Чебер Алмагүл Бөлөкованын көргөзмөсү өтүүдө

almaГапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде көркөм өнөрдүн гобелен жанрында эмгектенген чебер жана сүрөтчү Алмагүл Бөлөкованын иштеринен турган көргөзмө өтүүдө.

Алмагүл Бөлөкова көбүнчө көркөм өнөрдүн гобелен жанрында эмгектерди жаратат. Автор гобелен  жүндөн колго токулган иштер экендигин айтып, анын тарыхына токтолду.

– Француз эки бир тууган болгон экен, Гобелендер деген. Ошолор биринчи токуп башташып, андан кийин кичинекей мануфактура ачышкан экен. Мына ошол бир туугандардын атынан гобелен деп калган.

Алмагүл айым мына ушул гобелен жанрында иштелген эмгектеринде ар кыл теманы чагылдырат. Алардын арасында табият көрүнүштөрү, тарыхый, элдик темалар бар.

– Мурун көбүнчөсү элдик темага иштечүмүн. Азыр деле бир-эки ишим бар. Мисалы тарых деген. Азыр түндүк түштүк болуп эле Кыргызстан экиге бөлүнүп атпайбы. Ошого арнап жасаган гобеленим. Андан тышкары түрдүү темалар бар. Көбүнчөсү гүлдөр.

Алмагүл Бөлөкованын жолдошу Догдурбек Нургазиев дагы кыл калем чебери. Андыктан жубайынын чыгармачылыгына ар тараптан көмөк көрсөтүп, кеңештерин берип келет.

– Кеңешебиз, бири-бирибизге айтып турабыз. Бир үй-бүлө болгон соң шарт түзүп беребиз.

Көркөм өнөрдү аркалаган жубайлардын чыгармачылыгы балдарынын да шыгын ойготуп, алардын сүрөтчүлүк өнөрдү аркалоосуна түрткү берген. Атай кетсек уулу Эрбол Догдурбек да сүрөтчү.

– Биздин үйдө ушундай чыгармачылык атмосфера бар. Андыктан ошол нерсе менин да сүрөтчү болуп калышыма албетте таасир этти деп ойлойм.

Алмагүл Бөлөкова буга чейин үч ирет жеке көргөзмөсүн уюштурган. Анда бир гана гобелен жанрында иштелген эмгектерин койсо, бул жолу живопись жанрында да жараткан сүрөттөрүн сунуштаган.

Жалпысынан 27 иш көрүүчүлөрдүн сынына коюлган. Кыргыз эл сүрөтчүсү, Улуттук музейдин жетекчиси Үрүстөмбек Шыгаев Аламагүл Бөлөкова прикладдык көркөм өнөрдө мыкты иштеген чебер, професионал сүрөтчү деген баасын берет.

– Бөлөкованын көркөм өнөрдө орду бар, текчеси бар. Себеби бул адам өзүнүн чыгармалары менен кыргыз көркөм өнөрүнүн өсүшүнө көмөк берди десек жаңылышпайбыз. Анын иштери Айтиев атындагы музейдин да коллекциясында бар.

Алмагүл Бөлөкова жеке көргөзмөлөрүнөн тышкары дагы республикалык ар кыл иш-чараларга катышып, иштерин алып чыгат. Ошондой эле чет жерлерде да бир топ көргөзмөлөрдү уюштурган.

– Түркияда, Индияда, Германияда, Францияда, Жапонияда иштерим коюлган. Бангладеште өткөн 12-биеналиеге алып барып келгем. Чет элдик көрүүчүлөрдүн табити башка, аларды оңой менен таң калдыра албайсың. Анын үстүнө ал жакта бизден алдыга жүрүшөт. Башкача айтканда, чет элдик сүрөтчүлөр жасаган нерсе биздин кыл калем чеберлерине 3-4 жылдан кийин жетет.

Эми Алмагүл Бөлөкова жаз айларында Германияда жана Македонияда көргөзмө уюштурууну ниет кылууда.

Айжан Шаботоева, “Азаттык”, 10.12.2009-ж.

Соц тармактар: