Түрк элдеринин салттуу оюндарына арналган симпозиум өтөт

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” долбоорунун алкагында 15 мамлекеттин өкүлдөрү топтолуп, түрк элдеринин салттуу оюндарын талкуулайт. 20-22-ноябрь күндөргө белгиленген симпозиумга Кыргызстан, Азербайжан, Орусия, Кытай, Ооганстан, Казакстан, Монголия, Өзбекстан, Германия, Австралия, Хакасия, Алтай, Крым, Башкыртыстан жана Тува мамлекеттеринен окумуштуулар келет. Иш-чара Бишкектеги кыргыз-түрк “Манас” университетинде өтөт. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Симпозиумдун максаты – каада-салттарга илимий жактан баа берүү жана аны эл аралык деңгээлде өркүндөтүү.

“Азаттык”, 20.11.2014

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.