З

  1. Заман өзгөрсө, салт өзгөрөт.
  2. Заман сага баш ийбейт, сен заманга баш ийесиң.
  3. Заманы жакшы болсо, карысы жаш болот.
  4. Заманына карай – күлкү, тоосуна карай – түлкү.
  5. Заманың бөрү болсо, бөрү бол, түлкү болсо, түлкү бол.
  6. Заманың кандай болсо, бөркүңдү ошондой кий.
  7. Заманыңа карай күлкү, тоосуна карай түлкү.
  8. Зер кадырын зергер билет, жез кадырын жезчи билет.
  9. Зордукчуга мал жокпу.
  10. Зордун түбү кор болот, байдын түбү ачка өлөт.
  11. Зулум эшиктен кирсе, ырыс түндүктөн качат.
  12. Зыкым бай кедейден жарды.