Т.Чоротегин: ““Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору 3 муундун негизинде 2000 жылга жакын узактыктагы тарыхты чагылдырган”

chorotegin

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев маалымдагандай, 2014-жыл Кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылы болуп белгиленүүдө. Бул демилгеден улам мамлекеттин тарыхы, маданияты бекемделип, активдүү жарандар тарабынан ар тармакта ар түрдүү иш-аракеттер көрүлүүдө. Алсак, “Курманжан Датка” тарыхый көркөм тасмасы, “Көчмөндөр оюну” кыргыз элинин тарыхын, улуулугун дагы бир жолу бекемдеди десек жаңылышпайбыз. Бул иш-аракеттер менен бирге кыргыздын тарыхчылары, этнографлары, окумуштуулары мурда тарых булактарында болбогон маалыматтарды таап, Кыргызстандын тарыхына бир катар жаңылыктарды киргизүүдө. “Мурас” коомдук фондунун төрагасы Тынчтыкбек Чоротегин көп жылдан бери кыргыз тарыхын изилдеп келет. Ал тарыхый китептердин, альбомдун бет ачары болгондугу тууралуу маалымдап, бизге мурда тарых китептеринде жазылбай келген бир катар айтылбаган жаңы маалыматтары менен бөлүштү:

– Жакында “Кыргыз жана Караханид каганаттары: көөнөрбөс издер” аттуу III эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өткөрүлгөнү турат. Мектеп программаларында аталган Караханид каганаты тууралуу окулуп келген. Ал эми азыркы сиздердин изилдөөлөрдө маалыматтарда өзгөрүүлөр, толуктоолор барбы?

–  Негизинен идеясы жагынан Караханиддердин тарыхы постсоветтик Кыргызстанда дурус үйрөнүлүп келе жатат. Азыркы илимий изилдөөлөр ал маалыматтарды тереңдетүүдө. Биздин мамлекет деген түшүнүктү дагы бекемдеп жатат. Жалпы орток түрктөрдүн Караханид Каганатында карлук, ягма башка уруулардын арасында кыргыздар да болгон. Караханийлер мамлекетиндеги уруулар көчмөн кыргыздар менен бир аймакта жашашкан. Буларды өзүбүздүн тарых катары көрүүбүз керек.

– X кылымдарда азыркы Кыргызстандын аймагында жашап жаткан эл кайсы жерлерде турукташкан эле?

– Окумуштуулар далилдери боюнча буга чейин туура эмес түшүнүк болуп келген. Эне-Сай каганаты болсо эле кыргыздар ошол жакта болгон, башка жерде болгон эмес деп ойлошкон. Улуу Кыргыз каганаты учурунда академик В.Бартольд “Кыргыз улуу державасы” деп атаган доордо кыргыздардын бир бөлүгү Монголиянын түндүк батышында жашап калган. Кыргыз нур деген көлдүн аты ошондон калган. Бир бөлүгү Теңир Тоого азыркы Чыгыш Түркстандын аймагына келген тоонун чыгыш жеринде жайгашкан. Кыргыздардын бир бөлүгү Эне-Сайдын гана аймагында эмес Караханид Каганатынын аймагында дагы жашаган деген жаңы түшүнүктөр чыкты. XIII кылымда Чыңгыз хандын жортуулу менен кыргыздардын бир бөлүгү Уралга чейин барып башкырлардын, ногойлордун арасында дагы кыргыз уруусу бар экендиги тууралуу жаңы этнографиялык маалыматтар чыгып жатат. Бул жөнүндө мурда Башкирстандык Равиль Кузеев аттуу этнограф жазса, азыр көптөгөн булактарда, фильмдер менен дагы көргөзүлүүдө. Кыргыздардын жайгашуусу Евразиянын Теңир аймагына тиешелүү экендигин жаңы илимий жобо катары улам тастыктап жатабыз. Кийинки жазыла турган китептерге бул маалыматтар киргизилет.

– Сизге тарыхчы катары суроо бергим келет. Ар ким өзүнүн ар түрдүү ойлор кетүүдө, бирок “Манас” эпосу кайсы доорго таандык экендиги азыркы күнгө чейин талаш-тартышты жаратып келет. Бул жөн гана чыгарма дегендер бар, а кээ бирөөлөр ал болгон чыныгы баатыр дешет. Ушул жөнүндө сизде кандай маалымат бар?

– Ар кандай уламыштарга эмес илим так дарекке таянуусу керек. “Манас” эпосу “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпостору ата, бала, небере 3 муундун негизинде урпактын тарыхына иш жүзүндө 2000 жылга жакын узактыктагы тарыхты билдирген. XVIII кылымга чейин эле 2000 жылдын окуясын чагылдырат. “Манас” эпосунун эң соңку учурлары калмактарга жана манжурларга каршы согуш менен байланыштуу. Алардын согушунун акыркы учуру ошол XVIII кылымга байланыштуу. Демек биздин заманга чейинки III кылымдын этегинен тартып Манастын доору болгон десек болот. Тарыхта эскерилген кыргыздын 1-маалыматы биздин заманга чейинки 202-201-жылдар. Ошондон бери эмне тарых өтсө ошонун бардыгы “Манас” эпосунда камтылды. 3 эле муундун турмушунда болгондой кылып чагылдырылган. Негизинен “Манас” дастанында айтылган кээ бир элдер бири-бири менен такыр жолуккан эмес. Мисалы, кара кытайлар.

Маектешкен Рахат Саламатова, “Кыргыз Кабар”, 17.09.2014-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.