«Адам жандарынын инженерлери» 20 жылда эмне кылышты?

Бул аныктама качан, кайда, кандай шартта айтылса да, генсек Сталиндин жазуучуларга берген өтө жогорку баасы, чындыгында чыгармачыл адамдарга мындан артык баа берүү кыйын, андыктан бул сүйлөм канаттуу сөзгө айланып, күнү бүгүн күчүн жоготпой эл арасында жашап келет. Азыркы заманда, айрыкча эгемендүүлүк келгенден берки жыйырма жыл аралыгында, дүйнө адабиятын, орус адабиятын, күнчыгыш адабиятын (кытай, корей, индия, түркия адабиятын) окуп, көрүп, өздөштүрүп, которуп отуруп мына, мындай жыйынтык чыгарса болот: биз канчалык турмуштун көлөкө жагын, татаал жагын көрсөтпөй, сонун жагын, оңой жагын даңазалап, оң каармандарды баса көрсөтүү менен соцреализм талабында бир жактуу жазылган деп, жаманатты кылбайлы, советтик доордо жаралган жакшы чыгармалардын бардыгын атабаганда да, элге кеңири тараган атактуу чыгармалардын айрымдарын атайын атап кетмекпиз.

Бул көп окуганды жарыя кылуу эмес, бул муктаждык, зарылдык, бул көрсөтмө курал:
А.Толстойдун «Азап жолунда», И.Эренбургдун «Париждин кулашы», Б.Пастернактын «Доктор Живаго», М.Шолоховдун «Тынч Дон», «Бузулган дың», «Адамдын тагдыры», Н.Островскийдин «Болот кантип курчуду», Д.Фурмановдун «Козголоң», «Чапаев», А.Фадеевдин «Жаш гвардия», А.Твардовскийдин «Бейиш өлкө», «Василий Теркин», Л.Леоновдун «Орус токою», В.Катаевдин «Бүлбүлдөйт жалгыз жел кайык», «Полктун уулу», К.Симоновдун «Күн-түнү менен», «Жоокер болуп туулбайт», К.Паустовскийдин «Кара деңиз», Б.Полевойдун «Чыныгы адам жөнүндө повесть», А.Чайковскийдин «Блокада», В.Вишневскийдин «Оптимисттик трагедия», В.Ивановдун «Бронепоезд 14-69», С.Смирновдун «Брест сепили», В.Быковдун «Бөрү-зындан», М.Стельмахтын «Адам каны суу эмес», В.Лацистин «Жаңы жээке карай», Г.Гулиянын «Сакендеги жаз», М.Гусейндин «Апшерон», Б.Кербабаевдин «Чечкиндүү кадам», С.Айнинин «Бухара», М.Айбектин «Ыйык кан», С.Мукановдун «Ботокөз», М.Ауэ­зовдун «Абай жолу», Т.Сыдыкбековдун «Биздин замандын кишилери», Ч.Айтматовдун «Тоо-талаа повесттери» жана башкалар советтик классиканын үлгүлөрү болду.

Советтик жазуучулардын биринчи съездинде Максим Горький он беш союздук республикалардын алдына советтик классиканы жаратуу милдетин койгон. Ал эмне эле?.. Эгерде чечмелей келсек, ал дүйнөлүк адабияттын классиктери, ар бир улуттун классиктери, анын ичинде орус классиктери Пушкин, Лермонтов, Гоголь, Толстой, Достоевский, Тургенев, Чернышевский, Герцен, Чехов жана башкалар адамзаттын калыптануу, өсүү жолунда дүйнөлүк прогресске эбегейсиз зор салым кошкон болсо, эми жаңы заманда дүйнөлүк адабиятка ошончолук салым кошо турган советтик классиканы жаратуу дегендик эле.

Советтик классика жаралдыбы? Жаралды! Болгондо да Горький, Маяковский, Есенин, Блок башында турган советтик классика жаралды. Ал өзүнүн улуу жүрүшүндө, тап күрөшүнүн курч кырдаалында жаңы замандын күрдөөлдүү шартында советтик адамдын типтерин, жаңы образдарын бүтүндөй галереясын жаратты. Биз Мелехов, Давыдов, Нагульнов, Разметнов, Соколов, Телегин, Корчагин, Жухрай, Артем, Левинсон, Кожух, Яровая, Моргунок, Теркин, Сабуров, Серпилин, Синцов, Леонтьев, Маресьев, Кузнецов, Кошевой, Тюленин, Громова, Шевцов, Земнухов, Шадрин, Шамбет, Чаргын, Акман, Артык, Ботокөз, Аскар, Танабай, Дүйшөн, Толгонай, Жамийла, Данияр, Момун, Бостон деген жаңы адамдар менен жолуктук.

Бул каармандар бизге эмгекте, оорукта, майданда дем берип, так жаныбызда, катарыбызда жүрдү. Прозада болсун, поэзияда болсун форма, мазмун, тема жактан гана эмес, жаңыча стилдер, жаңыча ыкмалар, жаңыча атрибуттар жаралды. Мисалы, Маяковский менен Твардовскийдин стилдери өздө­рүнө гана таандык эки башка кө­рүнүш. Же болбосо Шолохов менен Айтматовдун стилдерин, жазуу манераларын, ыкмаларын карагыла.

“Таш кармабай жүр, адам болуп каласың”
Адамга аба менен суу, жер менен асман, материалдык байлык, азык-түлүк, тамак-аш кандай зарыл болсо, руханий байлык, маданий дөөлөт, асыл-нарк эмгектер ошондой зарыл.

Адамды адам кылып, өнүктүрүп, калыптап, жакшыртып, сулуулап, улуулап, ушул турмушка жеткирүүдө «адам жандарынын инженерлери» жараткан көркөм адабияттын таасири, кызматы, аткарган милдети эбегейсиз зор болду. Ошондуктан адамдарды канагаттандыра турган, жашарта турган, эмгекке дем-күч бере турган, көңүлүн эргите турган жакшы чыгармалар азыр айрыкча зарыл.

Бир маймыл бир маймылга: «таш кармабай жүр, адам болуп каласың» деп эскерткендей, адам таш алып, жан-жаныбарларды ургандан тартып, уруштардан, кандуу кагылыштардан башы чыкпай келет. Адам өнүккөн сайын кара тамактан башка да өзүн ыраазы кылдырып, ынсабын тыйдырган күл-азыктар бар эмеспи.

Бирок өзүнүн эле өнүп-өскөн өлкөсүнүн башына келип, анан аны сенек кылып, шал кылып тынган (заман шал эмес эле, заманды сенек кылган сенек адамдар өлкө башында отурган), элдин эсебинен сайрандап аңчылык кылган, экономиканы көтөрөм деген шылтоо менен эл кыдырып, жер кыдырып, урмат-сыйда жыргап өткөн, сыйлыкка да, байлыкка да көзү тойбой кулкуну куруган Брежневдей, же элдин кашыктап жыйнаган байлыгын чөмүчтөп чачып, олигархтарга салып берген, зорго курган зор державаны заматта сатып жиберген Горбачевдой же жыйырма жылдап республика башында отурган узупатордой, Кыргызстанда акыркы жылдарда пайда болгон жапайы магнаттар, синдикаттар, банкирлер, гангстерлер, босстор прихватташтырып алган менчиктерин «Сыдык-ата, Абдыш-ата, Дордой-ата, Кулун-ата, Оберон, хан-Ормон, хан-Шабдан, Аристократ, Аквилон, Вавилон, Монарх, Империал, Адмирал, Лондон, Египет, Инексим-банк, Меркурий-банк, Толубай-банк, Аман-банк, Казбек атап, мурдагы президент баш болуп, мамлекетти уурдап, сатканы аз келгенсип, карапайым калкты атканы кайсы статьяга жатат? Азыркы коммерсант, бизнесмен, брокер, менеджер дегенди аңдабай туруп, аларга суктанып, сыймыктанып, жатып берген эси жок катындарга жол болсун? «Жинди кызга не дээриң бар?» – дегендей, азыр алар экинчи, үчүнчү катын болуп, кесир чайкап, эсиргенден башканы билбей калган.

А коммерсант, бизнесмен, брокер, менеджер дегендер – алыпсатар, кызылкулак, далдалчы, кампачы дегенди эле туюндурат. Советтик тең заманда, бай-кедейи жок кең заманда бул сөздөр терс мааниде колдонулган. Азыр болсо, «бизнесмен» дегенде, катындар жантыгынан жата калат. Түлкүдөй жойлогон шылуундар үстөмдүк кылып турганда, коом бычак мизинде турганда, идеологияны алып жүрүүчү «адам жандарынын  инженерлери» жазуучулар жүзүкара зулумдардын кылмышын, карапайым элдин турмушун советтик адабияттын деңгээлинде изилдеп, жазалбай жатканы абдан өкүнүчтүү.

Биз канчалык мөмөлүү дарактын кабыгына жабышкан курттай чоң адабияттын ичине кирип алып, өзүбүздү жазуучу эсептеп, анан анын коңулунан башпагып, жаратылышты чиритип кордогондой, советтик адабиятка көө сүртүп жамандасак да, анын таасиринде өнүгүп, өсүп, окуп, иштеп, тарбияланганыбызды эч качан эстен чыгарбайлы. Биз ал адабияттан канагат алганбыз, руханий азыктанганбыз, көзүбүз ачылып, сонундар дүйнөсүнө канганбыз, аалам сырларын тааныганбыз. Азыр да анын таасиринде жашап жатканыбызды танбайлы. Тансак же билбесек, кийинки башаламан заманда адабиятка киргендер билбес. Бул билимсиздиктин залдары, маңкурттуктун эң оор, эң кедергилүү көрүнүшү.

Акыркы жыйырма жылда эмнелер жаралды?
Ачык эле айталы,  айрыкча кийинки жыйырма жылда адабиятта да, башка жанрда да, советтик доордо жаралган чыгармаларга тең келерлик чыгармалар жаралган жок деп, тайманбай трибунадан жар салса болот.

Жыйырма жылдын аралыгында өлкөдө болуп жаткан каргашалуу, кандуу окуяларды көрүп жатып, акындар өлгөндөргө кошок кошуп, жазуучулар каргап-шилеп наалат айткандан башка ажыдаарлардын чыныгы жүзүн тарта албай жатышат, алардын зыянкеч тамырларын сууруй албай жатышат. Балким бул келечектин ишидир, бирок бүгүнкү күндүн актуалдуулугун жоготпой, көйгөйлүү маселелерди өз учурунда козгоп, жерине жеткире казып калганга эмне жетсин?! Болгону, тарпы калган нашаа­керликтин, аракечтиктин, мыкаачылыктын, канкордуктун, бейкорлуктун, сойкулуктун, жойпулуктун бетин ачкан болушат. Жаңылык катары жазган болушат. Бул темалар бардык континентте эбак жазылып бүткөн, тарпы чыккан. Азыр тап-такыр башка жагдайдан жаңы мазмундагы жаңы адабиятты жаратуу керек.

Жазуучулар союзу керекпи?
Мына, ушундай коогалуу заманда, көйгөйлүү шартта Жазуучулар союзу керекпи-жокпу деген суроо туулат. Мындай уюм керек болгондуктан, социалисттик заманда ал өкмөт тарабынан атайы уюштурулган.

Азыркы чачыраган чачкын заманда ал ого бетер керек. Кеп, анын башында кимдер турганында. Совет бийлигинин таңында, социалисттик революцияны кабыл албай койгон Куприн, Бунин, Репин, Ходасевич, Хлебников, Набоков сыяктуу чыгармачыл инсандар чет өлкөлөргө кеткен соң Россияда калган акын-жазуучулар символисттер, футуристтер, имижанисттер, декаденттер деп аталган топторду түзүп, чалды-куйду, будуң-чаң, башаламандык (анархия, хаос) өкүм сүргөн.

Акыркы генсек Сталин Каприде жаткан Горькийди 1928-жылы алдырып келип, пролетар жазуучуларынын ассоциациясын түздүрүп, кийин ал 1934-жылы Жазуучулар союзуна айланган. Ошол эле жылы ар бир республикада жазуучулар уюмдары уюшулуп, ал уюмдардын максаты: жазуучулардын башын бириктирип, алардын чыгармачылык деңгээлин жаңы багытка көтөрүү, аларга жакшы шарттарды түзүү, чыгармаларын басмалардан такай чыгарып туруу, театрларга койдуруу, экрандаштыруу, эмгек акы төлөө, элге жеткирүү, окуу китептерге киргизүү, пропагандалоо жана башка иш-чаралар, жеңилдиктер каралган. Ал уюм өз вазийпасын өтөдү десек болот.

Ал кезде «адам жандарынын инженерлери» деп баа берген Сталин өзү жазуучуларга бөтөнчө көңүл бурган. Жакшы жазылган чыгармаларга жыл сайын 1-2-3-даражадагы сталиндик сыйлыктар ыйгарылып, авторлорго ордендер, медалдар тапшырылып, офицердик наамдар, Социалисттик Эмгектин Баатыры деген ардактуу наамдар берилип, атактуулары СССР Жогорку Советине дупутаттыкка шайланып турган.

Жогоруда аталган чыгармалардын авторлору дээрлик сталиндик, мамлекеттик, лениндик, нобелдик, чет элдик сыйлыктардын лауреаттары болгон. Советтик доордо акын-жазуучулардын кадыр-баркы, аброю, бедели өтө жогору эле. Аларды бардык жерде кадырлашкан. Калың масса завод-фабрикаларда, колхоз талааларында, тоодогу малчылар, Тундрадагы бугу багуучулар, Ыраакы Чыгыштагы балыкчылар, Тайгадагы, Каспийдеги кенчилер, нефтичилер, атүгүл Гулагдагы кылмыш мөөнөтүн өтөп жаткандар да урмат менен кабыл алып, атайын жолугушууларды, поэзия кечелерин уюштуруп турушкан.

Мына, ошол жазуучулар союзунун уюшулганына 2009-жылы 75 жыл толду, бирок республиканын мурдагы президенти К.Бакиевдин кайдыгер салкын мамилесинен, тоотпос текеберлигинен, жазуучулардын жанталашкан аракеттерине карабастан, ал иш-чара өтпөй калды. Өтмөк тургай унутта калды. Кала берсе республикадагы кандуу окуялар аз келгенсип, жазуучулардын өз ара кармашы, карама-каршылыгы тыйылбай келет. Башкалар жарашса да жазуучулардын жарашар түрү жок көрүнөт. Андыктан, чыгармачылык потенциалы бар, таасир­дүү, таланттуу жазуучуларды калыс­тык менен карап, тиешелүү наамдарын «сталинче» ыйгарып, тынчытсаңарчы, иштейли демекпиз.

Эрнис ТУРСУНОВ Кыргыз Республикасынын эл акыны,
«Кыргыз туусу», 02.09.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.