М

  1. Мааниси жок кудагый, чолосу жок сөз сүйлөйт.
  2. Мага да кезек келээр.
  3. Май кармаган бармагын жалайт.
  4. Майга чымын чогулат.
  5. Майдадан – чоң курулат, учкундан – жалын тутанат.
  6. Макал атасы – сөз, мата атасы – бөз.
  7. Мактаган кыз тойдо осурат.
  8. Макулук болмок – өлмөк бар.
  9. Мал тапкандыкы эмес, баккандыкы.
  10. Мал ээсин тартпаса арам өлөт.
  11. Малдын төлүн күзүндө сана.
  12. Малы жок деп эрден түңүлбө, чөбү жок деп жерден түңүлбө.
  13. Малың барлда баары дос, малың жокто кана дос?
  14. Мансапка мас болгон, «көлгө көпүрө салам», – дейт.
  15. Маселени кабыргасынан койгон.
  16. Мастан жинди качып кутулуптур.
  17. Меймандын тогу жакшы.
  18. Мейманыңдын көзүнчө мышыгыңды мыш! дебе.
  19. Мекендин кадыры башка жерден билинет
  20. Менин акылым сенде эмес, сенин акылың менде эмес.
  21. Менин колума да карга чычаар.
  22. Миң сөз айтканча, бир иш кыл.
  23. Молдонун боз үйүнөн жети өгуздүн башы табылат.
  24. Молдонун өзү тойсо да, көзү тойбойт.
  25. Молдонун сакалы ак, бирок санаасы кара.
  26. Момундун ишин теңир мактайт.
  27. Музоо уурдаган өгүздү уурдайт.
  28. Мурду менен бир тийген.
  29. Мурдунан эшек курту түшө элек.
  30. Мурдуңа ченеп бышкыр.
  31. Мурун кыйкырган короздун башы кетет.
  32. Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз озуптур.
  33. Мууну-жүүн бошотуп,
    Арык кылган убайым.
  34. Мүйүздүү болом деп кулагынан ажыраган.
  35. Мыдыр эткен жан жок.
  36. Мылтык болбой, ок болбойт.
  37. Мышык этке жетпей, сасык дейт.
  38. Мышыкка – оюн, чычканга – ажал.
  39. Мышыкка – оюн, чычканга өлүм.
  40. Мээнет болбой, дөөлөт жок.
  41. Мээнетиң катуу болсо, тапканың таттуу болот.