О

  1. Обозгер жакшы – кан жакшы, катын жакшы – эр жакшы.
  2. Оболу өзүң оңол, сөздөрүң өтүмдүү болот, андан соң башканы оңо, айланып кадыр-барк конот.
  3. Обу жок катын оорсок уй саайт.
  4. Обу жок катын секирип сийет.
  5. Обу жок кек сактап жүргөндөн түңүл,
    Орунсуз жасалма күлгөндөн түңүл.
  6. Озунган таз бөрк алат
  7. Озунган утат.
  8. Ой – сөздүн сандыгы .
  9. Ойду омкоруп, тоону томкоргон
  10. Ойноп сүйлөсөң дагы ойлоп сүйлө.
  11. Ойнош оттон ысык, эгер калса – боктон сасык.
  12. Ойчул оюна жеткиче, тобокел барып келиптир.
  13. Ок жарасынан дагы сөз жарасы жаман.
  14. Окуган – жарык, окубаган – караңгы.
  15. Окуганыңды айтпай, токуганыңды айт.
  16. Окуу – билим азыгы, билим – ырыс азыгы.
  17. Окшошконго мушташкан.
  18. Онтоткон – оору, мөгдөткөн – кары.
  19. Оң колуңдун ачуусу келсе сол колуң менен бас.
  20. Оң кулагың менен да, сол кулагың менен да ук.
  21. Оңолуунун жолу бир, бузулуунун жолу миң.
  22. Ооз деген дарбаза, чыга берет аңдыса.
  23. Оозу ашка тийгенде, тумшугу ташка тийди.
  24. Оозу күйгөн үйлөп ичет.
  25. Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн.
  26. Оозу менен орок оруп – буту менен машак терет.
  27. Оозуна сала берген.
  28. Оозунан кулаган турбайт, бутунан кулаган турат.
  29. Оозунан сөзү түшкөн.
  30. Оозуңду тыйсаң, алыска жашайсың.
  31. Оорду жеңбей жеңил жок, кыйынды көтөрбөй жеңил жок.
  32. Оору – миң, ден соолук – жалгыз.
  33. Оору кайда болсо, жан ошол жерде.
  34. Оору калса да, адат калбайт.
  35. Оору кишиге дары керек, соо кишиге баары керек.
  36. Оорулуу өлбөйт, ажалдуу өлөт.
  37. Оорусун жашырган өлөт, боорун жашырган бөлүнөт.
  38. Оорууну жашырса, өлүм ашкере кылат.
  39. Ооруунун алын сурасаң – айыкканга тете.
  40. Орок оро албаган орок тандайт, саялбаган ийне тандайт.
  41. Осмо кетет, каш калат, Оомай кетет, баш калат.
  42. Осурган кыз осурбаган кыздын бетин тытат.
  43. От түтүнсүз болбос, жигит жазыксыз болбос.
  44. Отко келген катындын, отуз ооз сөзү бар.
  45. Отту үйлөп күйгүзсө, сөздү сүйлөп күйгүзөт.
  46. Отуз өлчөп, бир кес – он жолу ченеп, бир жолу кес.
  47. Отуз тиштен чыккан сөз – отуз уруу элге тарайт.
  48. Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаппас.
  49. Отун – отко, очок – казанга.
  50. Отун албаганга – от жактырба.
  51. Отурган киши ойлонгуча, баскан киши мал табат.
  52. Отурган кыз орун алат.
  53. Оюндан от чыгат.