Ч

  1. Чаккан – өлтүрөт, мактаган – жеткирет.
  2. Чакылдаган катынды үй чечкенде (кыз бергенде) көрөрбүз.
  3. Чакырганга барбаган, ымдаганга зар болот.
  4. Чакыргандан калба, өзүң басып барба.
  5. Чакырылбаган конок, шыпырылбаган жерге отурат.
  6. Чала молдо дин бузат.
  7. Чапанчанга камчы чапса, көйнөкчөнгө доо кетет.
  8. Чапкан сайын көз чыкпайт.
  9. Чапсаң – чарчарсың, желсең – жетерсиң.
  10. Чарчаган кулда жазык жок.
  11. Чачтарач менен сүйлөшсөң, устара менен кайрагын айтар.
  12. Чегирткеден корккон эгин экпейт.
  13. Чегирткенин алын көр, да канын сор.
  14. Чечен – чечен эмес, өкүм чечен.
  15. Чечендин – тили орток, чебердин – колу орток.
  16. Чирикке чымын үйүр.
  17. Чокой кийген бут куурайт, чогоолга тийген кыз куурайт.
  18. Чокум барда мал жокпу?
  19. Чоң аягыңды чоңго атап ич.
  20. Чоордоюн десем, чоорум жок.
  21. Чоркок киши төөнү жаза муштайт. Өнөрлүү тырмак менен казык уштайт.
  22. Чотко түштүң – отко түштүң.
  23. Чөбү жок деп жерден түңүлбө,
    Малы жок деп эрден түңүлбө.
  24. Чөп көп жерде бука семирет,
    Өлүк көп жерде молдо семирет.
  25. Чөп чыкпаган сайдан кач, кайыры жок байдан кач.
  26. Чөптөн жапыз, суудан тайыз.
  27. Чөптү кор көрсөң, көзгө зыян.
  28. Чубактын кунундай кууду.
  29. Чыгаша чыкпай, киреше кирбейт.
  30. Чыгашалуу малга ээси баш.
  31. Чыдабаганга чыда.
  32. Чыккан – мээнет, кирген – дөөлөт.
  33. Чыккан кыз чийден тышкары.
  34. Чыккан тооң бийик болсо, ыргыткан ташың ыраак түшөт.
  35. Чыкпаган аштыкка өтпөгөн орок.
  36. Чылпагың алам деп, көзүн чукуган.
  37. Чымындуу жерде курт күчөйт, ырымдуу жерде дарт күчөйт.
  38. Чындыкты танууга болбойт,
    Достукту чанууга болбойт.
  39. Чырайды чылап ичпейт.
  40. Чырактын жарыгы түбүнө түшпөйт.
  41. Чырдуу кыздын чыргоо жомогу ырбайт.
  42. Чырпыгы сынса сынсын, чынары сынбасын.
  43. Чырым этсе – көзгө пайда, чымчым ичсе – тамакка пайда.
  44. Чычкан – жойчу, түлкү – уучу.
  45. Чычканга түк бүткөн сайын калтырайт.