Кожогелди Култегин: “…Байрак кылам жүрөгүмдүн толтосун?!”

k_kultegin

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси, акын Кожогелди Култегин Түркияга аттануу алдында турат. Ал келерки жума башында Кыргыз Республикасынын ТҮРКСОЙ эл аралык уюмундагы өкүлү кызматын аткарууга киришет. Акынды жооптуу кызмат орду менен кызуу куттуктап, жаңы жазган ырларынан окурмандарга сунмакчыбыз.

ЖООШ СУЛУУ

Шер жарашып турган сымал доорума,
сен жарашып турган сымал жолума –
тоголоктоп түйүп койчу чачың ал
толкуп түшүп – толуп турду сооруңа!

Чалкып чачың жаткан менен жанатан
чарчап бүттү чала-бучук тамашам –
карабайсың, сүйлөбөйсүң, күлбөйсүң,
карап коймок сүрөт деле – карасам.

Бийге тартып ийсемби дейм тарсылдап,
бирок колду cуутабы дейм калчылдап.
Чырпыйт неге чыканак да чыпалак,
чырпыйт неге галстугум ал турмак?

Сөз жөнөттүм – сөөлөт менен кашкайар,
ыр жөнөттүм – ымдап туруп каш кагаар…
ойда-а сонун кызытышты кечени
орто жолдо күнүн көрүп башкалар.

Оң жагымды ордо кылган жоош сулуум,
отпускеге кеткен беле ооз-мурун?
Джакартадай баш көтөрбөй тиктедиң
дасторкондун гүлдөрүнүн кооздугун.

Бул кечени бирок курук өткөрбөй,
турган кезде кулак укпай, көз көрбөй,
мени акырын чымчып койдуң каруумдан
мелжеп келип, эрин менен өпкөндөй!

Мейли, мейли, сездим-туйдум мээрим мен,
мелүүн экен бир азыраак эринден.
Жеңин, ырас, түргөн экем көйнөктүн –
жеңиш даамын сезбедимби дениңден.

Бармак менен сөөмөйүңдүн ортосун
барктайм десе – жулам анын колкосун!
Бакыт үйүн курам өзүм ал жерге,
байрак кылам жүрөгүмдүн толтосун?!

 

СӨЗҮНҮН ЖОК КАТЫГЫ

Сүйлөйт болбой… сөзүнүн жок катыгы…
Сүйлөйт болбой адистерге аты улуу.
Бийик болуп сезилеби өзүнө,
билерманды биле албаган акылы.

Канча бири саат карады акшыңдап,
карылардын табарсыгы ташкындап.
Эстеп – оозун ачкандарга эп го дейт
эпостогу калкандарды бастырмак.

Канткенде эми кетет өзүн сөзү аттап,
калп сөздөргө караюуда өзөк жак.
Төш белги тур депутаттык… төшүндө…
төөнөгүчү менен оозун көзөп-жап.

 

САН- МИҢ ДООРДО

Толук болсун дүйнө дешип – кен ачат,
толукталган сайын бирок кеми ашат.
Салтты бузбай мухиттер да, деңиздер
сан-миң доордо толукталып келатат!

Сан- миң доордун жылдары бүт сөксөңдөп,
санай келсең – далай жерге өскөн чөп!
Анча жылдын өсүмдүгү канча анда –
аны ойлосоң чал болосуң бөкчөңдөп.

Бардык элде балдардан зор доорон жок,
бардык доордо баркы алардын оогон жок!
Чөнтөктөрдө алпараткан таттуу эле –
чөлкөмү зор, көркөмү зор тоо болмок!

Сан-миң доордун санжыргасын айтчы ушу,
сактап-жыйган дүнүйөсүн тапчы ушу.
Чачтарды кой, каштарга эле толмок да
чалкыган бул дүйнөнүн бир капшыты.

Кетпесе да ташкындап же көбүрүп,
кээ бир жерден турмак чети көрүнүп.
Арбын шек бар калында ушул сулуунун,
астына анын жаткандай бүт көмүлүп?!

Учкан канат – бул ааламдын далысы!
Ушул жашоо – баштала элек жарышы!
Учу ийненин жоголду го ичкерип –
учу, демек, мейкиндиктин баарысы!

Катуу ирмелет караган көз жалтанбай,
калп айткандын саламы да жарты айдай.
Оюнчукту жасагандар балдарга
о, койчу аттиң, турушпайбы картайбай?!

Топук ошол – толтурам деп ойлосо!
Толгонунан артыгыраак – толбосо!
Тонуң чечип, ойлонyп көр жакшыраак,
тоолор болмок эмес – кеми болбосо?!

Баары, баары бар болуп да жок болуп,
бакырайган көз жылдызга октолуп,
ушул дүйнө кеми менен улуу да,
ушул дүйнө өлүм менен топтолук!

 

ЭКИ АК КУУ

Кош Ак кууга көлдө жыргап калкыган
кол серелеп кыйкырам да талпынам:
— Койкойткула мойнуңарды дагы ийип,
койкойткула – жазылгыча жарпыңар?!

Түгөйлөр ал түбөлүккө жасанган
түр албаспы келберсиген, жашарган.
Суктандырып турду сонун жооп өңдүү
суроо мойну – сулуулуктан жасалган!

Жытташты эле – жыргап жаным дүр-р этти!
Жылдырбасын көөдөндү да мүнөттү –
сунуп турат алакандай ачык көл
сулуулуктан жаратылган жүрөктү!

 

УБАКЫТТЫН БАКЫТЫ

Азоо сымал – кашып жалын, кулагын,
акырындан убакытты жоошутсам –
анан гана ырас ырды чубаарым
ак кагаздын беттеринде тосуп таң.

Түнкү асмандын басып турат салмагы,
түмөн жандар уктап… уйку – арачы.
Түндүн баарын, түндүн баарын ал дайым
түркүк кылып алгандыгын карачы.

Керели-кеч айткан сайын «бол», «ыкчам»
келечекке шашылабыз – чоңбу орду?
Бир билектин беш салаасын чогултсаң –
бир билекче болобу да болбойбу?

Селт(!) деп чочуп – келе калган эсине
себеп-несин дароо кошо бүшүркөй –
опурулган океандын бетине
орду-түбүң билип жүр деп түкүрсөм!

Жерди өйдөдөн тиктеш – таалай-бак канча!
Желбирешет туулар – ылдый төшөлбөй!
Ачык китеп көмкөрөдөн ташталса –
ымыркайдай ыйлайт башын көтөрбөй.

«Эркин тоо», 17.11.2014-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий