кыйраганда, журналисттер уюшуп, жаңы гезит-журналдарды ачышкан. Бирок ошол басылмалардын баары эле базар экономикасынын шартында жашап кете алган эмес. Мамат Сабыровдун эгемендиктин алгачкы жылдары жазылган аңгемелеринде ушул көрүнүш баяндалган.
Айталы, “Карыз” аңгемесинде гезитти сактап калуу үчүн ар кандай жолдорду издеген башкы редактор Жамалбек аттуу бизнесмен менен таанышып калганы жөнүндө кеп болот. Бизнесмен күндө акча издеп, кыйналган башкы редактор Тургунбайга дароо 500 миң рубль карматат. Бул ошол кезде чоң акча болчу. Редактор үч айдан бери маяна күткөн жамааттын ажатын ачып, басмаканага карызын төлөйт.
Бир айдан кийин редакциянын кабарчысы Тургунбайдын тапшырмасы менен Жамалбектен интервью алып, анын айткандарын кагазга кол менен жазат. Бул сүйлөм менен жазуучу редакцияларда техника жетишпегенин көрсөткөн. Кийин, 2000-жылдардын ортосунда деле редакцияларда диктофон тартыш эле, кабарчылар аны кезек менен колдонушчу.
Аңгемеде болсо журналисттерге бул зарыл буюмду бизнесмен Кытайдан алып келип берет.
“Диктофон деле эмес, ичинде кассета менен иштөөчү үн жазгычы бар кадимки эле транзистор болчу. Бирок диктофон али тарай элек 90-жылдарда бул нерсе жандын үзүрү эле. Интервьюну кол менен жазгандан кутулуп, жыргап эле калдык. Диктофонубуз электр менен иштечү. Кимдир бирөөнүн кабинетине киргенде “розеткаңыз барбы?” деп сурайбыз”.
Жамалбек журналисттердин мактоосу менен өлкөдөгү таанымал адамга айланат. Анын ак көңүлдүгүн билип алган айрымдар “кино тартам, китеп чыгарат элем” деп акча сурашып, “сааганга” өтүшөт. Бирок советтик аң-сезим менен жашап, авторитаризмге ыктаган Ак үйдөгүлөргө бир бизнесмендин эл оозуна алынганы жакмак беле? Эртең бийликти талашса эмне болот дешкенби, айтор, Жамалбектин бизнесин тартып алып, өзүнө иш козгошот. Бир кезде акчасы самандай сапырылган бизнесмен бат эле карыз доолагандардан качып, ар кайсы батирде жашаган карыпка айланат. Акыры жүрөгү кармап, көчөдө жан берет.
Демократияга чабуул биринчи сөз эркиндигин, андан кийин менчикти кысуудан башталат эмеспи. Мамат Сабыровдун бул аңгемесинде авторитардык өлкөдө бийликке жакпай калгандар куугунтукка алынып, жыйнап-тергенин тарттырып, чындыгын далилдей албай тагдыры аянычтуу аяктаары сүрөттөлгөн.
Ошол 90-жылдары редакторлор окурмандарын жоготпош үчүн демөөрчү гана издебестен, байге сайып ар кандай сынактарды, лотереяларды өткөрүп турушканын автор “Сулуулар конкурсу” деген аңгемесинде баяндаган.
Анда баш байгени жаш кабарчы сынакка катышууга араң көндүргөн сулуу кыз эмес, белгилүү адамга токол болгон актриса алганы сүрөттөлөт. Муну менен автор кыргыз коомундагы тааныш-билишке, кол ийрисине тарткан адатты сынга алат.
Гезиттин доору бүткөндө…
“Ал бүгүн да таңкы саат беште турду. Көнгөн адаты боюнча газга чай койду. Анан жуунуп-чайынып, сакал-мурутун кырынды. Качан дасторконго отурганда иштен бошоп калганын, эми эч жакка шашылуунун кереги жок экенин ойлоп, көңүлү чөгө түштү”.
Мамат Сабыров “Уволенный” деген бул аңгемесинде 20 жылдан ашуун гезитте эмгектенип, пенсияга чыгар алдында иштен куулган Калил аттуу журналисттин ички сезимдерин жазган.
Калилдин иштен кетишине бир чети редактордун кемчилигин бетке айтканы, экинчи жагы гезиттер мурдагыдай окулбай калганы себеп болот. Жаштарга орун бошотушу керек, анткени штат кыскарып жатат…
“Азыр гезиттердин нускасы улам азайып отуруп, төрт-беш кызматкерге да айлык бериш кыйын болуп баратат. Анан калса гезитке айт десе, үйт деп турган, жаш, жигердүү, эң башкысы акча таап келе турган жаштар керек”, – деп ойлонот Калил. Пенсияга чыгып алсам, бир жерге күзөтчү болуп алмакмын дейт. Чынында андан башка деле жумуш жок болчу.
Калил кээде редакция турган тарапка барып алыстан карап келет, анда ишке кайра чакырып калабы деген үмүт жашайт. Аңгеме журналисттин телефонду жанына коюп, эски гезиттен актер Михаил Пуговкиндин режиссер Леонид Гайдайдан киного чакыруу алганын окуп отурганы менен аяктайт.
“Эта была последняя роль в его исполнении. С тех пор минуло много лет, однако актер все еще ждал звонка. Звонка настоящего Мастера”.
Үч доордогу калемдештердин тагдыры
Мамат Сабыров баш-аягы ондой китептин автору. “Жол”, “Акыркы сапар”, “Балалыктын теректери”, “Арзыкан”, “Дублер палван”, “Карыпканада”, “Сарбаз”, “Ырчы менен корбашы”, “Ынак” аттуу жыйнактары чыккан.
Ар бир китебинде журналисттер, редакцияга тиешеси бар адамдар жөнүндө бир-эки аңгеме камтылган.
Автор алардын баарында Адамды, адамгерчиликти, гуманизмди алдыга коёт. Мисалы, “Интервью” деген аңгемесинде инсультка чалдыккан журналисттин акыркы суранычы аткарылбай калат. “Ый” деген аңгемесинде айлыгы үй-бүлөсүн бакканга жетпей, ызасын ичкиликтен чыгарган кабарчы акка моюн сунат. “Бурма эже” деген аңгемесинде гезиттин техникалык кызматкеринин башкы редактор менен кармашканы, ага карата эркек кесиптештеринин кодулоосу тууралуу сөз болот. “Суракматовду таанычу белеңиз?” деген аңгемесинде редакцияга келген аксакалдын акыркы макаласын окубай койгон журналист кийин ал кайтыш болгонун укканда өкүнөт. “Сентексипер” деген аңгемесинде журналист бала кезинде “Антуан де Сент-Экзюперини оку” деп кеңеш берген кабарчыга кийин ыраазычылык билдирет. “Шедевр” деген аңгемесинде журналистке халтура чыгармасын оңдоткон жазуучуну мыскылдайт.
Мамат Сабыров өзү теңдүү Мелис Эшимканов баштаган бир катар журналисттер, белгилүү адамдар тууралуу эскерүүлөрдү да жазган.
Анткени жазуучу өзү да журналисттик кесиптин ысык-суугун баштан өткөргөн, айтылуу “Асаба”, “Кыргыз руху” ж.б. гезиттеринде узак жылдар иштеп, түркүн тагдырларды жакындан билген. Андыктан көркөм чыгармаларындагы каармандардын көпчүлүгү турмушта жашаган адамдар деп болжолдоого болот.
Санжи Туйтунова, медиасынчы
Түп нуска: Internews.kg