Улуттук биримдик– улуу максат

Тилекеден сегиз бек
Телегейи тегиз бек,
Элден чыккан ушул бек
Эл деп жашап келген дейт
(Эл оозунан)

Өткөн жумада Ош жергесинде кыргыз тарыхында көрүнүктүү орду бар инсан 17-кылымдын экинчи, 18-кылымдын биринчи жарымында жашаган Тилеке баатырдын урпактарынын демилгеси менен анын кыргыз элин бириктирүүгө умтулган аракетине, улут биримдигин чыңдоо тууралуу кийинки урпактарга калтырган осуятына арналган иш-чаралар болуп өттү.

Анын биринчи бөлүгүндө Ош мамлекеттик университетинде ири окумуштуулар жана коомдук ишмерлер катышкан конференция өткөрүлүп, мындан 4 кылым мурда жашаган акылман инсандын кыргыз элинин биримдигин чыңдоого жасаган аракеттери бүгүнкү күндөгү актуалдуу маселеси менен шайкеш келип тургандыгы баса белгиленди. Белгилүү окумуштуулар Тилеке баатырдын саясий ишмердүүлүгүн тарыхый булактарга таянган илимий изилдөөлөрү менен тастыкташты. Баатырдын өмүр жолу кийинки урпактар үчүн өрнөк экендиги, анын өмүрүнүн Ата Мекендин биримдиги үчүн арналган өмүрү азыркы жаштарыбызга үлгү экендиги белгиленди. Конференциянын жүрүшүндө бул тарыхый инсан туралуу изилдөө ишин күчөтүү боюнча сунуштар айтылды.

*    *    *

Иш чаранын экинчи бөлүгү Тилеке баатырдын кайра сөөгү жерге берилген Алай районундагы Чыйырчык ашуусунда улантылды. Бул жерде анын эстелиги ачылып, анын рухуна куран түшүрүлдү.

Кыргызстандын бардык аймактарынан келген коноктор аш берүү аземи алдында Тилеке баатырдын кыргызды бириктирүүгө жасаган аракетин, аны бир мамлекет кылганга үлгүрө албай калган арманы чагылдырган театралдашкан сценка коюлду.

Андан кийин алыстан келген конокторго сөз берилди. Алгачкы сөзгө чыккан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Ахматбек Келдибеков Тилеке баатыр бабаларыбыз Адигине баатыр жана Тагай бий сыяктуу өз өмүрүн эл четинде, жоо бетинде өткөргөн, кыргыз жерине көз арткан кубаттуу мамлекеттердин баскынчылык аракеттерине каршы турган, керек учурда өз аймагын кеңейтүүгө жетишкен мыкты аскер башчы болгондугун кытайлык жана парсы тарыхчылары тарабынан тастыкталып калгандыгын жана Тилеке бий сындуу туу тутар аталарыбыздын эл биримдигин чыңдоодогу аракети бизге үлгү экендигин, анын кийинки урпактарынын мекенчилдик ариети бүгүнкү күндөгү эл биримдигин күчөтүү маселеси менен дал келип тургандыгын белгилеп өттү.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Ибрагим Жунусов Тилеке баатырды оң, сол канат кыргызды бириктирип, ага ичкилик урууларын кошуп, баарын бир журт кылып кармап турганга жетишкен, журтубуздан чыккан журт бузарларды, элинен чыккан эл бузарларды ооздуктап турган, кыйчалыш учурда кыргыз менен калмактын, калмак менен кытайдын ортосундагы мамилени жөндөй алган кылдат саясатчы, акылман адам катары баалап, бул инсан тууралуу эл оозунда уламыштар ушул күнгө чейин айтылып келе жаткандыгы бекеринен эмес экендигине жана урпактарынын анын эстелигин тургузуп жаткандыгы – биздин эртеңкиге жасаган кадамыбыз экендигине токтолду. Тилеке баатырдын эстелигинин ачылышы, анын айткан осуяттары кийинки урпактарга кайрадан эскертилип жатышы – кыргыз абалтан эле салттуу, нарктуу эл экендигибизди далилдөөнүн мисалы деп белгиледи.

Андан кийин чыгып сүйлөгөн коомдук ишмерлер, окумуштуулар бир замандарда калдайган кыргыз элинин “арстандар” деген наамы болгондугун, 19-20-кылымдарда бул сөз айтылбай калгандыгын белгилеп, Тагай, Тилеке баатырлар башкарган замандарда элибиздин арыстан аталгандыгынын себеби – элди сырттан адамдар башкарып келгендигин, Тилеке баатыр да ошондой сырттандардын бири экендигин баса белгилеп өтүштү. Алардын оюнча улуттун тарыхында белгилүү инсан – Тилеке баатырдын кара жерди жарып, өз мүрзөсүн козгоп, өз замандаштарына айткан осуяты бүгүнкү күндө кайрадан биздин кулагыбызга жаңырып жатышы бекеринен эмес. Азыр журт бузар, майда, мажес саясатчылардын кесепетинен жалпы эл да майдаланып баратат.

Илгери Кокон хандыгын башкарган Алымкул аталык тыңчынын огунан каза болгондо каңырыгы түтөгөн Молдо Нияз:

“Кыргыздын ханы өлдү деп,
Оруска чапты сүйүнчү.
Кыргыздын ханы өлдү деп,
Кашкарга чапты сүйүнчү”, деп айткан экен. Бирок, биздин азыркы саясатчылардын “кимди шайлайбыз” деп чабармандарын башкаларга чаптырып жаткандыгын – Тагай, Тилеке бийлер, алардын заманындагы баатырлар көксөгөн эгемендүүлүк­кө жеткиликтүү баа бере албай жаткандыгы деп баалашты.

Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун “Мен издеген чындык” деп аталган китебинин бет ачаары болуп өттү. Анын автору ушул китептин чет жактан Ош окуясын туура эмес чагылдырган 3 китептин жарык көргөндүгүн, анда кыргыз элинин, журтчулугунун аброюна шек келтирип, окуяларды теңирден тескери бурмалап көрсөткөндүгүнөн улам жаралгандыгына токтолуп, Ош шаардык мэриясынын, анын жетекчилигинин кооголаңды болтурбоо үчүн алдын алууга жасаган иш-аракеттери, коогалаң учурдагы жасаган иштерин, андан кийин туруктуулукка жетишкен мезгилди аргументтүү фактылар, күбөлөр менен далилдеп берүү максатын койгондугу менен түшүндүрдү. Анын ою боюнча Ош коогалаңын кашкайган фактылар менен далилдеген бул китеп окурмандар арасында өз ордун табат, окурмандар, изилдөөчүлөр, саясат таануучулар үчүн жакшы курал боло алат.

Жыйындын аягында анын катышуучулары жалпы Кыргызстан калкынын улуттук биримдигин чыңдап, өлкө бүтүндүгүн сактоого багытталган саясатты турмушка ашырууга чакырган Алай декларациясын кабыл алышты. Декларация тексти төмөндө толук жа­рыя­ланды.

Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ, “Кыргыз Туусу”, 26.07.2011-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.