Сүймөнкул Чокморовдун инсандык сапаты жана тагдыры

Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал, СССРдин Эл артисти, Кыргыз Эл сүрөтчүсү Сүймөнкул Чокморовду көпчүлүк сүрөтчү эмес, актер катары таанышат. Ошону менен бирге эле анын улуу сүрөтчү болгонун көпчүлүк биле бербейт. Ал эки кесипти бирдей алган, табигатынан таланттуу адам болгон.

Осмонов Абдрай, С.Чокморовдун досу

– Саламатсызбы Абдрай ага. Сизди Сүймөнкул Чокморовдун жакын досу катары билебиз, алгач, сиздердин достугуңуздар жөнүндө айтып берсеңиз?

– Биз Сүймөнкул экөөбүз 14 жашыбыздан бери таанышпыз. Анда шаарга окууга келгенде азыркыдай жатаканалар жок болчу. Биз орустардын үйүнөн атайын бөлмөлөрдү ижарага алып жашачубуз. Экөөбүз квартира издеп жүрүп, таанышып калганбыз. Жакшы достордон болуп чыктык. Беш жыл чогуу окудук, кийин Ленинград шаарында И.Репин атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алдык. Ал өзүнүн тырышчаактыгы жана аракетчилдиги менен айырмаланып турчу. Анын сулуулугуна, келбетине, жөнөкөйлүгүнө көптөр тамшанышчу. Бою эки метрге жакын, келбети келишкен сулуу жигиттердин бири болчу. Өзүнүн кесибин ушунча сүйгөн жана сыйлаган адам эле. Кайда жүрбөсүн жанына сүрөт тартууга ылайык каражаттарын алып жүрчү . Достукту баалаган, сөзүнө так турган адамдардын биринен эле. Кийин эле, аны каргаша басып, ооруп калды. Өмүрүнүн акырынын 10-15- жылдарын оору менен кармашып өттү. Дүйнө жүзүнөн киного тартылууга чакыруулар келип жатты. Бирок ал аппаратка байланып калган. Көп эле аракет кылды, Москвага да барып дарыланды. Бөйрөк оорусу ушундай татаал оорулардан болгон, ага бир чалдыксаң, оңою менен айыкпайт экенсиң, өкүнүчтүүсү ушул болду. Бул аппарат адамдын ичиндеги заараларын, канын тазалап тургандыктан, анын канчалык оор экенин байкасак болот. Ошончо ооруну көтөрүп,өмүрүнүн аягы өкүнүчтүү, абдан жаш өтүп кетти. Өзү “кудай жакшы адамдарды эрте алып кетет”- дегендин деле чындыгы бардай туюлат. Анткени Сүймөнкулдай таланттуу, жан дүйнөсүндө кири жок адамдар көп жашаса болмок, Сүймөнкул, Таттыбүбү деле бул жашоодон жапжаш өтүп кетишпедиби.

Анын сүрөтчү эмес, актер катары таанылышынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?

– Туура. Чынында эле көпчүлүгү анын сүрөтчү экенин биле беришпейт. Бирок ал биринчи кезекте өзүн сүрөтчү, андан кийин гана актермун – деп айтчу. Анын сүрөтчү эмес, актер болуп таанылышынын себеби, кино деле искусствонун катарына кирет, бирок кино оперативдүү болуп, элге бат жетет эмеспи. Азыр деле адам киного ийгиликтүү тартылып койсо, эртең эле ал таанымал болуп чыга келет. Ал эми сүрөтчү таанылыш үчүн, ал дайыма көрсөтмөлөрдү уюштурушу зарыл. Анын эмгектери жөнүндө дайыма кимдир бирөөлөр жазып турушу , атайын көрсөтмөлөрдү уюштурушу керек. Сүрөтчүлүк даңкка жетиш үчүн,өтө жогорку деңгээлдеги процесс керек.

Кинодо да ойноп, сүрөт да тартып, эки кесипте жетишчү беле?

– Сүймөнкул табиятынан таланттуу адам болгон. Жетишмек турсун бизден эки эсе көп иштеген. Анын 50 жашында көрсөткөн көргөзмөсүндөгү эң мыкты саны көп, сапаты мол ушунча жогорку деңгээлде, татаал чеберчилик менен тартылган сүрөттөрүн көрүп абдан таң калганбыз, тим эле оозубузду ачырган. Ошондо ага адам дүйнөсүнүн бузулбас байланышы “Кыргыз Эл сүрөтчүсү”- деген наам беришкен. Көрсө ал киного тартылганда эки жакка тоого жана башка жактарга чыкчу. Ошондо ал дайыма жанына сүрөткө ылайыктуу каражаттарын алып алчу экен. Ал жактан бош убактысында ар кандай жаңы идеяларды табигатка тамшануу менен жаратып, жаратылышты көрө да сезе да билген тура! Ошентип ал, өзүнүн мээнеткечтиги менен, эки жакта тең өзүнүн жогорку деңээлдеги талантын, көрсөтө билди.

Сүймөнкул Чокморовдун инсандык сапаты, тагдыры жөнүндө эмне айта аласыз?

– Сүймөнкул абдан жөнөкөй жана боорукер, кичи пейил, камкор, кыргыздын салтын мыкты билген ыймандуу, адамдык асыл, эң жогорку сапаттарга ээ болгон инсан. Мындай сапаттарды, ар бир эле таланттуу жана таанымал адамдардан таба албайсың. Айтайын дегеним, ал окуп жүргөндө кандай болсо, кийин таланттуу, таанымал актерлордун бири болуп чыга келгенде деле ошол боюнча калды. Анткени, ал айылдын тарбиясын көргөн бала. Айылдын тарбиясын көргөн бала, эч убакта текеберленип, боюн көтөрбөйт. Ал кыйынчылыкты көрүп чоңойгон, көп нерсени баалап билген. Кийин ал атактуу болуп, элге таанылып баштаганда, анын таанышы, туугандары, достору көбөйүп, көчөгө баса албай калган. Кийин ал ооруп калганда айтып калчу эле: “Баягы досторумдун, тааныштарымдын бири да жокко?”-деп. Көрсө адамдар ушундай болот экенбиз да. Алар болгону: “Сүймөнкул менен таанышмын, сүйлөшүп отуруп келдим”- деп гана айланасындагыларга мактануу үчүн гана келип жүргөн сыяктанат. Дайыма айланасындагыларга, досторуна, тааныштарына, окуучуларына бирдей мамиле жасачу. Адамдын көңүлүн калтырганды жактырчу эмес. Чогулуш, жыйналыштарда да анын токтоолугуна жана карапайымдыгына таң берер элек. Андан бөлөк адам болсо дардайып, көкүрөгү көктө учуп, эч кимди көзүнө илбей калмак. Айтайын дегеним, азыркы таанымал адамдардан андайлардын, экиден бири керсейип басып, тим койсо жолдоочу деле жалдап алгылары келген адамдарга баскан сайын чалынасың. Ал эми алардын Сүймөнкулдай болоорун ким билет?

Анан азыркы заманда актеру менен ырчысы көбөйүп кетти окшойт. Сүймөнкул деле керсейип, көкүрөгүн көтөрсө болмок, бирок ал анткен жок, сүрөтчү кезинде кандай болсо, кийин деле ошол бойдон өзгөрбөдү. Анын сапаттары адамда жок асыл сапаттардан эле. Сырткы да, ички да дүйнөсү таза сапаттарын андан Болот Шамшиев көрө билип, аны киного чакырган. Ал ойлогондой актер болуп берди. Анын тагдыры таттуу да, ачуу да деп айтсам болот. Таттуусу, ал жашаган өмүрүндө табият берген таланты менен таш жарган дүйнө тааныган, кыргыздын кыраан жигити, “СССРдин эл артисти”, “Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү”- деген наамдарга татыктуу болду. Кылымдар бою артында өчпөс из калтырып кетти.

Ачуусу- эрте анан кыйналып, ооруп, биздин арабыздан эрте кетти. Мындай адам дагы көп жашап, ачыла элек таланттары менен бизди кубандырып жүрсө болмок.

Россия кино театрынын аймагынан Сүймөнкул Чокморовдун эстелигине орун берилгенин билебиз, азыр бул иштер ишке ашып жатабы?

– Сүймөнкулдун эстелиги бүткөн,болгону бийлик жактан каржыланып калса эле коюлат. Азыр акча жок деп жатышат, акча болсо эле коебуз.

Таалай Курманов, С. Чокморовдун окуучусу:

Сүймөнкул менин мугалимим болчу. Сүймөнкул Чокморов И.Репин атындагы көркөм окуу жайын аяктагандан кийин бизге сүрөттөн сабак берип калды. Адам катары абдан жумшак, боорукер, жөнөкөй адам болчу. Ал бизге: “сүрөт тартып жатканда көзүңөрдү чоң ачып тарткыла”-деп эскертчү.

Бийлик мындай инсандарга каржы -социалдык жактан колдоо көрсөтүш керек.

Арыков Бообек, скульптор:

– Мен Сүймөнкул Чокморовду сүрөтчү катары Кыргызстандын “күйүп турган жылдызы”-деп сыймыктанам. Анын сабактары кийинки муундар үчүн чоң сабак. Сүймөнкул Чокморов жогорку деңгээлдеги сүрөтчү болгон. Мен анын сүрөттөрүн музейге барган сайын карап, суктанып калам. Бул өзүнчө эстетикалык рахат алуу болуп саналат. Сүймөнкул Чокморовду кыргыз искусствосунун тирүү үлгүсү катары билем. Кызыгы, мен Казакстанда окуп жүргөндө кино үйүнө барып калсам, Сүймөнкул Чокморовдун туулган күнүн белгилеп жатышыптыр, абдан сүйүндүм. Эртеси эле Кыргызстанга келсем, туулган күнүн эмес, өзүн деле эстеп коюшпаптыр. Азыркы каражатка шылтоолобой, Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин эртерээк эле коюп коюшса болот эле.

Бийликтегилер чоркок, кыргыздын маданиятын көтөргөнгө каржы-социалдык жактан көмөк көрсөтө албаса, билбейм, бул эмне деген бийлик?!

– Кызыктуу маегиңиздерге чоң рахмат.

Кыргыз элинде “Кыргыздын өңү Чокморовдун өңүндөй”- деген – сыймыктуу сөз бар. Чынында эле жашоосу табиятынан таланттуу келген, адамдык асыл сапаттарга ээ болгон Чокморовдой инсаныбыз болгону биз үчүн чоң сыймык. Демек бийлик залкар таланттын эстелигин орнотуу маселесин тезинен чечсе, улуу инсанга жасаган урмат -сый катары элибиздин эсинде калмак…

Кайыргүл Молдалиева, “Эл сөзү” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 14.08.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.