У

  1. Убада берсең, убарасына чыда.
  2. Убада берүү – арзан, аткаруу – кыйын.
  3. Убаданын жаманы – улам болжоп, тил эмизген,
    Убаданын жакшысы – адамдык, абийирге ишенген.
  4. Уга турган жерге сүйлө,
    Сиңе турган жерге куй.
  5. Уй сыйпаганды билбейт, жаман сыйлаганды билбейт.
  6. Уйдун сүтү тилинде.
  7. Уйку төшөк тандабайт.
  8. Уккан — улама, көргөн — көсөм.
  9. Уккан кулакта жазык жок.
  10. Укпайт деп ушак айтпа,
    Көрбөйт деп уурулук кылба.
  11. Улук болсоң кичик бол.
  12. Улууну укпаган – узабас.
  13. Урсаң- өлдүм, берсең – жедим.
  14. Урук сеппей эгин жок.
  15. Урушта туруш жок.
  16. Уста кандай болсо, шакирти ошондой.
  17. Уста менен дос болсоң нар кескенин аларсың.
  18. Уста сына турган буюм жасабайт.
  19. Устанын тогоосу жок.
  20. Уугум, сага айтам, уулум сен ук.
  21. Ууру – байыбайт, сук тойбойт.
  22. Ууру күчтүү болсо, ээси доого жыгылат.
  23. Ууру менен конок айттырып келбейт.
  24. Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат.
  25. Ууруну каракчы урат.
  26. Уурунун ичкени – ирим, жегени – желим.
  27. Уурунун куйругу кууш.
  28. Учу бирге жазылат, түбү бирге кошулат.
  29. Уялбаган буюрбагандан ичет.
  30. Уят өлүмдөн катуу.
  31. Уяты бар азамат, ишке түрсүн билегин.