Мирлан Абдыкалыков, “Сүтак” фильминин режиссеру: “Фильмдеги фактура – айыл жери, айыл эли мага абдан жакын”

Мирлан Абдыкалыков тарткан “Сүтак” фильми 2015-жылы жарыкка чыгаары менен, эл аралык бир топ конкурстарда баш байгеге татыктуу болду. Кыргызстандын атынан “Оскар” сыйлыгына талапкер болуп катталган. Жакында Россия киноакадемиясынын абройлуу “Ника” сыйлыгын жеңип алды. Фильмдин сценарийин Актан Арым Кубат менен Эрнест Абдыжапаров жазган. Оператору—Талант Акынбеков. Башкы ролдордо–Табылды Актанов, Анара Назаркулова, Таалайкан Абазова, Жеңиш Кангелдиев, Жибек Бактыбекова жана Мырза Субанбеков. Фильм бул күндөрү (7-17-апрель) Түркиядагы кинофестивалга катышууда. Фестивалга кетер алдында режиссер жана айрым артисттер редакцияда мейманда болушту.

– Мирлан, “Сүтак” фильминин аягында көрүүчүнү ойго салыпсыздар. Улан менен метеоролог Эрмек кайра кайтып келет, ээ?

– Фильмдин аягында ачык суроо таштадык, көрүүчү каалагандай жыйынтык чыгара алат. Дегинкисин ал жерде үч муундун өкүлү: кайнене, келин, небере калды, жашоо андан ары уланып кете берери анык. Окуянын жүрүшүнө карасак, же уулу, же метеоролог кайрылып келет деп да түшүнсө болот. Турмушта кыргыздын кыздары чет жактарга күйөөгө кетип жатпайбы. Шайыр күйөөсү каза болгонуна карабай, кайнене-кайнатасы менен калды. Кайын атанын кабыргасы кайышканы менен келинин эркине коюп жатканын карабайсызбы.

– Артисттерди кантип тандадыңыздар?

– Сценарий колубузга тийгенден кийин тартчу жерди жана көптөгөн артисттердин арасынан сынак менен татыктуусун тандап алдык. Бир гана– абышканын ролу көйгөй жаратты. Аны Акылбек Абдыкалыков ойномок. Бирок Ысык-Көлдүн Чоң-Ашуусундагы Түргөн деген көз жоосун алган, бирок бийик жерге барганда, Акылбек аганын кан басымы көтөрүлүп, киного тартылууга чыдабай калды. “Ордума Табылды Актанов жарайт” дегенде, тез арада актерду таап, ал киши заматта даярданды. Бул бизге кандайдыр бир белги сыяктуу “табылып”, абышканы анын урматына Табылды деп атадык.

– Жаш туруп мындай терең ойлуу фильмди тартыпсыз. Атаңыз Актан Арым Кубат же Эрнест Абдыжапаров жардамдаштыбы?

– Атам менен Эрнест агайдын фильмге салымы чоң, алар сценарийин жазды, бул эң маанилүү. Ошентсе да өзүм деле кино тармагына 5-6 жашыман аралашып калганым маалым, “Селкинчек”, “Бешкемпир”, “Маймыл” фильмдеринде башкы ролдорду ойногом, “Свет аке”, “Кентавр” ж.б. фильмдерде экинчи режиссер, башкасында оператордун жардамчысы болдум, кыска метраждуу фильм тарттым. Анын үстүнө “Сүтактагы” фактура- айыл жери, айыл эли менин жан дүйнөмө жакын. Өзүм чоң атам менен чоң апамдын тарбиясын көрүп калгам. Алар мени кой кайтартып, тиричиликке бышырып өстүрүшкөн. Эски кишилер маданияттуу, сөздү тикелей эмес, жандатып айтып, “Уугум сага айтам, уулум сен ук, керегем сага айтам, келиним сен ук” дегендей айткандарына күбө болуп калгам. Фильмде да ушинтип жандатып, уламыштар менен кыйытышат. Оюн ачык айтпаса да, чучукка жеткире сездирип, көз караш менен билдирип турушат.

 

Таалайкан Абазова, Шайырдын ролунда: “Адегенде атка мине албай атсам, кийин жоргодон түшкүм келбей…”

– Таалайкан, атты катуу чаптырат турбайсызбы?

– 7-классыман бери атка мине элек болчумун. Тасмага тандоо учурунда “Атка мине аласыңбы?” дешсе, “Ооба” деп коюптурмун. Анын үстүнө мага атты мынчалык чапкылайсың деп айтышкан эмес. Мен ойногон каарман Шайыр кыргыздын кайраттуу, кыйын келиндеринен да. Минген атым жорго экен, 10 күн ары-бери чапкылагандан кийин, аттан түшкүм келбей…

– Көбүнчө комедиялык ролдорду ойночу элеңиз, мындай олуттуу ролдо да өзүңүздү көрсөтүптүрсүз…

– Кино тартылган жер абдан кооз болчу, ошондон улам шыктанып кеттим окшойт. Күйөөсүнөн ажыраса да, кайнене-кайнатасын кароосуз калтырбаган, кайраттуу келиндин образын ийине жеткире аткарууга аракет кылдым. Шайыр биринчи жолу каяшасын суудан келатып, чаканы ыргытып жибергенде билдирет эмеспи. Сөзү азыраак, көбүнчө көз-караш, кыймыл-аракет менен образ жаратыш керек болду. Бээ саап да көргөн эмес элем, киного тартылган учурда үйрөндүм.

 

Гүлбара Төлөмүшова, кино сынчысы: “Үч муундун ички күчү, таза ниети жашоонун улуу көчүн улайт”

– “Сүтак” фильминин өзөгүн Табылды аттуу малчынын үй-бүлөсү түзөт. Алар бийик тоолуу өрөөндө жылы бою көчүп-конуп жүрүшөт. Адаттагы малчынын тыным билбеген турмушу сүрөттөлөт. Үй-бүлөнүн бардык улуу мүчөлөрү тыным билбей иштешет, бээни улам-улам саап, жылкы кайтарып, желеге байлап, отун терип, тамак жасап, айтор чачтан көп жумуш жасашат. Табылдынын байбичеси Карачачтын ою башкалардан айырмалуу. Келининин анчалык сылык болбой атканын абышкасына айтып калат, бирок үй ээси угуп тим болот, ага жооп бербейт. Байбичеси деле анын кулагынын кужурун албай, сүйлөп-сүйлөп алып, кетип калат.

Бир карасаң келини өзүн нарктуу алып жүргөндүктөн, кайненеси угуза бир ооз сөз айта албайт. Шайыр атка секирип минип, жайлоого кетип, малды кайрып, чапкылап жүрөт, бээ саайт, сууга барат. Турпаты да келишимдүү, мээримдүү эне, оокатына тың, иштерман. Кайнатасын сыйлайт, маркум күйөөсүнө сый-урматы сакталуу. Ал жакка жаңы барган метеоролог Эрмектин үй-бүлө куруу тууралуу сунушун четке кагат.

Балдардын орду да өзгөчөлүү. Улан шаарда студент, кичүүсү Умсунай уламыш угуп чоңоюуда. Чон энеси “Сүтак” тууралуу уламыш айтып, ошол эле учурда келинине сөз кыйытат.Чоң атасы Корукенин жомогун, бүркүткө айланган кишини айтса, зирек кыз Умсунай аны кулунду сактайм деп атып сууга агып кеткен атасы деп түшүнүп, бүркүт учуп келген сайын артынан“атакелеп” кыйкыра берет.

Фильмдин акырында жайлоодо үч аялзаты калат: кайнене, келин, небере. Улан менен метеоролог Эрмек шаарга жөнөп баратат. Бирок үч муун өкүлдөрүнүн ички улуу күчү, таза ниети жашоо көчү кемибей уланарынан кабар берет.

 

Фильмде Умсунай аттуу кичинекей кыздын ролун аткарып, көрүүчүлөрдү бирде ыйлатып, бирде таң калтырган сүймөнчүктүү кыз - Жибек Бактыбекова. Ал Рысбек Осмоналиев менен Махабат Кайкиеванын кызы, Бишкектеги №64 гимназиянын 4-классында окуйт. Жибек редакцияга чоң апасы менен келди.
Фильмде Умсунай аттуу кичинекей кыздын ролун аткарып, көрүүчүлөрдү бирде ыйлатып, бирде таң калтырган сүймөнчүктүү кыз – Жибек Бактыбекова. Ал Рысбек Осмоналиев менен Махабат Кайкиеванын кызы, Бишкектеги №64 гимназиянын 4-классында окуйт. Жибек редакцияга чоң апасы менен келди.

Айгүл Кайырбекова, Жибектин чоң таенеси: “Кинону көрүп атып, башталганда эле “Жибек!” деп кыйкырып жибериптирмин”

– Жибекти киного “Ак шоола” балдар хорунда жүргөндө Гүлмира Эсенгулова эжекеси кастингге жиберип, андан фильмге тандап алышыптыр. Киного тартылууга бир айга Түргөн жайлоосуна алып кетмекчи болгондо, аны менен барууга мүмкүнчүлүк болбой, өзү жалгыз кантип барат деп ойлонуп жаттык. Режиссердун жардамчысы Чолпонай эжеси жагып калып, неберем “бара берейинчи” дегенинен жиберип ийгенбиз. Бараткан артисттер да белгилүү кишилер экен. Ал жакта, жайлоодо байланыш жок, жакага түшкөндө бир жумада араң бир жолу сүйлөшүп, кызыбызды аябай сагынып калганбыз. Кандай кино экенин да билген жокпуз. “Бүркүттүн артынан кыйкырып чуркадым” деп эпизоддорун айтып жүрдү. Кинонун бет ачаары болгондо туугандарыбыз менен барганбыз, башталганда эле “Жибек!” деп кыйкырып ийиптирмин. Кинону көрүп, ичибиз эзилип, бышактап олтурдук. Кызыбызды таланттуу деп айтышчу, сүрөт тартат, ырдайт, бийлейт, кол өнөрчүлүгү менен алектенип, кийизден ар кандай буюмдарды жасайт. Кинодо мынчалык ойной алат деп ойлогон эмеспиз. Баарыбыз сүйүндүк. Киного кийген чыптаманы Жибек эки жашында тигип, кийин деле киер деп, узунураак кылгам. Ошо чыптаманы кийип ойнободубу. Эми аны сиңдисине берген атат. Режиссеру Мирлан Абдыкалыков экенин да кинонун бет ачаарында билдик.

 

Жибек Бактыбекова, Умсунайдын ролунда: “Актриса болгум келет”

– Жибек, сага Умсунайдын ролу жактыбы?

– Ооба, аябай жакты.

– Кинону көргөндөн кийин досторуң, классташтарың эмне дешти?

– Кино көргөнү келишкенде эле “Сүтак” деп менин сүрөтүм илинип турганда “Жибек, сен ушинтип тартылдыңбы?” деп таң калышты. Баары эле “Кантип ыйладың?” деп сурашты. Биринчи ыйлай албай, ал жактан апам-атамдарды, үйдөгүлөрдү сагынып, аларды ойлогондо ыйлап жибергем.

– Тасмадагы артисттерден кимиси жакты?

– Бүт баары жакты. Эч кимиси мени урушкан жок. Ооруп калсам “артисткабызга эмне болду” деп баары карашты. Чолпонай эжем, кинодогу апам Таалайкан, Анара апам –баары экинчи апам болуп калышты. Табылды чоң атам, Эрмек байкем, Мырза байкем жакын адамдарым болуп калышты. Эрмек байкем табышмак айтып, күлдүрүп, баарыбыз күлүп, шайыр болуп жүргөнбүз.

– Андай жайлоодо болдуң беле?

– Мындай жайлоону мурда көргөн эмесмин. Ал жак аябай кооз экен. Саймалуу-Таштагы эпизодду тартканы эки күнгө барганбыз, ал жакка чейин машина барбайт да. Атка минип, төрт саат жол жүрүп, түшкөндө бутум ооруп, баса албай калгам. Бирок атка минген аябай жакты.

– Ролду кантип жаттадың?

– Кээ бир жерлерин унутуп калсам, “өз сөзүң менен айта бер, бирок маанисин бузба” дешкенде өзүмдүн сөзүмдү кошо бергем.

– Кандай окуйсуң? Кайсы сабактарды жакшы көрөсүң?

– Жакшы окуйм. Эне тилим кыргыз тилин, орус тилин, сүрөт тартканды жана дене тарбиясын жакшы көрөм. Саймалуу- Таштын сүрөттөрүн тартам эми.

– Кинону көргөндөн кийин кандай ойдо болдуң?

– Дагы башка ролдорду ойноюн дедим. Актриса болгум келди. Мурда “Кентаврда” ж.б. эпизоддордо ойногом. Бирок мен көтөрүлүп кетпейм, сабакты да жакшы окуй берем.

Сүрөттөрү “Сүтак” фильминен жана автордун фотосу.

Айгүл Бакеева, «Полит клиника», 19.04.2016-ж.

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.