Бакуну багындырган акындар

Өткөн аптанын аягында Баку шаарында “Тектеш түрк калктарынын VIII Эл аралык поэзия майрамы” белгиленди.

Мындан бир жыл мурун 85 жаш курагында жарык дүйнө менен кош айтышкан белгилүү азербайжан акыны Бахтияр Вахабзаденин жаркын элесине арналган ыр кече үч күнгө созулду. Башкача айтканда, 30-октябрда башталып, 1-ноябрда аяктаган бул майрамга Түркиядан 28, Азербайжандан 21, ал эми калган өлкөлөрдөн 30га чукул акын катышып, өздөрүнүн эне тилинде көркөм ыр окушту. Өзгөчө Кыргызстандан барган кыргыз акындары Кыялбек Урманбетов менен Алтынбек Исмаилов үч күн бою Каспий деңизинин жээгинде кыргыздын ырын жаңыртып, жүзүн таанытып, алардын баалуу мурастарын даңазалагандан чарчашкан жок.

Түркия Республикасынын Жазуучулар союзу уюштурган бул Эл аралык поэзия кече салттуу түрдө эки жылда бир жолу дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө өткөрүлүп турат. Тактап айтканда, буга чейин кезеги менен Түркия, Түркмөнистан, Казакстан, Крым, Кипр, Македония жана Францияда белгиленген “Тектеш түрк калктарынын Эл аралык поэзия майрамынын” тогузунчусу 2011-жылы Косовада өтмөкчү.

А.МУРАТОВ, “Zaman-Кыргызстан” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 06.11.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.