Динара Чочунбаева, CASSОRC.kd Ресурстук Борборунун директору: “Көркөм оймолор аркылуу элибиздин имиджин көтөрөбүз”

Кечээ жакында эле Бишкек шаарында “Оймо -2010” эл аралык фестиваль болуп өттү. Фестивалга Орто Азия өлкөлөрүнөн, Индиядан, Кытайдан коноктор келишип, кыргыздын колунан көөрү төгүлгөн уздарынын колунан жасалган буюмдарга суктануу менен кайтышты. Маданият жана маалымат министри Болот Шер өз сөзүндө “Максатыбыз-кыргыз кол өнөрчүлүгү, көркөм оймолору аркылуу, элибиздин эл аралык деңгээлдеги имиджин көтөрүү”,-деп белгилегендей, кыргыз элинин кылым карыткан кол өнөрчүлүгү сымал өнөрлөрүбүз тууралуу гезит беттерине жарыялап туруу биздин парз.

“Оймо -2010” эл аралык фестивалдын уюштуруучусу Кол өнөрчүлөрдү колдоочу Борбордук Азиялык Ассоциациянын Кыргызстандагы CASSОRC. kd Ресурстук Борборунун директору, Динара Чочунбаева эжени кепке тарткан элек.

– Динара эже, аталган фестивалды Сиз жетектеген уюм уюштурган экен, ушул тууралуу айта кетсеңиз?
– “Оймо – 2010” Эл аралык фестивалына республикабыздын бардык райондорунан жүзгө жакын чеберлер келди. өзүңөр күбө болгондой, чет өлкөлөрдөн келгендери да бар. Биздин “CASSОRCkd” деген уюм, Орто Азия чеберлер уюмунун Кыргызстандагы борбору болуп эсептелет. Аталган уюмду ар өлкөнүн чеберлери өзүбүз чогулуп уюштурганбыз.

Биз чет өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен байланышта иштеп, кыргыз чеберлерин чет өлкөгө жөнөтүп, башка өлкөлөрдө атайын кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүн уюштуруп турабыз.

– Фестивалды уюштурууга кимдер жардам берди?
– Бул фестивалдын өтүшү үчүн Япония өкмөтү жардам көрсөттү. Алар Азия өнүктүрүү банкы аркылуу фестивалга келген 100 чебердин жарымынын келип-кеткен жол кире, тамак-аш, жатакана акыларын бөлдү. Мындан сырткары, Маданият жана маалымат министрлиги колдоо көрсөтүп, алар 25-27-сентябрда болуп өткөн фестивалдын ачылыш аземиндеги концерттик программаларын даярдап берип, Экономикалык тескөө министрлиги да колдоо көрсөтүүдө. Бул фестивалдын өтүшү үчүн, Бишкек шаардык мэриясы транпорт, коомдук тартипти сактоо жагынан көмөк көрсөтүп жатат. Ал эми биз болсо, өлкөбүздөгү чеберлерге маалыматтык жактан жардам көрсөтүүдөбүз.

– Ушундай иш-чараларды уюштуруудагы негизги максатыңыздар эмне?
– Биринчиден, кыргыз элдик чеберчилигин көтөрүп, эл аралык деңгээлге чыгаруу, чеберчиликтин негизинде элдин турмушун оңдоого мүмкүнчүлүк түзүп берүү, жардам көрсөтүү. Республи­кабыздагы чеберлерди маалыматтык жактан колдоо көрсөтүү аркылуу, алар даярдаган буюмдардын тез сатылып кетиши үчүн жардам көрсөтүү. Чеберлердин жасаган буюмдары канчалык көп өтсө, аларда “мен ушул өнөрүм менен эле, үй-бүлөмдү бага алат турбаймынбы” деп, эртеңки күнгө карата болгон ишеним жаралат.

Биздин экинчи максатыбыз болуп, кыргыз кол өнөрчүлүгү, көркөм оймолору аркылуу, элибиздин эл аралык деңгээлдеги имиджин көтөрүү болуп саналат.

– Бүгүнкү күндө Сиздердин тармак боюнча мамлекеттик деңгээлдеги же Маданият жана маалымат министрлигинин алкагында атайын программалар иштелип чыкканбы?
– Биз Маданият министр­лиги менен көп жылдан бери эле иштешип келе жатабыз. Бирок, оймо өнөрү боюнча атайын программа иштелип чыга элек.

– Министрлик сиздерге каржылык жактан жардам берип жатабы?
– Жогоруда айткандай, Маданият министрлиги тарабынан көптөн бери иштешип келе жатканыбызга карабай, бизге өкмөт же министрлик тарабынан финансылык жактан эч кандай каржы бөлүнбөйт.

– Мамлекеттик жактан колдоо болбосо, анда фестивалдын өтүшүнө ким себеп болду?
– Аталган фестиваль эгер Роза Отунбаева өзү киришпесе өтпөйт болчу. Ал киши бизге бир топ жардам берди, өзү мени чакырып, фестивалды өткөрүүгө жардам берүүмдү суранды. Анткени, Роза Исаковна биздин фестивалдын өтүүсү үчүн башынан эле кол кабыш кылып келет.

Бул фестиваль быйыл эле өткөрүлүп жаткан жок. Төрт жылдан бери биз аны Ысык-Көлдө өткөрчүбүз, ал эми быйыл болсо, Бишкекте өткөрүп жатабыз. Бизге Ысык-Көлдө өткөрүп жүргөндө Чолпон-Ата мэриясы бир топ жардамдарды берди. Америкада “Чеберлерге жардам” деген эл аралык уюм бар. Мына ошол уюмдагы Кларк Мид деген аял аталган фестивалды өткөрүүдө зор роль ойногон. Ал алгач Кыргызстанга келгенде мага: “Роза Отунбаева Америкада 1993-жылы элчи болуп жүргөндө, мени чакырып алып: “Кыргызстанга эмне үчүн барбайсың?- деди дейт. Мен таң калып “эмнеге бармак элем” десем: “Кыргызстан кол өнөрчүлүк жактан абдан өнүккөн, сен барбасаң болбойт” деп суранды дейт. Ошентип, Роза Исаковна ага каражат таап берип, Кыргызстанга жөнөткөнүн айтат. Ошол Кларк Мид деген аял 1,5 миллион доллар алып келип, Орто-Азиядагы беш өлкөнү оймо өнөрүн өнүктүрүү боюнча каржылаган. Анын жардамы менен биз азыр көптөгөн жаш чеберлерди окутуп, даярдап чыктык. Эми аларды өздөрү жасаган буюм-теримдерди кантип сатуу керектигине үйрөтүп жатабыз.

«Аргумент.KG» («Кыргыз гезиттер айылы»), 07.10.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.