Чыңырган ырлар

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, айтылуу акын Тургунбек БЕКБОЛОТОВ жыл башында “Зоолу” аталган ыр китебин чыгарган. Тургунбек аганын ырлары намыска камчы, бир чети чыйралта турган ырлар. Окусаңыздар мынакей.

Азгырмалуу бийлик, байлык кумары,
Айыкпаган кеткис кесел сыңары

БИЙЛИК – КУМАР

Бийлик – кумар, журтка салып мүшкүлүн,
Доорон сүрөт акыл эмес күч бүгүн.
Жубарымбек, жулуп алып көрсөтчү,
Жүрөгүңдүн түндүк менен түштүгүн.

Учур келди, ылгап кимдин кимдигин,
Ачык айтып, ак сүйлөөчү күн бүгүн.
Өлөсөлүү чалдар бөлүп жатпайбы,
Өлкөбүздүн түндүк менен түштүгүн.

“Элдик” деген жалган атка жамынып,
Элдин оозу жатат бүгүн жабылып.
Жалаң эле жагымпоздор чогулуп,
Жатышкансыйт бийлик үчүн жагынып.

Өзүңдү ойлоп унуттуңбу журт камын,
Жаппа оозумду, укугумду кыркпагын.
Сактай алсак ыйык Ата мекенди,
Кыргыз катын тууп берер сырттанын.

Дөлөңгүттөр! Аш сурадык кимиңен?
Кан сарайын талаштыкпы бириңен?
Кайран элим өзүңөргө ишенип,
Куурап бара жаткан жокпу түбүнөн?

Азгырмалуу бийлик, байлык кумары,
Айыкпаган кеткис кесел сыңары.
Абийир, арды бийлеп алган учурда,
Акыры бир турат көздөн чыгары.

 

АКЫЙКАТ БАРБЫ?

Эч кимге жоктой керегим,
Көчөгө батпай келемин.
Алтының агып турса да,
Бар тура арман дегениң.

Жаратып кайра уратып,
Ааламды бийлейт убакыт.
Карматмак түгүл таптырбай,
Кай жакта жүрөт бу бакыт.

Жоготкон жолу табылбай,
Жол билер көсөм кабылбай.
Эңгиреп эси элимдин,
Этеги калды жабылбай.

Туурасын айтаар жогунан,
Туңгуюк болуп жол улам.
Ээрчиме болдум, же башка,
Эмне келет колуман?

Баюунун таап айласын,
Шылуундар көргөн пайдасын.
Өлкөмөн издеп келатам,
Акыйкат барбы? Кайдасың?

“Жаңы Агым” (“Кыргыз гезиттер айылы”), 23.05.2012-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.