Живопись сүрөтчүсү Сүйүтбек ТӨРӨБЕКОВ: Көпчүлүгү коммерциялык жагдай менен ылайыкталган сүрөттөр.

Сүйүтбек ТӨРӨБЕКОВ портрет жанры унутта калып баратканына кейип, улуу залкарлардын портретин живопись жанрында калтырууну максат кылат. Германия, Франция, Швейцария, Москва, Түркия, Италияда көргөзмөлөрүн уюштурган. “Көңүл келгенде пейзаж, натюрморт жанрына кайрылам” деп таланттуу сүрөтчү биз менен сыр бөлүштү.

Портрет жанрга кайрылам
Сүйүп иштегеним, акыркы кезде унутта калган портрет жанры. Көпчүлүгү коммерциялык жагдай менен сатыкка ылайыкталган сүрөттөр. Ошондуктан бизде чыныгы көргөзмөдө калчу сүрөттөр жок калышы мүмкүн. Залкар адамдарыбыздын элесин живопистик жанрда калтырууну максат кылам. Азыр колдон келишинче улуу залкарлардын портретин тартуунун аракетиндемин.

Мезгил керемети
Ар бир мезгилдин өз убактысы менен илхам келет. Төрт мезгил тең бирдей, бири-биринен бөлүп карабайм. Жаздын өзүнчө, күздүн өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Сүрөтчүлүк көз-карашта ар бир мезгилдин кереметин туура пайдалануу абзел. Бирок, ойлонсом кыш мезгилинде сүрөттөрүм аз болот. Кышкысын суук болгондуктанбы, чеберканамдан чыкпай отура берем. Жайында материал топтоп ар тарапка кетебиз.

Апталап-айлап жаратылышка чыгуу
Кырдаалга жараша. Кээде бир жума, он күнгө созулат. Эң узагы, бир-эки айда бүтүрчү материалдар болуп калат. Кесиптештерим менен кыргыз жергесин кыдырганыбызда, сүрөтчүлүктүн кереметин сезгенбиз. Кийин Бишкекке келип көргөзмө ачтык.

Агайымдын жардамы
Өзүмдүн талантым, аракетимен болсо керек. Мектепте окуп жүргөндө Андрей Запарович аттуу мугалимимдин таасири чоң. “Өнөрүн сүйө билген, өзүнө түйшүк үйө билет” деп, мектептеги курагымда эле түйшүктөнүп сүрөт тартканымды агайым байкап, “сенден чоң сүрөтчү чыгат” деп, көп жардам берген. Сүрөтчүлүккө кадам койгонум ошол кишинин таасири.

Таланттуу сүрөткерлер тарбияланууда
Таланттуулар бар, буюрса кол уучубуз куру эмес. Окуучулардын барысы сүрөтчү дебейм. Бирок, көпчүлүгүнөн чыныгы таланттарды кездештиребиз. Эмгектенип, жалкоолонбой иштесе, таланттуу сүрөтчүлөр чыгат. Азыркы жаштар сүрөтчүлүк талантын туура пайдаланбаса, сүрөткө болгон идеялары, ой жүгүртүүлөрү жоголуп кетиши мүмкүн.

Чеберканада чет элдиктер
Сүрөттөрүмдүн негизгилери чеберканада. Көпчүлүгүн көргөзмөдө чет өлкө жарандары, музейлер сатып алган учурлар болот. Тилекке каршы, азыр мамлекеттик музейди өкмөт каржылап, материалдык каражат бөлүнбөгөндүктөн, көп сатып албай калышты. Биздин сүрөттөрдүн көпчүлүгүн чет элдиктер алышат.

Кокологон кризис
Быйыл чет мамлекеттен киши келбей, кризистин таасири абдан тийди, негизги алуучулар чет элдиктер эле. Биздикилер сатып алып, чет элдиктерге белекке беришет, же бизден сатып алып кайра чет өлкөгө сатышат. Мамлекеттүүлүктү алгандан кийин биздин искусствону бир топ эл таанып, бир аз жакшыра баштаганбыз. Азыр кайрадан активтүүлүк жоголуп, сүрөткө көңүл бурбай калышты.

Чолпон ИМАНГАЗИЕВА, “Арт.kg(“Кыргыз гезиттер айылы”), 01.12.2009-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.