Манас баатырдын бейнеси барбы?

Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевге;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жалпы депутаттарына;

Кыргыз Республикасынын Өкмөт башчысы Т.А.Сариевге

жана Кыргызстандын жалпы жарандарына кайрылуу

Урматтуу Манас атабыздын урпактары! Урматтуу кыргызстандыктар!

Биздин ата-бабаларыбыздан калган таберик энчибиз бар: ал – улуу “Манас” эпосу!

Биз бүгүн элдик улуу эпосубузду руханий мурас, руханий дөөлөт катары ооздон оозго уламалап айтып келген не бир залкар манасчыларыбыздын өң-келбеттерин, бейнелерин (образ) элестете алабыз. Ал эми Манас атабыздын өзүнүн айкын образын даана элестетүү мүмкүн эмес! XXI кылымдын босогосун аттаган мезгилге дейре айтылуу улуу эпосубуздун оозеки варианттары ар башка болгон сыяктуу эле сүрөтчү, скульпторлор тарабынан Манастын бейнеси түрдүүчө чагылдырып келе жатканы өкүндүрөт!

Арийне, “Манас” эпосу оозеки түрүндө канча вариантта айтылып келгенинде кине жок, ал эми баатырдын эпикалык мүнөзү жалпы кыргызстандыктардын жана ар бир Манас урпагынын элесинде бирдиктүү образ катары калыпка түшүүгө тийиш деп ойлоймун. Андыктан жалпы элдик демилге жана колдоо көрсөтүп, Манас атабыздын элестүү образын чагылдыруу максатында сүрөтчүлөр жана скульпторлор үчүн конкурс жарыялоо сунушу менен атпай журтка кайрылуу жолдоймун…

Конкурс дүйнөлүк масштабдагы иш-чара болууга тийиш жана Манастын бейнеси жалпы Кыргызстан элинин тандоосу менен гана жүргүзүлүүсү зарыл.

Биз бул демилгени ишке ашыруу менен дүйнө коомчулугуна улуу “Манас” эпосубузду жана Манас атабызды даңазаласак; экинчиден Манас атабыздын бирдиктүү образын тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ боло алабыз. Конкурстук негизде эң татыктуу деген баасын алган жеңүүчүнүн эмгеги гана келечек урпактарыбыз үчүн Манас атабыздын бейнесин деп таанылууга тийиш.

Адылбек БАЙТЕРЕКОВ, сүрөтчү

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.