Акын Касаболотов: Өзгөрүш керек болуп турат бүгүн!

“Азаттык” таанымал акын, котормочу жана журналист Жыргалбек Касаболотовдун чыгармачылыгы, учурда эмне менен алектенип жатканын сурап, коомдогу болуп жаткан соңку окуялар тууралуу оюн укту.

– Жыргалбек мырза, соңку эки-үч жылдан бери Түркияда эмгектенип жүрдүңүз окшойт. Мекенден ыраак жүргөн чыгармачыл адамдын жан дүйнөсүндө сөзсүз бир өзгөрүүлөр болсо керек? Бул убакта эмне иштер менен алек болдуңуз?

– “Азаттыкта” иштеп жүргөндө эле Стамбулга жумушумду которгом. Жамааттан биротоло кеткенден кийин бир катар долбоорлор бар болчу, ошолор менен иштедим. Тактап айтсам, медиа жаатындагы китептер, котормолор менен иштедим. Көңүлгө түйүп жүргөн макалалар бар эле, аларды жаздым.

Негизи Түркияга Вин-Чун кунг-фу деген мушташ өнөрүн тереңден үйрөнөйүн деп баргам. Быйыл жазга чейин аны менен да алек болдум. Азыр шакирттик 9-деңгээлге жеттим. Алдыда дагы үйрөнө турган жактарым бар. Негизи Вин-Чун менен алектенип жүргөнүмө баш-аягы он жылдай убакыт болуп калды. Бишкекте бул жаатта сабак да берип жүргөм. Мушташ өнөрүнүн жалпы принциптерин Эмил Момунбаев деген агай үйрөткөн. Кийин устатым Ферданамдар деген түрк жигити болду. Андан соң Султан Абдиев машыктырды. Стамбулда Хасан Сомез деген киши устат болду.

Кыргызстанга кайра турмуштук жагдайлар боюнча эле келип калдым. Учурда китепке байланыштуу долбоорлор менен иштөөнү улантуудамын. Жеке чыгармачылыгым да бир калыпта баратат. Бир поэтикалык жыйнагым даяр болуп калды. Мүмкүнчүлүк болсо, жарыкка чыгарам. Ичинде ырлар, пародиялар, котормолор бар. Ли Бо, Ду Фу, Бо Цзюйи, Есенин, Окуджава, Гамзатов, Лермонтов ж.б. акындарды котордум.

Мындан сырткары Марат Токоев кесиптешим экөөбүз “Алданба” аттуу практикалык колдонмо китеп жаздык. Бул элге кыйла пайдалуу болот деген ойдомун. Анткени пропаганда, фейк деген эмне, маалыматты кантип текшериш керек деген суроолордун жообун камтыдык. Шарт болсо кайра күздө Стамбулга кетем, болбосо Кыргызстанда эле турам. Азыр түрк тили боюнча курстарга да барып жатам.

– Буга чейин Фейсбуктун активдүү колдонуучусу элеңиз. Коомдо талкуу жараткан окуяларда пикир жазып же ар кыл темада макала чыгарып, ырларыңыздан жарыялап турчусуз. Соңку убакта көрүнбөй калдыңыз да?

– Фейсбукту жаап салдым. Чынында чыгармачылыгыма кесепети деле тийген жок. Болгону Фейсбукта айта турган нерселеримдин баарын айтып бүттүм деп ойлойм. Буга чейин көптөгөн макала, сунуштарды, аналитикалык байкоолорумду жаздым. Андан жыйынтык чыкпагандан кийин жөн эле убакытты короткон нерсе экен деп бул тармактан кеттим. Фейсбуктун мага кызыгы деле калбай калды кийинки убакта. Кайра кирүүнүн маанисин көргөн жокмун. Андан башка социалдык тармактарга деле муктаждык жок.

Азыр медианын өзүнүн табияты өзгөрүүдө. Бир жагынан ушул соцтармактар ой айтуу эркиндигин абдан камсыз кылды, экинчи жагынан журналистиканы бизнестин элементи катары, өз алдынча акча табуучу булак катары жок кылып баратат. Бул жагынан алганда, классикалык журналистика кесип катары “өлүп” баратат. Ошондуктан мен эле эмес, менин далай кесиптештерим “алдыда кантип оокат кылабыз” деп ара жолдо турса керек.

– Соцтармак демекчи, ушул жаатта соңку күндөрү кайчы пикирлерди жараткан бир топ окуялар болуп жатат. Маселен, Маданият министрлигинин Тик Токту жабуу кадамы түрдүү сынга кабылды. Мындан сырткары айрым чыгармачыл адамдар социалдык тармактагы жеке пикири үчүн суракка чакырылып, кайсы бир беренелер менен аларга кылмыш ишин козголуп жатпайбы.

– Соцтармактар популярдуу болуп кеткени менен, башка дагы экинчи маселени жаратты. Бул маалыматка карата болгон кесиптик монополияны чыгармачылыкка болгон кандайдыр бир чектерди, жакшы менен жамандын ортосундагы маанини да жок кылды.

Илгери көрүнгөндун халтурасы чыкса чыккандыр, бирок мынчалык деңгээлде чыккан эмес да, жакшы менен жамандын айырмасы бар болчу. Азыр социалдык тармактар аудитория менен маалымат берүүчүнүн ортосундагы чекти жок кылып койду. Кимиси сапаттуу, кимиси сапатсыз маалымат берип жатат, белгисиз.

Ал эми чыгармачыл адамдардын камалышы боюнча айтсам, чыгармачыл адамдар чыгармачыл болгону үчүн эле куугунтукталбайт. Алар кайсы бир саясий позициясы үчүн куугунтукталат. Кысым саясатка аралаша баштаганда, саясий маселелерди козгогондо башталат. Ал жалаң эле чыгармачыл адамдарга эле тиешелүү эмес, бул баарына тиешелүү, анын ичинде блогер, активисттер жана башкалар бар.

– Бир ай мурун акын, коомдогу түрдүү маселелер боюнча өз оюн ачык жазып жүргөн Фейсбуктун активдүү колдонуучусу Бектемир Төлөн уулу милицияга суракка чакырылганы маалым. Анын адвокаты Агзам Дүйшөналиев акынга “Расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу” беренеси менен иш козголуп, күбө катары өтүп жатканын билдирген. Бул чындап эле акындын ырында терс чакырыктар бар деген күмөн санообу же чыгармачыл адамдардын жеке пикиринен чочулообу?

– Бектемир экөөбүз бир долбоордо иштегенбиз. Өзү абдан нарктуу, улуттук кызыкчылыкты коргогон адамдардын бири. Анан басылмаларга чыккан маалыматтардан ага эмненин негизинде, кайсы ыры, кайсы саптары үчүн айып коюлганы белгисиз болду. Мен өзүм соцтармакка кирбей калгандан улам так кабарым жок.

Бирок Бектемир Төлөн уулунун улут аралык кастыкка же аймак аралык кастыкка чакырып жибериши үч уктаса түшүмө кирбей турган нерсе, мен буга ишенбейм.

Анан буларга коюлуп жаткан айып жөнүндө кеп кылыш үчүн ошол коюлуп жаткан айыптарды ачыкка чыгарыш керек. Бийлик эмненин негизинде айып коюп жатканын өзү айткан жок. Кайсы текстине кандай доомат коюлганын айткан жок. Коркунучтуу жагы ушунда. Эч нерсени айтпай эле камаган учур көп болуп жатпайбы.

– Адабий, чыгармачыл чөйрөдөгү замандаштарыңыз мындай кырдаалга туш болуп жаткан чакта сиз кайра соцтармакка кирип, мурункудай ачык жарандык пикир жазууну эп көрдүңүзбү?

– Менин пикирим башынан эле белгилүү. Ал өзгөргөн деле жок. Аны кайталап айта берүүдөн деле мен майнап көргөн жокмун. Экинчиден, менин пикиримден бир нерсе чыгарына деле ишенбейм. Кээде өзү бышып жетиле турган процесстер болот. Эгерде азыркы процесстер кимдир бирөөлөргө зыян алып келип жаткан болсо, анда аны ошол саясий кырдаал бышып жетилгиче жөн гана баштан өткөрүү керек го. Балким, мунун өзү эл өзү сабак ала турган процесстир.

– “Жеке пикиримди буга чейин айттым” деп жатпайсызбы, ушул биз сөз кылган чыгармачыл адамдардын ичинде жазуучу Олжобай Шакир да учурда камакта отурат. Ал буга чейин да бийликке ачуу сын жазып келген. Бирок соңку кезде Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга пайдаланууга берилишине каршылыгын билдирип, митингге элди чакырып, камакка алынды. Кемпир-Абаддын коңшуларга берилишине каршы чыккандардын бир канчасы камакта отурат. Сиз буларды кандай бааладыңыз?

– Жакынкы 4-5 жылдан бери жалпы элдин активдүү бөлүгү саясаттан чарчап калды. Анткени улам эле бийлик алмаша берип, анын ордуна келген жаңы бийликтен дагы күткөн үмүттөр ишке ашпай, элдин бир тобу түңүлдү. Бул түңүлгөндүктүн бир далили акыркы президенттик шайлоодо көрүндү. Келген шайлоочулардын 80% ашыгы азыркы президентке добуш берди деп айтылып жатканына карабастан, шайлоого келгендердин өзү жалпы шайлоочулардын үчтөн бир бөлүгүн эле түзөт. Ушунун өзү элдин пассивдүүлүгүн көрсөттү. Демек, калган эл катышкан да эмес.

Эл түңүлгөндө ким көбүрөөк активдүү болсо, ошонун сөзү өтүмдүү болуп, бийликке да көбүнчө ошолор келет. Мен башта айткандай, бул эл башынан өткөрө тургандай процесс. Жыйынтык чыгара турган процесстердин бири да ушул. Демек, эгерде эл шайлоого барбай койсо же саясий адамдардын таржымалын окубаса, анда саясий жактан сабаттуу бирөөнү тандай албайт.

Элдин чарчаганынын экинчи белгиси, мисалы, Кемпир-Абад суу сактагычы коңшуларга өтүп кеткен учурда каршы чыккандардын масштабынан көрүндү. Көп деле эл чыккан жок. Болбосо чындап жарандык коомдун позициясын козгой турган нерсе ушул болчу.

Анан эми көрүп атасыңар, Олжобай эле эмес, азыркы бийлик менен тирешип, бир медалдын экинчи жагы болуп турган саясатчы Адахан Мадумаров камалганда деле көп киши чыккан жок. Ал эми Олжобай койгон маселеге келсек, мунун экинчи жагы бар. Өзбекстанга 4 пансионат 49 жылга ижарага берилди деп жатышат. Ижарага 49 жылга берилгени ал пансионаттардын ээси биз экенибизди көрсөтөт. Себеби биз Кемпир-Абад Өзбекстанга өтүп жатканда да ушуну негиз кылууну сунуштаганбыз.

Мүлктү ижара алуучу анын ээсинен гана ижарага ала алат. Мадумаровго коюлуп жаткан айыптын негизи да ошол. “Өз жерибизди өзүбүз ижарага алган протоколго кол койду” деп айыптап жатышпайбы. Эгерде ошол пансионаттар ижарага алынды деген формулировка бар болсо, анда демек ал пансионаттар биздики экенин билдирет. Эгерде пансионат биротоло өткөрүп берилет десе, анда башка маселе. Ижараны башкача чечүү жолу да бар болчу.

Биз эл аралык сотто утулуп калдык да. Ал сотто өзбек тарап, менин түшүнүгүмө караганда, “биз пансионатка сарптаган миллиондорду кайтарып бергиле” деди да. Эгерде мен бийлик адамы болсом, ошол акчаны кайтарып берип туруп, аны анча пиар кылбай, алганыбызды пиар кылып өз пайдама колдонмокмун жана пансионаттардын биротоло башын ачып алмакмын. Бирок эми келишимди караш керек. Андан ары эмне боло тургандыгы жөнүндө келишим шарттары бизге көрсөтүлгөн жок. Ошондуктан бул жаатта так кесе айтуу үчүн анын текстин үңүлүп караш керек.

– “Эл чарчады” деп жатпайсызбы. Ушундай моралдык кризистик чактарда интеллигенция өкүлдөрүнүн миссиясы кандай болушу керек?

– Интеллигенция өкүлдөрүнүн табигый милдеттери мурдатан эл-жердин кызыкчылыгын дайым айтуу болгон. Бирок бизде катмар катары андай интеллигенция калыптана элек. Эски советтик калыптан калган катмардын өкүлдөрү бар, анан алардан тарбияланып чыккандар бар. Ал эми улуттук кызыкчылыкты туруктуу ойлоп, ошонун тегерегинде бириккендер дээрлик жокко эсе.

Мисалы, мен ушул багытта көптөн бери бир нерсени ойлонуп жүрөм. Кыргыздын түндүк-түштүк мыктыларынын бир топторунун сөөгү Арстанбапка коюлган. Бирок так кайсы жерине көмүлгөнү ушуга чейин белгисиз. Бир топ тарыхчыларыбыз ал теманы эмнегедир колго ала элек. Эгерде ошол жерге барып аныктап, археологиялык казуу жүргүзүп, ата-бабалар жаткан жер экенин далилдеп, улуттук пантеонго айлантып ала турган болсок, анда бул улуттук биримдиктин символу болуп калмак.

Белгилүү делген ата-бабалардын бир дөбөдө жатканынын далили аркы өйүз-берки өйүз деп бөлүнгөндөрдүн оозун жап кылмак. Менин билишимче, азыркы президенттин ата-бабаларынын бири Бирназар бийдин сөөгү деле ошол жерде. Бирок ушул изилдөө ишин эч ким колго ала элек. Ушундай нерселер менен алектенүү маанилүү эле. Улуттук биримдикке тиешелүү элдик курултай дегендерди ошол жерде өткөрүү керек. Бара-бара ал жер Ата-Бейит сыяктуу эле сакралдуу мааниси бар чоң объектиге айланмак.

– Сизди дагы коомдогу эмне түйшөлтөт?

– Биз Кыргызстан чоң үч таасирге лаборатория болуп калдык. Биринчиси – араб дүйнөсүнүн диний таасири, экинчи – Орусиянын таасири, анан үчүнчүсү – Батыштын таасири. Ушул үч чоң таасир бизди азыр каалагандай сынап, өлкө кызыкчылыгын ойлогондор экинчи планга калып атат. Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктары даярдалып али кагаз бетине түшүрүлө элек. Анан ошонун айынан бизде билим берүүдө, маданиятта, тарбияда дагы бирдиктүү стратегия жок. Анткени ушул тармактар гана келечекте жарандарыңдын ким тарабында болушун аныктайт.

Тилекке каршы, эгерде азыр социалдык иликтөө жүргүзсөк деле биздин элибиздин бир топ бөлүгү өлкө кызыкчылыктарынан башка кызыкчылыктарды жогору коюп жибериши мүмкүн. Баарыбыз түйшөлө турган нерсе ушул. Анан биздеги гуманитардык билим берүүнүн парадигмасын түп тамырынан өзгөртүү керек.

Анын баарын, биринчиден, улуттук кызыкчылыкка, өлкө позициясына тууралоо керек. Экинчиден, көркөм дөөлөттөргө тиешелүү жактардын баарын эстетикалык көз караштан кайра баштан карап чыгуу керек. Анткени совет мезгилинде наам алып, анын аркасы менен окуу китебине кирип кеткендер болгон да, эми алардын баалуулуктары бир топ эскирген. Биз буларды өзгөртпөсөк, келечек муундун эстетикалык табитин талкалап алабыз.

Көп окуу китептери сырттан алынган материалдардын негизинде түзүлүп, анан кыргыз тилине которулуп жатат. Айрыкча кыргыз мектептериндеги окуу китептердин түп нускасы кыргыз тилинде жазылышы керек. Бул орус тилдүү мектепте болсо мейли эле, бирок кыргыз тилдүү мектептерде деле орусча жомокторду таңуулап жаткан учурлар бар, бул туура эмес.

Эне тил маселесин чечүү үчүн орус тилинин расмий статусун алып салышыбыз туура кадам болмок. Биз мыйзамдарды жазганда, окуу китептерин түзгөндө дагы өзүбүздүн тилдин базасында түзүү керек. Бизде бул маселелер али чечиле элек.

Жыргалбек Касаболтовдун ырлары:

ЧАБЫТ

“Көгүчкөн дүйнөсү” деп мекенимди,
Көп жылдар үзө бастым этегимди.
Көк асман чакырган соң, кийин билдим,
Көрсө мен… өзүм Бүркүт экенимди.

Чындык деп ишенгеним жалган экен,
Чымчыктын уясына салган экен.
Тебишпей, терген жемди чокуп жүрүп,
Текөөрүм жумшак болуп калган экен.

Өйдөлөп, ачык асман үйүм болду,
Өмүрүм-өткөн чакка сыйым болду.
Бүркүттүн Кан Жолуна кайтыш үчүн
Бүтүндөй өзгөрүшүм кыйын болду.

Таптаган мүнүшкөрдүн үндөгүнө,
Талпынсам такмазалап жүрбөгүлө.
“Кайдагы жок нерсени каалаган” деп,
Капыстан кайып кетсем күлбөгүлө!

Тартылып тагдырымдын уюлдары,
Тамырда жаңы кубат туюлганы –
Канатым Көктү гана көксөп жүрөт.
Калганы – бир Кудайдын буюрганы.

 

ДҮЙНӨ

Түптүүсүң, түпкүрүнө кайта албаган.
Түрдүүсүң, тилим жетип айта албаган.
Кем дүйнө, кечигүүмдү кечирбеген,
Кең дүйнө, барым-жогум байкалбаган.

Башымдан айлар учуп, жылдар конуп,
Баратам эл катары жылган болуп.
Келечек – кечээкимден бөлөк карап,
Кетишим – келгенимден ылдам болуп.

Жарыксың, жалпысына кеч кирбеген.
Жаңысың, жашоом бүтсө эскирбеген.
Улуусуң! Ушунчалык терең туруп
Уурттамга бир өмүрүм жеткирбеген.

Чыйырың карап жүрүп көзүм талаар.
Чындыгың акырында өзүмдү алаар.
Ак калпак аталардан мурас болгон
“Атаңдын көрү…” деген сөзүм калаар.

Кымбатсың, өз кезинде байкалбаган.
Кылдатсың, кыл үстүндө чайпалбаган.
Тигилип тойбой турам, көркөмүңө
Тирүүлөр тилин безеп айта албаган.

 

ҮМҮТ ҮРӨНҮ

Жомоктой бала кезден баалаганым –
Жоокердик өнөр болчу, каалаганым.
Элирген кыялымда эңсечү элем
Эч адам эрдигиме даабаганын.

Кылычтын кызыл өртү өчпөй калган,
Кыялым иш жүзүнө көчпөй калган.
Өмүргө маани берген ошол тилек
Өзөгү бүчүр бойдон өспөй калган.

Байкабай дөңгүлдөрүн кашат, белдин,
Башкалар күткөн ишти жасап келдим.
Өзөктүн өспөй жүргөн данын коруп,
Өзгөдөн каткан бойдон жашап келдим.

Курагым кулагымдан бурап түштү.
Купулга толоор максат сурап түштү.
Сөңгөгүм борпоңдугун жашыра албай
Сөздөрдөн курган дүйнөм урап түштү.

Көрүнбөй 40 жыл бою топтогонум,
Көп болду көк булуңда токтогонум.
Өзгөрүш керек болуп турат бүгүн!
Өткөндө калып кетсем жок боломун.

Аралаш жеңүүчүсү, жеңилгени,
Айланат ай-жылдардын тегирмени.
Болоттой бекем кылсын, өткүр кылсын,
Болбосо тартып кетсин Теңир мени!

Эңсеткен Эр Өнөрүн улаганым
Эмдиги тагдырымдан сураганым.
Үмүтүм арткан ушул өзөгүмдүн
Үрөнүн өстүрсөм деп убарамын.

Андыктан жарык берип жүрөгүмө,
Адамдар! Азыркымды сүрөгүлө.
Эскирген калканыма көңүл бурбай,
Эл күткөн Эр болсун! деп тилегиле.

 

ЖОЛ БУУГАНДАРГА

Теңдик үчүн өз жанын кыйып келген,
Тентектерин тентитпей тыйып келген,
Жоболоңдуу жоокердик доорунда да
ЖОЛ дегенди көчмөндөр ыйык көргөн.

Эрендери жоо көрсө каптачу эле,
Энелери каадасын сактачу эле.
Жолоочунун алдына даамын коюп,
Жол-жобосун андан соң тактачу эле.

Азыр чыкты ар кимге кашынгандар,
Атак үчүн жол тосуп ашынгандар.
Каршысына касташса тик чыга албай
Катындардын артына жашынгандар.

Жолдо жүрүп өмүрлөр тамам болот.
Жол сыйлаган улуу журт аман болот.
«Жолуңду ачсын!» деп бабам бата берген.
Жол буугандын акыры – жаман болот.

Таарынганы – Таласка жатып алсын!
Талашканы – Ташкенге батып алсын.
Элдин баарын дүрбөтпөй, мага демектен
Эки жаман бири бирин атып алсын.

Жарандар эй, жарандар, токтогула!
Жашообузга жаман салт кошпогула.
Кызмат үчүн кырылып кетишсе да
Кыргызымдын кан жолун тоспогула.

Жыргалбек Касаболотов 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сыйлыгына, 1999-жылы Кыргыз Республикасынын президентинин журналисттер үчүн чыгарылган “Алтын калем” сыйлыгына, Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына ээ болгон.

Жыргалбек Касаболотов 2017-2020-жылдар аралыгында “Азаттыктын” кыргыз сайтынын веб-редактору болуп эмгектенген. Ага чейин өлкөдөгү бир нече басылмаларда баяндамачы болуп иштеп, эл аралык коомдук уюмдар менен кызматташкан.

Максат ЖАНГАЗИЕВ, “Азаттык”, 21.09.2023

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.