К

  1. Каалоосун тапса, кар күйөт.
  2. Кагаз жазып колу жоорубагандын, иштеп бели да оорубайт.
  3. Кагылышта кан өлөт .
  4. Кадырман болсо зайыбың, картайса да кызга тең.
  5. Казандагы кайда качат, каптагыга сак болгун.
  6. Казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса.
  7. Казаны башканын кайгысы башка
  8. Казды туурап карганын буту сыныптыр.
  9. Казына – казына эмес, эл – казына.
  10. Кайберендин каргышы менен эненин каргышы бирдей.
  11. Кайгы жокто кайын энем өлүп кайгыртты.
  12. Кайгы өмүр кесет, калп ырыс кесет.
  13. Кайгы пайдасыз, ый жардамсыз.
  14. Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат.
  15. Кайгырганга кайрылган жакшы.
  16. Кайгысы жок кара сууга семирет.
  17. Кайгысы көптүн касы көп.
  18. Кайгысызга уйку таттуу.
  19. Кайда барсаң Мамайдын көрү.
  20. Каймака куймак куйгандай.
  21. Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт.
  22. Кайнаса каны кошулбайт.
  23. Кайраттуу адам калкына башчы болот.
  24. Кайраттуу жүрөк таш жарат.
  25. Кайраттуу карыса – жаштай, кайратсыз – жаш болсо да карыдай.
  26. Кайраты бар кишинин – берекеси бар ишинин.
  27. Кайрылгандан – айрылба.
  28. Кайрылып ичер ашыңа, какырба да түкүрбө, кереги тиер башыңа.
  29. Как эткен карга, кук эткен кузгун жок.
  30. Какаары болбой, кыш болбойт, катыны болбой, эр болбойт.
  31. Какаганга муштаган.
  32. Кактабай канын соргон.
  33. Калган ишти кар басат.
  34. Калган кадыр, өлгөн жан-кайгырган менен табылбас.
  35. Калемпир ачуу – туз болбойт.
  36. Калк айтса – калп айтпайт.
  37. Калк кадырын биле албайт адилетсиз сүйлөгөн.
  38. Калк казанын көп астым. Кана колумдун көөсү.
  39. Калкта акмактар көбөйсө, акыл кетер,
    Бектерде ушак сөз көбөйсө тагы кетер.
  40. Калп – ырыс кесет, кайгы өмүр кесет.
  41. Калп айткан киши жарыбайт.
  42. Калп ырысты кесет
  43. Калптын арышы кыска.
  44. Калптын казаны кайнабайт.
  45. Калптын сөзү суу кечпейт.
  46. Калпычынын куйругу бир тутам.
  47. Калпычынын чын сөзү бошко кетет.
  48. Калың токоч бышкыча, жука токоч күйүп кетет.
  49. Калыпсыз кыш болбойт, ойлонбосо иш болбойт.
  50. Калыс адамды кодуулого болот,
    Ар намыстан жайдактоого болбойт.
  51. Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат.
  52. Камырдан кыл сууругандай.
  53. Кан иши болсо, катын иши калар.
  54. Кан үйүнүн тардыгы, кара алачыгымдын кеңдиги
  55. Канаттууга кактырбай, тумшукту уга чокуттурбай.
  56. Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба.
  57. Кандан, Бектен кайра тартпаган.
  58. Кандектин карыганы билинбейт.
  59. Кандын да бир татым тузу кемиптир.
  60. Кандын койнунда калтырап жатканча, кулдун койнунда кутуруп жат.
  61. Каниет карын тойгузат.
  62. Канчалык улуу болсоң, ошончолук башыңды ий.
  63. Каныккан киши тыныкпайт.
  64. Капта болсо – казанга түшөт.
  65. Кар бузулбай – сел болбойт.
  66. Кара далы – эр тандабайт, өлөөр адам – жер тандабайт.
  67. Кара жанга күч келсе, дебегенди деп коет, жебегенди жеп коет.
  68. Кара жерди жамандаба, башка кайда барасың, Калың элди жа мандаба, каргышына каласың.
  69. Кара жылды как жарган – калыс.
  70. Кара кыздын агынан эмес, багынан.
  71. Кара кылды как жарган, калыс болсун элиңде,
    Калпты кошпой сүйлөгөн, башчы болсун элиңде.
  72. Кара үйдүн ичи күндүз ынтымактуу, түнү тынч.
  73. Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы.
  74. Караңгы элге капыр да молдо.
  75. Карга баласын аппагым деп,
    Кирпи баласын жумшагым деп.
  76. Карга карасын ким билер, киши аласын ким табар.
  77. Карга карганын көзүн чокубайт.
  78. Карга, каркылдап учуп, каз болбойт.
  79. Каргайын десем – жалгызсың, каргабайын десем – байкушсуң.
  80. Каргыш албай, алкыш ал.
  81. Карды тойгон канга салам бербейт.
  82. Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет.
  83. Каруусу казык, башы токмок болгончо.
  84. Кары адам үйдүн куту.
  85. Кары алжыса – баладай.
  86. Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке.
  87. Кары уйкуну сүйөт, жаш күлкүнү сүйөт.
  88. Карыганда жан таттуу, жандан дагы мал таттуу.
  89. Карыдан ыйман кетсе, жаштан уят кетет.
  90. Карылык коркунуч эмес, өлүм коркунуч.
  91. Карылыктын алды, жаштыктын арты.
  92. Карын ачты, кайрат качты.
  93. Карыны сыйласаң, кор болбойсуң.
  94. Карыны токтун кайгысы жок.
  95. Карынын кебин капка сал.
  96. Карысы бардын ырысы бар.
  97. Карысы жоктун ырысы жок.
  98. Карыш – карыш, сөөм – сөөм.
  99. Карышкыр картайса да, бир козуга алы жетээр.
  100. Карышкырга кой кайтарткан.
  101. Карыялыкка жетип, андагы касиетке жетпеген жаман.
  102. Касапчы энесине сөөк сатат.
  103. Касапчы эттен кам көрөт,
    Кара козу өмүрүнөн кам көрөт.
  104. Кастын ою бөлөк, достун ою жөлөк.
  105. Катуудан тиш оору кыйын, жумшактан ич оору кыйын.
  106. Катын албай кайын ал.
  107. Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
  108. Катын жакшы – эр жакшы.
  109. Катын ишин билет, эркек кушун билет.
  110. Катын өлсө камчы сап.
  111. Катындуу жерде челек бар.
  112. Катының долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда.
  113. Катып отуруп казы жегенче, кайкайып отуруп сарымсак же.
  114. Качан көрсөм тойдон көрөм.
  115. Качкан бакыт кайрылып келбейт.
  116. Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт.
  117. Каш коемун деп, көзүн оюп алды.
  118. Кашык да май, чөмүч май.
  119. Кашыктап жыйганын чөмүчтөп чачкан.
  120. Каяшачыл карыш узабайт.
    Кедейлик кемтик эмес.
  121. Кедей байга жетем дейт, бай кудайга жетем дейт.
  122. Кедейдин жалгыз жылкысы – жорго.
  123. Кедейдин кадыры жок – бай жанында.
  124. Кежирдин чуңкуру көрсүн.
  125. Кекиртектен өткөндүн баары тамак.
  126. Келген – дөөлөт, кеткен – мээнет.
  127. Келген доско тар болсоң, келээр доско зар болосуң.
  128. Келесоого айтылган кайран сөз.
  129. Келме кезек, терме тезек.
  130. Кембагал болсоң көчүп көр.
  131. Кемпир менен чал жатат, кейиш менен таң атат. Жигит менен кыз жатат, жыргал менен таң атат.
  132. Кемпирге – чал, келинге – күйөө, кызга – бозой.
  133. Кеңешип кескен бармак оорубайт.
  134. Кеп жакшысын кулак билет,
    Кыз жакшысын ынак билет.
  135. «Кел» демек бар «кет» демек жок.
  136. Кеп жакшысын кулак билет.
  137. Кеп чындыктан (чынынан) бузулбайт.
  138. Кепке кемтик кылган.
  139. Керегем сага айтам, келиним сен ук.
    Уугум сага айтам, уулум сен ук.
  140. Керекке терек жыгылат.
  141. Керектүү таштын оордугу жок.
  142. Кесирлүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат.
  143. Кетмен чаппай нан кайда, чеке терсиз мал кайда?!
  144. Кетсе дөөлөт колуңдан, келмеги кыйын ал кайтып.
  145. Кечтим байдын кызынан.
  146. Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок.
  147. Кийиктин жүргөн жери бийик болсо, көзү кызыл болот.
  148. Кимге дилиң берилсе, ошол бир тууган.
  149. Кимди ким көрдү Баржыбайды в_+ Ң_бвл.
  150. Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырдайсың.
  151. Кириште чыгышты ойло.
  152. Китеп – билим булагы.
  153. Кичүү болгуча иттин күчүгү бол.
  154. Киш жакалуу бий экен, кылыгын көрсөң ит экен
  155. Киши болор кишинин киши менен иши бар, киши болбос кишинин киши менен иши эмне?
  156. Киши дүйнөгө түркүк болбойт.
  157. Киши жаманы кирип чыкканча били нет, өз жаманың өлгөнчө билинбейт.
  158. Киши эмес киши – сөз эмес сөздү сүйлөйт.
  159. Кишинин кулагын кессең, бирөөгө, кийиз кескенче көрүнбөйт
  160. Коён өз көлөкөсүнөн коркот.
  161. Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт.
  162. Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр.
  163. Кожо Насреддиндин көрүнүн жанынан өткөн, жылмаят.
  164. Кожонун курсагы ток, кулу менен иши жок.
  165. Кожонун өзү тойсо да көзү тойбойт.
  166. Козголбой жатып өлгөнчө, козголуп жатып өл.
  167. Койчу көп болсо, кой арам өлөт.
  168. Койчунун кызы кой келгенде иш кылат.
  169. Кол ийрисине тартат.
  170. Кол кудайдын мөөрү.
  171. Колдо бар алтындын баркы жок.
  172. Колдун кычуусун кандырган.
  173. Колтугуна суу бүрккөн.
  174. Колу жоорубаган киши, кошоматчылыкты жакшы көрөт.
  175. Колу кыймылдабагандын, оозу да кыймылдабайт
  176. Колу менен иштегенди, мойну менен тартат.
  177. Колунан көөрү төгүлгөн .
  178. Колунда талканы бар бала – сүйгүнчүктүү.
  179. Колуңдан келбес жумушту, оюң менен бүтүрбө.
  180. Конок айтып келбейт, өлүм сурап келбейт.
  181. Конок бир консо – кут, эки консо – жут.
  182. Конок болжоосуз, өлүм сураксыз.
  183. Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет.
  184. Конокко аш кой, эки колун бош кой.
  185. Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат
  186. Коркконго кош көрүнөт.
  187. Коркок көлөкөсүнөн да коркот.
  188. Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт.
  189. Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт.
  190. Короодо малы бардын, колунда күчү бар.
  191. Корооңо сак бол, коңшуңду ууру тутпа
  192. Котур ташы койнунда.
  193. Кошоматка кой соөт.
  194. Көз – коркок, кол – баатыр.
  195. Көз жетпеген жерге сөз жетет.
  196. Көзүм көрбөсө болду, аркамды бөрү жеп кетсин.
  197. Көзүнө чөп салган – душмандыктын белгиси.
  198. Көзүнүн агы менен тең айланган.
  199. Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет.
  200. Көк итти көп ит талаптыр.
  201. Көкөйгө көк талкандай тийген.
  202. Көктөн тилегеним жерден табылды.
  203. Көл канчалык терең болсо да – түбү бар,
    Тоо канчалык бийик болсо да – төбөсү бар.
  204. Көл чайпалса көбүгү бетине чыгат, эл чайпалса тентеги четине чыгат.
  205. Көлдү бороон толкутат, элди эселек толкутат.
  206. Көлөкөгө карап, тон бычпайт.
  207. Көмүрчүгө темирчи үйүр.
  208. Көмүскө достон көрүнөө душман артык.
  209. Көнбөгөн бейиштен, көнгөн тозогум артык.
  210. Көңүл – бул назик бизге, назиктигин эстесек.
    Өмүр – бул кылдан ичке, чырт үзүлөт сезбесек.
  211. Көп байкаган көсөм,
    Сөз байкаган чечен.
  212. Көп берген, көп кайтарат.
  213. Көп бергенден, тез берген артык.
  214. Көп бергенден, эрте берген жакшы.
  215. Көп бойлогон түлкү бат колго түшөт.
  216. Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет.
  217. Көп жойлогон түлкү капканга түшөт.
  218. Көп түкүрсө, көл болот.
  219. Көпкөн жигит көп сүйлөйт,
    Чечен жигит эп сүйлөйт.
  220. Көпсөң – жарыласың, толсоң төгүлөсүң.
  221. Көптү билип, аз сүйлөө – адамгерчиликтин белгиси.
  222. Көрбөйт деп, ууру кылба, укпайт деп, ушак айтпа.
  223. Көрө-көрө көсөм болот,
    Сүйлөй-сүйлөй чечен болот.
  224. Көрүнгөн тоонун ыраагы жок.
  225. Көч жүрө-жүрө түзөлөт .
  226. Кудайыңа ишенсең, жөө каласың.
  227. Кук эткен кузгун, как эткен карга жок..
  228. Кулак укканды көз көрөт.
  229. Кулак укса, курсак кайнайт.
  230. Кулактай нан жесең, улактай күч толот.
  231. Кулча иштеп, байча же.
  232. Кумгандагы байлыкка, башың менен кирбегин.
  233. Кумурска кичинекей болсо да, кайраты тоо аңтарат.
  234. Кунажын көзүн сүзмөйүнчө бука жибин үзөбү.
  235. Курсак ток болсо, колуң шок болот.
  236. Куру аякка бата жүрбөйт.
  237. Куру кайрат баш жарат.
  238. Куру кашык оозго жакпас,
    Куру сөз кулакка жакпас.
  239. Куттуу конок келсе, кой эгиз табат, кутсуз конок келсе, койго карышкыр тийет.
  240. Күбөлүү сөз – никелүү катын.
  241. Күз – күрөш, жаз – жарыш.
  242. Күзүндө чыгынбаган, кышында жылыбайт.
  243. Күйүттү күлүп ызала, кырсыкты эмгектенип табала.
  244. Күлгөндүн билгени бар.
  245. Күлкү – ден-соолуктун мүлкү.
  246. Күлүк ат чапкан сайын арбытат.
  247. Күлүп сүйлөгөндөн түңүл.
  248. Күмүш терди төкпөсөң, алтын данды ала албайсың.
  249. Күн каарына калса, табаары тамчы,
    Катын каарына калса, табаары камчы.
  250. Күн караган – сууга тоңот, бай караган – ачтан өлөт.
  251. Күн өткөнгө кызыкпа, иш бүткөнгө кызык.
  252. Күн тийген жердин күкүгү.
  253. Күндө жеген жут болот, айда жеген ток болот.
  254. Күндө келген –суу ууртайт, айда келген – май ууртайт.
  255. Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет.
  256. Күч акылга баш ийет.
  257. Күч атасын тааныбайт.
  258. Күч эшиктен кирсе, адилдик түндүктөн чыгат.
  259. Күчтүү болсоң жердей бол баарын чыдап көтөргөн.
  260. Күчтүү күчсүздү жеңет.
  261. Күчүңдү тилиңден чыгарба, ишиңден чыгар.
  262. Күчүңө ишенбей, ишиңе ишен.
  263. Кыбыраган жүрө-жүрө кыр ашат.
  264. Кыбыраган кыр ашат.
  265. Кыз – конок .
  266. Кыз баласы – кызыктырат, уул баласы ууктурат.
  267. Кыз боосуп алып энесин коркутат.
  268. Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат?
  269. Кыз менен күрөшпө, кызыр менен жарышпа.
  270. Кызга кырк үйдөн тыйюу.
  271. Кыздуу үйдө кыл жатпайт.
  272. Кыздын барар жери күйөө,
    Дандын барар жери тегирмен.
  273. Кызы боозуп, энесин коркутат.
  274. Кызыктан кызык – кызды көр, өзгө эрибей, жатка эрийт.
  275. Кызыл жүзүн оңдуруп,
    Сарык кылган бересе.
  276. Кызыл кекиртек кыйла жерге секиртет .
  277. Кызыл от кысыр болбойт.
  278. Кылар ишти кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп.
  279. Кылдан кыйкым тапкан.
  280. Кылдан кыя бастырбаган.
  281. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт.
  282. Кымызды ичкенге, кызды сураганга бер.
  283. Кыныккан киши тыныкпайт.
  284. Кыңыр иш – кырк жылдан кийин билинет.
  285. Кыргыз кыйытып айтса түшүнөт.
  286. Кыргыз кыргызды сураштыра келсе, карын боло чыга келет.
  287. Кысымтал турмуштун эртеси да болот.
  288. Кыштын камын жазында ойло.
  289. Кыялаган кырга чыгат.
  290. Кыялдуу короо, кооз бак.