Кыргыз театры эл аралык фестивалда гран-приге ээ болду

Т.Абдымомунов  атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры Алматы шаарында 25-30-майга чейин өткөн театралдык эл аралык фестивалда кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде коюлган “Чыңгысхандын ак булуту” спектакли менен  башкы байгени жеңип алды. Бул тууралуу “КАБАР” маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында театрдын директору Кыргызбай Осмонов билдирди.

Фестивалга баардыгы болуп Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандан 10 театр жамааты катышкан, анын алтоо казактардын театрлары болгон. Биздин театр башкы байгеден тышкары башка сыйлыктар боюнча да жеңишке жетишти. Ш.Касымалиева эненин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн “Эң мыкты аялдын ролу”, К.Осмонов “Эң мыкты эркектин ролу” сыйлыктарын жеңип алышкан.

“Калыстар тобунун чечими менен жеңиш бизге ыйгарылды. Анын курамында төрт мамлекеттин эл артисттеринен тышкары, Түркиядан белгилүү театр сынчысы чакырылган. Биздин артисттер жогорку оюнду көрсөтүп кайтты”, – деди ал.

К.Осмонов бул жеңиш жалпы кыргыз маданиятынын жеңиши экендигин баса белгиледи.

М.Момуналиева, “Кабар” МА, 03.06.2010-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.