Рахат Аманованы ырларынан

ӨКСҮК

Канат кагып уча албадым кезинде,
Кайрат айтып деген менен өзүмө,
Качанкы бир калпыс кадам, ойлорум,
Кайрып бербейт жаштыгымды, демимди.

Кандай сонун кыял-тилек бар эле!
Каалгый учуп ай-ааламды сермеген,
Мен ал кезде кыял менен жашаган,
Мен ал кезде бир башкача жан элем!

Кайран гана кангып калган жылдарым..,
Кайран гана карып болгон күндөрүм..,
Кайран гана санаа баскан жан-дүйнөм..,
Кайып болуп кыялдарым түгөнгөн..

Мээрими жок таш боор эне сыяктуу,
Мен силерди аң-сезимдүү өлтүргөм!
Мен силерди аяп жүрүп өтөөрмүн,
Мен силерден сурап турам кечирим…

Балким дагы далай ашуу ашаармын,
Балким дагы бийиктерге жетээрмин,
Бирок аттиң.., сая кеткен күндөргө,
Билип турам өксүп жүрүп өтөрүм…

Эмне дейбиз, эстүүсүнөт дебегин,
Эсиң болсо кыялдарың кеспегин,
Кыйчалышта турса дагы тагдырың,
Кыялдарын жолго таштап кетпегин…

Кыялдарым көр тиргилик сапырып,
Ырларымды куюн кетти учуруп…
Сүрөттөрүм тартылбаган тытылып!..
Өзүм турам өксүп эми окүнүп..,
Өзүм калдым өксүп ыйлап өкүнүп…
Москва, 2012-жыл.

 

АК КЕМЕ

Турмуш сен катаал мүнөз океансың,
Туурултуп, нур жүзүмдү көп суулайсың,
Тушуксам калагы жок кайыгыңа,
Тузу шор сууңду сунуп көп сынайсың!

Калак жок, колум менен сууңду шилейм,
Кайратым – ишенгеним, толкун жирейм,
Кайрымсыз кара булут нөшөр төксө,
Калкалайм балдарымы денем менен!

Турмуш эй!, Бүлөп бүттүң кош мизимди!,
Түшүнчү?! Сагындым мен мээримиңди!
Баладай бакыран көз кур томсортпой,
Багыма жолуктурчу Ак Кемеңди!
Москва, ноябрь, 2013-жыл

 

* * *

Оңой бекен сырдашуу?..,
Оңой бекен сырды ачуу?
Оөой бекен ар кимге эле айта берүү
көөдөнүңдө көкүрөктө уюп турган көк ташты?
Оо, ал үчүн..,
Көк мөндүрдөй тогуу керек көз жашты…
Анан дагы,
Керек го дейм бийик, таза ишеним?
Жулуп салып, үзүп салып чектөөлөрдүн кишенин!
Турган өңдүү акыретте суракта,
Жаныңды жеп жашырбай,
Агыңдан бир жарылып,
Айтууң керек кай жериңден тайганыңды жаңылып…
Ачуу чындык туруш керек жан дүйнөңдө чаңырып да, жаңырып…
Кулап келип кучагына бук тушуп,
Оо, ал үчүн..,
Адам керек чачтарыңдан сылап уккан, аяп сени түшүнүп…
Оңой бекен сырдашуу?..
Оңой бекен сырды ачуу?..
Июнь, 2014-ж.

 

ЭЛЕТТИК БИЙКЕЧТЕР

Ак фартукчан, кызыл жагоо, ак бантик,
ак жакабыз биз үйрөнгөн күн тартип,
эки орум чач, бантигибиз барпайып,
байчечекей гүлдөй элек көркү артык.

Аймончоктой, айтөгөрөк жүзүбүз,
октябрят да, пионер да болгон биз,
комсомолго билет алып сүйүнүп,
күлүп-жайнап, китеп окуп жүргөнбүз.

Татынакай кыздар элек эселек,
ооздорунан эне сүтү кетелек,
Алпечтеген ата-энебиз айланып,
ууздай таттуу, ууртам аппак сүт элек.

…Анан эле бойго жеттик билинбей,
кырандагы кызгалдактай дирилдей,
үлбүрөгөн, илбериңки, уялчаак,
көздөрүбүз жылдыз эле күлүңдөй.

Күлкүчү кыз, күндүз чачы өрүлгөн,
күлмүңдөгөн жүзүбүздөн төүлгөн,
элик мүчө бийкеч элек элеттик,
тун сүйүүгө тунук бойдон өбүлгөн.

Комуз мүчө бийкеч элек буралган,
кош алмабыз торсойгондон уялган,
кыз кылыгы көздү сүзүп кылгырып,
жаңы туулган айдай элек кылайган.

Боз уландын көз кыйыгы сынаган,
кыздар элек сулууланып, сыланган,
көңүлүбүз төп келгенин түгөй деп,
сүйүүбүздүн кучагында кыналган.

Албырчы элек сүйүү катын алганда,
алаканга сүйүү отун салгандай,
кагаз катты уучтап алып дирилдеп,
ай-ааламга уят болуп калгандай.

Качат элек көрүп калсак апасын,
качат элек көрүп калсак атасын,
кат алганга келин болуп калгансып,
“кайын-журттун” алган өңдүү батасын.

Боз уландын ышкы отун, дилгирин,
сезимдерди албайлы деп бүлдүрүп,
айлуу түндө чыгат элек айла таап,
“чабармандан” кат алганда үлгүрүп.

Чыйпылыктап, угулат деп мыш кылып,
ышкы отунан созолонгон ышкырык –
түнү чыкса ата-эненди мындай кой,
балтегибиз үрөт эле “бышкырып”. ))

Он алты жаш ойноок мүнөз кыз бурак,
оргуп аккан жайлоодогу мөл булак,
онунчуда окуп жүрүп сүйүлгөн,
эстен кеткис эгеримде жаз курак.

…Тун сүйүүнүн түгөй бийкеч-уланы,
тунук сезим билбеген кез кууланып,
түндү жарган ышкырыктар сүйүүнүн,
түбөлүккө кала берсин уланып.
Бишкек, 22.05.2017-ж.

 

АК БАТАГА ТИЛЕК

Касиеттуу Кудурет!
Кайрылууну бир өзүңө көрдүм эп,
Ырайым кыл,
Ыраакым эт.
…Отко кактап, сууга салдың сынадың,
Нойубадым, наалыбадым, башым ийип,бар
сынооңо чыдадым,
Бирок азыр түгөнүүдө чыдамым.
Боор ачысаң кызым деп,
Кагылайын Кудайым,
Бешенемден берекем деп сылагын!
Угуп менин датымды,
дабаасын бер, шыпаасын бер дартымдын!
…Түйшүгүмдүн себебин түкшүмөлдөп,
түшүнөмүн, түйшөлөмүн бир кылчайып, карап коюп артымды…
Түзөп койчу ойлорумдан жаңылган,
Түбөлүгүн түз кылып,
Түптөп койчу түпкүрүнөн
Гүл Жашоомдун Өмүр Жолун жаңыланып-жаңырган!
Тилегеним бер өзүңдөн, Жараткан!
Жаркып атсын Гүл Жашоомо аппак таң!
Оттой жанып жалындап, күч-кубатым ашынып,
Көздөрүмөн күйүп турсун аппак шам!
Агарт менин көңүлүм!
Агарт менин өмүрүм!
Турам азыр бут алдыңда
Багым тилеп, Тагым тилеп,
Өмүр тилеп бөгүлүп да чөгүлүп!
Күн нуруна чайынып,
Көкүрөгүм-көөдөнүм,
Деним-жаным сары зилден айыгып,
Өмүрүмө Күлкү чачсын төгүлүп!
Жолумду ач суранам!
Кызың турат көз жашына малынып,
Бир Өзүңө ишенип,
Бут алдына кулаган.
Ак жолума ак жолтой, ак жоолукту
ак дилиңден салып кой!
Ак батанды жаңырган
Гүл Жашоомо аябастан берип кой!
Сенин батаң ырыскы,
Жолума чоң чачыла-
Өмүрүмө шоола төккөн санат той!
Узагын бер өмүрдүн!
Уучум дагы узарып, уул-кызымдын,
урпагымдын багын көрүп, тагын көрүп,
Тынсын жайлап көңүлүм!
Улуу Журтка айланып,
Акылы мөл урпагым,
Элдин болсун кадырманы, каймагы!
Жарык жүздүү, ниети түз, урпактарга
толсун кенен аймагы!
Малга толуп өрүшү,
Ынтымагы ширелип,
Ырыскысын бооруна турсун дайым
күйүп-бышып болушуп!
Терең болсун Билими,
Терең болсун Илими,
Түбөлүккө сиңирсин,
Кыргыз деген Кан-Жанымды,
Дилим менен Тилимди!
Орго ташым куласын,
Уул-кызым, урпактарым ата-баба жөрөлгөсүн,
Кыргыз канын түбөлүккө уласын!
Ордо болсун Ак Өргө,
Ордум болсун сыйым
артып кут төрдөн!
Жакшылыкты чакырып,
Оң жагына оосун ушу ыр-толгом!
Очогумдун оту күйүп, жалындап
Береке кут төгүлүп! Майкөл-сүткөл
чыгданымдан, босогомдон агылып,
Кийик туяк казанымда –
кашык-чөсүч майга турсун малынып!
Энелерден бата алган,
Этегинен жалгаган, кыз-келиним
Уул-кыздарды улам төрөп чубуртуп,
Сүйүнчүлөп чабарман,
Тыңшап жатсам түбөлүк, Бактылуумун –
Ак Ордомо чаап келген күлүк аттын дүбүртүн!
Ак никелүү, ак жолтой,
Кыз-келиним бүлөө болсун ыймандуу,
Агыл-төгүл береке өргөөсүнөн агып турсун дайыма!
Насип кылып, буюрсун Бар тапканы бүлөө үчүн жыйганы!

Ак жоолугун салынган,
Арча бешик терметип,
Эне болсун мээрим төгүп жалынган!
Өзөгүндө өрт жанган,
Өнөрүнө эл канган,
Өрөөн толо эл болгон,
Төгөрөгү, төрт тарабы төп толгон,
Эр жигиттер – урпагым чыксын өткүр кылычтай!
Жолборс жүрөк тайманбас,
Элин-жерин коргогон,
Чындык учун күрөшкөн,
Сыны-сүрү канжар сындуу ач-албарс!
Тереңдиги деңиздей,
Көрөңгөсү көөнөрбөс!
Уул-кызымдын, урпагымдын
Берсең болду телегейин тегиздей!
Болоттой бек, дени сак,
Узун болсун баардыгынын өмүрү!
Колдоп жүрсүн кайда болсун
уул-кызымды, урпагымды,
Умай Эне анан Улуу Теңирим!
Тилегимдин жок менимче төгүнү,
Ал анткени мен болгону энемин.
Мен болгону энемин!
Түндүгүмдөн мээрим Куту төгүлүп!
Сомдогондой болоттон,
Түркүгүмдүн Бекемдиги турсун дайым көрүнүп!
Кызыр ата жылоолоп, кызылынан даарытып,
Бата берсин Багым берсин ыроолоп!
Тереңин бер теңим менен сүйүүнүн!
Теңим менен телегейим тегиз болсун Теңирим!
Жарыгын бер өмүрүмдүн түбөлүк!
Оомат-дөөлөт оргуп келген,
окторулган оттой кызуу,
Өмүр доорун бирге, чогуу сүрөлүк!
Бак даарыган жемиштүү,
Өмүр Жолун басып аман жүрөлүк!
Тилегимдин өөнү жок,
Айтканымдын баары чындап жүйөлүү.
Ал анткени Жакшылыкты Тилеген –
Аруу дүйнөм Аял Затым – аппак таң!
Ак батаңды кызыңдын
Тилегине ыроолоп,
Берегөргүн кең пейилдуу Жараткан!
14.05.2017-ж.

Соц тармактар:

One thought on “Рахат Аманованы ырларынан

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.