Кыргыз эл артисти, композитор, Түгөлбай Казаков: “Мени атып салыш керек…”

– Түгөлбай байке, көптөн бери сиздин чыгармачылык бейнеңизди эч эле жазалбай жүрөм. Өзүмдү чыгармачылык транска түшүрө албай убара болгондо негедир сиздин музыкаларды угам. Бирок андан тескерисинче, жан отум сууп, колуман калем түшүп калган учурлар болду. Жакшы чыгармаларыңыздын таасири алдында бейнеңизди ойдогудай жазалбагандан улам жөн гана маңдай-тескей маек курууну туура көрдүм. Агыңыздан жарылып бир сүйлөп бербейсизби…

– Өнөр адамдарынын бейнесин жараталбай мен да бир кезде аябай кыйналгам. Атайдан Асанкалыйга чейинкилердин талант сырын өз алдымча изилдегим келген. Андай айбаттуу ой алар жөнүндө үстүртөн жазылган макалалардан улам чыккан. Кийин карасам, ал менин ишим эмес экен. Бир мезгилде бир нече өнөрдү аркалаган төп жорголордун тизмесинде жок болуп чыктым. Андыктан бул маселеде начар кеңешчимин. Ал эми агынан жарылганга келсек, мен караман жарылып көрө элекмин… Айрым журналисттер интервью алгандан кийин “толук ачылбай койдуңуз” деп калышат. Үңүрөйүп жүрсөм эле ушунун ичинде далай сыр жатат дешет окшойт. Жашырар деле сырым калган жок. Анан калса ичим толо мамлекеттик сыр болбосо, эмнесин жашырмак элем.

– Мендеги уйгу-туйгу болгон сезимдердин бир себеби, мүмкүн музыкалык терең билим албаганымдан да болсо керек. Анткени сиздин музыкалык штрихтер тереңдеги кайгыны козгоп, бир гана аккордеондун мүмкүнчүлүгүнөн чыгалбай калгандай туюласыз. Анан да азыр аккордеонду чангандар көп. Чыгармачылык потенциалыңызды мүмкүн ири жанрдагы чыгармалар менен мындан да терең ачып берет белеңиз дегеним да…

– Аккордеон бир нече муундун жан жолдошу болду. Жакшы кызмат өтөдү. Ал болбосо нечен керемет обондор жаралмак эмес. Аккордеонго сын таккандардын көбүнүн мойнуна аккордеон асып туруп эл алдына чыгарып койсоң, шерменде болуп качып жөнөйт. Аны менен иши жок, кер кайыштанып сын айтып турушат. Сын айтыш үчүн Игорь Крутойго окшоп аккордеондо мыкты ойнош керек. Бул эми сөздөн улам айтылып кетти. Менимче, обончулардын айрымдары аспаптык чыгармалардын артынан түшсө болмок. “Популярдуу музыка” деп коюшат го, “Полонез”, “Болеро” сыяктууларды. Ушул багытка баш оту менен киришкенде Калыйбек, Рыспай, Эсенбектер мыкты чыгармаларды беришмек. Менин деле колуман келиши мүмкүн эле. Азыр да тилек кылам. Бирок замана музыканы эмес, нанды ойлонтуп жатпайбы!

– “Арман”, “Элегия”, “Гүлзарлар”, “Жамгыр”, “Күтүү, “Шумкар” ж.б. дээрлик ырларыңыздын көбү обондуу ырлардын рамкасына сыйып-сыйбай, романс деңгээлинде угулат. Дегеле кыялыңызда опера же симфония жанрындагы чыгармаларды жаратуу болду беле?

– “Уркуя” фильминде “партия жөнү бир башка, катындын жөнү бир башка” дегендей, романстын жөнү башка. Опера да, симфония да жазсам деген ой эч болгон эмес. Композитордук бөлүмдү бүтсөм да жазмак эмесмин. Минтип кесе сүйлөгөнүмдүн себеби, студент кезден бери башкасын айтпайын, “Кармен” операсын эле он чакты жолу көрдүм го. Ушу дүйнөнү дүңгүрөткөн операны да чыгаан талант – он жашында консерваторияга кабыл алынган Жорж Бизе баштан-аяк уккулуктуу кылып жазалбагандан кийин бизге эмне жок дейм да. Анын го керемет увертюра, Хабанера, Тореадордун ыры сыяктуу укмуш жерлери бар, чыгарманы көкөлөтүп турган. Эми биздикин кара. Европа тургай кыргызды мындай коелу. Операны мыкты түшүнгөн адис ырчыларга кеңири белгилүү ария жок, анан эмнени кеп кылабыз. Опера, симфония менин колуман келмек эмес.

– “Элегиянын” оркестрдик вариантын өзүңүз жазган экенсиз, эмнеге? Башка ырларыңыздан көбүрөк жакшы көрүппү же кандай?

– Оркестр үчүн жазган эмесмин. Кооз кайрыктарды таап бергем. Ал эми ырларымдын бирин жакшы, бирин жаман көрбөйм.

– Вокал менен “жинди” болгон эмес белеңиз? Себеби баралыңызга келип турган убактагы кээ бир ырларыңызда профессионал вокалист болор кумарыңыз туюлуп турат.

– 15 жашка чейинки үнүмдү мутациядан сактап калсам, мүмкүн вокалист болмокмун. Үнүмдү бузуп алгам. Ошондон кийин кыркырап, калтырап, диапазону кичирейип, тембри уккулуксуз болуп калды. Башта тунук болчу.
– Ырларыңыздын арасынан менде “Арманыңыз” бар, андагы ырдоо манераңыз таптакыр кайталангыстай. Менимче, Аман Токтогуловдун көзү өтүп кеткенден кийинки кайгы-касирет менен жаздыргансызбы, айтор, кинодогу вариантынан да башкача, уккандын жүлүнү сыздап турат…
– Жок, тескерисинче жеткире аткара алган жокмун. Бөкөнбай айткандай “грязный” үнүмдү болушунча чойдум, бирок ойдогудай болгон жок.

– Чыгармачылыктагы дагы бир өзгөчөлүгүңүз, тематикаңыздагы өмүр философиясы. Андай ырларды жаратууда биринчи текстти издейсизби же акындарга атайы жаздырасызбы?
– Өмүр бою тема издедим. Көпчүлүк учурда обонун жаратып алып анан сөзүн жаздырып жүрдүм.
– Эмнеге чыгармачылыгыңызды эрте таштап койдуңуз?

– Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт эмеспи…

– Убактыңыздын көбүн коомдук иштерге сая кетирип аткан жоксузбу?

– Чынын айтыш керек, азыр элдин көбү ач-жылаңач калбаш үчүн эле иштеп жүрөт. Эгер менин чакан эле бизнесим болсо, анда ойлонбой туруп чыгармачылыкка кетмекмин.

– Сиздердин муундун арасы суюлуп баратат. Ошол сүрмө топ таланттар тагдыры туурасында буга чейин элге айтылбай, эскерилбей келаткан жактарынан гезитибиздин кийинки санына кенен айтып бербейсизби?

– Жарайт.

– Силерде чыгармачылык атаандашуу болду беле?

– Башкаларды билбейм, мен эч кимге атаандашкан жокмун. Өз жолумду издедим.

– Достор менен көңүл калышып, кайра табышкан учуруңардан эскерип берсеңиз.

– Мени комсомол сыйлыгына көрсөтүшкөндө “жарма досторум” үстүмөн арыз жазышты. Алардын арызына ишенсек, мени сайга алпарып эле атып салыш керек. Комиссия түзүлүп, текшерип, бир топ убара кылышкан. Анын жыйынтыгы чыкканча тизмеден үч жолу чийилип, үч жолу киргем. Арызды кимдер жазганын уктум. Таңгалдым. Ушунча жыл чогуу жүргөн достордун ким экенин билгениме кейидим. Ошол кезде Акун Токтосартов агабыз “чөйрөңдү оңдосоңчу” деп калды. Укса керек. Ошондо “достордун” мага жасаган “жакшылыктарына” аябай ичиркендим. Алгач көңүлүм карайып, жолуккан эле жерде беттерине тарсылдата айтып, мамилени чорт үзүп, басып кетким келген. Борис Глухов деген жетекчим бар эле, ошого акылдашсам “жолуңда заң жатса, айланып өт. Тепсесең, барган жериңдин баарында сасыйт” дебедиби. Өшөнтүп эч кимисине эч нерсе деген жокмун. Болгону, аларга аралашпай калдым. Алар мени билбейт деп жүрүштү…

– Чолпонбек Базарбаев менен министрликте чогуу иштешкен учурлар кандай болду? “Маданият министрлигин эмес, маданиятты сактайлы” деп кетип калганыңыздын себеби эмнеде эле?

– Чолпонбек жаркылдаган ак көңүл, элдин барына жакшылык кылсам деген айжаркын жигит эле. Эрте кетип калбадыбы. Ал эми жанагы сөзүмдү түптүз түшүнүп алышкан окшойт, мен кеткенден кийин эки ай өтпөй эле министрликти жоюп ийишти. Кийин билсем, маданий, тарыхый эстеликтер деп эсептелген имараттарды менчиктештире албай жүргөндөрдүн колунан келиптир.

– Опа-аа… Иттин өлүгү мына!

– Себеби алар бизге көп жолу келишкен. Биз уруксат бербей койгонбуз.

– Сизди ошондо “Майрам Акаеванын түрткүнчүгү менен кызматка барды” деген ишиштер да болуп жүрдү. А чын-чынында кандай болду эле?

– 1986-жылдан бери Москвада бир эле иште иштеп жүргөн карындашымды “Акаеванын кадры” деп чыккандар – калган таластыктарды Акаеванын кадры дебегенде кимдики демек эле.

– Кийин саясатка аралаштыңыз, сыягы саясаттан көңүлүңүз калды окшойт. Кайра оолактагансып жүрөсүз. Себеби эмнеде?

– Саясат мага окшогон жалаң төштөрдүн иши эмес, акчалуулардын эрмеги экенин түшүндүм.

– Эл колго алаар “Алас” гезитинин жабылып калышына эмне себеп болду?

– “Аластын” менеджментин уюштура албай койдук.

– Учурда эмне менен көбүрөк алексиз?

– Теледеги иштерибизди эл көрүп атат. Башка түйшүктөрүмдүн окурмандарга кызыгы жок ко дейм…

(Уландысы бар)

Олжобай Шакир, «Айат пресс» (12-февраль 2009-жыл)

Соц тармактар:

Оюңузду жазыңыз

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.