Ж

  1. Жабагы жалдуу экен деп сатып алба, жаманды малдуу экен деп жакын кылба.
  2. Жабылган аяк, жабылган бойдон калсын.
  3. Жабылуу аяк жабуусу менен калсын.
  4. Жаз жарыш, күз күрөш.
  5. Жазгы суук жандан өтөт.
  6. Жазда кылган мээнетти, кышта көрөт дөөлөттү.
  7. Жазда магдырасаң, күздө жалдырайсың.
  8. Жазда малды айдап бак,
    кышта малды байлап бак.
  9. Жаздыктан өлгөн жаманат, жоодон өлгөн салтанат.
  10. Жаздын бир күнү жыл азыгын берет.
  11. Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын.
  12. Жайыл дасторкон – марттыктын белгиси.
  13. Жайын билбей – жер тандаган кызык, алын билбей – эр тандаган бузук.
  14. Жайында жаткан, кышында катат (тоңот).
  15. Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй болбойт.
  16. Жакшы – ишке келет, жаман – ашка келет.
  17. Жакшы – калысчыл,
    Жаман – арызчыл.
  18. Жакшы – сөздү таап сүйлөйт, жаман – каап сүйлөйт.
  19. Жакшы – сөзү менен сооротот, жаман токмогу менен ыйлатат.
  20. Жакшы – эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт.
  21. Жакшы адам – жер эсебинен, жаман адам эл эсебинен жашайт.
  22. Жакшы адам ачык сүйлөйт,
    Сөз тамырын казып сүйлөйт.
    Жаман адам сасык сүйлөйт,
    Өзгөлөрдү басып сүйлөйт.
    Адептүү сылык сүйлөйт,
    Амалкөй былык сүйлөйт.
  23. Жакшы адам дайыма эли менен.
  24. Жакшы адам он беш жашты эрте дебейт, жүз жашты кеч дебейт.
  25. Жакшы адамдын жаны бөлөк, дили бир.
  26. Жакшы атанын кашыктап чогулт канын, жаман уул чөмүчтөп чачат.
  27. Жакшы атка – бир камчы, жаман атка – миң камчы.
  28. Жакшы аялдын күйөөсүнүн жакасы агарат,
    Жаман аялдын күйөөсүнүн сакалы агарат.
  29. Жакшы бала элин өргө тартат,
    Жаман бала элин көргө тартат.
  30. Жакшы башталган иштин жарымы бүттү де.
  31. Жакшы болсо аялың, табыла берет акылың.
  32. Жакшы болсо катының,
    Табыла берет акылың.
  33. Жакшы болсоң – жатык бол,
    Улук болсоң – кичик бол.
  34. Жакшы болуш аста-аста,
    Жаман болуш бир паста.
  35. Жакшы деген бир ат бар, кууса жеткис.
    Жаман деген бир ат бар жууса кеткис.
  36. Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул, жаман жигит үйдө мырза, сыртта кул.
  37. Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт.
  38. Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок.
  39. Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт.
  40. Жакшы катын жарым ырыс, жаман катын күндө уруш.
  41. Жакшы киши калааны курат, жаман  киши калааны бузат.
  42. Жакшы киши мал бакса, торугун семиртет.
    Жаман киши мал бакса, сөөгүн итке кемиртет.
  43. Жакшы киши ооруса, көктөн келгендей,
    Жаман киши ооруса, көрдөн келгендей.
  44. Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи?
    Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи?
  45. Жакшы кушка жаман куш,
    Бабы менен теңелет.
    Жакшы кызга жаман кыз,
    Багы менен теңелет.
  46. Жакшы кыз – эрден чыкпайт,
    Эрден чыкса – элден чыкпайт.
  47. Жакшы кыз жакадагы кундуз,
    Жакшы уул асмандагы жылдыз.
  48. Жакшы кызга – бир жигит,
    Жаман кызга – миң жигит.
  49. Жакшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба.
  50. Жакшы ниет – жарым ырыс.
  51. Жакшы сөз – жан эритет, жаман сөз – жан кейитет.
  52. Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын.
  53. Жакшы тигилген өтүк кийилип бүтпөйт.
  54. Жакшы тилек – жарым ырыскы.
  55. Жакшы уул өзү мырза – элине кул,
    Жакшы кыз өзү сулуу – эрине гүл.
  56. Жакшы эритип, жаман кейитип сүйлөйт.
  57. Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.
  58. Жакшыга эл, жаанга жер ишенет.
  59. Жакшыдан – бөөн, жамандан жаан.
  60. Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр.
  61. Жакшыдан жаман туулса – чыгаша, жамандан жакшы туулса – киреше.
  62. Жакшыдан жаман туулса чыгаша, жамандан жакшы туулса киреше.
  63. Жакшылык кылсаң бирөөгө бир жамандык ойлонот, жамандык кылсаң бирөөгө тагдырым – деп тим болот.
  64. Жакшылыкка жакшылык – ар кишинин иши,
    Жамандыкка жакшылык эр кишинин иши.
  65. Жакшылыкты чоочун менен бөлгөн жакшы,
    Азапты жакының менен бөлгөн жакшы.
  66. Жакшыны – сөз өлтүрөт, жаманды таяк өлтүрөт.
  67. Жакшыны жатым дебе, жаманды өзүм дебе.
  68. Жакшынын – шарапаты, жамандын – кесепети.
  69. Жакшынын жакшылыгы – ар жерде,
    жамандын жамандыгы – тар жерде.
  70. Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
  71. Жакшынын шарапаты, жамандын – кесепети.
  72. Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо.
  73. Жакырдыгын жашырган байып кетпейт,
    Жалгыздыгын жашырган бүлөлүү болуп кетпейт.
  74. Жалакай болсоң жашыңдан,
    Өмүрүңдү дат басат.
    Жакыныңа кас болсоң,
    Сай-сөөгүңдү какшатат.
  75. Жалганчы – аксактан мурда колго түшөт.
  76. Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт.
  77. Жалгыз дарак токой болбойт.
  78. Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да марыбайт.
  79. Жалгыз иттин үргөнү билинбейт, жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт.
  80. Жалгыз өгүз кош болбойт.
  81. Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт.
  82. Жалгыздыктан көрө, акмак болсо да эл жакшы,
    Чөлдө болгончо, кыйшык болсо да жер жакшы.
  83. Жалгыздын жары – Кудай.
  84. Жалкоо ойлой берип чарчайт, сүйлөй берип жек көрүнөт.
  85. Жалкоого күн кеч кирбейт.
  86. Жалкоого шылтоо жок (көп).
  87. Жалкоолуктун «пайдасы» – жарыбай жүрүп күнү өтөт.
  88. Жалкоонун жаны таттуу.
  89. Жалкоонун жаны, байдын малы – ардактуу.
  90. Жалпак тилге салган.
  91. Жалчы жумшаган жарыбайт .
  92. Жалындуу жаштык кезинде, жазгы суудай ташкында.
  93. Жаман адам таарынчаак,
    Ар бир ишке корунчаак.
  94. Жаман айгыр үйүрүнө тап.
  95. Жаман айтпай жакшы жок.
  96. Жаман атты жакшы бакса, тулпар болот,
    Күйкөнүн табын тапса, шумкар болот.
  97. Жаман атты жал басат.
  98. Жаман аттын жалы көп, жаман катындын чачы көп.
  99. Жаман аял – кетемин деп коркутат,
    Жаман эркек – өлөмүн деп коркутат.
  100. Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
  101. Жаман болсо катының, ичтен жеген митедей.
  102. Жаман жайын айтам деп баарын айтат.
  103. Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт.
  104. Жаман жолдош жоого алдырат.
  105. Жаман иттин аты “Бөрүбасар”.
  106. Жаман каап сүйлөсө, жакшы таап сүйлөйт.
  107. Жаман катын чыккан жерин төркүнсүйт.
  108. Жаман кийимдин ичинде жалындаган жүрөк бар.
  109. Жаман киши макалчы,
    Жаман эчки сакалчы.
  110. Жаман көргөндүн бөркү казанбактай.
  111. Жаман көрсө жармасын бербей койсун.
  112. Жаман өз ашынан куру калат.
  113. Жаман сөз доого калтырат.
  114. Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт.
  115. Жаман уул атасы өлгөндө бир көбөт.
  116. Жаман үйдүн коногу бийлейт.
  117. Жаманга сый жарашпайт.
  118. Жаманга чоң аягыңды көрсөтпө.
  119. Жамандан жарты кашык аш калат.
  120. Жаманды жасоол койсо, жалгыз уулунун көзүн чыгара чабат.
  121. Жаманды төө үстүнөн ит кабат.
  122. Жамандыгы болбосо жаштыгы калган жок.
  123. Жамандык бир күндө, жакшылык миң күндө.
  124. Жамандык жерде жатпайт, жакшылык ичке батпайт.
  125. Жамандык издетпей табылат.
  126. Жамандыкты амандык жеңет.
  127. Жамандыкты унуткан жакшы, жакшылыкты унуткан жаман.
  128. Жамандын барынан жогу.
  129. Жамандын бир аты жоош.
  130. Жамандын бир өнөрү артык.
  131. Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол.
  132. Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок.
  133. Жамандын миң сөзү, жакшынын бир сөзүнө татыбайт.
  134. Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок.
  135. Жаман-жакшы экөөнү тең эске ала жүрүш керек.
  136. Жаманчылыкты аманчылык жеңет.
  137. Жамгыр жаабай, булут көчпөйт,
    Жан кыйналбай, жумуш бүтпөйт,
    Талаптанбай, муратка жетпейт.
  138. Жамгыр жааса – жер ырысы.
  139. Жан бар жерде каза (өлүм) бар.
  140. Жан эки чыкпайт, бир чыгат.
  141. Жаны бардын үмүтү бар.
  142. Жаны соонун дени соо.
  143. Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин баккан карыбайт да арыбайт.
  144. Жаңдооч кийик аттырат.
  145. Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт.
  146. Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат.
  147. Жаргылчактуу катын жакшы катын, электүү катын эрке катын.
  148. Жарды байыйт, жаш чоңоөт.
  149. Жарды болсоң кооз бол,
    Бай жанынан түңүлсүн.
    Жалгыз болсон чогоол бол,
    Көп жанынан түңүлсүн.
  150. Жардылык жаман эмес, жалкоолук жаман.
  151. Жардынын катыны өлсө, башы каңгырайт.
  152. Жат жарытпайт, өз өлтүрбөйт.
  153. Жата берсе, ат арыйт, жүрө берсе, жол арбыйт.
  154. Жата берсең чалкалап, мал семирбейт кайкалап.
  155. Жатаар курсак жармадан айлансын.
  156. Жаткан оору эмес, баккан оору.
  157. Жатканга жаан жукпайт.
  158. Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
  159. Жатып өлгүчө, атып өл.
  160. Жаш – күчү менен, кары – кеңеши менен.
  161. Жаш жигит акылынан кетсе жайдак,
    Аксакал акылынан кетсе бойдок.
  162. Жаш кезде берсин мээнетти,
    Каарыганда берсин дөөлөттү.
  163. Жаш кезинде берсин мээнетти,
    Карыганда берсин дөөлөттү.
  164. Жаш келсе – ишке,
    Кары келсе – ашка.
  165. Жаш курдаш эмес, заман курдаш.
  166. Жаш күчү менен, кары кеңеши менен.
  167. Жаш улук эмес, акыл – улук.
  168. Жаш чыбыктын ийилгени – сынга- ны, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү.
  169. Жашка – кызмат, карыга – урмат.
  170. Жашоо бирге – өлүм башка.
  171. Жашоо ырахаты – ден-соолук.
  172. Жашоонун шамы – эмгек.
  173. Жаштайынан сүзөнөөк болсо, картайганда үзөнөөк болот.
  174. Жаштардын басканы – жыргал, карылардын – жатканы жыргал.
  175. Жаштык бар жерде, жалын бар.
  176. Жаштык жашынып кетет, карылык камынтпай келет.
  177. Жаштык кезиң мастык кез.
  178. Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар.
  179. Жаштын тилегенин берет.
  180. Жаштыр, чалдыр жан калбайт,
    Өлүмдө эч ким тандалбайт.
  181. Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот.
  182. Жашында мылжың болсо, карыганда кылжың болот.
  183. Жашыңда калжың болсоң, карыганда мылжың болосуң.
  184. Жашыңда чечен болсоң, карыганда тажаткы болосуң.
  185. Жашыңдан жаман жолго баспаганың,
    Адамдык сапатыңды сактаганың.
  186. Жегенде тойбогон жалаганда вRc+RӨ Ң? 459. Жегендин – кусмайы бар.
  187. Жегендин кусмайы бар.
  188. Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз ата койбойт.
  189. Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт.
  190. Жел чыкпаса, жан чыгат.
  191. Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот.
  192. Желмогуздун эң кичинекейи кыйын.
  193. Жеңилди жерден, оорду колдон алат.
  194. Жер кишинин акысын жебейт.
  195. Жер кулагы жети кат.
  196. Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот.
  197. Жери байдын, эли бай.
  198. Жерин сүйбөс эл болбойт,
    Элин сүйбөс эр болбойт.
  199. Жеринен ооганга жети жылы конуш жок.
  200. Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы.
  201. Жети күндүн бири өлүм.
  202. Жети өлчөп бир кес.
  203. Жети өмүрү жерге кирди.
  204. Жети элдин тилин бил,
    Жети түркүн өнөр бил.
  205. Жетим жүрүп жетилет.
  206. Жетим өз киндигин өзү кесет.
  207. Жетимдин акысын жебеңиз, жетимдин акысын жесеңиз, тынч жатамын дебеңиз.
  208. Жетимиштеги чалдын көңүлү калса дагы, жетидеги баланын көңүлү калбасын.
  209. Жеткен – жети муштайт, жетпеген – эки муштайт.
  210. Жибекти кор тутса – жүн,
    Кызды кор тутса – күң.
  211. Жигит өлөр жерине күлүп барат.
  212. Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
  213. Жигитке жетимиш өнөр аз.
  214. Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
  215. Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
  216. Жиксиз жерден жел чыкпайт.
  217. Жип кессең – үзүп кес, кеп салсаң – кыска сал.
  218. Житкен окту аткан ок табат.
  219. Жогологон бычактын сабы алтын.
  220. Жок терисин сыйрыган.
  221. Жокко амал жок.
  222. Жокко туз да жок, жокко суу да жок
  223. Жокту жок издеген табат.
  224. Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар.
  225. Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу.
  226. Жоктун иши – жок, жалгыздын иши – жалгыз.
  227. Жол азабы, көр азабы.
  228. Жол айры болсо, жолоочунун башы маң.
  229. Жол бирге болсо да, тагдыр башка.
  230. Жолдош болбо коркокко, жүк артпагын торпоко.
  231. Жолоочу болсо атын ал, тоноочу болсо башын ал.
  232. Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо – үйдөгүсү жакшы.
  233. Жолуң шыдыр жолдошуң кыдыр болсун.
  234. Жон терисин сыйрыган.
  235. Жоо аяган – жаралуу .
  236. Жоо жакадан, бөрү этектен алганда.
  237. Жоо келгенде баатыр бол.
  238. Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап.
  239. Жоого барсаң баарың бар, доого барсаң бириң бар.
  240. Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска.
  241. Жоор семирсе баш бербейт, жаман сөз бербейт.
  242. Жооштон жоон чыгат.
  243. Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашы нан айрылат.
  244. Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу-мурду кыбырайт.
  245. Жоргонун тери, эркенин жашы кургабайт.
  246. Жөжөнү күзүндө санайт.
  247. Жөө жүргөнчө, төө минген жакшы.
  248. Жука жерден жыртылат, ичке жерден үзүлөт.
  249. Жумшак жыгачты курт басат.
  250. Журт мазар, журттан чыккан азар.
  251. Жуткан жутабайт.
  252. Жуурат ичкен кутулуп, жугунду ичкен тутулган.
  253. Жуурат төгүлсө жугу калат.
  254. Жүгүргөн албай, буюрган алат.
  255. Жүз дос – аз, бир кас – көп.
  256. Жүз жолу айткандан, бир жолу көргөзгөн жакшы.
  257. Жүз сом күткөнчө, жүз дос күт.
  258. Жүзгө жет, мүдөөм кет.
  259. Жүргөн жерине чөп чыкпаган.
  260. Жүрөгү оттуунун колу да шоктуу.
  261. Жүрөгү туз куйгандай ачышкан.
  262. Жүрөгүнөн сары суусун алган.
  263. Жүрөгүң күйгүчө, билегиң күйсүн.
  264. Жүрөктөн чыккан сөз – жүрөккө жетет.
  265. Жыгачка мөмө бүткөн сайын салбырайт.
  266. Жыгылган күрөшкө тойбойт.
  267. Жыгылган оогонго күлөт.
  268. Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл.
  269. Жылаандын куйругун баспа.
  270. Жылан өлтүрөйүн десе, таш алып бербейт.
  271. Жыландай ийрилип башталса, шоонадай чубалып бүтөт.
  272. Жыландын териси – кооз, тили – уу.
  273. Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа ченеп бышкыр.
  274. Жылуу сүйлөсө – жыла-жыла жылан ийнинен чыккан.
  275. Жылууга ыктай берсең, суукка тоңо бересиң.
  276. Жылымчы оосурактын жыты жаман.
  277. Жырткычтар бар жерде эт жатпайт.
  278. Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк.
  279. Жээн эл болбойт, желке тон болбойт.
  280. Жээрин жеп, ичерин ичкен.