Шаамерчемдин ырлары

ЭСТУТУМ

Сүйүүгө сүйүнч ширеле
Сүзүлүп көздөр тимеле
Сүлкүлдөп катар бараттык…
(Сүрөөлгө* тийген күн эле…)
————————————-
СҮРӨ(Ө)ЛГӨ – Студентти СҮРӨӨ максатында, анын болочокто мыкты адис болуусуна ӨБӨЛГӨ түзүү максатында мамлекет же ишкана-уюмдар тарабынан белгилүү өлчөмдө чектелип ай сайын төлөнүүчү акча, стипендия.

 

ГЕНЕРАЛ
(акроыр)

Жеңиш майрам… Жолбергиде* жашыл маал
Ой айткансыйт: ” Ордендүү чал, өтүп ал!…”
“ЛЕНИН” деген ташкүмбөзгө – таазимге
Бүкүрөңдөп шашат сылтый генерал…
Емма бийке эске түшүп баягы
(Рейн көркү, алман кызы кырчынтал!..)
Генералдын арманы аттын башындай
Ичтен сызып барат бир аз кызымтал…
________________________________________
ЖОЛБЕРГИ*-светофор

 

ПАЛИНДРОМ

  1. АРАК ТЕБЕТ, КАРА !!
  2. АТАК – КЫЗЫК КАТА…
  3. АГАМА КӨНӨК, А МАГА ?
  4. “КЫЙЫН” АГАСЫ САГАН ЫЙЫК…
  5. АК КАЙЫК ЫРЫ КЫЙАККА…
  6. – НЫЙАС, АТПА КИЙИК АПТА САЙЫН …
    – АТКАН КИЙИК НАКТА !!
  7. ЭГЕН, КҮЧҮК НЕГЕ ?
  8. МӨКҮ ӨРҮК КҮРӨ ҮКӨМ –магиялык квадрат (сырдуу чарчы):

М  Ө  К   Ү
Ө   Р  Ү   К
К   Ү  Р   Ө
Ү   К  Ө  М

 

ГАЛСТУК ИКАЯСЫ

Жөнөп калам расымдуу жыйынга
Жакшы көргөн галстугум байланып,
Байланам да жоруйм жакшы ырымга
Галстугум бойтумарга айланып…

Кокус эмес, себеби чоң- анткеним;
Тили буруу теңтушум бар Файз аттуу-
Кайдан окуп, кимден уккан билбеймин,
Бир икая айтып берген санаттуу:

Тээ илгери желдең аяк бир мырза
Бийдин жарын сүйүп, оттой жаныптыр…
Коргошундай көлкүп жатып койнунда
Капилеттен колго түшүп калыптыр!…

Күнөө чегин ченеп опсуз ченелге*
Сот мырзаны дарга өкүм этиптир…
…Тыбырчылап мырза жанын берээрде
Сыйыртмак жип чарт үзүлүп кетиптир!…

Ажал өзү кечирди,-деп, күнөөсүн,
Сот актаптыр өлтүрбөстөн мырзаны,
-Калсын тирүү, бирок бизде жүрбөсүн,
Кетсин шаардан, шаар ысмын булгады…

Өмүр бою жипти албаска моюндан,
Кубангандан касам ичип ийген, дейт…
Дагы кырк жыл кумар канбай оюндан,
Сыйыртмакчан далай сулуу сүйгөн, дейт…

Болгон экен ысмы Hals ал мырзанын
(Алман насил тайпадан го болжолу…)
“Галстук” сөзү кайдан келип калганын
Мындан ары эске түйүп коёлу…

Жөнөп калам расымдуу жыйынга
Жакшы көргөн галстугум байланып,
Байланам да жоруйм жакшы ырымга
Галстугум бойтумарга айланып…
________________________________________
ЧЕНЕЛГЕ*-критерий

 

ЖЕҢИЛДЕНҮҮ

Кечээ мен айран калдым Оштон келип-
Баарысы иңглисче алган билип!..
Орусча он сөз билбес Орунбайлар
Деп сурайт: “Did you have a good trip?”

Элеңдеп үйгө кирдим ууруга окшош,
Колумда эчтемке жок, чөнтөк бопбош…
…Аялым чөмүч кезеп, качып чыксам
Мыскылдашты: “How did you like Osh?”

Таарынып, капаланып мен аябай
Качып барам, безип барам тоону карай…
Ичимден: ” Кайтпайм!., дедим, биротоло!…”
Артымдан итим ээрчип үрөт: “Why? Why?…”

Тоого жетип, куладым, чарчап денем…
Тоо демине эреркеп, ыйладым мен!…
Капырай шамал согуп иңглисче,
Тоо жаңырат иңглисче серпин* менен!!..

…Ойгонсом алка-шалка түшүп терге
жатыпмын… Жарым сурайт : “Мынча эмне?…”
“Эң жаман түш көрдүм!!..” деп жооп бердим
Ыргагыңдан садага КЫРГЫЗ ТИЛДЕ!…
____________________________________________
СЕРПИН* – акцент

 

ЖЕКШЕМБИ

…Ойготту Күн аяр сылап чекемди:
“Ойгон эми, сен ойгоноор кез келди”.
Ачкан көзүм алтын нурга кезигип,
Бир керилдим: “Бүгүн күнгө жекшемби!..”

Эх, жарандар, бүгүн күнгө жекшемби!..
Эмне кылсам? Турбай жата берсемби?
Же күн жыттуу, ширин кызым жетелеп,
Тегиртме* чаап, балмуздак жеп келсемби?

Шаарбактан таап алып Арсенди
Же шарактап, шарап күчүн сезсемби?
Убайдилда-шахматисттен жадабай
Же төрт ойноп, он эки мат жесемби?

…Жаңы Күнүм нурун “кезеп” көргөздү
Окула элек китеп турган текчемди…
ЭЛИМ БЕЙПИЛ. Деним таза. Карзым жок.
Эх, жарандар!.. Бүгүн күнгө жекшемби!..
——————————————————————-
ТЕГИРТМЕ*-карусель

 

ҮЧ  ГАЗАЛ

Түшкө кирип дилге жигер тамыздың
Ал түш үчүн бүт өмүр саа карызмын!

“Жоручу!” деп собогөйгө* жалбарсам
Кабарлады кайыпшоокум жардыгын:

-Булак сууга чачын жууса үлпүлдөп-
мындан билгин убактыңдын тардыгын…

Көзүн ымдап, ууртунан жылмайса
Деген белги: “Баатыр, сени сагындым!..”

Сыңар колдоп түртсө өжөр төшүңдөн
Бул дегени: “Бүгүн түнү жалгызмын…”

Өпкөнүңө жолтоо болсо сөйкөсү
Мындан билгин атаандашың алсызын

Этегинен экиленип энтиксе
Бу далилдейт укугуңдун бардыгын!

“Акың канча?” десем, деди собогөй:
“Арзыйт берсең алты шаардын кандыгын!”

Асман күчүн арбап алган асылкеч
Шаамерчемдин калемине арзыдың!…

 

* * *

Амаанатка алты кылым таңкысмын…
Кооздуктун ширесине кангысмын…

Ашуу аша жортконго мен ыраазы
Тирүүлүктүн миң көйгөйүн чангысмын!

Алмустактан ара туулган арман бар-
Аттиң, анан Ажал келсе алсызмын!

Ай-асманга учат имиш рухуң
Аттиң, анан денем жерде, жансызмын

Ай-асманга учаар ишим жок эле
Аттиң, анан айкалышчу жарсызмын

Рух кезип Телегейдин* тереңин
Аттиң, анан өлөң-төшөк, тамсызмын

Рух каңгып Караңгыда кыйырсыз
Аттиң, анан жарык берчү шамсызмын

Рух желип, Ээндикке ээленип,
Аттиң, анан ыр-бий, күлкү, шаңсызмын

Рух сүңгүп Мунарыкка… Достор жок…
Аттиң, анан жалгызмын-ов, жалгызмын!

Ажал көктө, Рух сенде, Шаамерчем,
Азырынча алаксытаар ыр жазгын…

 

* * *

Дедим : “Болду… Жетет эми эркелик…”
Дедиң : “Неге эрмешпейсиң тең келип?…”

Дедим : “Мизи мокобосун жигердин…”
Дедиң : ” Эрте.. .Кылат али эртелик…”

Дедим : “Жедеп жеңилээриң анык го!..”
Дедиң : “Сөзсүз чөгөлөйсүң эңкейип…”

Дедим : “Кумар кулун тоскон парда тур…”
Дедиң : ” Анда киймелигим – чечмелик…”

Дедим : “Эми бир комузга айланып,
Энтиктирчү элдик күүнү чертелик !..”

Дедиң : “Байкуш бала кыял Шаамерчем,
Бар болгону пенделик, бул – пенделик !…”
——————————————————————-
ТЕЛЕГЕЙ*-космос

СОБОГӨЙ*-экстрасенс (гадальшик, ворожей)

 

КЫЗЫМ МЕНЕН СУКБАТ

– Атаке, бу “өлдү…” деген не өзү?
– “Өлдү…” деген ачуу чындык, садагам.
Болсо дагы, болбосо да күнөөсү
Акыр барып өлүп тынат ар адам…

– Ар адамбы? -Ооба, ар адам!
Эрте-кечтир жетет адам ажалы.
Башы жарык, аягы-түн караңгы-
Ушул анын бир өмүрдүк казалы…

– Анда бир күн өлөсүңбү сен дагы?
– Ооба, чүрпөм, акыр келээр Өлүм-түн…
Соолор дилде тирүүлүктүн ырлары…
Жел шыпыраар топурагын көрүмдүн…

– Анда бир күн өлөмүнбү мен дагы?!!!
… Жок,жок эркем, жок,жок чүрпөм, жыргалым!
Ана, чүрпөм, бүгүн күн да жайдары…
Ана, эркем, тыңша булак ырларын…

Көктү кара көөдөн керген көшүлө,
Булут менен ысмың сенин жазылган…
Тоо бетине кардан кийген шөкүлө
Уйкуңдагы күлкү мөөрүң басылган…

Күлө багып топтоголок күн келет…
Ал күн эмес, апаң берген топ тура!
Аны кууп кошуна кыз энтелейт
Ал да сендей тынчыбаган шок тура…

Тээ кыраңдан бир козуга маарады
Тыңша, сени “ойнойлу” деп чакырат
Бала шумкар темир канат акдалы
“ойнойлу” дейт канаттарын каккылап…

Сен деп чыгып, сен деп батып Улуу Күн
Оюнуңа кумарданат, суктанат…
Эртеңтүспөл үлбүрөгөн Үмүтүм
Ойной элек оюндарың жыттанат…

Оюнуңа канбай туру жер шары!
Галактика канбай туру оюнуңа!
СЕН ӨЛБӨЙСҮҢ, өмүрүмдүн жарыгы,
Токсон жолу өлүп берем ордуңа!…

 

БИРӨӨГӨ

Оозуңду жап, оозуңду жап , кысталак!
Калалекте кашка тиштен куржалак!
“Кыргызмын” деп кыйынсынып мен жүрсөм,
Кыргыз туруп “кыкең…” дейсиң ыржактап…

“Кыргызбай…” деп мүлдө журтту пас кылып,
“Жаман” кылып, “чабал” кылып, “таз” кылып
Шакаба айтып шарактайсың, кашайгыр
Шакабаңдан дымак тайып, шак сынып…

Сапарымды сагынч сүрөп утуру
Сапарымдын зорго түгөп учугу
Алты дабан ашып келип акыры
Кандашымдан эшитээрим ушубу?!

Көрдүм эле сөзмөрлөрдүн далайын
Уктум эле шакабанын шааларын
Бирок сендей журтун кордоп жыргаган
Безерманды* көрсөм көрбөй калайын!…

Жаман – өзүң, жаман эмес КЫРГЫЗ ЭЛ!
Чабал – сенсиң, чабал эмес КЫРГЫЗ ЭЛ!
Кыйын кезең кыңырылтты аз гана
Айтар сөзү али алдыда, ЭЛ түгөл!

Атам айтчу сөздүн келип учуру
Кайталайын, кашайгыр,билчи ушуну:
КЫРГЫЗ ЭЛИ – ЭЛ БҮТКӨНДҮН КАЙМАГЫ!!
КЫРГЫЗ ТИЛИ – ТИЛ БҮТКӨНДҮН ЧУЧУГУ!!
———————————————————————-
БЕЗЕРМАН – нигилист

 

ЫРПЕРИ*

“…Мөлтүрөк ырларым бар жазыла элек!”
(К.Култегин)

…Эбим кетип, кейпим кетип баратсам
Эс оодарып көйгөй-тирлик иштери
Кайып берген Оомат болуп жолугат
Кыргыз түспөл, кыргыз тилдүү ырпери…

Түн терметип, илхам күтүп жылдыздан
Олтурсам мен (жарым уктап ичкери…)
Кирип келип эки сап ыр тартуулайт
Көгүлтүр көз орус тилдүү ырпери…

Уктап жатсам төрүнө өтөт түшүмдүн
Сүйүүм болуп мен боз улан кездеги
Төрт сап ырды мончок кылып тагынып
Ойкуштанган тажик түспөл ырпери…

О перилер! Силер сунган тамчылар
Кандырбады ырсуусунду мендеги!
Күтүп келем-качан жетет ЭРТЕҢДИН
Ыр жүктөлгөн отуз төөлүк кербени?…
——————————————————————-
ЫРПЕРИ*-муза

 

КЫЯЛ

Ааламдын жармы чөгөлөп
Шоораты болуп кан, кыргын,
Темучин каган тушунда
Ооматы келген маңгылдын…

Мүнүшкөр серпкен шумкардай
Кыйырын мыкчып сан жылдын
Ааламга ырын жаттатып
Бүгүн күн-доору аңгылдын* !

Маңгылдын өттү заманы…
Аңгылдын өтөөр заманы…
Кырмызы туусу кылкылдап
КЫРГЫЗДЫН жүрөт арааны!
—————————————————
АҢГЫЛ*-Англия, англичанин

 

ЖАГДАЙ

Ош дегениң- чо-оң базар…
(Бир көчөдө он базар:
Калпак базар… кант базар…
Тоок базар… тон базар…

Чыгыш жакта там базар…
Батыш жакта шам базар…
Урук базар… ун базар…
Арак базар… Ар базар…

Өйдөрөөктө дүң базар…
Четирээкте жүн базар…
Балык базар… Бал базар…
Күндүз базар… Түн базар…)

Ылдыйраакта кул базар…
Күйгүзгөнү шул базар…
Мөгдөп туру бир киши
Кызмат жасап пул табар.

Көрсөтпөскө көз жашын
Жерге салат ал башын…
Улутунуп күңкүлдөйт
Балдарынын карды ачын…

“Акча берсең тизем” дейт…
“Акча берсең тилем” дейт…
“Казам, жасайм, шыбайм…” дейт…
“Акча берсең бийлейм…” дейт…

Күйгүзгөнү-кул базар!
Күйүт базар-бул базар…
Араак барса ортолоп
Гүл жыттанат гүл базар!

\Гүл жыттанат гүл базар!
Күн жыттанат гүл базар!
Ар дестенин арасы
Аалам шаңын сыйдыраар…

Жоогазындын дестеси
Кылыктанат: “Жездеси!
Эжем чанып энтеңдеп
Жүргөн чагың эстечи!”

Кызгалдактын түйүмү
Жеңекемдей күйүмдүү!
Сырдуу карап шыбырайт:
– Барктай бил, деп, Сүйүүңдү!

Кызгантманын* топтому
Кызык өтмүш Оштогу…
Саамайында үлбүрөк –
Шоктонуу, ах шоктонуу!…

Өрүмкашка* бууму
Бантик менен буулуу…
Балкым жүзү албырган
Шүүдүрүмгө жуулуу!…

Тотунайдын* орому
Той ырына оролуу…
Тоолук кыздай жыпары
Чын ышкыга королуу!…

Айсоорундун* тутамы –
Дестелердин султаны
Илеп серпет көз ымдап:
“Селки таңы – гүл таңы…”

Астайымдын* байламы –
Дестелердин каймагы!
Күлө багып назданат:
“Гүл – үмүттүн майрамы!..”

Үр жыттанат гүл базар!
Нур жыттанат гүл базар!
Илхам бүркүп көөдөнгө
Ыр жыттанат гүл базар!..

…Эрте туруп мен бүгүн
Гүлгө байлап үмүтүм
Кул базарды кыйгап өтүп
Гүл базарга жөнөдүм!..
————————————————
КЫЗГАНТМА* – хризантема, ӨРҮМКАШКА* – ромашка,
ТОТУНАЙ* (ГҮЛ) – гладиолус, АЙСООРУН* (ГҮЛ) – акация,
АСТАЙЫМ* (ГҮЛ) – астра

 

КИШИ КИЙИК*

…Эч бир жанга катылбай тиши тийип,
Адам көрсө жалт берип качып ийип,
Ээн жерде жүрөт, дейт, каңгып, жалгыз
Алда кимге таарынган киши кийик…

Эңгезердей жүнтулку, бою бийик,
Басат, дешет, колдору жерди чийип,
Айлап,жылдап акмалап-аңдышса да
Колго түшпөйт негедир киши кийик…

Кандай анын таржымал,өмүр жолу?
Эч ким билбейт- бар бекен жосомолу*?
Макулукпу? Кишиби? Сыйкырчыбы?
Телегейди көзөп келген же жолоонбу*?..

Ким болсоң сен ал болгун, киши кийик,
Алигече бир жанды мертиндирип,
же майыптап кетти,-деп укпаптырмын…
“Жаман” эмес “ЖАКШЫСЫҢ” иши кылып…

Бирок каңгып жүрүшүң мен түшүнбөйм…
“Армандуу го…” деп гана түкшүмөлдөйм-
Досуң антты аласалта тепти беле?
Дымагың же сынды беле жалаа сөздөн?

Атаандашың алдыга чакты беле?
Каршылашың каруулап жыкты беле?
Алган жарың айтканда алсыздыгың
Ала көздүү дос-душман укту беле?

…Же колуктуң кооктоп турган ченде
Бардың беле, каркыбар, башка чээнге?
Колго түшүп капылет, чатак ырбап,
Калгансың бейм, сүрүлүп Түнгө-Ээнге?…

…Жолуң түшсө биз жакка, бир кире кет!-
Өзүм дагы өзүңдөй арманым көп!
Бир бөтөлкө катылуу “Ош арагын”
Сыр чечишип ичели сен экөөлөп!…
————————————————————-
КИШИ КИЙИК* – снежный человек
ЖОСОМОЛ* – аналог
ЖОЛООН* – инопланетянин

 

АГЕЖЕ*

Басканың этиет, кадамың аялуу…
Кымсына жер тиктеп, көздөрүң санаалуу…
Сен ЭНЕ болосуң, агеже, жакында,
Аз гана күн калды, аз гана…саналуу…

Кымсынаар иш эмес, кымсынба, садага!
Айыптуу кишидей улам жер караба!
А көрөк тандап кой болочок ысымын
Ак сүйүүң, ак никең апкелген балаңа…

Бөбөгүн төрөп бер, жубайың кубансын!
Үйүңө нур толуп, ырга той улансын!
Уузуңа тойгон соң наристең көшүлүп,
Уйкуга магдырап, төшүңө кыналсын…

Абайлап, агеже, этиет басагөр!
Татыктуу уулга чаңкоодо биздин жер!
Жүрөгүң жазданып жатпасын ичиңде,
Даңк ээси дагы бир Чыңгыздай чыгаан эр?!..

Этиет, садага, жолуңду карап бас!
Негедир элимде салт-нарктуу кыздар аз…
Ичиңде так ошол кыз уктап жатпасын,
Датка-Эне жолуна татыктуу, талапташ?!..

Агеже, абайла, биздин жер ташы көп…
Жолуңда ой-чуңкур бар-жогун тескеп өт…
Ыр токуп сен басаар жолуңа төшөдүм-
Кадамың кемикпей бул ырды тепсеп өт!…
——————————————————————-
АГЕЖЕ*- Сарыкол кыргыздарында жаш кыз-келиндерге карата эркелеткен тейде колдонулчу сөз… Мааниси адаттагы “карындаш…” кайрылуусуна жакын турганы менен, “карындаштагы” тапандыктын билинер-билинбес жыты “агежеде” такыр жок, бул жааттан ал улуу кишилер колдончу “кызым…” кайрылуусуна окшошураак… “Агеженин” дагы бир өзгөчөлүгү- аны аял-эркек дебей колдоно беришет. Өзгө тилдердин эч кандай таасирисиз, накта кыргыздык рухтан ийип чыккан СЫЛЫК КАЙРЫЛУУ…

 

ШАЙТАНАЙЫМ*

Шыңкылдап күлгөн сайын
Күлкүңө чайканайын!
Күлкүңдөн чачыраган
Учкундан жалтанайын!
Күлкүңдү токтотпочу,
Токтотпо, шайтанайым!..

Эңилип сунган чайың…
Чайыңдан айланайын!
“Тамакка күтсөңүз…” деп
Кылгырсаң байланайын…
“Күт…” десең күнү бою
Күтөйүн, шайтанайым!

Азгырган айла-амалың
Байкабай арбалайын…
“Кымбат го…” демиш болуп
Сөйкөңдү кармалайын,
Сөзүңө сөөлөт кошчу
Сөйкөңдөн, шайтанайым!

Айлаңа багынайын!
Жалындап жалынайын!
…Жуурканды серпип таштап
Чачыңды жамынайын!
Чалкарды чаалыктырчу
Чачыңдан, шайтанайым!

Алдастап айкалайын!…
Калдастап кайкалайын!..
Ааламды аласалтчу
Табыңа таң калайын!
Акылдан адаштырчу
Табыңдан, шайтанайым!…

Шыңкылдап күлгөн сайын
Күлкүңө чайканайын!
Күлкүңдөн чачыраган
Учкундан жалтанайын!
Күнүмдү бейиш этчү
Күлкүңдөн, шайтанайым!…
____________________________________________
ШАЙТАНАЙЫМ* – искусительница

 

СОБОЛ

Түгөнгөн сайын түтөгөн кыргыз,
Тутанып кайра күчөгөн кыргыз
Карайлап турса калп болуп чыны,
Кырсыгып сөзү, кыярып ыры
Күңк этти собол калпыс да барксыз:
“Кай кыргыз- кыргызыраак кыргыз?”

Курама журттан куралган кыргыз,
Куралган сайын чыңалган кыргыз
Мүрүдөн басып буруутил кумса,
Оозунан сөзүн жулдуруп турса
Мыңк этти собол нарксыз да салтсыз:
“Кай кыргыз- кыргызыраак кыргыз?”

Жарашып айтса : “Тарыхта такпыз!”
Эп келип десе : “Тарыхта акпыз!”
Тарыхтан Кыргыз табылып нуру
Таканчык издеп обдулуп туру…
…Аңгыча собол кыңшыды жапыс:
“Кай кыргыз- кыргызыраак кыргыз!”

 

ЫНАНУУ

Кээде азайып аласамдан* бересем*
Ашып түшөт чыгашамдан  кирешем!
Ай-асманга төбөм жете калгансып
Андай кезде алптар менен тирешем!!!

Кээде азайып бересемден аласам
Ашып түшөт кирешемден чыгашам…
Дүйнөм тарып, Акырзаман келгенсип
Андай кезде алдастап жан талашам…

Бересем көп… Толуп жатат аласам!
Жазмышыма наалып, кайра жарашам-
Өчпөс чырак -ҮМҮТ нуру жарыткан
Бул Жашоонун кооздугун карасаң!…
——————————————————
АЛАСА*-дебиторская задолженность
БЕРЕСЕ*-кредиторская задолженность

 

ТҮКШҮМӨЛ

Окумал ойондордон бир укканым
(Ким билсин, териштирип калп-ырасын?):
Жанегем Аялзатты жараткан, дейт,
Эркектин алып сол жак кабыргасын…

А бирок түкшүмөлүм бөлөк менин
(Тескеп ал чындыгын же калп экенин):
Жанегем Аялзатты жараткан го
Оң жаккы жүрөгүнөн Эректенин*!
________________________________
ЭРЕКТЕ*= эркек. Сарыкол кыргыздарында кеңири колдонулчу диалектизм. Бул эки сөз “мужчина” маанисиндеги синонимдер болуу менен бирге айырмачылыктары да жок эмес- “эркек” зататоочу “мужчина” менен катар ” самец” маанисин да камтып, бардык жан -жаныбарларга карата да колдонулса (эркек мышык, эркек чымчык…), “эректе” бул түшүнүктү моралдык-этикалык(?) нукта туюндуруп, адамга ГАНА карата айтылат. ( ” Эректе кишинин башына нелер гана келип-кетпейт! Мырзалыктан тайып, эмшиңдебей сабыр күтө бил, уулум…”, “Эректелердин алдынан бой жеткен кыздын туура өтүшүн салт көтөрбөйт, муну билип жүргүнүң, кызым…” ) Бул жааттан алганда “эректе” “эркекке” караганда сылыгыраак, жымсалыраак. Мааниси боюнча баягы “джентельмен” дегенге бир топ эле жакындашат…

 

БОЛМУШ

Ойунан Адам-Ата азирети
Жасалган  Жайсал* ана, таазим этти :
” Өкүмдар, мен алдыңа келип турмун,
Датына кулак салгын мендей кулдун!
Нечен жыл сөз айтпагам мындай чеки,
Эми айтсам -жалгыздыгым жанга жетти…”

Анда Адам мындай деди ийкеп башын:
” Билемин эмне экенин Жалгыздыктын!
Жалгыздык- бул жашоонун касырети,
жапаасы, тозок-түнү, акырети!”
…Заматта жасай салды  Жүзө* затын
Жайсалдын сууруп алып кабыргасын!

Кубанган Жайсал көздөн жашын ирмей,
Жүзөсүн алып кетти ал жетелей.
…Бир күнү Жайсал-Жүзө никесинен
Төрөлдү бир ымыркай Чындык деген…
Жайсалың  барбалаңдайт : “Чындык!  Эх-хэ-эй!”
“Чындык!”, “Чындык…” деп жаңырат бүт Телегей…
—————————————————————–
ЖАЙСАЛ*- теория
ЖҮЗӨ*- практика

 

АККОРДЕОН

Канча жылдар өзүңдөн билбей дайын,
Калган элем сурашпай алың-жайың.
Таарынгансып калыпсың… Амансыңбы?
Келчи, достум Аккордеон, кучактайын!

Жаштыгымдын жарчысы, таажысы элең!
Жаштык ырым жарк этчү өзүң менен,
Рыспайдын “өзүндөй” кайырганда
Толкуп-ташчу Телегей теңсиз терең!

Төрдө болчу ордубуз үлпөт жайда,
Түгөлбайдан суранышчу кайра – кайра.
Не бир көздөр ирмелбей кылгырчу эле
Асангалый мукамы жаңырганда…

Эсиңдеби баягы жаз ооматы ашкан?-
(Жаңы обонун жазган жаз Бабаравшан)?
Шатыраган топ жаштар таң атырдык
Ырдап, тыңдап жаңы ырды жадабастан…

Эшпаевдин ырындай ыр бар эле!
Эшпаевдин ырында сыр бар эле…
Колумда сен, койнумда – не бир дымак…
Анда кыздар кыз маал эле… Күз маал эле…

…Кызды  көрдүм энтикчү бизди тыңдап
Олоң чачы оңуптур чалып бубак…
Баратыптыр жетелеп небересин
Биздин ырды кыңылдап ичтен ырдап…

Жүрө берчи кыйбас досум Аккордеон!
Жаш ырчынын доошуна кошуп обон!
А мен болсом кетейин, кайыр эми!
Учурашпай калаттайбыз* ушул бойдон…
———————————————————-
Учурашпай калаттайбыз*- учурашпай калабыз го сыягы… (Сарыкол)

 

МЭЭ , ООЗ  ЖАНА  ЖҮРӨК ИКАЯСЫ

Мээ башкарат кишини, талашсыз бул…
Ооз- Мээни тейлеген кызматчы кул

Мээ буйругун Ооз айтып замандан тээ
Кырк миң түрдүү эл жашайт жер бетинде

Бирок  Мээге баш ийбей Жүрөк деген
Алмустактан ал келет эрки менен

Кырк миң элдин кырк миң тил сүйлөсө Ооз
Жүрөк тили – жалгыз тил, жатык да кооз:

Жеңилүүгө тушуксаң Намыс чөгүп
Мөгдөйт  Жүрөк :”Кожоюн, өлдүк.. дүк.. дүк!!..”

А эгерде зор Жеңиш болсо сендик
Эргийт  Жүрөк :” Кожоюн, жеңдик.. дик.. дик!!..”

Ооздордо тилдердин нечен миңи,
Жүрөктөрдө бир жалгыз кыргыз тили:

Кээде сырдуу : “дүк-дүк… дүк-дүк.. .дүк-дүк…”
Кээде шаңдуу : “дик-дик… дик-дик… дик-дик…”

 

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.