Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн 100 миң сом бөлүндү

Кыргызстандын өкмөтү мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо үчүн 100 миң сом бөлдү. Бул тууралуу Кыргыз улуттук университетинде өткөн “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 20 жылдыгына арналган республикалык илимий-практикалык конференцияга катышып жатып, вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева билдирди.

Ө. Абдуллаева Кыргызстандын эли дүйнөлүк коомчулукка мамлекеттин экономикалык-социалдык өнүгүшүнөн сырткары маданий руханий байлыгы менен да тааныла алат. “Көп кылымды карыткан мамлекеттик тил өз өнүгүшүнө зор салым кошкон. “Манас” эпосу «Илиада» жана «Одиссея» сыяктуу эпостордун катарынан орун ала алат. Мындай мисалдарды көп эле келтирсек болот”,- дейт вице-премьер. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы таратты.

“КАБАР” МА, 23.02.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.