Мультипликациялык «Баатырбек» сериалы

Баатырбек жөнүндөгү комикстердин мотиви боюнча тартылган алгачкы мультипликациялык сериал 10 сериялуу болот. Учурда анын алты гана сериясы даяр.

«Баатырбектин» автору Ниязбек Абазганов Kloop.kgге берген маегинде алгач комиксти «Манас» деген ат менен тарткандыгын билдирди.

«Мен “Твиттерге” ушундай идеям бар экенин жазып, бир канча комикстерди жайгаштыргам. Мага бир нече пикир жазышты, алардын арасында мен барып жолуккан бир демөөрчүнүн да пикири бар болгон. Ал мага Манастын элдик баатыр экенин айтып, комикстин аталышын өзгөртүүгө көндүрдү. Менин долбоорум толугу менен юмористтик болуп саналат», – деди ал.

Абазганов аталышын өзгөртүп, бирок сюжетин ошол бойдон калтыргандыгын айтты.

«Баатырбек деген аталышы орус тилдүүлөр үчүн да кыргыз тилдүүлөр үчүн да түшүнүктүү болуп, эки тилде тең оңой айтылат», – деп түшүндүрдү добоордун автору комиксинин жаңы аталышын.

Ал жалпысынан ар бири 1,5 мүнөттөн болгон 10 серия тартып чыгарууну пландап жатат.

Долбоордун автору азырынча анын сериалы кайсыл телеканалдан көрсөтүлөөрүн билбейт. Абазганов азыр бир нече сунуш бар экенин, бирок ал башкаларын издеп жаткандыгын кошумчалады.

Мультипликациялык «Баатырбек» сериялынын демо-версиясы:

Александра Ли, “Клооп” порталы, 18.02.2013-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.