Сары кунас
(Кытай жомогу)
Кытайда качандыр бир убакта Ми аттуу чөнтөгүндө сокур тыйыны жок студент жашаптыр. Жадагалса анын бир чыны чайдын акысын төлөөгө да кудурети жетчү эмес экен. Эгерде чайканалардын биринин ыймандуу кожоюну болбогондо, Ми балким ачкадан кесээрип өлөрү мүмкүн эле.
Күндөрдүн биринде Ми кожоюндун алдына келип:
– Мен кетип атам. Колуңуздан жеп-ичкен тамак-аштын эч бирине канчадан бери акча төлөгөн күнүм болелек. Бирок мен сизге ыраазычылык билдирмейин кетпейм. Мына, карап туруңуз! – дейт да, чөнтөгүнөн сары түстөгү борду алып чыгып, дубалдын бетине сары кунастын сүрөтүн чиет.
– Бул – сары кунас, – деди Ми. – Эми ал сизге мен бекер ичип-жеген чыгымдан да он эсе көп киреше алып келип берет. Чайканаңызга эл качан көп келген учурда алаканыңарды үч жолу чапсаңар, дубалдан секирип чыгат да, бийлеп берет. Бирок унутпаңыз: сиз эч качан аны жалгыз адам үчүн бийлеп берүүгө мажбурлабаңыз. Эмесе, жакшы калыңыз… – деп узап кетет.
Таң калган кожоюн, көрөйүнчү деп эртеси чайканага эл көп чогулган убакта меймандардын үч жолу алакан чабуусун өтүнөт. Кол чабуулар угулаары менен дубал бетинен канатын кагып секирип түшкөн сары кунас бир нече укмуштуу бийлерди аткарып берип, кайра дубалдагы ордуна катып калат. Чогулгандар көргөн көздөрүнө ишенип-ишенбей таңыркап суктанышат. Бул окуя күндөн күнгө узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына жетип, чайканага меймандар көп келчү болот. Кожоюн тез байып кеткен менен, бирок, Ми айткан нерсе кулагынын сыртынан кеткен эле…
Күндөрдүн биринде анын босогосун капчыгы калың атка минерлердин бири аттайт. Тегерегинде жалаң карапайым адамдар менен өнөрпоздор отурганына ачууланган атка минер башкаларды кубалап чыгууга буйрук берет. Курчоосундагы кошоматчылары элди таяктап кубалап чыккандан соң өзү калып, чайкана ээсине чөнтөгүндө тултуйган акчасынын баарын сууруп чыгып:
– Сары кунасыңдын өнөрүн көргөз! – дейт.
Алдында толтура акча жатканын көргөн тиги бечара баарын унутат да, үч жолу алакан чабат. Сары кунас негедир бул жолу сыркоо немедей, дубалдан көңүлсүз секирип түшүп, болгону бир бий аткарат. Болду, ордуна кайра барып, катып калат. Буга атка минердин ачуусу кайнап, кыйкырык-өкүрүк салып да сары кунасты бийлете албай коёт.
Ошол түнү чайкананын эшиги катуу такылдаганынан, кожоюн каалганы ачса, алдында бир кездеги студент Ми турат. Ал эч нерсе айтпастан, чөнтөгүнөн алып чыккан чоорун сыбызгытып, кайра артына бурулат. Чоор үнүн уккан сары кунас ордунан силкинип, Минин артынан шашылыш жөнөйт.
Ошол күндөн ушул күнгө чейин студент Ми жана сыйкырдуу сары кунасты көргөн жан болбоптур. Кары адамдардын айтымында, эгерде мындай керемет дагы бир жолу кайдан-жайдан учурап калар болсо, демек ал бир адамдын эмес, баарыбыздын энчибиз болушу керек. Кокус, аны бир эле адам энчилеп алгысы келсе, дароо көздөн кайым болот экен.
Которгон Олжобай ШАКИР
Pingback: Жомоктор — Кыргыз маданият борбору