С

  1. Сааганым Сарбагыштын бээси, азандан келет ээси.
  2. Саан камдаганча, саман камда.
  3. Саан камдагыча, сабаңды камда.
  4. Саан уйду кысыр уйга алмашбайт.
  5. Сааның жок болсо да сабааң болсун.
  6. Саап ичсең – миң күндүк, союп жесең – бир күндүк.
  7. Саатты артка карап жүргүзө албайсың.
  8. Сабаасына карай (жараша) – бишкеги, сакалына (мурутуна) карай (жараша) – искеги.
  9. Сабагы жаман жемиштин даны да жаман.
  10. Сабаттуу күн сымак, сабатсыз түн сымак.
  11. Сабына жараша – бычагы, сакалына жараша –искеги.
  12. Сабырдуу адам – жылдыздуу.
  13. Сабырдуу болсоң – озорсуң, сабырсыз болсоң – осолсуң.
  14. Сабырдуулугуң – салтанатың.
  15. Сабырдуулук – бакыттын ачкычы.
  16. Сабырдуулук акылмандын шериги.
  17. Сабырдуунун багына алма бүтөт, сабырсыздын башына кайгы түшөт.
  18. Сабырдын түбү – сары алтын, санабай билгин кымбатын.
  19. Сабырсыздын иши тамырсыз.
  20. Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт.
  21. Сагызгандын баласы агынан көп карасы.
  22. Сагызгандын санаасы жоордо, соргоктун санаасы куйрук – боордо.
  23. Сагынычтан – саргаят
  24. Сайма сая албаган ийне тандайт.
  25. Сайраган жайкы булбул – гүлдүн көркү.
    Жаркырап жайнаган кыз — үйдүн көркү.
  26. Сак болсоң, ишиң ирээттүү болот.
  27. Сак жүргөн кор болбойт.
  28. Сакадай бою – сары алтын.
  29. Сакал тойдо керек.
  30. Сакалдуу киши жоого түшөбү?
  31. Сакалдуунун баары эле чоң ата эмес.
  32. Сакалдын көркү – чалда, сулуунун көркү – калда
  33. Сакалы өссө да, акылы өспөптүр.
  34. Сакалы узун, акылы кыска.
  35. Сакалың өспөсө, сакалсызга күлбө.
  36. Сакалыңдын агы бар, балалыгың дагы бар.
  37. Сактанбаган алп жардан алыс кетиптир.
  38. Сактансаң – сактаймын, сактанбасаң – отко кактаймын.
  39. Сактансаң, соо каларсың.
  40. Сактасаң миң күндүк, сактабасаң бир күндүк.
  41. Сактыкка кордук жок, закондо зордук жок.
  42. Сактын саны калып, маңыроонун сайда саны калат.
  43. Салаалап сыйпап сакалды, карылар айтат макалды.
  44. Саламсыз кирген уят, жоопсуз чыккан уят.
  45. Салынуу капкан – теңсиздик, зарланган муң – элсиздик, аккан жаш – жерсиздик.
  46. «Саман учуп келатат» десе, «Самарканды жоо чапты» дейт.
  47. Саманкана күйдү десе, Самаркан күйдү дейт.
  48. Сан тийбеске сан тийди, табак-табак нан тийди.
  49. Санаа – саргайтат, убайым – картайтат.
  50. Санаа – эрди саргайтат, сары жел – чөптү кубартат.
  51. Санаа коёндон (куюндан) да күлүк.
  52. Санаа менен байыба, убайым менен карыба.
  53. Санаа менен жетпеген, талап менен табылат.
  54. Санаа тарткандын ичкени – ирим, жегени – желим.
  55. Санаанын изи жок, санаасыз киши жок.
  56. Санаасы жок – уйкучул, акылы (же ары) жок – күлкүчүл.
  57. Санаасы жок сары сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө теминет.
  58. Санаасы жок уйкучул, акылы жок – күлкүчүл.
  59. Санабай туруп, түгөл дебе.
  60. Сандык жыйган жүгүңө, сарамжал кылгын үйүңө.
  61. Санчыга – сан.
  62. Саны бар, сапаасы (же сапаты) жок.
  63. Саны менен бирге даны болсун.
  64. Сапарбайдын сан жылкысы көрүнбөй, Кулансарыктын кула байталы көрүнөт.
  65. Саралалуу көп жылкы булактан келип суу ичсе, булактын чери жазылат.
  66. Сарамжалдуу – байлыкка алып баруучу байсалдуу жол.
  67. Сарамжалдуулук байлыктан артык.
  68. Сараң адамды кесип алса кан чыкпайт.
  69. Сараң байдын коногу болгуча, март кедейдин коногу бол.
  70. Сараң эки жолу төлөйт.
  71. Сараңдан сурасаң, ал сары оору болот.
  72. Сараңдардын миңинен, жалгыз да болсо март жакшы.
  73. Сараңды берип уялт.
  74. Сараңдын жыйганын зордукчу чачат
  75. Сараңдын казаны кайнабайт.
  76. Сараңдын колу тар, кайда барса жолу тар.
  77. Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң.
  78. Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң.
  79. Сарсанаа болбо жогуңа, санаа жокко жеткирбейт.
  80. Сарт байыса там салат, кыргыз байыса катын алат.
  81. Сарт бышырсын, кыргыз туурасын, казак ашасын.
  82. Сарт санаа менен байыйт, убайым менен карыйт.
  83. Сарт үйүн көргөндө чабат.
  84. Сарттын аты жемкор болсо, дорбоону тешет.
  85. Сарттын ашына күйгөнчө, атаңдын башына күй.
  86. Сары ала тоок саман чачат, өз айыбын өзү ачат.
  87. Сары майдай сактаган.
  88. Сары савылды ичкендин жаны савил.
  89. «Сасык» деп, уйдун мурдун кесип таштабайт.
  90. Сая албаган – ийне тандайт, саптай албаган – учук тандайт.
  91. Саяк жүрсөң, таяк жейсиң.
  92. Саяк менен сагызганга убал жок.
  93. Саяпкери жарашса, жаман ат байге алат.
  94. Себепсиз күлгөн тарбиясыздыктын белгиси.
  95. Себепсиз макал айтылбайт
  96. Себептен себеп, балчыктан имарат.
  97. Секет үчүн сегиз сөм ыйгарганың – молдонун кызын септүү кылганың.
  98. Сексен жылкы, сегиз төө септүү кыздын калыңы.
  99. Сел — жерди бузат, ушак — элди бузат.
  100. Сел сайды бузат, ушак элди бузат.
  101. Семиз арыктаганча арыктын жаны чыгат.
  102. Семиз арыктаганча, арыктын жаны чыгыптыр.
  103. Семиз жер – мейиз жер, шор жер – кор жер, кум жер – кубулган жер.
  104. Семиз кой берем дегенге, селдесин саткан молдо бар.
  105. Семиздикти кой көтөрөт, эркеликти уул көтөрөт.
  106. Семиздин аягы сегиз.
  107. «Сен» деген сыпайыга өлүм.
  108. «Сен», «мен» деген сенек сөз, «сиз», «биз» деген сылык сөз.
  109. Сен арт, мен арттан да, сен тарт, мен тарт жаман.
  110. Сен калкалаган душманды биз талкалаганда сүйлөшө жатарбыз.
  111. Сен каркыра мен турна, мен турган жерге сен турба.
  112. Сен салар да мен салар, атка чөптү ким салар?
  113. Сен сыйласан карыңды, кудай сыйлайт барыңды.
  114. Сен эч кимди ойлобосоң, сени эч ким ойлобойт.
  115. Сен, сен деген селейет.
  116. «Сеники», «меники» – көңүлдүн тардыгы, «ары жат», «бери жат» – төшөктүн тардыгы.
  117. Сени күндүз мактаган түндө сөгөт.
  118. Септүү кыз болгуча, эптүү кыз бол
  119. Серкеси болбой, эл болбойт.
  120. Сескенгенден сескен, шектенгенден шектен.
  121. «Сиз», «биз» деген сылык сөз, «сен», «мен» деген сенек сөз.
  122. Сиздердикине барганда – ичейли да жейли, биздикине келгенде – ырдайлы да ойнойлу.
  123. Сиздин акканыңыз биздин акканыбыз.
  124. Сийдиги тентектин бири тентек, жатыны тентектин баары тентек.
  125. Сиңер жерге суу жай, угар кишиге сөз айт.
  126. Сиркеси суу көтөрбөйт.
  127. Согумдун башы – чечемдин ашы.
  128. Согумун чүйгүн болсо ичиңден кымый (сакта).
  129. Согушту көрбөгөн баатырсыйт.
  130. Согуштун жегени пул, ичкени кан.
  131. Согуштун көзү – сокур.
  132. Соёрун сойдук, тогуз катын кантип артабыз?
  133. Соёрун сойдум, тартуу (же тартышы) кандай болот?
  134. Сойгонуң — улак, теке.
    Тартканын — кулак чеке.
  135. Сойгуң келсе малдын семизин сой, арыгын ордуна кой.
  136. Сокку канчалык күчтүү болсо, душман ошончолук басынат.
  137. Сокмо да болсо бөз жакшы, сокур да болсо көз жакшы.
  138. Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат.
  139. Сокулуу катын – зор катын, сокусуз катын – кор катын.
  140. Сокур – орой, таз – кыйык, маңкада (бучукта) бар аз кыйык.
  141. Сокур атка котур ат үйүр.
  142. Сокур ит аксак түлкүдөн үмүт кылат.
  143. Сокур иттен аксак ит соогат сурайт.
  144. Сокур киши – шоола менен, бакыр киши – маана менен (жүрөт).
  145. Сокур көргөнүн (сыйпалаганын) койбойт, дүлөй укканын (тыңшаганын) койбойт.
  146. Сокур намыс баш жарат.
  147. Сокур өлгүчө көзү ачыларынан үмүт кылат.
  148. Сокур тутса – бек тутат, чолок урса – бек урат.
  149. Сокур уй кудук көргөндөй болбо.
  150. Сокурга күзгүнүн кереги не?.
  151. Сокурга күн, түн бирдей.
  152. Сокурдан кароолчу койсоң, элди жоого алдырат.
  153. Сокурдан сакчы койсоң, элиңди чаптырасың.
  154. Сокурдун тилегени эки көз, көйнөксүздүн тилегени бөз, дүлөйдүн угайын дегени жакшы сөз.
  155. Сологойдун оңу бар.
  156. Сом темирге балка бар, чоңсунганга (же зордукчулукка) алда бар.
  157. Соо болом десең, боюңа өлчөп тамак ич.
  158. Соо эмес кыз соо кыздын бетин тырмайт.
  159. Соода – сакал сыйпаганча.
  160. Соодагер барган жериң жакын дейт.
  161. Соодагер өтүгүн майлайт, өтүгү көчүгүн майлайт.
  162. Соодагер санаасы менен байыйт, убайым менен карыйт.
  163. Соодагерге мал кайгы, оорулууга жан кайгы.
  164. Соодагерге нысап жок.
  165. Соодагерде акча болбосо, сууда балык да болбойт.
  166. Соодагерде нысап жок.
  167. Соодада достук жок.
  168. Соодада көңүл жок, саламда борчтук жок.
  169. Соодасы түгөнгөн сарттай (соодагердей) болду.
  170. Соодасы түгөнгөн соодагердин кейпи кетет.
  171. Соолбос өмүр, сынбас темир болбос.
  172. Соолгон көлгө бака айгыр (чоң).
  173. Соолгон көлгө бака айгыр, тул катынга жалчы айгыр.
  174. Соолук койдун жашы жакшы, шишек койдун башы жакшы.
  175. Соонуку – дилинде, мастыкы – тилинде.
  176. Сопу согон жебейт, жесе кабыгын да койбойт.
  177. Сопунун көөнү азанда, соргоктун көөнү казанда.
  178. Сопусунган молдонун үйүнөн жети камандын башы чыгыптыр.
  179. Соргок – суусак, долу–ыйлаак, ырысы жок– таарынчаак.
  180. Соргокко кырсык үйүр.
  181. Соргокко чоң табагыңды көрсөтпө.
  182. Соргоктун өзү тойсо да, көзү тойбойт.
  183. Сорпосу даамдуу болсо, союлган козуга кайгыруу жок.
  184. Союл камдаганга – токмок көтөр.
  185. Союлду ура билбеген өзүнө тийгизет.
  186. Сөгүп үйрөтпө – сүйлөп үйрөт, сөгүп үйрөтпө – окутуп үйрөт.
  187. Сөз – жип, кандай созсо кете берет.
  188. Сөз – сөөктөн (өпкөдөн) өтөт, жүлүнгө (чучукка)жетет.
    Таяк – эттен өтөт, тез эле унутулуп кетет.
  189. Сөз – тапка кирбес, боосуз куш, ооздон чыкса карматпайт.
  190. Сөз – үрөн, иш – мөмө.
  191. Сөз (кеп) келгенде сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн (кептин) атасы өлөт.
  192. Сөз айласын (жүйөсүн) билбеген, сүйлөй билбес жамандар, сөздү – өзүнө келтирет,
    Көч айласын билбеген, көчтө (көчкөндө) көлүк өлтүрөт.
  193. Сөз айласын билбеген, сөздү өзүнө келтирет,
    Күч айласын билбеген, көчтө көлүк өлтүрөт.
  194. Сөз айтпагын болбоско, суу куйбагын толбоско.
  195. Сөз атасы – кулак, жол атасы – туяк.
  196. Сөз атасы – кулак, суу атасы (энеси) – булак.
  197. Сөз атасы — ыр,
    Сөз катасы — чыр.
  198. Сөз баштаган эл баштайт.
  199. Сөз башы ачуу болсо, аягы таттуу болот.
  200. Сөз бербеген жөө чечен, учуп жүргөн камгактай.
  201. Сөз билбеген муштуму менен коркутат
  202. Сөз билгенче, иш бил.
  203. Сөз билги – тапчыл, адам сулуусу– акыл.
  204. Сөз билүүчү адамдын ар сөзүндө бир тузак.
  205. Сөз бирөө, кулак экөө.
  206. Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат.
  207. Сөз жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет.
  208. Сөз жебеген адамдын ар сөзүндө бир тузак.
  209. Сөз жүзүндө сүйүүдөн, ачык жек көрүү артык.
  210. Сөз жүйөөсүн тапса, мал ээсин табат.
  211. Сөз жүйөсүн тапса, мал ээсин (эсебин) табат.
  212. Сөз жүрөккө сакталат, бөз ийинде какталат.
  213. Сөз кадырын билбесен, өз кадырың билбейсиң.
  214. Сөз келгенде кайнатаңдан тартынба.
  215. Сөз келсе – де, аш келсе – же.
  216. Сөз көркү – макал, эр (дин) көркү – сакал.
  217. Сөз көркү макал, эр (дин) көркү – сакал.
  218. Сөз кулагы барга айтылат.
  219. Сөз кутулбайт чеченден, мээнет кетпейт бечелден.
  220. Сөз куш эмес, ооздон чыкса карматпайт.
  221. Сөз маанисин билбеген сөзгө калат.
  222. Сөз өзөгү – макал.
  223. Сөз санабай гүлүн айт, миңин айтпай бирин айт.
  224. Сөз сөздөн чыгат, сүйлөбөсө эмнеден чыгат.
  225. Сөз сөздү табат.
  226. Сөз сөөктөн өтөт, таяк эттен өтөт.
  227. Сөз сөөктөн өтөт, чучукка жетет.
  228. Сөз сурамак – ызаат,
  229. Сөз тапкан колко бербейт.
  230. Сөз татыгын билбеген – сөздү баалабайт.
  231. Сөз төркүнүн билбеген, сөз түбүнө жете албайт (уятка калат).
  232. Сөз угаарың болбосо, сүйлөбөгүн бекерге.
  233. Сөз элдин кенчи, чөп жердин кенчи.
  234. Сөз эмес сөздү, сөз кылат, (сүйлөйт).
  235. Сөз ээси киши – журт көзү.
  236. Сөз ээсин табат.
  237. Сөзгө – баатыр, ишке – бакыр (жалкоо, жок).
  238. Сөзгө – сараң, ойго – терең.
  239. Сөзгө жараша сөз айтпаса, сөздүн атасы өлөт.
  240. Сөзгө жараша сөз, суроого жараша жооп.
  241. Сөзгө ишенбе, көзүңө ишен.
  242. Сөзгө кыйын, иште жок.
  243. Сөзгө сөйкөнбө, кепке кептелбе.
  244. Сөзгө сөлтүк, кепке кемтик.
  245. Сөзгө чоркок муштумун көрсөтөт.
  246. Сөздөн (дүн) сөздүн (дөй) баркы бар, ар бир малдын (сексен сегиз) наркы бар.
  247. Сөздү – сөз жыгат.
  248. Сөздү – сөздө, артын – көздө.
  249. Сөздү билген таап алат, сөздү билбеген каап алат.
  250. Сөздү коюп, бөзгө кел (Сөздү коюп, бөздөн кел).
  251. Сөздү коюп, бөздү айт.
  252. Сөздү көп сүйлөсө – тантык, сууну көп кечсе – чалчык.
  253. Сөздү убагында айтпаса – атасы өлөт.
  254. Сөздү уккан жерге айт.
    Сууну сиңген жерге сеп.
  255. Сөздү чын токтотот, сууну чым токтотот.
  256. Сөздү чындык токтотот.
  257. Сөздүн айгагы сөз.
  258. Сөздүн атасы – ыр, катасы – чыр.
  259. Сөздүн ачыгы жакшы, жолдун жарыгы жакшы.
  260. Сөздүн баркы – кыскалыгында.
  261. Сөздүн башы бир кучак, аягы миң кучак.
  262. Сөздүн башы катуу болсо, аягы таттуу болот.
  263. Сөздүн көркү – макал, жигиттин (жүздүн) көркү – сакал.
  264. Сөздүн көркү – санат, куштун көркү – канат.
  265. Сөздүн кызуу темирдей ийилген убагы болот.
  266. Сөздүн сөздөй баркы бар, отуз эки наркы бар.
  267. Сөздүн ток этээр жери бар (жыйынтык).
  268. Сөзү – таттуу, көңүлү – катуу (ачуу).
  269. Сөзү аздын иши аз
  270. Сөзү жаман элди булгайт, буту жаман төрдү булгайт.
  271. Сөзү калса талаада, өзү калат балаага.
  272. Сөзү кардай аппак, иши көөдөй кара.
  273. Сөзү менен байыткан, колу менен жарытпайт.
  274. Сөзү өткүрдүн (курчтун) көзү өткүр (курч).
  275. Сөзү суук адам, баш бербеген торпокко окшош.
  276. Сөзү ырас болсо – ордунда турат, сөзү калп болсо – кудай (же арбак) урат.
  277. Сөзү экинин – иши да чеки.
  278. Сөзүн сыйлаганың өзүн сыйлаганың,
  279. Сөзүндө ырысы болбосо, эткени эм болбойт.
  280. Сөзүң болбосо, ишиң болсун.
  281. Сөзүң күмүш болсо, тек турууң алтын.
  282. Сөзүң кыска болсун, колуң уста болсун.
  283. Сөзүң менен ишиң ача болбосун.
  284. Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе.
  285. Сөзүң өлгөнчө – өзүң өл!
  286. Сөөгү биздики, эти сиздики.
  287. Сөөгү бышып катыгат, сөз айтууга жатыгат.
  288. Сөөгү жакшы сөктүрбөйт.
  289. Сөөк (тууган) кайрылат, дос айрылат.
  290. Сөөк мүлжүбөй этке тойбойт, сыр чечишпей (же коно жатпай) кепке тойбойт.
  291. Сөөккө бычак сатпа.
  292. Сөөксүз тил сөөктү сындырат.
  293. Сөөктүн эң жаманы суу кечирет
  294. Сөөмдү жакын, карышты алыс көрбө.
  295. Сөөмөй менен түртсөң, муштум менен жооп аласың.
  296. Сугалак суудан балык кубалайт.
  297. Сугатчы тилейт эгинин, усталар тилейт темирин.
  298. Сугатчы чакырса – барбайм дебе,
    Сууга аккан молдону – кармайм дебе.
  299. Сугатчынын аты сууда өлөт.
  300. Сук чычкан сууга түшүп өлөт.
  301. Суктан сураба, сараңга бербе.
  302. Суктун көзү ач болот.
  303. Султан сөөгүн кордобойт.
  304. Сулуу – сулуу көрүнбөйт, сүйгөн – сулуу көрүнөт.
  305. Сулуу – сулуу эмес, сүйгөн сулуу.
  306. Сулуу аялдын сузу жакшы.
  307. Сулуу болсо көрөөргө жакшы, жакшы болсо жашаарга жакшы.
  308. Сулуу кыз, кыраан бүркүт, алгыр тайган таалайлууга туш келет.
  309. Сулуу кыздын – саамайы көрк, эр жигиттин – таалайы көрк, саябан бактын – маанайы көрк.
  310. Сулууга баа жок.
  311. Сулуулугунан – жылуулугу артык.
  312. Сулуулук – жандын азыгы, кыялдын канаты.
  313. Сулуулуктан – жылуулук.
  314. Сулуулукту көздөн издебе, сөздөн изде.
  315. Сулууну кучактаган кубанат.
  316. Сулууну суукта көр, жакшыны жаанда көр.
  317. Сулуунун көрку – көзүндө, чечендин көркү –сөзүндө.
  318. Сумбула түшпөй суу тоңбойт, кыргыек келбей жаз болбойт.
  319. Сунса кол узарбайт, жумулса көз ачылбайт.
  320. Сунулган (башты) моюнду сунулган кылыч кеспейт.
  321. Сураган жеңил, жооп бериш оор.
  322. Сураган уят эмес, уурдаган уят.
  323. Сураганга – бекер бер, суусаганга – жеке бер.
  324. Сураганга бекер бер, суусаганга эки бер, кыла көрбө текебер.
  325. Сурай – сурай Меккеге барат.
  326. Сурап бергенче, уруп бер.
  327. Сурап ичкен – суу ичкен, тартып өпкөн – жел өпкөн.
  328. Сурап ичкен тамагың – суу ичкен менен барабар,
    Уурдап ичкен тамагың – уу ичкен менен барабар.
  329. Суу – адамдын жаны, өсүмдүк – каны.
  330. Суу – жашоонун булагы
  331. Суу – жерге, байлык – элге.
  332. Суу – жерге, илим (билим, байлык)– элге.
  333. Суу аккан арык жашаңча. (Суу жүргөн өзөн кургабайт).
  334. Суу бар жерде жашоо бар.
  335. Суу бар жерде тиричилик бар.
  336. Суу башаттан бузулат.
  337. Суу башаттан оңолот.
  338. Суу башынан тунат.
  339. Суу бойдун кирин кетирет, ойдун кирин кетирбейт.
  340. Суу да алла тааланын колунан бүткөн.
  341. Суу да катуу жерге токтойт.
  342. Суу жердин каны, жер дыйкандын жаны.
  343. Суу жок арыктан кол жууй албайсың
  344. Суу жүргөн өзөн кургабайт.
  345. Суу жээгинен кудук казбайт.
  346. Суу ичкен кудугуңа – түкүрбө.
  347. Суу канык – эгиндин даны толук.
  348. Суу кетсе таш калат, сурма кетсе каш калат.
  349. Суу кечпеген сөздүн кереги не.
  350. Суу кечпей, кепичиңди чечпе.
  351. Суу кечпес сөздү айтпаган жакшы.
  352. Суу менен жер көгөрөт, эл менен эр көгөрөт.
  353. Суу менен келген – жел менен кетет.
  354. Суу менен ойнобо – чөгөсүң, от менен ойнобо – күйөсүң.
  355. Суу менен ойнобо, жай күнүнө ишенбе.
  356. Суу мол болсо, нан да мол.
  357. Суу өз тереңин табат.
  358. Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот.
  359. Суу ташыса – жээгине, эр ташыса – элине.
  360. Суу ылдый агат, баатыр өр талашат.
  361. Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт.
  362. Суу эркиндикти сүйөт.
  363. Суу, суу дегенден суусун канбайт.
  364. Сууга жакын – кудайга жакын.
  365. Сууга чөккөн адам өлөт, кайгыга чөккөн адам көнөт.
  366. Суудан алып сууга куйду, бозочунун неси кетти?
  367. Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөн соң эмнемди берейин.
  368. Суудан сээп бышырган кийиз суудан да, сууктан да сактайт.
  369. Суудан тонун аябаган, жоодон жанын аябас.
  370. Суук сөз тууганга да жакпайт.
  371. Суук сөөктөн өттү, чучукка жетти.
  372. Сууну жер бөгөйт, жоону эр бөгөйт.
  373. Сууну коп кечсе – чалчык болот,
    Сөздү көп сүйлөсө — тантык болот.
  374. Сууну чым токтотот, сөздү чын токтотот.
  375. Суунуку – сууга, сайдыкы – сайга.
  376. Суунун жайын жар билбейт, жоктун жайын бар билбейт.
  377. Суунун жакыны, төркүндүн алысы жакшы
  378. Суунун ийрими жаман, карынын ырымы жаман.
  379. Суурган кылыч кынга кирбес.
  380. Суусаганга кара суу майдан жакшы.
  381. Суусаганга кымыз бер, сураганга кошо бер.
  382. Суусаганга суу да таттуу көрүнөт.
  383. Суусу тунук жер асыл,
    Сулуусу көп эл асыл.
  384. Суучулдун ажалы суудан, мергендин ажалы тоодон, баатырдын ажалы жоодон.
  385. Суюктун сөзү – туюк, кыңырдын сөзү – кыйшык.
  386. Суюкуун баары сорпо болбойт, теринин баары көрпө болбойт.
  387. Сүзөнөөк уйга кудай мүйүздөн айтпаган.
  388. Сүйбөгөн менен жашоо – өзүңдү өзүң кыйноо.
  389. Сүйбөгөнгө – сүйкөнбө.
  390. Сүйбөгөнгө суюк атала берет.
  391. Сүйбөс конок төргө өт.
  392. Сүйгөн кесибиң – ырыс-кешигиң.
  393. Сүйгөнгө үйүр эмес – кошконго үйүр, кошконго үйүр эмес – сүйгөнгө үйүр.
  394. Сүйгөнүңдүн кемчилиги болбойт.
  395. Сүйгүзгөн да тил, күйгүзгөн да тил.
  396. Сүйлөгөн сөздү угууга, сүйө турган эл керек.
  397. Сүйлөгөндү сүйсөң, укканга да үйрөн.
  398. Сүйлөй – сүйлөй чечен болосуң, көрө-көрө көсөм болосуң.
  399. Сүйлөрүн Кара Маңка сүйлөдү, уяларын мен уялдым.
  400. Сүйлөсө тилинен бал тамат.
  401. Сүйлөсөм тилим ооруйт, сүйлөбөсөм дилим ооруйт.
  402. Сүйлөсөң сөздү татыгы менен сүйлө.
  403. Сүйөөрүң да – от, күйөөрүң да – от.
  404. Сүйрөлгөн иште сүйкүм жок.
  405. Сүйрүсүнө сүт толот, ийрисине эт толот.
  406. Сүйүнгөн менен маңдай айрылбайт, корккон менен жүрөк жарылбайт.
  407. Сүйүнчүнү бүюрган киши алуучу, шашкан куру калуучу.
  408. Сүйүү башталган жерде, акыл аягына чыгат.
  409. Сүйүү кары – жашты ылгабайт.
  410. Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл.
  411. Сүйүү оттон ысык, гүлдөн назик.
  412. Сүйүү өлүмдөн күчтүү.
  413. Сүйүү сулуу издебейт, уйку төшөк издебейт.
  414. Сүйүүнүн көзү сокур.
  415. Сүйүүсүз аял карыз алган буюмдай.
  416. Сүйүшпөгөндүн оту күйүшпөйт.
  417. Сүлөөсүндөй керилбе, чоңдугуң иттей эле бардыр.
  418. Сүлөөсүндөй керилген, сүйлөөр сөздөн эринген.
  419. Сүрүп-сүрүп мал бер, сары өркөчтүү нар бер.
  420. Сүт десең уй бак, эт десең кой бак.
  421. Сүт ирдентет, шарап жиндентет.
  422. Сүт менен бүткөн мүнөз сөөк менен кошо кетет.
  423. Сүткордон карыз алба.
  424. Сүткө оозу күйгөн — айранды үйлөп ичет.
  425. Сүткө түшкөн чычкандай.
  426. Сүттөн күйгөн оозум айрандан күйөбү деп чоочуйм.
  427. Сый – сыйга жарашат, сый билбеген адашат.
  428. Сый көрөм десен сыйлай бил.
  429. Сыйга – сый, сыр аякка – бал.
  430. Сыйга берген сыналбайт.
  431. Сыйдын чеги болбойт.
  432. Сыйлаганга аш таппасаң, сыпаа-сылык сөз тап.
  433. Сыйлаганды билбеген, сыйпалаган көр сокур.
  434. Сыйлаганды күтө бил, кыйнаганды түтө бил
  435. Сыйлашарга жат жакшы, ыйлашарга өз жакшы.
  436. Сыйлашпаган тууганың – сыр айтпаган душмандай.
  437. Сыймыгы качкандын үй – бүлөсүнө баркы болбойт.
  438. Сылап көргүн (билгин) тил менен.
  439. Сылап сакал, сыйпап мурут чыгарган.
  440. Сылыктыктын белгиси – алыш-бериш,
    Ынтымактын белгиси – барыш-келиш.
  441. Сынбас жыгач өсөбү, алдан – күчтөн тайбас алп болобу?
  442. Сынбас темир жок, өлбөс киши жок.
  443. Сынбасты уста жасабайт, өлбөстү кудай жаратпайт.
  444. Сынгандан бертинген жаман.
  445. Сындуу болсо өтүгүң, оорутпасын бутуңду.
  446. Сынчынын сыңар өтүгү майрык.
  447. Сыныктан башканын баары жугуштуу.
  448. Сыңар кепти кетирбей эшит.
  449. Сыпаага «сен» деген сөз – өлүм.
  450. Сыпайы менен дос болбо, катынга сырыңды айтпа.
  451. Сыпайы сырын жашырбайт.
  452. Сыпайы тоңбос калтырар.
  453. Сыр алдырбас киши жок мактанса да, күнөө кылбас киши жок актанса да.
  454. Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт.
  455. Сырга көк, убадага бек бол.
  456. Сырдашса сыр чечилет, сырдашпаса не чечилет.
  457. Сыртта мырза, үйдө кул.
  458. Сырты жалтырак, ичи калтырак.
  459. Сыртын көрүп ичинен түңүлбө.
  460. Сыртынан тон бычуу
  461. Сырын алган байталдын сырт жагына чыкпагын.
  462. Сырын ачкан эмчиге сыйкыр бакпас.
  463. Сырын билбей дос болбо.
  464. Сырын билгиң келсе, сөзүн ук.
  465. Сырыңды айтсаң бирөөгө, каласың катуу күнөөгө.