Үч элек

(икая)

Сократка бир киши айтат:

– Билесиңби, сен жөнундө өзүңдүн эле досуң эмне деди?

– Кое турчу, – деп токтотот аны Сократ, – сен адегенде айта турган сөзүңдү үч электен өткөр…

– Үч электен? Кантип?

– Ооба, бир нерсени айтаардан мурда 3 электен өткөзүш керек. Биринчи кезекте чындыктын элегинен. Сен айта турган нерсе чындыкпы өзү?

– Билбейм, мен өзүм да муну башкалардан уктум.

– Анда сен бул сөздүн чын же калп экенин билбейт экенсиң… Андан көрө, кепти экинчи электен өткөзөлү, жакшылыктын. Сен айтмакчы болгон нерсе жакшы кеппи?

– Жок, тескерисинче…

– Демек, сен ал кептин жакшы жагы деле жок, кала берсе сен ал чындык экенине да көзүң жетпейт. Андай болсо, үчүнчү электен өткөзүп көрөлү, пайданын элегинен. Сен айтчуну укканым мен үчүн пайдалуу болобу же жокбу? Сенин кебиңди укканым мен үчүн ошончолук эле зарылбы?

– Жок, зарылчылыгы деле болбосо керек…

– Андай болсо, – деп жыйынтыктайт Сократ, – электей келгенде сен айтчу кепте чындык да, жакшылык да, пайда да жок. Мага аны айтпай эле койчу…

Мирлан Дарман Тегиндин баракчасынан алынды

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.