Эмне кыларыбыз билбей турабыз

КЛООПто болгон окуя биздин блогго катуу таасирин тийгизди. 23-марттан кийинки материалдардын көбү КЛООП тарабынан табылганы менен, айрымдарынын бир аз гана бөлүгү жетикиликтүү. Калган бөлүктөрү менен таанышуу мүмкүн эмес. Эми аларды акырындан толуктасак болот эле. Бирок ошол эле кезде, блогубуздагы көп шилтемелер иштебей калганын байкадык. Көп материалдар такыр ачылбай жатат. Алардын баарын иретке келтириш үчүн өтө көп убакыт кетчүдөй. Анткени учурда блогдо 3000ге жакын материал жарыяланган.

Ошого байланыштуу сиздерден блогубузда айрым мүчүлүштүктөр болсо кечирим сурайбыз. Айрым материалдарды табуу жолдору тууралуу бул жерде жазганбыз.

Аталган нерселерге карабай, сиздер биздин блог тууралуу жакшы пикирде болсоңор, Premia.kg сынагына катышып жаткан блогубуз үчүн добуш берүп коюңузду өтүнөбүз. Аны үчүн блогубуздун сол жагындагы “Premia.kg. Голосуй за нас” деген сүрөттү бассаңыз, бизге добуш бере турган барак ачылат. “+ 1 голос” дегенди бассаңар бизге добуш берген болосуңар.

Урматыбыз билдирип КМБ

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.