Мукай Элебаевдин күндөлүгүнөн. 76 жыл илгери жазылган ички сырлар

Жазуучу Мукай Элебаевдин 1940-жылдары жазган күндөлүгүнөн үзүндүлөрдү Sputnik Кыргызстан агенттигинен окуңуз. Баса, күндөлүктүн тексти, үтүр, тамгалары өзгөртүлбөй берилди.

Элебаев өз күндөлүгүндө чыгармачылыгы, башка жазуучуларга болгон пикири жана күнүмдүк турмушу тууралуу жазган. Алардын айрымдарын назарыңыздарга сунуштайбыз.

Көп жамандан аз жакшы артык. 28/VII, 1941

Бирөөлөрдүн айыпталышы күнөөдөн эмес да, акталышы менен макталышы жазыксыздыгынан эмес. 28/VII, 1941

Адам кыйынчылыктан көрө электе гана коркот. 30/VII, 1941

…днын бир сотрудниги мени бир айдан бери кыйноого алып жүрөт. Кечөө көңлүмдү бузгандыгы ошончолук, таң аткыча бир көз ирмебей, кайнаган ачуу менен алышып чыктым. Акты каралап, караны актап жүргөндөр көп эмесби. 30/VII, 1941

Уйкусуздук, акмактардын жанды кашайтканы, жок жерден чыккан талаш-тартыш, күндөлүк сансыз забота, дагы толуп жаткан ушундайлар мени далай асыл чыгармалардан каңтарды. 30/VII, 1941

Бир колхозчу мага мындай дейт:

— Сталиндин сөзүн уккандан кийин журт ушундай бир толкуду дейсиз… Же өлүм, же өмүр, “Эгер тигилер алчу болсо, биз баягы кулдукка кайра барат турбайбызбы?”. “Аскерге жаз” деп жүргөндөр мындан көп. Ай, анын сөздү келтирип жазган экен. Эл ошондой толкуган эместир… 1/VIII, 1941

Дагы бир колхозчу:

— Ушу мен көптөн бери күтөм — аскерге чакырбай койду. Бир жолу мынамуну чакырды эле, кинишкаңды мага бер десем болбой койду. 1/VIII, 1941

Совет өкмөтүнүн адылдыгына өлгөнчө ишенем. Ал, айрым кишилердин барына ишене бербеймин. (Кайра кээ бирөөнөн корком да) Анткени мени далайлардын ичинен бөйдөсүнөн өлтүрүп коё тургандар да бар. 1/VIII, 1941

Согуш башталгандан бери жумуштан көңүлүм тынып отурган бир минута да болгон жок. 9/VIII, 41

Түгөлбай — барып турган кошоматчыл, арамзаа. 9/VIII, 41

Катасы болбогон кишиде акыл, ой да болбойт. 16/VIII, 41

Эгер мен кайнаган ысык, кумдуу чөл, кыртышсыз жерди көрбөсөм Ысык-Көлдүн баркын билбес элем. Бирок менин өмүрүмдүн көбү Ысык-Көлдөн бөтөн жерде өттү. 16/VIII, 41

Айыптуу, сөз кыла турган, күлө турган өздөрү туруп, өзгөлөрдү айыптап, сөккөндөр, күлгөндөр көп. 31/VIII, 1941

Аялдын жакшы жаманын барыдан мурун үй тутушу менен балдарынын тарбиясынан баамдаш керек. Жаман катындардын үйү бозокордукундай тартипсиз божурап жатат да, балдары сууга сийген тентек болот. Жакшыда бул экөөнүн бири да болбойт. 4/IX 1941

Бүгүн военный занятыяга Жоомарт мас болуп келди. Тантыды. 4/IX 1941

Кыргызстанда Адабият майданы түгүл, теги жер үстүнө залалдан бөлөгү жок жазуучуларды шыпырып айда деген укук мага берчү болсо бир чоң списка түзөр элем! Өкмөткө, жер үстүнө залалдан өзгөсү жок жазуучуларга!.. Амал жок, бизде кайта ошондойлордун чыгармалары биринчи баа менен көтөрүңкү коюлуп, акчаны чеңгелдеп алдыңкы даражада жүрөт. 9/IX, 41

Ичимдиктин эч нерсеге теңебей турган бир “касиети”: жөнөкөйдө жылдап, айлап жетпей турган кишилер менен заматта тааныштырат. 12/IX 1941

Биздин кишилер ким ичинде жок болсо ошону жамандайт. 12/IX 1941

Союзда отурабыз.
— Сен өлүп көрсөңчү, мен бир жазып көрөйүн, кандай чыгар экен?— деди мага Токомбаев А.

Ириген ооздон чириген сөз, деп ойлодум да:
— Тирүүнү жазып бүтүп, кыйрата элегиң өлгөн кишилер калдыбы? Бул эмне деген дөөрүгөн кебиң?— дедим. 16/IX 1941

Аалы өзү жактырган бир ырын бүгүн барлык басмага, радиого таратты. Аты: Пионер Мурат кантип баатыр болду. Ырды баштап окуган эле жерден “көркөм образдар” учурайт”:

Сымаптай суусу туйлаган,
Район аты Ленин,
Селсоветим Алтынсай,
Колхоздун аты Калинин.

Кыргыздын орто мектеби
Номери анын он сегиз
Келе берет катыңыз
Асанов Мурат десеңиз…

Эң соңку, 1941-жыл, сентябрь айында, адабиятка жедеп “даанышман” болгон кезде жазып отурганы ушул! Эгер ушундай ырлар меники болсо күн көрсөтпөс эле. 16/IX 1941

Көркөм сөздүн күчү мысльда гана. 18/IX 1941

Жолдошко жагыш үчүн дүйнөң болуш керек эмес, жигит болуш керек. 2/X 1941

Тагдырды качан эле болсо чындык менен адилеттик чече бербейт. Кайта көп убактарда куулар менен митаамдар өтүп кетет. 2/X 1941

Мен жар деген нерсени журттан кем сүйбөймүн. Бирок, канчалык сүйгөн жарың болбосун, жигиттин кадырына чыга турган жигит гана. Ошентсе да бул сөз барлык заманга бирдей тийиш болбосу мүмкүн. 2/X 1941

“Корол Лирдин котормосун күйбөс ящикке салалы, бер деп сурап жатат” дейт Эшмамбетов. Менин ичимден күлкүм келди 9/X 1941

Бизде бир жаралып калган адамзаттар бар. Атак-наамга, мамлекет чөнтөгүнөн бекер тойлоого калганда жанга жеткирбейт да, оорурак мейнетке жадаса жумурай журт моюндап отурган жалпы кыйынчылыкка, милдетке келгенде тырмак учун тийгизгиси келбейт. Ушундайлардын элге берилген, адал кызматкер болушунан көрө, анык душмандын өзү болуп бериши журтка жүз эсе пайдалуу болор эле. 11/X 1941

Чоочун ишке даанышман да караңгы. 11/X 1941

Жүз жол уккан нерседен бир жол өзүң көргөн артык. Жүз жол уккан нерседен бир жол өзүң көргөн ишенимдүү. 13/X 1941

Турмуштун күчтүүлүгү шончолук нечен бир кайран жигиттер кор болот. Ушунда качып келген бир украйындык жигит үй таппай кор болуп жүрөт. Аттиң, дүнйө колумдан келсе… 13/X 1941

Кишиден турмуш акылдуу 15/X 1941

Сөгө турган өздөрү турса жазыксыз өзгөнү сөгүүдөн кайгылуу нерсе жок. 15/X 1941

Киши деген бирөө менен аңгемелешкенде кумардан чыгарып, үлгү көрсөтүп, акыл-азат берер эле. Биздин акмак халтуршиктердин ченине барганда менин бүткөн боюм дүркүрөп, чочуркап турат. Булар менен учурашканда кандай “асыл” кеп чыгары мага күн мурун белгилүү: жапайы мамиле, наадан тил, арсыз акыл, түккө тургус балалык пикир. Аягында, киши менен сүйлөшкөндөй болбой каның кайнап, жаның кашайып, көңүлүң бузулуп, ошолордун ичине жолукканга өкүнүп чыгасың. Муну бир эмес миң ирет тажрийпадан кечирдик. 15/X 1941

Бизде ким атактуу болсо ошол халтурщик. (Мындайча айтканда халтурщиктер атактуу). 15/X 1941

Адам баласынын канчалык акыл-эси, кубаты текке чыгым болот! Ошонун барын оорду менен сарпкылса адамга дагы жарым өмүр кошулар эле. 15/X 1941

Мен ушу күнгө чейин жазуучу эмес, адабияттын тегерегинде жан багып жүргөн, искусствонун көлөкөсүнө келбеген кишилерди жазуучу деп атаандашып, ачуум келип, кур арам тер болуп жүрүпмүн. Бирок, ошолор өзүн да чын маанисинде жазуучумун деп келишти. Али да ошондой. Муну мен бүгүн түшүндүм. 15/X 1941

Мен аял жагынан өзүмдү кармай албаймын. Мындан бөлөк өмүрдүн кай жагына болсо чыдаймын. (Артыкча жокчулукка). 15/X 1941

Алар менин “гениальный” чыгармаларыма көзү жетип турса да жакшылык жагын бир оозангысы келбейт. Башкалар бирдемени будалай салса, ошол сагат журтка жар салып, айтарга сөз таппай аптыгып калышат. Мындан өткөн кыянат болбос! 17/X 1941

Бу күндө бирөөнү бирөөлөр мактайбы, боктойбу — мага бары бир айырмасы жок. Анткени бизде калыстык, адилеттик, көркөм чыгарманы туура талдаган чындыктын өзү жок. Адабиятты сүйгөн, түшүнгөн адамдар жок. Көбү күн тийген жердин чоросу. Жазуучунун атын сатып, арзан күн көрүп жүргөн жан бактылар. 18/X 1941

Согуш башталганына төрт ай. Тарых билбеген, адам айткыс окуя… Ушул заманда коомго кол кабыш кылбаган, жүрөгү сокпогон, ачынбаган, кенебеген жазуучулардыкы журт алдында кечилбей турган улуу кылмыш! Бетине сүрткөн кара көө. Бизде мындай адамдар барбы? Көп! 18/X 1941

Шаардан тойгонум ошончолук, кыштакка бир орноп алсам, экинчи өмүрүмдө кайра келбес элем. 21/X 1941

Түгөлбай, Аалылардын “жазуучу” болуп жүргөндүгү биздин адабиятчылар коомунун караңгылыгын, кала берсе искусство деген нерсени кордогондук, кыянаттык, мейли деп карагандыкты далилдейт. 23/X 1941

Бая күнү Токомбаев докладында журналдардан мисал алып, бир тобубузга сынтагып кеткен. Так ошол номурлардагы өзүнүн “чыгармаларын” бүгүн окуп отуруп мен жанымдан түңүлдүм.

…Не керек, жазуучулардын жоругуна менин ичим казанактай болду. Ошондо да кесибимден алагды болбоюн деп, бу күнгө чейин тиштенип чыдап келдим. 24/X 1941

Эркек асылы ар жерден, аял асылы элден (айылдан) табылат. 29/X 1941

Илгери Хорковдо адам өмүрүн узарта турган бир окумуштуу бар экен. Күндөрдүн биринде буга бир жаш жигит келет. Анда окумуштуу киши туруп:

— Сен абдан убагында келдиң. Жашың улгайып кеткен кезде келгениңде кечикмексиз. Жакшы болду. Эми буга киришүүнү алдында сенден бир аз сөз сурайын, — дейт экен.
— Сураңыз, — дейт жигит.

— Бопороз тартасыңбы?
— Жок.

— Жакшылык кыласыңбы?
— Жок.

— Ичимдик ичесиңби?
— Жок.

Ойлонуп туруп-туруп:

— Анда өмүр сүрүп эмне кереги бар?— дейт берки киши. Бу жерге күрөш менен эмгекти кошсо болмок. 4/X 1941

Арактан дүнйө мастыгы жаман. 5/XI 1941

Буту-колу майып бир кайырчыны көрүп, боорум ачып, иштеп отурган ишим көңүлүмдөн чыгып кетти. 7/XI 1941

“4 айдын ичиндеги согуштун жүрүшү” (“К.К.” газетасы). “4 ай ичиндеги согуштун жүрүшү” десек, ыкчам айтылгандан башка, кыйшайып, кемип кала турганы жок. 10/XI 1941

Бирөөнүн сага кылган мамилесинен эмес, өзүнүн адат, мүнөзүнөн алып чечиш керек. 11/XI 1941

Биздин белсендүүлөр ЦКга, жогорку жайларга барса, өзгөлөр эмес, өз максаттары үчүн барып, өңгөнү жамандап, “материял” берип кайтат. 11/XI 1941

Басмадан ушунча болуп техника жагынан көңүлгө толгондой болуп бир да китебим чыгып көргөн эмес. Артыкча “Салам кат” купулга толбой калды. Мунун кээ бирин техника жагын өзүм ошондой жиберип коюп, соңунан өкүнүп калдым. “Карындашка” деген ыр мындай басылуу керек:

Эчтемеден жалтанба да кайгырба.
Мына заман,
Биз жасаган, бет алган.
Кайтпаган кайран абаң.

Нечен жолу
Күчтүү колу
Жоо сайып багындырган… (Калган бары ушундай болуп басылыш керек).

***

Жакшы чыгарма деген – окугандан тойбоо деген сөз. (Улуу, жакшы кишилердин өзгөдөн чоң айырмасы – алардын чыгармасын окугандан киши тойбойт. Сан ирет кайталап окуйт. 21/XII 1941

Көп адамдар жарды кезинде жакшы жазып, короосуна биртике “мал” бүтө баштагандан кийин семирип сала берет да жазганы жаман болуп чыгат — ал эмнеси? 19/XI 1941

Бизде моюн күчкө сала турган жерде Жоомарт кыйын, айтыша турган жерде Кубанычбектен өтөрүбүз жок. Урусунда бул чындыгы бар сөз. Жеке бул эки киши эмес, бизде кай-кайсысы болбосун, бирөөгө акысын жедирбейт да, теңдигин жибербейт. Бирок ошол күчтү, ошол сөздү, ошол акыл айланы, жанталашты, намызды көркөм чыгармага салганың барбы? 19/XI 1941

Белгилүү жазуучунун күндөлүгү менен Илимдер академиясынын сайтынан таанышсаңыз болот. Ал күндөлүгүн кириллица, латын жана араб арибдери менен жазган.

Бул кол жазмалар фонду Кыргызстандын ачык билим булактарын өнүктүрүү программасынын алкагында Улуттук илимдер академиясынын кол жазмалар фондусунун демилгеси менен түзүлүп, “Биздин Мурас” коомдук фонду тарабынан ишке ашырылган.

Расул Үсөналиев, “Sputnik-Кыргызстан”, 28.01-04.02.2017-ж.,
© flickr.com / Nicola Sap De Mitri

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.