Мурза Гапаров. «Байчечек»

(аңгеме)

Телефон шыңгырап атты…

Кыяз анын үнүн көпкө угуп жатып,араң ойгонду.

Үйдүн ичи караңгы. Кайсы маалэкени билинбейт: кечпи, түн ортосубу, таңга жуукпу. Аэропорттон самолёттордунгүрүлдөгөнү угулат. Бирок алар күнү-түнү учуп турушат да…

“Беймаалда телефон чалган ким?Болгондо да шаардан эмес: телефондун коңгуроосу узун шыңгырайт… ”

– Эй, телефон шыңгырап атат, -деди аялын түртүп. Бирок аялы ойгонобербеди. Турууга туура келди. Стол, стулдарга чалынып барып, трубканы алды.

– Алоо…

– Бул Ысаковдун үйүбү?

– Ооба.

– Ноокат менен сүйлөшөсүз.

Ноокат – мунун туулуп, өскөн району эле. Ал жакта анын көп сандаган тууган-уруктары жашайт: атасы, апасы,ага-инилери, эже-карындаштары, жеңелери… Таэнеси. Бирок алардын эч кимиси минтипбеймаалда телефон чалышчу эмес. Эмне болуп кетти?

Ноокат жакта:

– Алло? – деген эркектин үнү угулду.

Кыяз үндүн ээсин тааныган жок.

– Бул ким? – деп сурады.

– Менмин. Кыяз, – деди ноокаттык. – Жолдошмун.

– Кайсы Жолдош?

Кыяз Ноокаттан кеткенден бери он сегиз жыл жаңырды. Эми ал Ноокатына жылына бир жолу барат да, эки-үч күн туруп,кайра баса берет. Бара-бара элден, жерден жат болуп, жердештеринин кээ бирин унутуп да келатат.

– Кайсы Жолдош?

Тигил адам мунун аялдап калганынын себебин туйду окшойт:

– Жолдош – почточумун, – деп кошумчалап койду.

– А-а, Жолдош аке… – деди Кыяз ошондо гана.

Алардын кыштагында ушундай адам бар эле. Бирок ал кишинин буларга эч кандай жакындык, катнаштык жайы жок болчу. Шондуктан, анын телефон чалышы, болгондо да түндөлөп чалышы, мурдагыдан бетер сырдуу көрүндү.

– Ко-ош, телефон чалып калыпсыз?

– Кыяз, сен бир айылга келип кет, үка: таэнең ооруп калды. Таэнеси мурда деле ооруп жүргөн, кары киши да. Бирок ал жөнүндө минтип зарыл түрдө кабарлап, анын тынчын алышчу эмес. демек, бир адиса болгон көрүнөт.

– Эмне, катуу ооруп атабы? – деп сурады Кыяз, тиги кишиден түзүгүрөөк маалымат алыш үчүн.

– Кыйла бар, – деди Жолдош почточу. – Келишиң керек.

Демек, бир адиса болгон, – деп ойлоду Кыяз кайрадан. Бирок аныгын билсе болот эле: эгер ооруп гана аткан болсо, бара албайт – эмки жумага чейин авторефератын тапшырышы керек, а айдын аягында диссертациясын коргойт; а кокус, кемпир бир нерсе болуп кетсе, кудай мунун бетин ары кылсын, албетте, анда барууга туура келет. Бирок муну кантип билесиң. Түз эле: “Өлдүбү?” – деп сурашка оозуң барбайт. Тиги киши, оозу-мурду кыйшайбай туруп сураганын көр деп, жаман көрүп калышы мүмкүн. Кыштактын адамыда.

– Эми кантемин? – деди Кыяз өзүнө өзү, бирок мунусу оозунан чыгып кетти. – Иштерди эмне кылам?

– Иштериңди эки-үч күнгө коё турасың да, – деди почточу, -деди почточу. – Келбесең болбойт. Кемпирдин көңүлү ооруйт.

Кыязды үгүттөп аткансый. Жок, кемпир бир нерсе болгон. Болбосо да, акыбалы начар көрүнөт. Ачыгын эле айтып койбойбу, жарыктык.

– Ошентем да эми, айла канча.

– Тезирээк эле кел, үка. Бандачилик да…

Ой, ушул кишинин адептүүлүгү өттү! Тумандатып отурбай, өлсө, өлдү эле дебейби, мусурман.

– Барамын. Түшкө чейин кирип барамын…

Баягыдан үйдүн ичи жарышып, аялынын жүзү, жылаңач көкүрөгү агарып келатты. Аялынын жүзү да, көкүрөгү да сулуу эле. Анын үстүнө жаңыдан эле баш кошуп, али ойноп оюндары кана элек, күлүп күлкүлөрү кана элек маал болучу. Шондуктан, аялын бирпас сүйкүм менен карап туруп, ошол замат анын койнуна барып жаткысы келип кетти. Бирок самолёттордун добушунан улам, барар жери алыс экенин элестетип, кайра өзүн токтотту. Мунун ордуна, аялын ойготуп, телефондон уккан кабарын, ага карата өзүнүн кабыл алган чечимин айта баштады.

– Эмне, мен кошо барайынбы? – деп эсинеп койду аялы.

– Кереги жок, деди Кыяз. – Кемпир али өлө элек. Анынүстүнө, сен ал кишини көргөн да эмессиң. Андан көрө, тынч жатып, уйкуңду уланта бер, айдыңым.

– Жакшы бар. Чыгып баратканыңда, эшикти акырыныраак жапчы.

Кыяз анын айтканын кылды.

Аэропортко басып келсе, түшкө чейинки рейстерге билет жок калыптыр. Калп айтууга туура келди.

– Өлүк көмгөнү баратам, -деди ал, муңайым түр менен.

Анан бул калпы жеңил-желпи эле айта салганына өзү да таң кала түштү. Бирок ошол эле замат, а мүмкүн бул калп эместир, чын эле энем өлүп калгандыр деп, өзүн кайра актап жиберди.

– Айтканыңызды ырастай турган бирдемеңиз барбы? Мисал үчүн, телеграммаңыз? – деп сурады кассир аял.

Кыяз бул кайгылуу кабарды телефон аркылуу билдиришкенин айтты. Кассир аны ишенип, ишенбей тиктеп туруп, кийин жөнөп жаткан самолётко бир билет жазып берди.

Самолёт бар болгону элүү минут гана учушу керек эле. Кыяз жол катар терезени карап келди. Бир жылдан бери Фрунзеден эч жакка чыккан эмес. Мына эми, шаар, андагы өзүнүн машакаттуу тиричилиги артта, жерде калып, ал өзүн жеңил, эркин сезе баштады. Жазгы жаратылыш анын көңүлүн көтөрдү. Айрыкча, түндүк менен түштүктү бөлүп турган тоолордон өтүп баратканда жүрөгү туйлап кетти.

Тоолордун кары кете элек экен. Жакында кетчүдөй түрү жок. Тоолор бири менен бири туташып, алардын кокту-колоту да жакшы билинбей, агарган бир кең мейкиндикке айланып, мелтиреп тыптынч жатат. Мейкиндиктин бетинде үзүк-кесик оор булуттар калкып жүрөт…

Самолёттон кийин Кыяз таксиге түштү. Такси аны туура өз кыштагына алып келди. Энеси өлүптүр. Муну ал атасынын эшигине чогулган элди көргөндө эле түшүндү. Көпчүлүк, машинаны бурулуп карап калды. Кимдир бирөө шашып-бушуп үйгө кирип кетти, ошол замат тынч турган үйдөн ый угулду. Дагы бирөө топтон бөлүнүп, Кыязды утурлай жөнөдү. Жолдош почточу экен көрсө.

– Келдиңби, үка? – деди почточу, Кыязга нары-бери колун берип.

– Эми мен эмне кылайын? – деп сурады Кыяз андан, башка кеп-сөзгө келбей туруп.

Ал дароо өзүн жоготуп койду. Бирок күйүттөн эмес, күйүттү али сезе элек, жөн гана өзүнүн жаңы акыбалынан шаштысы кетип калды. Жашы отуз бешке келип, ал эми өлүм-житим дегенди башынан өткөрө элек болчу, а бул жерде таэнеси өлүп жатат. Тигинде бир айылдын эли анны жабалактап карап турат. Эмне кылышы керек?

– Ыйлап мени ээрчи, – деди почточу.

Кыяз ээрчирин ээрчиди. Бирок ыйга даяр эмес эле. Ал өмүрүндө өзгөгө ыйлап көрбөгөн жан. Тигил турган элден сүрдөп, баштагандан тартынып, шыпылдаган почточунун артынан шыпылдап басып кете берди.

– Өкүр, өкүрбөйсүңбү! – деп шыбырады почточу, ага кыйгач кайрылып. Анын сөздөрү жемеге окшоп угулду.

Кыяз бар тобокелге салып:

– Энем-ой, энем-ой, – деп кирди.

Бул сөздөрдү ал жөн гана сүйлөп койбостон, ыйга мүнөздүү обонго салып, созуп муңдуу кылып айтып атты. Бирок көзүнө жаш келген жок. Шондуктан, курган көздөрүн элден жашырыш үчүн, плащынын чөнтөгүнө колун салып, жүз аарчысын издей баштады. Кол салган чөнтөгүндө жүз аарчысы жок болуп чыкты. Ушул тапта, анын оюн түшүндүбү, кимдир бирөө чуркап келип, колунан портфелин ала койду. Кыяз бошой түшкөн колу менен башка чөнтөгүнөн жүз аарчысын таап, көздөрүнө тутту…

Почточу экөө ээрчип келип, ый чыгып аткан үйгө киришти. Адегенде далиске, кийин төркү бөлмөгө өтүштү. Бөлмөнүн ичи караңгы экен, Кыяз босогого чалынып, почточунун далысын сүзүп алды. Ошондо жүз аарчысын жылдыра берип, ыйлап аткандарды чала-була көрүп калды. Ыйлагандардын баарысы өзүнүн туугандары болуп чыкты: атасы, апасы, ага-инилери, эже-карындаштары, жеңелери… баарысы жалгыз кишилик жыгач сөрүнү тегеректешип, тикесинен ыйлап турушат. Сөрүдө энеси жатыптыр. Соо кезинде бүкчүйүп жүрчү кичинекей кара кемпир, эми буттарын сунуп, боюн түзөп, узун болуп калыптыр. Үстүнө жабылган кара бакмалдан анын эч нерсеси көрүнбөйт. Кыяз энесинин жүзүн ачып көрүшү керекпи, биле албай койду. Жүрөгү эчтеке дебеди, а салт боюнча кандай болорун ал билчү эмес. Шондуктан, энесине эки кадамдай жакын келип, кимдир бирөөнүн катарына туруп алып, мурдагыдай эле:

– Энем-ой, энем-ой, – деп өкүрө берди.

А көз жашы дагы эле келбей атты. Үйдүн ичиндеги башаламан ызылдап аткандар да таасир этпеди, энесинин суналган жансыз көрүнүшү да жүрөгүн эритпеди. Буга өзү таң калып, жаны ачыды.

Бир маалда бирөө ыйлаган бойдон келип, анын көкүрөгүнө башын койду. Караса апасы экен. Апасы өзүнүн обондуу ыйына кара саз кошуп атты. Кара сөздөрү Кыязга тиешелүү болуп көрүндү. Кыяз өз ыйынан кичине алаксып, апасынын эмне дегенин кызыгып тыңшап калды. Бирок ызы-чуунун арасынан апасынын:

– Таэнеңден айрылдык… – деген сөздөрүн араң ажыратты.

Ооба, таэнемден айрылдык, – деп койду Кыяз да. Тигине, өлүп жатат. А кишинин бир эле таэнеси болот. Таэнеси деген – апасынын апасы. Демек, өтө жакын киши. Кыяз, албетте, муну түшүнүп эле турат. Бирок акылы менен гана туюп, жүрөгүнө жеткире албай атат.

-Энем – ой, энем-ой…

Апасынан кийин, башка туугандары да бир бирден басып келип, анын мойнунан кучактап ыйлап, аны менен өздөрүнүн кайгы-муңун бөлүшүп жатышты. Бирок баары биригип да ага өздөрүнүн кайгысын, көз жашын жуткура албай койду. Анын ички дүйнөсү бир караңгы кудукка окшоп, а кудук таптакыр какшып калгансып туруп алды.

– Энем-ой, энем-ой…

Кыяз эл көзүнө боздоп ыйлап аткан киши болуп көрүнүп, а өз алдынча өзүнүн какшыган кудугуна ным издеп, ага кайрадан суу пайда кыла албай жатты. Жасалма жол менен болсо да өзүнүн көкүрөгүн жибиткиси келди. Бул үчүн ал энесинин ким экенин, анын кыял-жоруктарын эстей баштады. Таэнеси акылдуу, боорукер адам эле. Өмүрүндө бирөөгө жаман сөз айтпаган, өзү да бирөөдөн жаман сөз укпаган киши. Бул турмушу түйшүктө өттү бечаранын. Балдарым, балдарымдын балдары деп жүрүп, акыры минтип жаны тынды. Кыязды абдан жакшы көрүүчү. Ар келген сайын аны айланып-үйрүлүп, көз жашын көлдөтүп, сагынып тосуп алчу эле.

“Эми сенин балдарыңдын бешигин терметип жатып өлсөм, арманым жок”, – дечү дайыма…

Кыяздын жүрөгүн бул эскермелер да козгободу. Ал мурдагыдай эле көз жашсыз ыйлап атты.

-Энем-ой, энем-ой…

Бир маалда тыңшаса, башкалар басылып, өзүнүн гана үнү калыптыр. Кыяздын дагы башы катты: токтосом бекен, же ыйлай берсемби деп ойлой кетти.

Кудай жалгап, ушул тапта мойсопут адам басып келип, анын жеңинен тартты. Жаңылбаса, бул киши Кыяздын алыс таякеси болушу керек эле.

– Болду эми, балам, – деди таякеси. – Бас кыл.

Кыяз ага ыраазы боло түштү. Алдагы кичине ыйламыш болуп туруп, кийин басылып, кургак көздөрүн аарчып калды. Абышка аны эшикке карай жетеледи.

Эшиктеги элдин айрымдары анны менен унчукпай кол алыша баштады. Алар менен учурашып атканда Кыяз өзүн муңайым кармап атты.

– Келгениң жакшы болбодубу, -деди жанагы таякеси. – Бардык тууган-уруктар келип бүтүп, сени гана күтүп калганбыз. Таэнең болсо кечээ кечинде каза болду. Бир түн түнөдү. Эми ал кишини зарыктырбай, тезирээк өз жайына алпарып коёлу.

Таякеси андан уруксат сурап аткансып көрүндү. Ушинтип ойлоп, Кыяз арсар түрдө башын ийкеңдетип койду.

– Кана, алып чыккыла эмесе! – деп буйрук берди абышка кимдир бирөөлөргө.

Кемпирди эшикке алып чыгып көпчүлүктүн ортосуна коюшту. Бир ак селдечен абышка көпкө чейин жаназа окуду. Ошондон кийин кемпирди жайга алып жөнөштү.

Жергиликтүү салт боюнча, гөрүстөнгө эркектер гана бара турган. Катындар ызы-чуу түшүп кала беришти. Албетте, үйдөн узаганча, өздөрүн кемпирге жакын санаган эркектер да өкүрүп ыйлап барышты. Кыяз үчүн бул дагы бир сыноо болуп, ал андан да өтө албады. Анын кудугу дагы деле какшып турду.

Гөрүстөндө көп күймөнүшкөн жок. Жай даяр экен. Кемпирди дароо эле коё башташты. Ушул жерде Кыяз энесин бир көрүп калгысы келди. Бирок кемпирди ак шейшепке ороп, баш-аягын бууп коюшуптур – арманда калды…

Кемпирди жайга түшүрүп жатышканда, бир боз бала буркурап ыйлап кирди. Агасынын кенже уулу экен көрсө. Баланын ыйы ушунчалык жеңил, ушунчалык күйүттүү чыгып атты. Кыяз балага таң калып да, суктанып да калды. Бул баланын курагында ал шаарга кетти эле. Андан бери он сегиз жыл өтүптүр. Эгер энелери он сегиз жыл илгери өлгөн болсо, ал дагы ушул бала окшоп ыйлаар беле…

Көпчүлүк гөргө топурак сала башташты. Бала андан бетер күчөп ыйлады.

Кокусунан асманда газала сайрап жиберди.

Кыяз көптөн бери газаланын үнүн уга элек болчу. Жалт этип асманды бир карап алды. Бирок өзүнүн каерде экенин эстеп, уяла түштү. Дароо бирөөнүн колунан кетмен ала коюп, энесинин үстүнө топурак шилеп калды…

А торгой сайрап турду.

Бала ыйлап атты.

Көпчүлүк кемпирди көөмп болуп, чубалып жолго түштү.

Жаңы гөрдүн алдында боздоп бала гана калып калды.

Кыяз бурулуп келип аны ийинден алды:

– Жүр эми…

Энелерин жаңы конушка таштап кете беришти.

Кыштакка кайтып келгенден кийин, эл бирин-сериндеп таркай башташты.

Кечке жуук үйдө алыс-жакын туугандар гана калышты.

Кечинде дөңгөк каланган ысык очоктун боюнда отуруп, баарысы кемпир жөнүндө сөз кылып киришти.

– Бечара энем, Кыязды чакыргыла, Кыязды бир көрүп анан өлөйүн деп жатып, жан берди, – деди атасы.

Апасы бир калта өрүктүн чагылган данегин алып келип, Кыяздын алдына төгүп койду.

– Өзү чогултуп, өзү чагып, келсе беремин деп сага атап жүрдү эле, – деди ал, көзүнө жаш алып.

Кыяз баарын мелтиреп угуп отурду.

Эртеси күнү кемпирдин үчүлүк ашын беришти.

Аштан кийин, Кыяз өзүнүн авторефератын, диссертациясын тезирээк бүтүрүү керектигин айтып, атасы менен апасынан кетүүгө уруксат сурады.

– Өзүң бил, – деп койду апасы оор үшкүрүп.

– Барсаң бар, деди атасы. – Баары бир кемпирди тирилтип албайбыз…

Ал кайрадан шаарына учуп кетти.

Эки күндүн ичинде тоолордун көрүнүшү эч өзгөрбөптүр. Асты жакта баягы эле аппак кең мейкиндик мелтиреп жатат…

Бирок бул жолу тоолор да, суулар да, булуттар да Кыяздын делебесин козгободу. Анын көкүрөгү букка толуп, көңүлү чөгүп баратты. Ушул тапта ал бир нерсе ичкиси келди. Бирок ичерине эчтеке жок эле. Чылым чеккиси келип, чөнтөгүнө колун сунду. Бирок сигарет ордуна, колуна бир жумшак, муздак нерсе урунду. Алып караса, баягы байчечек экен. Байчечек соолуп калыптыр. Кыяз аны ары-бери кармалап, селейип отуруп калды. Анын көз алдына көрүстөн элестеди. Бир паста жүзү өзүнөн өзү кызарып чыкты, деми кыстыга түштү. Ал жийиркенич менен башын бир чулгап алды.

– Кандай айбанчылык… – деп шыбырады анан өзүнө өзү. – Кандай айбанчылык. .. Кандай айбанчылык…

Ал өзүнүн ушул акыбалга келгенине жаны ачыды. Өзүнө өзү аянычтуу көрүндү. Өзүнө өзү боору ооруду. Кокусунан, анын көзүнө кылгырып жаш келе түштү. Жашы сыгылып тышка чыкты. Бетинен ылдый жылжып ага баштады…

Кыяз көпкө чейин ыйлады. Ыйлаган сайын, көкүрөгү жибип, ичиндеги бугу чыгып, өзүн жеңил сезип атты. Үч күнү зарыктырып келген бул көз жашка ал абдан сүйүнүп кетти. Какшыган кудугу жибип ийип, ага кайрадан суу пайда болуп келатты.

Демек, али кеч эмес экен…

1980

 

murzaМурза Гапаровдун башка чыгармалары

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.